Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-августу № 487
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогрку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. оторбаев |
| Проект |
1-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 999-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункт менен толукталсын:
"71) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын-алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;".
2. 15-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"З2) тиешелүү аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн;".
2-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасьгаьш Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
"171) этностор аралык мамилелерди чыңдоо жана этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү;".
2. 41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 102-пункт менен толукталсын:
"102) этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;".
3. 43-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдей мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11) тиешелүү аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн.".
4. 47-берене төмөнкүдөй мазмундагы 92-пункт менен толукталсын:
"92) этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;".
5. 49-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) тиешелүү аймакта кагылышууларга алып келген этностор аралык кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциянын чектеринде өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгү үчүн.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|