Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 493
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу”
1-берене.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 5-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбуланын үчүнчү-он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-берене менен толукталсын:
“11-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
керектөөчү – тапшырып берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, айрыкча жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн товарларды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырып берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран;
даярдоочу - менчигинин түрүнө карабастан керектөөчүлөргө сатуу үчүн товар өндүрүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер;
аткаруучу - менчигинин түрүнө карабастан кайтарымдуу келишим боюнча иш аткарган же керектөөчүлөргө кызмат көрсөткөн уюм, ошондой эле жеке ишкер;
сатуучу - менчигинин түрүнө карабастан сатып алуу-сатуу келишими боюнча керектөөчүлөргө товар сатып өткөрүүчү уюм жана жеке ишкер, ошондой эле иш аткарган, башкага таандык болгон ар кандай жеке мүлктү калыбына келтирүүчү же жакшыртуучу адам;
шайкештик сертификаты – продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин топтомуна же келишимдин шарттарына шайкеш келүүсүн тастыктоочу документ;
стандарт - консенсустун негизинде иштелип чыккан документ, анда көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү белгиленген. Ошондой эле стандартта терминологияга, символикага, таңгактоого, маркировкалоого жана/же этикеткалоого карата коюлуучу талаптар камтылышы мүмкүн;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) кемчилиги же талаптагыдай эмес сапаттагы товар – товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) стандартка, келишимдин шарттарына же товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына карата адатта коюлуучу талаптарга шайкеш келбегендиги;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) олуттуу кемчилиги – товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) максаттуу багытына ылайык пайдаланылышына мүмкүндүк бербеген же жол бербеген, же болбосо четтетүү мүмкүн болбогон, же четтеткенден кийин деле кайрадан пайда боло берген, же аны четтетүү үчүн чоң чыгымдар талап кылынган, анын кесепетинен керектөөчү келишим түзгөн учурда эсептөөгө акылуу болгондордун кыйласынан ажырап калган кемчилик;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу – товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) кадимки шартта пайдаланууда, сактоодо, ташууда жана утилдештирүүдө керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коопсуздугу, ошондой эле ишти (кызмат көрсөтүүнү) аткаруу процессинин коопсуздугу;
соода предмети – ар кандай товарды, продукцияны, кызмат көрсөтүүнү же соода кызматын чыгарууну камтыйт, бирок чектебейт;
сатып алуу-сатуу келишими – товардын сапаты, мөөнөтү, баасы жана сатып алуу-сатуунун башка шарттары, иштердин аткарылышы, кызмат көрсөтүү жөнүндө сатуучу (аткаруучу) менен керектөөчүнүн ортосундагы макулдашуу;
мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы – техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.”.
3. 4-беренеде:
5-пункттагы “милдеттүү” деген сөз алып салынсын;
6-пункттун экинчи абзацындагы “стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик органдар тарабынан текшерилген жана белги салынган таразалардын, приборлордун, аспаптардын, эсептегичтердин жана башка чен-өлчөм түзүлмөлөрүнүн” деген сөздөр “өлчөө бирдейлигин камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4. 5-берененин 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтү убакыт бирдиктери, ошондой эле товардын функциялык багыттарына (иштин жыйынтыгына) негизденүү менен башка өлчөө бирдиктери (километр, метр жана башка бирдиктер) менен эсептелиши мүмкүн.”.
5. 6-беренеде:
4-пунктта:
“мыйзамдар же стандарттар” деген сөздөр “техникалык регламенттер” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“милдеттүү сертификациядан өткөрүлүүгө тийиш” деген сөздөр “шайкештигин милдеттүү түрдө ырастоого тийиш” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-пункттун экинчи абзацындагы “товардын (иштин, кызматтын) сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзүүчү тиешелүү мамлекеттик башкаруу органынын” деген сөздөр “товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органынын (анын аймактык органдарынын)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 9-беренеде:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө төмөндөгүлөрдү:
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасын жана сатып алуу шарттарын;
товарларды (иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн) сатуунун эрежелери тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш жана ал техникалык регламенттердин жана техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келиши керек.”;
3-пункттун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) шайкештигин ырастоо жөнүндө маалымат белгиленген тартипте маркалоо түрүндө жана сертификациялоо же декларациялоо жүргүзүлгөндүгү (шайкештик жөнүндө сертификаттын жана декларациянын номери тууралуу) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен берилет.”.
7. 18-берененин 2-пунктунун алтынчы абзацындагы “стандарттар менен” деген сөздөр “техникалык регламенттер менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 26-беренеде:
“г” пунктчасындагы “ стандарт же” деген сөздөр алып салынсын;
“з” пунктчасындагы “адаттагы стандарттан же баадан” деген сөздөр “адаттагы баадан” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 27-беренеде:
экинчи абзацындагы “стандарттардын” деген сөздөр “техникалык регламенттердин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын аймагында шайкештиги тастыкталууга тийиш болгон продукцияны шайкештик сертификаттарысыз же шайкештик жөнүндө декларацияларсыз сатууга;”;
сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 51 жана 52-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 54-берененин 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата милдеттүү талаптарды белгилеген техникалык регламенттерди, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга;”.
12. 55-берененин 1-абзацындагы “Товарлардын сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзгөн монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары)” деген сөздөр “Монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары)” деген сөздөр менен алмаштырылсын”.
13. 551-беренедеги “мамлекеттик башкаруу органдарынын” деген сөздөр “товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары)” деген сөздөр менен алмаштырылсын”.
2 берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|