Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 496
"Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы.
Кыргыз Республикасында Тышкы экономикалык иштин бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашыруу, статистикалык эсеп жүргүзүү жана статистикалык маалыматтарды алмашуу үчүн Бажы союзунун тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы колдонулат.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|