Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-августу № 483
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
«Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
15-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жаратылыш ресурстарын пайдалануу, айлана-чөйрөнү булгагандыгы жана жаратылышка тийгизген башка терс таасирлер үчүн төлөмдөрдүн коюмдары жана ченемдери, аларды өндүрүп алуу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.».
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2002-жылдын 10-мартындагы № 32 «Айлана-чөйрөнү булгагандык (булгоочу заттарды чыгаргандыгы, агызгандыгы, калдыктарды жайгаштыргандыгы) үчүн акынын ставкасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 2008-жылдын 11-августундагы № 200 «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамдын негизинде келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|