Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 29-августу № 495

"Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:

 

1. "Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун денонсациялоо тууралуу

 

1-берене.

Тегеран шаарында 2003-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум жана Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара соода преференциялары боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколу денонсациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Меморандум жана Протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан денонсациялангандыгы жөнүндө Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын        Президенти