Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 497
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., №7, 758-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн өтө кооптуу продукцияны (товарларды) ташып келүүнүн, жеткирүүнүн, инфекциялык жана массалык инфекциялык эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылышынын алдын алуу максатында мамлекеттер аралык өткөрүп берүүчү темир жол станцияларындагы же тогошкон станциялардагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль) тарабынан контролдонуучу продукцияга (товарларга) карата жүргүзүлүүчү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү.".
2. 19-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик контроль киргизилет.
Кыргыз Республикасынын аймагына кооптуу жүктөрдү жана товарларды ташып келүү бул максаттар үчүн атайын жабдылган жана арналган өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүргүзүлөт. Мындай өткөрүү пункттарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-берене менен толукталсын:
"19-1-берене. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор
1. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөдү (контроль) жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары тарабынан төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирин аныктоо жана алдын алуу;
- инфекциялык оорулардын жана массалык инфекциялык эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болуу, жайылуу себебин жана шарттарын аныктоо, мындай оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылышынын кесепеттерин баалоо.
2. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү, изиддөөлөрдү, сыноолорду жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу эл аралык келишими күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз республикасынын Президенти |
|