Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-сентябры № 511
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобонун:
- 4-пунктунда:
- "10" цифралары "20" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын мекемелеринин биргелешкен иши тууралуу келишимдерге ылайык өлчөмдөрдө биргелешкен ишканалардын, өндүрүштөрдүн которууларынан;";
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 7-пункттагы бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин социалдык чөйрөсүн өнүктүрүүгө.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонддун каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыздасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |