Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-сентябры № 517
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2001-ж., № 1, 1-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 2-берененин үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. 3-берененин экинчи абзацындагы "түзүлгөн эл аралык келишимдерде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "эл аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 6-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"6-берене. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо
Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырышат.
Юридикалык жакты түзбөгөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо жана патенттик негизде жүргүзүлүүчү иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.".
6. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "аткаруу бийлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
7. 9-беренедеги "түзүлгөн эл аралык келишимдерди" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 10-беренедеги "Башкаруунун борбордук органдары, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары" деген сөздөр "Мамлекеттик органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 15-берене төмөнкүдөй редакциядагы абзац менен толукталсын:
"- рынокто монополисттик ишке жана атаандаштыкты чектеген көрүнүштөргө тыюу салуу;".
10. 20-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү" деген сөздөр "мамлекеттик менчикти менчиктештирүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24-берененин З-белугундегу "Керектеечулердун укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сездер "керектеечулердун укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарга" деген сездерге алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- 1991-жылдын 20-декабрындагы № 683-ХII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1991, № 22, 694-ст.);
- 1992-жылдын 6-мартындагы № 876-ХII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1992-жыл, № 3, 144-ст.);
- 1992-жылдын 2-июлундагы № 939-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- 1993-жылдын 8-майындагы № 1229-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1993-жыл, № 6, 170-ст.);
- 1994-жылдын 12-январындагы № 1382-XII "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуучулуктун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин ведомосттору, 1994-жыл, № 3. 89-ст.);
- 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1501-ХII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III бөлүгү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору. 1994-жыл, № 5,165-ст.);
- 1995-жылдын 23-июнундагы № 5-1 "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Too" гезити, 1995-жылдын 5-июлу, № 41);
- 1995-жылдын 28-сентябрындагы жана 11-октябрындагы № 30-1 "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Too" гезити, 1995-жылдын 1-ноябры, № 76);
- 1998-жылдын 12-сентябрындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору. 1999-жыл, № 3, 83-ст.);
- 2002-жылдын 21-июнундагы № 106 "Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Too" гезити, 2002-жылдын 26-июну, № 48).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|