Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-сентябры № 521
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 346-статьяда:
- 346-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын :
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүден жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
- 346-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 349-статьяда:
- 349-статьянын биринчи абзацындагы "жана" деген сөз "жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 349-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 350-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 3501-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 3502-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 3503-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
7. 351-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"351 -статья. Бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле башка салык отчетторун, эсеп-кысаптарын тапшырбоо
Салык салуу менен байланышкан бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле башка салык отчетторун, эсеп-кысаптарын жана башка документтерди тапшырбоо -
жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө, кызмат адамдарына -эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
8. 26-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3511-статья менен толукталсын:
"3511-статья. Салыктарды Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөө
Салыктарды Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөө -
жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган иш-аракеттер администрациялык жаза чараларын колдонгондон кийин бир жылдын ичинде кайрадан кайталанса, -
- жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жыйырмадан элүүгө чейинки өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|