Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-сентябры № 522
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп эсептөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- «Майрам күндөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 6-мартындагы № 852-ХII Мыйзамы (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору. 1992-жыл, № 4/2, 190 - ст.);
- «Кыргызстан Республикасынын сот түзүлүшү жөнүндө» Кыргызстан Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргызстан Республикасынын 1992-жылдын 3-июлундагы № 958-ХII Мыйзамы («Свободные горы» газетасы, 1992-жылдын 18-августу, .4» 101);
- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 7-майындагы № 1217-ХII Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-жыл, №6, 166-ст.);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 16-алрелиндеги № 1501-ХII Мыйзамынын VIII бөлүмү (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл № 5, 165-ст.);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 19-ноябрындагы № 79 Мыйзамы («Эркин Тоо» гезити, 1997-жылдып 29-ноябры, № 108);
- «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 16-апрелиндеги № 51 Мыйзамы («Эркин Тоо» гезити. 1998-жылдын 22-апрели, № 49-50);
- «Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 9-январындагы № 2 Мыйзамы («Эркин Тоо» гезити, 1999-жылдын 15-январы, № 3);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 5-декабрындагы № 230 Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» гезити, 2003-жылдын 12-декабры, № 92);
- «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын ченемдик актылары, 2008-жылдын 31-октябры, № 44);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 69 Мыйзамынын 1-беренеси («Эркин Тоо» гезити, 2009-жылдын 13-марты, № 17):
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрду жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын 4 жана 7-беренелери («Эркин Тоо» гезити, 2013-жылдын 22-ноябры. № 93).
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|