Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 500
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Проект |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2004-ж., № 9 (1151), 407-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласындагы жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасындагы радио жыштык спектрин пайдаланууга жана башкарууга, ошондой эле байланыш тармагынын иштешине жана өз ара аракеттенишине болгон талаптар Кыргыз Республикасынын байланыш тармагындагы мыйзамдар менен белгиленет жана жөнгө салынат.".
2. Мыйзамдын преамбуласы төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Бул Мыйзам өнөр жай коопсуздугу, кооптуу өндүрүш объекттеринде технологиялык процесстердин коопсуздугу тармагындагы ишти жүргүзүүгө коюлган талаптарды, электр энергетика тутумдарынын жана электр энергетика объекттеринин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга коюлган талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат, бирок буга продукцияга коюлган мындай талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан учурлары кирбейт.".
3. 1-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) - юридикалык жак же жеке ишкер тарабынан продукцияга жана/же продукцияларды долбоорлоо процесстерине (анын ичинде издөө), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү талаптары менен байланышкан техникалык регламенттердин талаптарын аткаруусун текшерүү жана текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;".
4. 1-статьянын онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 1-статьянын он үчүнчү абзацында "мамлекеттик көзөмөл" деген сөздөр "мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "контролду" деген сөз алып салынсын.
6. 11-статья төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"Техникалык регламент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык кабыл алынышы мүмкүн. Мындай техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынган тартипте иштелип чыгат, кабыл алынат жана жокко чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын эл аралык келишими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин техникалык регламент ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык мыйзам менен же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынышы мүмкүн.".
7. VI-бөлүмдүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)".
8. 34-38-статьяларында "мамлекеттик көзөмөл" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|