Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 501
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-бар.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"припастар - товарлар:
запастык бөлүктөрдү жана жабдууларды кошпогондо, жүрүү жолунда же орто жолдо токтоо пункттарында же токтоо жайында деңиз (дарыя) кемелерин, ички сууда сүзүүчү кемелерди, "дарыя-деңиз" шартында сүзүүчү кемелерди, суу астындагы канаттары бар кемелерди, аба жаздыкчасындагы кемелерди жана кичине көлөмдүү кемелерди, анын ичинде өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн лихтерлерди жана баржаларды (мындан ары - суу кемелери), аба кемелерин жана поезддерди нормалдуу пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон;
бул припастар сатылгандыгына жана сатылбагандыгына карабастан суу кемелеринин, аба кемелеринин бортундагы жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү тарабынан же поезддердеги жүргүнчүлөр жана поезд бригадаларынын кызматкерлери тарабынан колдонуу үчүн арналган;
аталган припастар ушул кемелердин бортунда колдонуу максатын көздөбөй суу кемелеринин, аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнө жана экипаж мүчөлөрүнө сатуу үчүн арналган.".
2. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- озон катмарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты өткөрүүнү камсыз кылат;
- озонду бузуучу заттарды, аларды камтыган продукцияларды Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасына алып кирүү же Кыргыз Республикасынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагына алып чыгуу үчүн корутундуларды (уруксат берүүчү документтерди) берүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле бул корутундулардын (уруксат берүүчү документтердин) жарактуулугун токтотуу шарттарын аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык озонду бузуучу заттарды колдонуунун максималдуу көлөмүн жана аларды колдонууну кыскартуу же токтотуу мөөнөттөрүн белгилейт;
- озон катмарына мониторинг жүргүзүү жана анын маалыматын колдонуу тартибин белгилейт;
- юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан озонду бузуучу заттарды эсепке алуу тартибин, ошондой эле озонду бузуучу заттарды кармаган жабдууларга жана техникалык түзүлүштөргө инвентаризациялоо жүргүзүү тартибин аныктайт;".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья. Бажы союзунун алкагында озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды кармаган продукцияларды ташуу
Үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатык мамилелеринде Евразия экономикалык коомунун алкагында Бажы союзуна мүчө мамлекет тарабынан алып кирүүгө жана алып чыгууга тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегинин 1.1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды Бажы союзунун бажы аймагына алып кирүүгө жана Бажы союзунун бажы аймагынан алып чыгууга тыюу салынат, буга Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген жогоруда аталган Бирдиктүү тизменин 1.1 жана 2.1-бөлүмдөрүнүн эскертүүлөрүндө көрсөтүлгөн учурлар кирбейт.".
2-берене.
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|