Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 506
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2006-жылдын 8-августундагы № 58 "Эркин Тоо" гезити) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 1-статьяда:
- 2-пункт "ушул Мыйзамга" деген сөздөрдөн кийин ", Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пункт "жүзөгө ашырышкан" деген сөздөрдөн мурда "Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана/же акчалай инструменттерди" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статьяда:
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"акча каражаттары - Бажы союзуна мүчө-мамлекеттерде же чет өлкөлүк мамлекеттерде (чет өлкөлүк мамлекеттердин топторунда) жүгүртүүдө болгон жана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган, жүгүртүүдөн алынган же алынып жаткан, бирок жүгүртүүдөгү акча белгилерине, ошондой эле электрондук акчаларга алмаштырылууга тийиш болгон, банкнота жана казыналык билеттер түрүндөгү, баалуу металлдардан жасалган тыйындардан тышкары, акча белгилер.".
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"акча инструменттери - жол чектери, векселдер, чектер (банк чектери), ошондой эле мындай төлөм жүргүзүлүп жаткан адамдын аты-жөнү көрсөтүлбөгөн, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү документардык формадагы баалуу кагаздар;".
3. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:
"5-1-статья. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай инструменттерди которууда терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү
Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай инструменттерди которууда терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү бажы иштери чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрында Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|