Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 15-майы № 297 токтомдун редакциясына ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 502
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
Ушул Мыйзам ветеринария тармагындагы укуктук, социалдык, уюштуруучулук, финансылык, экономикалык негиздерди аныктайт жана калкты адамдын жана жаныбарлардын үчүн жалпы ооруларынан сактоого Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринариялык-санитариялык коопсуздукту камсыздоого багытталган.
Ветеринария - жаныбарлардын ооруларынын алдын алууга, диагностоого, дарылоого, адамдын жана жаныбарлардын үчүн жалпы ооруларынан адамдарды сактоого, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө багытталган илимий билимдердин жана практикалык иштин жыйындысы;
ветеринардык врач - ветеринариялык жогорку билимге ээ болгон жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ветеринардык практиканы ишке ашыруучу адам;
параветеринар - мыйзамдарда белгиленген тартипте ветеринардык врачтын жетекчилиги, контролдугу жана жоопкерчилиги алдында ветеринардык практиканы ишке ашыруучу, ветеринардык фельдшер же жаныбарлар боюнча дипломдуу адис;
ветеринардык иш - бул ветеринария милдеттерин чечүүгө багытталган жеке жана юридикалык жактардын иши;
ветеринардык-санитардык корутунду - экспертиза объекттеринин милдеттүү ветеринардык талаптарга ылайыктуулугун күбөлөндүргөн документ;
ветеринардык дары-дармек каражаттары - биологиялык, өсүмдүктөр, химиялык-фармацевтикалык препараттар, диагностика, иммуно-профилактика жана жаныбарларды дарылоого арналган башка каражаттар;
ветеринардык-санитардык чаралар - жаныбарлардын жугуштуу жана массалык жугуштуу эмес ооруларынын пайда болушуна жана таралышына жол бербөөгө, адамдын жана жаныбарлардын жалпы ооруларынан адамдарды коргоого, жаныбарлардын оорулары келтирген зыяндын алдын алууга багытталган иш-чаралар тутуму;
ветеринардык көзөмөл - ветеринардык-санитардык талаптарды аткарууну камсыздоо боюнча жол-жобосу;
ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөр - ветеринардык врачтар, параветеринарлар жана ветеринардык милдеттерди аткаруу укугуна ээ болгон башка адамдар көрсөткөн кызматтар;
ченемдик документтерди, ветеринардык жана ветеринардык-санитардык талаптарды белгилөөчү, анын ичинде жаныбарлардын ооруларынын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын пайда болушуна жана таралышына коркунуч түзүүчү ветеринардык-санитардык коопсуздук ченемдиктерин белгилөөчү - ветеринардык эрежелер жана ченемдиктер (мындан ары - ветеринардык эрежелер);
ветеринардык практика - жаныбарларды профилактикалоо, диагностоо жана дарылоо, ветеринардык чөйрөдө окутуу, консультациялар, изилдөөлөр, ошондой эле сертификациялоо, идентификациялоо, тери алдындагы имплантаттарды киргизүү ветеринардык дары-дармек каражаттарын жеткирип берүү жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүү иши;
ветеринардык-санитардык экспертиза - алардын коопсуздугун аныктоо үчүн жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларды атайын изилдөөлөр комплекси;
жаныбарлар - ар кандай сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, аарылар, ошондой эле суу фаунасынын өкүлдөрү;
жаныбарларды идентификациялоо - алардын чыгышына, кыймыл-аракетине байкоо жүргүзүү үчүн жаныбарлардын санын каттоо жана эсебин алуу системасы;
карантин - жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын таралышына жол бербөөгө жана жоюуга багытталган убактылуу ветеринардык-санитардык жана администрациялык чектөөчү чаралардын комплекси;
тоют - жаныбарларды тоюттандыруу үчүн пайдаланылуучу сиңимдүү формадагы жана жаныбарлардын ден соолугуна зыяндуу таасир көрсөтпөгөн азыктуу заттарды камтыган өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан алынуучу продуктулар;
тоют кошулмалары - жаныбарлардын рационундагы жетишсиз азыктар, минералдык заттар жана витаминдер булактары катары пайдаланылуучу органикалык, минералдык, микробиологиялык жана синтетикалык заттар;
жаныбарлардан алынган продуктулар - эт, эт продуктулары жана башка ветеринардык көзөмөл жана ветеринардык-экспертиза предметтери болуп саналган жаныбарлардан алынган продуктулар;
эпизоотияга каршы иш-чаралар - эпизоотиялардын алдын алууга, айкындоого же жоюуга багытталган уюштуруучулук жана атайын иш-чаралар тутуму;
өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмеси - профилактикалоо, диагностоо, дарылоо жана жоюу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен оорулардын тизмеси;
эпизоотия - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жугуштуу, анын ичинде жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жана башка жугуштуу ооруларынын массалык таралышы;
эпизоотиялык бейпилдик - жаныбарлардын жугуштуу жана жугуштуу эмес массалык оорулары боюнча белгилүү бир аймактын (чөлкөмүн) ветеринардык-санитардык абалы, мындай учурда жаныбарлардын жана жаныбарлар продукцияларынын кыймыл-аракети жана соодасы чектелбейт.
Ветеринардык иш төмөнкү принциптердин негизинде ишке ашырылат:
1. Адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, жаныбарларга, айлана-чөйрөгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын мүлкүнө зыян келтирүүгө жол бербөө;
2. Ветеринардык иш-чараларды жүргүзүүдө жаныбарлардын ооруларын профилактикалоонун приоритеттүүлүгү;
3. Ветеринардык-санитардык иш-чараларды жүргүзүүнүн илимий негиздүүлүгү жана экономикалык натыйжалуулугу;
4. Эпизоотиялык кырдаалдар жөнүндө, анын өзгөрүүлөрү жана ветеринардык бейпилдикти камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтын аныктыгы, жеткиликтүүлүгү жана ачыктыгы;
5. Ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгы;
6. Жаныбарлардын амандыгын камсыздоо.
Ветеринария тармагындагы негизги милдеттер:
1. Калктын саламаттыгын жаныбарлар жана адам үчүн жалпы оорулардан сактоо;
2. Жаныбарлардын ден соолугун оорулардан сактоо жана алардын амандыгын камсыздоо;
3. Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу жана экзотикалык ооруларынын кирүүсүнөн жана таралышынан коргоо;
4. Азык-түлүктөрдүн, жаныбарлардын чийки заттарынын жана өсүмдүктөрдөн алынган чийки заттын, ветеринардык дары-дармек каражаттарынын, тоюттарынын жана тоют кошулмаларынын коопсуздугун контролдоо, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чара көрүү;
5. Жаныбарлардын ооруларына каршы күрөшүү жана диагностоонун азыркы, илимий негизделген методдорун иштеп чыгуу жана пайдалануу;
6. Азыркы эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү.
7. Ветеринардык илимди, базалык жана үзгүлтүксүз ветеринардык билим берүүнү өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын ветеринария тутуму төмөнкүлөрдү камтыйт, контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ветеринардык орган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ветеринардык орган, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, компетенцияларына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле ветеринардык палата жана ушул мыйзамда белгиленген тартипте ветеринардык практикалык ишкердик иш жүргүзгөн адамдар.
Ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик ветеринардык органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- ветеринария тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен, Кыргыз Республикасынын аймагындагы Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын тизмесин аныктоо;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу оорулары пайда болгондо карантинди киргизүү, алып салуу жана чектөөчү чараларды көрүү тартибин аныктоо;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларын диагностоо жана жоюу боюнча ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттерден жугуштуу жана экзотикалык оорулардын кирүүсүнөн жана таралышынан коргоону уюштуруу;
- республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен сатып алынган, ветеринардык препараттардын республикалык запасын түзүүнүн, пайдалануунун жана эсептен чыгаруу тартибин жана ченемдерин иштеп чыгуу;
- башка өлкөлөрдүн ветеринардык-санитардык чараларынын эквиваленттүүлүгүн таануу;
- Кыргыз Республикасынын аймагын же анын бир бөлүгүн оорулардан же экзотикалык оорулардын таралышынан тазалыгын аныктоо максатында ветеринардык зоналаштырууну жүргүзүү;
- ветеринария тармагындагы техникалык регламенттердин, эрежелерди жана ветеринардык-санитардык талаптарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар.
Көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жаныбарлардын ооруларынын келүү жана таралуу коркунучу туулган учурда контролдогу товарларда жана жүктөрдү алып кирүү жана алып чыгуу боюнча убактылуу чектөөчү чараларды киргизүү;
- жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын пайда болуу коркунучу же аныкталган учурунда тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймаганда карантиндик жана чектөөчү чараларды орнотуу же алып салуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча эпизоотиялык кырдаалдын өзгөрүүлөрү жана кабыл алынган чаралар жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жана жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарына маалымат берүү;
- ветеринария тармагындагы мыйзамдарды бузууларды аныктоо боюнча административдик мүнөздөгү тиешелүү чечимдерди кабыл алуу.
Ветеринария тармагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
1. Жаныбарлардын, жаныбарлардан алынган азык-түлүктөрдүн жана чийки заттардын ээси болуп саналган, жеке жана юридикалык жактар менчигинин түрүнө жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан төмөнкүлөрдү алууга укуктуу:
- азыркы жана сапаттуу ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
- ветеринардык-санитардык кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында жана сапаттуу алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмесине кирген жаныбарлардын ооруларына каршы диагностук изилдөөлөрдү жана профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алууга;
- профилактикалык эмдөөлөрдү жана диагностук изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери боюнча ветеринардык адистерден, мүмкүн болгон ырбоолор, же жаныбарларды союудан алынган чийки заттарды жана буюмдарды жеткирип берүүдөгү убактылуу чектөөлөр жана эмделген жаныбарлардан алынган продукцияларды пайдалануу жөнүндө консультацияларды алууга.
2. Жаныбарлардын ээлери жана мал чарбачылыгынын продуктуларын өндүрүүчүлөр:
- ветеринардык-санитардык талаптарды, мыйзамдарда каралган эрежелерди жана ченемдерди аткарууга;
- жаныбарлардын ооруларын алдын алууну жана продуктуларга жана жаныбарлардын чийки заттарына карата ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуучу чарбалык жана башка иш-чараларды ишке ашырууга;
- жаныбарларды күтүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого жана продуктуларды, жаныбарлардын чийки заттарын сатууга байланышкан объекттерди жайгаштырууда, курууда, эксплуатациялоодо ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого;
- эпизоотияга каршы иш-чараларды жана жаныбарлардын, продуктулардын жана жаныбарлардан алынган чийки заттардын кыймыл-аракетине мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү сапаттуу жүргүзүү максатында идентификациялоо жана ветеринардык чараларды жүргүзүү үчүн жаныбарларды берүү, ошондой эле жаңыдан сатып алынган жаныбарлар жана алынган төл жөнүндө тейлөөчү ветеринардык адиске маалымат берүүгө;
- тейлөөчү ветеринардык адиске мал өлүмү, союлушу, аборту жөнүндө, бир нече жаныбарлардын бир убакта ооруга чалдыгуусу же алардын бир башкача жүрүм-туруму жөнүндө маалымдоо жана ветеринардык адис келгенге чейин аларды изоляциялоону камсыз кылууга;
- ветеринардык адисти жаныбарларды кароону жүргүзүүнү, диагностук изилдөөлөр үчүн жаныбарлардын патологиялык жана башка материалдарынын сынамдарын тандоого тоскоолсуз киргизүүгө;
- жаныбарлардын жугуштуу ооруларына каршы милдеттүү эмдөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө ветеринардык адистердин талаптарын аткарууга;
- жаныбарларды ташууну жана сатууну, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну жана сатууну ветеринардык коштоочу документтер болгондо гана ишке ашырууга;
- жаныбарларды союунун технологиялык жана ветеринардык эрежелерин сактоо, бүкүлү этти жана союунун башка продуктуларын мыйзамда белгиленген тартипте сатууга;
- базарларда жана соода түйүндөрүндө сатуу үчүн жаныбарларды үйүндө союуга жол бербөөгө;
- өзгөчө коркунучтуу оорулар менен ооруган жаныбарлардын бүкүлү эттерин, өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн жана башка союу продуктуларын ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык утилдештирүүнү жүргүзүүгө;
- жаныбарларды дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө ветеринардык практика укугуна ээ болгон адамдарга гана жол берүүгө.
1. Ветеринардык зоналаштырууну ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик ветеринардык орган ишке ашырат.
2. Ветеринардык зоналаштыруу жаныбарлардын инфекциялык ооруларынын таралышынан таза жана таза эмес зоналарды дифференциациялоо жана эпизоотиянын үлүшүн болжолдоо, ооруга чалдыгуу коркунучуна жана эпизоотиялык кырдаалга баа берүү, эл аралык соода үчүн шарт түзүү максатында жүргүзүлөт.
3. Зоналаштыруу Эл аралык эпизоотиялык бюронун жер үстүндөгү жаныбарлардын эл аралык санитардык кодексинин ченемдерине жана стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.
1. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар тамак-аш коопсуздугун аныктоо максатында милдеттүү ветеринардык-санитардык экспертизага алынат.
2. Ветеринардык-санитардык экспертизаны аккредиттелген мамлекеттик же жекече ветеринардык лабораториялар мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзөт.
3. Ветеринардык-санитардык экспертизаны жүргүзүүнү уюштуруу жана анын тартиби, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продукцияларды тамак-аш максатында пайдалануу шарттары техникалык регламенттер менен аныкталат.
4. Изилдөөнүн натыйжаларында шарттуу түрдө жарактуу деп табылган жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулар зыянсыздандырууга, кайра иштетүүгө алынат, ал эми ветеринардык-санитардык экспертизадан өтпөгөндөр мыйзамдарда белгиленген тартипте конфискацияланууга жана утилдештирүүгө алынат.
5. Шарттуу түрдө жарактуу деп табылган же кодификацияланууга алынган продуктуларды зыянсыздандырууга, кайра иштетүүгө, утилдештирүүгө байланыштуу зыяндарды жана чыгымдарды алардын ээлери көтөрөт.
Ветеринардык лабораториялык диагностоо жана экспертиза мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредиттөөдөн өткөн мамлекеттик жана жекече лабораториялар тарабынан жүргүзүлөт.
1. Эпизоотияга каршы иш-чаралар инфекциялык жана инвазиялык оорулардын, жаныбарлардын массалык ууланууларынын пайда болушунун, таралышынын алдын алуу жана жоюу максаттарында жүргүзүлөт.
2. Өзгөчө коркунучтуу оорулардын тизмесине киргизилген жаныбарлардын ооруларынын эпизоотиясына каршы иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
3. Эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүүнү ишке ашырган адамдар жүргүзүлгөн иш-чаралардын эсебин алышат жана ветеринария боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген формада отчет беришет.
1. Кыргыз Республикасынын аймагын коргоо ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик ветеринардык органы тарабынан анын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ооруларын козгоочулардын, тамак-аш талаптарына жана биологиялык коопсуздукка жооп бербеген жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынуучу продуктулардын кирүүсүнө жана таралышына жол бербөө максатында ишке ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагын ветеринардык-санитардык кайтаруу темир жол жана автобекеттеринде, аэропорттордо жана башка атайын жабдылган өткөрүү пункттарында, бажы терминалдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөн автомобилдик өткөөлдөрдө мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштурулат.
3. Мамлекеттик ветеринардык контролдоого алынуучу жүктөрдү, товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик ветеринардык орган тарабынан жүргүзүлөт.
4. Мамлекеттик ветеринардык контролго алынуучу товарлардын, жүктөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте белгиленет.
Жаныбарлардын жана/же жаныбарлардан алынган продуктулардын, жаныбарларды мажбурлап союуда, жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын таралышына жол бербөө максатында алып коюуда, жок кылууда, утилдештирүүдө зыян тарткан ээлерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте компенсация берилет.
Социалдык мобилизациялоо жана калкка маалымат берүү инфекциялык жана жугуштуу эмес оорулардын таралышына жол бербөө, жаныбарларды күтүү жана багуу маселелеринде маалымдуулукту жана илим-билимди жогорулатуу, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулардын коркунучтуу факторлорун кыскартуу максатында жүргүзүлөт.
Жергиликтүү коомчулуктар, коомдук уюмдар жаныбарлардын ден соолугун жана амандыгын сактоону камсыз кылуу тармагындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү жана эпизоотиялык бейпилдикти камсыз кылуунун башка маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат.
1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл мал чарба продуктуларын жана чийки заттарын, ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүдө, сактоодо, ташууда жана сатууда, ошондой эле мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн контролундагы товарларды жана жүктөрдү алып келүүдө, алып чыгууда жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташууда ишке ашырылат.
2. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- ветеринардык-санитардык жагдайды изилдөө жана баалоо, жаныбарлардын инфекциялык жана жугуштуу эмес ооруларынын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын пайда болушунун, ошондой эле тамак-аштан уулануулардын себептерин жана шарттарын айкындоо;
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын сактоого жарандардын жана менчигинин түрүнө жана уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан юридикалык жактарды контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын кирүүсүнөн жана таралышынан коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды контролдоо;
- экстремалдык факторлордун, табигый жана техногендик катастрофалардын кыйратуучу таасиринен жаныбарларды коргоо боюнча ветеринардык иш-чараларды ишке ашыруу;
- жаныбарларды айдап өтүүнү жана ташууну, жаныбарлардан алынуучу продуктуларды жана чийки заттарды жер үстүндөгү, аба жана темир жол транспорту менен ташууну контролдоо;
- ветеринардык лабораторияларды да, илимий-изилдөө институттарында жана ветеринардык-биологиялык препараттарды өндүрүү жана чыгаруу боюнча ишканаларда микроорганизмдердин штаммдарын сактоо режиминин аткарылышын контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ветеринардык багыттагы биопрепараттардын эсептик фондун түзүү.
Ветеринардык мыйзамдардын талаптарын сактоо жагындагы иши мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу объекттер (мындан ары - ветеринардык көзөмөл объекттери) төмөнкүлөр болуп саналат:
- жаныбарларды багуу фермалары, мал чарба комплекстери;
- жаныбарларды жана жаныбарлардан алынуучу продуктуларды өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, сактоо жана сатуу боюнча ишканалар, ошондой эле коомдук тамак-аш түйүндөрү;
- жаныбарларды багуучу, балык өстүрүүчү, балчылык, дыйкандар, фермер чарбалары;
- тоюттарды жана тоют кошулмаларын, ветеринардык дары-дармек каражаттарын, биологиялык препараттарды өндүрүү, даярдоо, сактоо, сатуу боюнча объекттер;
- темир жол жана автомобиль бекеттери, аэропорттор, мамлекеттик чек ара аркылуу транспорт каражаттары, жаныбарларды, жаныбарлардан алынуучу продуктуларды жана чийки заттарды өткөрүүчү жерлер;
- малды ташуу, айдап өтүү трассалары, жайыт участоктору жана жайлоолор;
- жарандардын жекече көмөкчү чарбалары;
- жаныбарларды дарылоо, ооруларды профилактикалоо жана ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү боюнча ветеринардык ишкердикти ишке ашыруучу адамдар;
- ветеринардык эсепке алуу жана отчет берүү боюнча документтер, ветеринардык күбөлүк, ветеринардык маалымкат, ветеринардык-санитардык корутунду, экспертиза актысы, мамлекеттик ветеринардык көзөмөлгө алынуучу жүктөрдү өндүрүү, даярдоо (союу), сактоо, кайра иштетүү боюнча ченемдик-техникалык документтер жана ветеринария тармагындагы башка ченемдик документтер.
1. Ветеринардык дары-дармек каражаттары, тоюттар жана тоют кошулмалары колдонулган чөйрөдөгү мамилелерди жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишке ашырат.
2. Ветеринардык дары-дармек каражаттары, тоюттар, тоют кошулмалары ветеринардык дары-дармек каражаттарын сертификациялоо жана каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ченемдик-техникалык документтерге ылайык тоюттар жана тоют кошулмалары ветеринардык диагносттук лабораториялардын корутундусунун негизинде өндүрүүгө жана колдонууга жол берилет.
3. Ветеринардык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнүн, сактоонун, сатуунун, ташуунун, колдонуунун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун коопсуздугу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
1. Кыргыз Республикасынын Ветеринардык палатасы - юридикалык жак болуп саналган жана өз алдынча башкаруу жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген өкмөттүк эмес, ошондой эле коммерциялык эмес уюм.
2. Ветеринардык палата ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
1. Ветеринардык практика Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ветеринардык палатаны каттоодо белгиленген талаптардын негизинде жүргүзүлөт.
2. Ветеринардык практиканы ишке ашыруучу адамдар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
1. Ветеринардык практика ишин жүргүзгөн адамдар квалификациясына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- жеке жана юридикалык жактарга таандык болгон айыл чарба жаныбарларын, алар жайытка чыгаруунун алдында айыл чарба вакцинациясын жүргүзүүнү текшерүүгө;
- соердун алдында жаныбарларды кароону, сойгондон кийин бүкүлү этти кароону жана жаныбарлардын ички органдарын кароону жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу аткаруучу мамлекеттик ветеринардык орган белгиленген тартипте ветеринардык коштоочу документтерди берүүгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарынын талаптарын бузган адамдарга карата контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча чараларды колдонуу жөнүндө өтүнүч берүүгө;
- өзүнүн практикасында ветеринария тармагындагы инновациялык методдорду жана технологияларды колдонууга.
2. Жекече ветеринардык практиканы жүргүзгөн адамдар кесиптик ишин жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарына жана кесиптик этиканын ченемдерине ылайык ишин жүргүзүүгө;
- өзүнүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин дайыма жогорулатууга;
- жугуштуу оорулар шек туудурганда же пайда болгондо ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга дароо маалымат берүүгө жана жуккандыгы шек туудургандарды жана оорулуу жаныбарларды бөлүү, ошондой эле өлгөн жаныбарлардын өлүктөрүн, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды мыйзамдарга ылайык утилдештирүү боюнча чара көрүүгө.
1. Республикалык бюджеттик каражаттын эсебинен каржыланган, Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын тизмесине киргизилген ооруларды диагностук изилдөөлөрдү жана профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү үчүн иммундук биологиялык препараттарды сатып алуу.
2. Жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын тизмесине киргизилген жаныбарларды иммунизациялоо үчүн препараттарды сатып алуу жаныбарлардын ээлеринин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3. Карантиндик жана башка чектөөчү чараларды каржылоо республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана башка каржылоо булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик ветеринардык ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, өзүнүн ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган, ветеринария тармагындагы мыйзамдарды бузган, жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын пайда болгон фактылары жана алардын пайда болушуна жана таралышына коркунуч түзүүчү жагдайларды жашырган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
Мамлекеттик ветеринардык ишин жүзөгө ашыруучу кызматкерлер мыйзамсыз аракеттеринен улам келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулат.
1. Жаныбарлардын ээлери төмөнкүлөр:
- жаныбарларды күтүү жана эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы;
- диагностук жана иммундук профилактикалык иш-чаралардан качкандыгы;
- ветеринардык практика ишин жүргүзүүгө укугу жок адамдарга жаныбарларды профилактикалык эмдөө жана дарылоо үчүн бергендиги;
- ветеринардык мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы;
- жаныбарларды, жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктуларды жана чийки заттарды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана сатууда ветеринардык-санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн жазык, административдик жана жарандык жоопкерчиликке тартылышат.
2. Ветеринардык лабораториялардын жетекчилери жана кызматкерлери жүргүзүлгөн диагносттук изилдөөлөрдүн, ветеринардык-санитардык экспертизанын жана берилген корутундулардын аныктыгы жана объективдүүлүгү үчүн жазык, административдик жана жарандык жоопкерчиликке тартылышат.
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен ветеринария тармагындагы кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде жүргүзүлөт.
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет,
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 61 "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 17-апрели, № 26).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|