Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 508
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө мыйзамдар
Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө мыйзамдар жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө, кыянаттык менен пайдаланууга каршы күрөшүү чаралары жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана аларга карама-каршы келбеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.".
2. 10-статьяда:
- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Берилген лицензиялар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтар алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалымат болуп саналат.".
3. 12 жана 13-статьялар күчүн жоготту деп табылсын.
4. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү иштин ушул түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Бажы союзуна кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана ушул өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүү Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылат.
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү жана баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттерге алып кетүү Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген уруксаттын негизинде ишке ашырылат.
Алып келүүгө жана алып кетүүгө берилген лицензия (уруксат) баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө аталган иштин түрүнө лицензиясы (уруксаты) бар экендигине карабастан, башка юридикалык жакка берилиши мүмкүн эмес.
Жүктүн ар бир партиясына баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып кетүүгө берилген лицензиянын (уруксаттын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет, ал алынып кетүүчү өлкөнүн өкмөтүнө да жөнөтүлөт.
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген лицензиянын (уруксаттын) негизинде ишке ашырылат.
Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө шарттары Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.
Жеке жактар баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана алардын прекурсорлорунун чектелген санын мындай каражаттардын жана заттардын аталышы жана саны көрсөтүлүүгө тийиш болгон тастыктоочу медициналык документтери болгон учурда медициналык көрсөтмөсү боюнча дары-дармек түрүндө жеке пайдалануу, ошондой эле прекурсорлорду жеке пайдалануу үчүн (коммерциялык максатта эмес) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган көлөмдө Бажы союзунун аймагы боюнча ташууну жүзөгө ашырышат.
Белгиленген тартипте алып келүүгө (алып кетүүгө) берилген лицензиясы (уруксаты) жок Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген же Кыргыз Республикасынын аймагынан алынып кеткен баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор конфискацияланат. Конфискацияланган баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду андан ары колдонуу же жок кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Медициналык жана дарыкана мекемелери, уюмдары үчүн багытталган, Улуттук тизмелерге киргизилген заттарды жана препараттарды камтыган гуманитардык жүктөрдү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген лицензиянын (уруксаттын) негизинде ишке ашырылат.".
5. 20-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик ташуу Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык берилген лицензия (уруксат) болгон учурда гана ишке ашырылат.";
- экинчи бөлүктөгү "баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|