Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 503
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
Ушул Мыйзам бажы алымдарынын ташып келүүдө жана ташып чыгарууда коюмдарды колдонуунун, бажы алымдарынын ташып кетүүдө коюмдарды белгилөөнүн тартибин, ташып келүүдө бажы алымдарынын коюмдарын товар чыгарылган өлкөсүнө жана аларды ташып келүү шарттарына карата колдонуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле тарифтик преференциялар менен тарифтик квоталарды берүү өзгөчөлүктөрүн аныктайт.
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
1. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн негизги түшүнүктөр төмөнкү маанилерде колдонулат:
бажы алымы - товарлар Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу жана Бажы союзунун мүчө өлкөлөрүнүн белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде жана (же) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда бажы органдары тарабынан республиканын бюджетине алынуучу милдеттүү төлөм;
өзгөчө алымдар - атайын, антидемпинг жана компенсациялык алымдар;
сезондук алымдар - товарларды ташып келүүдө жана ташып чыгарууда мезгилдин аныкталган мөөнөтүнө карата оперативдүү жөнгө салуу үчүн белгиленген бажы алымынын түрү.
2. Ушул Мыйзамда башка түшүнүктөр Бажы союзунун бажы мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
2-берене. Бажы алымдарынын түрлөрү
Товарларды ташып келүү (импорт) жана ташып чыгаруу (экспорт) боюнча тышкы соода операцияларын жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун коргоо максатында алымдардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
ташып келүүдөгү бажы алымдары;
ташып чыгаруудагы бажы алымдары;
сезондук алымдар;
өзгөчө алымдар - колдонуу тартиби Бажы союзунун мыйзамдарында аныкталган атайын, антидемпинг жана компенсациялык алымдар.
3-берене. Бажы алымдарынын коюмдарынын түрлөрү
Кыргыз Республикасында бажы алымдарынын коюмдарынын төмөнкү түрлөрү колдонулат:
адвалордук, салык салынуучу товарлардын бажы наркына карата пайыз менен эсептелинүүчү;
өзгөчө, салык салынуучу товарлардын бир даанасына белгиленген өлчөмдө эсептелинүүчү;
айкалыштырылган, жогоруда көрсөтүлгөн бажы алымдарынын экөөсүн тең камтуучу.
4-берене. Бажы алымдарынын коюмдары жана аларды белгилөө тартиби
1. Бажы алымдарынын коюмдары бирдиктүү болуп саналат жана Бажы союзунун бажы чегарасы аркылуу товарларды ташып өткөргөн адамдарга, союздарга, бүтүмдөрдүн түрлөрүнө жана башка факторлорго карабастан, ушул Мыйзамда каралган учурлардан тышкары, өзгөртүүгө жатпайт.
2. Соода жана саясий мамилелери оңтойлуу түзүлгөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарлар менен соода-саясий мамилелери оңтойлуу эмес түзүлгөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүүдөгү бажы алымдарынын ставкалары колдонулат, Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунун негизинде тарифтик преференциялар берилген учурлардан тышкары.
Чыгарган өлкөсү аныкталбаган товарларга карата Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүүдөгү бажы алымдарынын коюмдары колдонулат, Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринин эл аралык келишимдеринде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурлардан тышкары.
3. Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташылып чыгарылуучу товарларга карата айрым учурларда ташып чыгаруу бажы алымдары колдонулушу мүмкүн.
4. Ташып чыгаруу бажы алымдарынын коюмдарынын жана ташып чыгаруу бажы алымдары колдонулуучу товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
5-берене. Сезондук алымдар
Товарларды ташып келүүнү жана ташып чыгаруу үчүн оперативдүү жөнгө салуу максатында сезондук алымдар белгилениши мүмкүн. Мында бажы тарифинде каралган бажы алымдарынын коюмдары колдонулбайт. Сезондук алымдардын колдонуу мөөнөтү бир жылда алты айдан ашпоого тийиш.
6-берене. Алымдардын өзгөчө түрлөрү
1. Экономикалык кызыкчылыктарды коргоо максатында товарларга карата алымдардын төмөнкү өзгөчө түрлөрү колдонулушу мүмкүн:
1) атайын алымдар;
2) антидемпинг алымдары;
3) компенсациялык алымдар.
2. Алымдардын өзгөчө түрлөрүн (атайын, антидемпинг, компенсациялык) колдонуу алдында Бажы союзунун атайын коргоочу антидемпинг жана компенсациялык чараларды колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык тергөө жүргүзүлөт.
3. Тийиштүү алымдардын коюмдары ар бир өзүнчө учур үчүн жүргүзүлгөн тергөөнүн жыйынтыктары боюнча Евразиялык экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленет жана алардын өлчөмү баанын демпинг төмөндөшүнө, субсидиялары менен аныкталган зыяндын көлөмүнө жараша болуусу зарыл.
7-берене. Тарифтик жеңилдиктер
Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарларга карата тарифтик жеңилдиктер Бажы. союзунун Бажы кодексине, Бажы союзунун мүчө өлкөлөрүнүн белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык берилет.
8-берене. Тарифтик преференциялар жана тарифтик квоталар
1. Башка мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелерин жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасы Бажы союзунун мүчө өлкөлөрүнүн белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык тарифтик преференцияларды төмөнкү түрдө сунуштайт:
а) Кыргыз Республикасы менен эркин соода чөлкөмүн түзгөн же ушундай чөлкөм түзүүнү көздөгөн макулдашууга кол койгон мамлекеттерден чыгарылган жана ташып келинген товарларга карата бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу;
б) Бажы союзунун тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонгон, өнүгүп жаткан же начарыраак өнүккөн өлкөлөрдөн чыгарылган товарларга карата ташып келүүдөгү бажы алымдарынын коюмдарын төмөндөтүү.
2. Кыргыз Республикасына ташылып келинген үчүнчү өлкөлөрдө чыгарылган товарлардын айрым түрлөрүнүн ташылып келишин жөнгө салуучу чара иретинде Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифине ылайык колдонгон ташып келүүдөгү бажы алымынын коюмуна салыштырмалуу товардын белгилүү санын (накта же нарк түрүндө) ташып келүү бажы алымынын төмөн коюмун аныкталган мезгилдин ичинде колдонууну караган тарифтик квота колдонулушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасына белгиленген сандан (квотадан) ашыкча ташып келинген товарларга карата Бажы союзунун бирдиктүү бажы тарифине ылайык ташып келүү бажы алымынын коюму колдонулат.
3. Ташып келинүүчү товарларга карата тышкы соода ишмердигинин катышуучулары ортосундагы тарифтик квоталардын көлөмү, аларды бөлүштүрүү ыкмасы жана тартиби, ошондой эле, зарыл болгон учурда - үчүнчү өлкөлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүү Бажы союзунун комиссиясы же Бажы союзунун комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагына ички керектөө үчүн тарифтик квоталардын алкагындагы товарларды ташып келүү Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү лицензиялардын негизинде жүргүзүлөт.
9-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылышсын:
- Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 29-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2006-ж., № 3, 279-ст.);
- Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 16-июлундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 21-июлу, № 61);
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 19-майындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2011-жылдын 20-майы, № 38);
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 19-июлундагы № 146 "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 5-августу, № 60).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|