Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 505
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1 -берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга салык салуу боюнча мамилелерге карата Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жана ага карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.".
2. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-пункттар менен толукталсын;
"21) "Товарларды импорттоо" - Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу Бажы союзунун бажы аймагына товарларды ташып кирүү, ошондой эле Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып кирүү.
22) "Бажы союзунун мыйзамдары" - ушул Кодекске жана Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык кабыл алынган Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн ишкердикти жүргүзгөн субъекттердин өз ара мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.".
3 44-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт жана абзац менен толукталсын:
"12) төмөнкү учурларда салык органдарына кабарлоого:
а) Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден импорттолуучу акциздик товарларды ала тургандыгы тууралуу;
б) Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан товарларды убактылуу ташып кирген учурда, алар кийин ташылып келинген товарлардын касиетин жана сапатын өзгөртпөстөн Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылат;
в) Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды убактылуу чыгаруу учурунда, алар андан ары чыгарылган товарлардын сапатын жана касиетин өзгөртпөстөн, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилет;
Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзунун мүчө мамлекеттердин аймагына товарларды ташып кирүү (ташып чыгаруу) тууралуу кабарлоону берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
4. 52-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52-берене. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө бажы органдарынын ыйгарым укуктары
Бажы органдары Бажы союзунун бажы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө салыктарды алууну жүзөгө ашырат.".
5 54-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "Бажы кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 70-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмунда баяндалсын.
"Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө келип чыккан салык милдеттенмесин аткаруунун жана салык карызын жоюунун ыкмалары Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталат.".
7. 79-берененин 12-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы чегарасы деген сөздөр "Бажы союзунун бажы чек арасы" деген сөздөр менен, "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталат" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 88-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "Ушул Кодексте" деген сөздөр "Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодексте" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салык боюнча салык отчетун берүү мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.".
9. 100-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы е пунктчасы менен толукталсын:
"е) Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар боюнча акциз салыгы жана/же КНС боюнча салык милдеттенмелери салык төлөөчүлөр тарабынан аткарылганда;".
10. 122-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, финансылык чалгындоо органдары жана финансылык полиция органдары менен өз ара аракеттенүүлөрү ушул Кодексте Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, "Изин суутпай иликтөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, "Террорчулукту финансылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы аракет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында. эки тараптуу (көп тараптуу) түзүлгөн макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырышат.".
11. 224-беренеде:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) "Салык салынуучу импорт" - импортко КНСтен бошотулган товарды ташып кирүүдөн тышкары, Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына товарды ташып кирүү.";
төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) "товарларды экспорттоо" - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзунун мүчө - мамлекеттеринин аймагына же Бажы союзунун бажы аймагынан тышкары ташып чыгуу.".
12. 232-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын.
"4) мурда экспорттоонун бажы жол-жобосунда чыгарылган товарды кайра импорттоонун бажы жол-жобосунда кайра кайтарса.".
13. 234-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоодон тышкары, товарларды импорттоодо КНС боюнча салыктык милдеттенменин датасы Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.".
14. 236-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "бажылык аймакта жана бажы контролдугу алдында товарларды кайра иштетүүнүн бажылык режимине" деген сөздөр "бажы аймагында жана ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүүнүн жол-жобосуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15. 249-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"249-берене. "Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү" жана "Товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүү" бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү
Бажы союзунун бажы аймагына ташылып келген жана "Товарларды бажы аймагында кайра иштетүү" жана "Товарларды ички керектөөлөр үчүн кайра иштетүү бажы жол-жоболорунда жайгаштырылган товарларды кайра иштетүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КНСтен бошотулган беримдер болуп эсептелет.".
16. 257-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.
"4) Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталган бажы жол-жоболорунун алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар;".
17. 259-беренеде:
- аталышындагы жана 1-бөлүгүндөгү "бажы" деген сөз алып салынсын;
- 259-берененин 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 265-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"10. Мурда экспорттоонун бажы жол-жобосунда товарларды ташып чыгууну жүзөгө ашырган салык төлөөчүдөгү беримдердин салык салынуучу наркы кайра импорттоонун бажы жол-жобосунда ошол товарларды ташып кирүүдө, КНС боюнча салык отчетунда экспортко товарлардын беримдеринин көлөмү чагылдырылган ошол товарлардын наркынын негизинде экспортту тариздөөдө колдонулган ченөө бирдигинде ташылып келинген товарлардын көлөмүнө пропорционалдуу аныкталат.".
19. 266-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "товар" деген сөздөн мурда "Экспорттоонун бажы жол-жобосунда мурда ташылып чыгарылган товарларды кайра импорттоонун бажы жол-жобосунда ташып кирүүнү кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
20. 270-берененин 3-бөлүгүндө:
2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) Бажы союзуна мүчө мамлекеттер болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан товарларды импорттоодо:
а) Бажы союзунун бажы мыйзамдарына жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажылык тариздөө жүргүзүлгөндө, жана
б) ал боюнча кошумча нарк салыгы бюджетке төлөнгөндө;
5) Бажы союзунун мүчө мамлекеттеринин аймагынан товарларды импорттоодо:
а) кыйыр салык боюнча салык отчетун берүү милдеттери аткарылганда; жана
6) ал боюнча кошумча нарк салыгы ушул бөлүмгө ылайык бюджетке төлөнгөндө.".
21. 274-берененин 3-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында" деген сөздөр "Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. IX бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 40-1-глава менен толукталсын.
"40-1-глава. Бажы союзунда товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө КНС салыгын салуу
282-1-берене. Жалпы жоболор
1 Ушул главанын жоболору Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүлөрүндө товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө КНС салыгын салууну жөнгө салат.
2 Эгерде, ушул главада товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө КНС салыгын салуунун ушул Кодекстин башка главаларында камтылгандан башка ченемдери белгиленсе, ушул главанын ченемдери пайдаланылат.
3 Ушул главада колдонулган түшүнүктөр Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн. Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерде каралган.
4. Ушул главада төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат.
1) "Товарды коштоочу документтер" - эл аралык автомобиль коштомо кагазы, темир жол транспортту коштомо кагазы, товардык-транспорттук коштомо кагазы, бирдиктүү үлгүдөгү коштомо кагазы, кол жүк ведомосту, почта ведомосту, кол жүк квитанциясы, авиа коштомо кагазы, коносамент, өткөргүч түтүк транспорту менен жана электр берүү линиялары боюнча товарларды алып өтүүдө колдонулуучу документтер жана акциздик товарлардын айрым түрлөрүн алып өтүүдө колдонулуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын транспорт жөнүндө мыйзам актыларында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган ташууларда товарларды жана транспорт каражаттарын коштоп жүрүүчү башка документтер; эсеп-фактуралар, спецификациялар, жүктөөчү жана таңгактоочу баракчалар, ошондой эле товарлар, анын ичинде товарлардын наркы жөнүндө маалыматтарды ырастаган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык колдонулуучу башка документтер;
2) "Товарлардын менчик ээси" - товарларга болгон менчик укугуна ээ же товарларга болгон менчик укугуна өтүүгө келишим менен (макулдашуу) менен каралган субъект.
5 Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүлөрүндө товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө КНСти башкаруу салык кызматы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
282-2-берене. Бажы союзундагы КНС төлөөчүлөр
Бажы союзундагы КНС төлөөчүлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык салынуучу субъект;
2) Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттогон субъект.
282-3-берене. Салык салуунун коюму жана объектиси
Бажы союзунда КНС салуунун коюму жана объектиси ушул Кодекстин 227 жана 231-беренелерине ылайык аныкталат.
282-4-берене. Бажы союзунда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери, экспорт жана салык салынуучу импорт
1. Бажы союзунда товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери ушул Кодекстин 232-беренесине ылайык аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоо беримдер болуп эсептелет.
3. Салык салынуучу импорт болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ушул Кодекстин 282-15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык КНСтен бошотулгандарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү же ташып кетүүчү товарлар.
Ушул бөлүк Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик катталууга тийиш болгон ташып келинүүчү же ташылып кетүүчү транспорт каражаттарына карата да колдонулат;
2) Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүчү продукт болуп эсептелген товарлар.
282-5-берене. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду
1. Товарлардын беримдеринин орду ушул Кодекстин 235-беренесине ылайык аныкталат.
2. Жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду болуп Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагы эсептелет, эгерде:
1) жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр ошол мамлекеттин аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөр менен түздөн-түз байланыштуу болсо;
2) ижара, лизинг жана кыймылдуу мүлктөрдү, транспорт каражаттарын башка негиздерде пайдаланууга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр ошол мамлекеттин аймагында жайгашкан кыймылдуу мүлктөр, анын ичинде транспорттук каражаттар менен түздөн-түз байланыштуу болсо;
3) маданият, искусство, билим берүү, дене тарбия, туризм, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр ошол мамлекеттин аймагында көрсөтүлсө;
4) ошол мамлекеттин салык төлөөчүсү төмөнкүлөрдү алат:
а) консультация, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжинирингдик, жарнамалык, дизайнердик, маркетингдик кызмат көрсөтүүлөрдү, маалыматты иштеп чыгуу ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйба-конструктордук жана тажрыйба-технологиялык, конструктордук жана технологиялык иштер боюнча кызмат көрсөтүүлөргө;
б) ЭЭМ жана маалыматтар базасы (эсептөөчү техникалардын программалык каражаттары жана маалыматтык продуктулары), аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай программаларды жана маалыматтар базасын коштоп жүрүү үчүн программаларды иштеп чыгуу боюнча жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү;
в) персонал сатуучу иштеген жерде иштеген учурда, персоналды берүү боюнча кызматтарды;
5) ошол мамлекеттин салык төлөөчүсүнө:
а) патент, лицензия, менчик өнөр-жай объектилерин, соода маркаларын, соода белгилерин, фирмалык аталыштарын, тейлөө белгилерин, автордук, аралаш укуктарын же башка окшош укуктарын мамлекет тарабынан коргоо укугун күбөлөндүргөн башка документтер берилет, өткөрүлүп берилет, арзан берилет;
6) ижараны, лизингди жана транспорт каражаттарын башка негиздерде пайдаланууну кошпогондо, кыймылдуу мүлктөр ижарага, лизингге берилет же башка негиздерде пайдаланууга берилет;
б) эгерде ушул бөлүктүн 1-5-пункттарында башкача каралбаса, ошол мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан жумуштар аткарылат, кызматтар көрсөтүлөт.
Ушул пункт ижарага, лизингге жана транспорт каражаттарын башка негиздерде пайдаланууга берүүдө да колдонулат.
3. Эгерде, салык салуу тартиби ушул бөлүк менен жөнгө салынган салык төлөөчү тарабынан жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн бир нече түрлөрү аткарылса, көрсөтүлсө жана бир жумуштун жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн берими башка жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдерине карата көмөкчү мүнөздө болсо, анда көмөкчү жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду болуп негизги жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду эсептелет.
4. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин ордун ырастаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
282-6-берене. Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн салык салынуучу импорттун беримдеринин датасы
1. Экспортко товарлардын бериминде КНСти эсептөө максатында товарлардын беримдеринин датасы болуп товарларды сатып алуучуга (биринчи ташып жеткирүүчүгө) таризделген товарлардын жүктөп жөнөтүлгөндүгүн ырастаган биринчи бухгалтердик (эсептик) документтер түзүлгөн убакыт боюнча биринчи дата катары аныкталуучу жүктөп жөнөтүлгөн дата эсептелет.
2. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин датасы болуп салык төлөөчү импорттолгон товарларды, анын ичинде аларды даярдоо тууралуу келишим (макулдашуу) боюнча жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарларды, ошондой эле зайымдарды иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүчү продуктулар түрүндө берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча алынган товарларды эсепке алган дата эсептелет.
3. Ушул главанын максаты үчүн импорттолгон товарлардын эсепке алуу датасы болуп:
1) финансы отчетунун эл аралык стандартына жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык мындай товарлардын бухгалтердик эсепке алууда таанылган (чагылдырылган) датанын эң эрте датасы;
2) мындай товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген дата саналат.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында аталган эки дата тең салык төлөөчүдө болгон учурда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп аталган даталардын эң кечирээги эсептелет.
4. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүгүнүн максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүү датасы болуп:
1) аба кемелери аркылуу товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан аэропортко ташып келинген дата;
2) эл аралык автомобиль каттамында товарларды ташууда - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн дата;
Мында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн дата Кыргыз Республикасынын чек ара органдарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан берилүүчү мамлекеттик контролдон өткөндүгү тууралуу документтин негизинде аныкталат. Мамлекеттик контролдон өткөндүгү тууралуу документти берүү формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
3) товарларды эл аралык жана мамлекеттер аралык каттамда темир жол транспорту менен ташууда - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чек ара жанындагы биринчи өткөрүү пунктуна ташып кирген дата;
4) магистралдык өткөргүч түтүк тутуму боюнча же электр берүү линиясы боюнча товарларды ташууда - товарларды өткөрүп берүү пунктуна ташылып келген дата;
5) товарларды эл аралык почта аркылуу жөнөтүүдө - Кыргыз Республикасынын почта жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына почта штемпели коюлган дата эсептелет.
Кыргыз Республикасынын аймагына товарлардын ташып келинген датасы жөнүндө маалымат жок учурда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн дата эсептелет.
Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык товарлардын бухгалтердик эсепке алуу таанылбаган (чагылдырылбаган) учурда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп ушул берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн дата эсептелет.
5. Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн башка учурларда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы мындай товарларды алгандыгын (же сатып алгандыгын) ырастаган документтин көчүрүлгөн датасы боюнча аныкталат. Мында, товарлардын жеткирилгендигин ырастаган документ болгон учурда, импорттолгон товарларды эсепке алуу датасы болуп, ташып жеткирүүчү тарабынан сатып алуучуга товарлардын өткөрүлүп берилген датасы эсептелет.
6. Лизинг алуучуга бул товарларга болгон менчик укугунун өтүшүн караган финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына лизингдин предмети болуп саналган товарларды импорттоодо салык милдеттенмесинин пайда болгон датасы болуп иш жүзүндөгү өлчөмүнө жана төлөм жүргүзүлгөн датага карабастан, финансылык ижара (лизинг) келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан бул товарлардын наркынын бир бөлүгү төлөнгөн дата эсептелет.
Эгерде, финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча товарлардын наркынын бир бөлүгүн төлөө мөөнөтү башталган дата товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирген датага чейин белгиленсе, лизинг предмети болуп саналган товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин пайда болушунун алгачкы датасы болуп алар эсепке алынган дата эсептелет.
Эгерде, финансылык ижара (лизинг) келишиминде каралган лизинг төлөмү лизинг алуучу тарабынан мөөнөтүнөн мурда төлөнсө, анда лизинг предмети болуп саналган товарларды импорттоодо КНС боюнча салык милдеттенмелеринин пайда болушунун акыркы датасы болуп ошол финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча акыркы эсептешүү датасы эсептелет.
7. Жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин датасы болуп, эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, жумуштарды аткаруунун жана/же кызматтарды көрсөтүүнүн аяктаган күнү эсептелет.
Жумуштарды аткаруунун жана/же кызматтарды көрсөтүүнүн аяктаган датасы болуп жумуштардын аткарылган жана/же кызматтардын көрсөтүлгөн фактысын ырастаган документке кол коюлган дата таанылат.
Эгерде жумуштардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн берими узак убакыт аралыгында (бир жылдан ашык) ишке ашырылса, анда беримдердин датасы ушул Кодекстин 234-беренесине ылайык аныкталат.
282-7-берене. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркын аныктоо
1. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркы, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, тараптар тарабынан колдонулган баалардын жана тарифтердин бүтүмүнө жараша, сатылган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.
2. Финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча товарларды (лизинг предметтерин) экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркы финансылык ижара (лизинг) келишиминде каралган товардын (лизинг предметинин) алгачкы наркынын бир бөлүгү өлчөмүндө, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес өлчөмдө ар бир лизинг төлөмүн алган датага карата аныкталат.
Мында товардын (лизинг предметинин) алгачкы наркы катары пайыздык кирешени эсепке албастан келишимде көрсөтүлгөн лизинг предметинин наркын түшүнүү зарыл.
3. Зайымдарды товарлар түрүндө берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча товарларды экспорттоодо салык салынуучу беримдердин наркы, келишимде (макулдашууда) каралган өткөрүп берилүүчү товарлардын наркы катары аныкталат. Келишимде (макулдашууда) наркы жок учурда салык салынуучу беримдердин наркы товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн нарк катары, келишимдерде (макулдашууларда) жана товарды коштоочу документтерде наркы жок учурда - бухгалтердик эсепте чагылдырылган товарлардын наркы катары аныкталат.
4. Товарларды экспорттоодо беримдердин салык салынуучу наркын оңдоо ушул Кодекстин 266-беренесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
282-8-берене. Салык салынуучу импорттун наркын аныктоо
1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, товарлардын, анын ичинде аларды даярдоо жөнүндө келишим (макулдашуу) боюнча иштерди аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы келишимдин (макулдашуунун) шарттарында каралган сатып алынган товарлардын наркынын негизинде аныкталат.
2. Эгерде, келишимдин (макулдашуунун) шарттары боюнча бүтүм баасы сатып алынган товарлардын, ошондой эле башка чыгымдардын наркынан турса жана бул учурда сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өз-өзүнчө көрсөтүлсө, анда салык салынуучу импорттун наркы болуп сатып алынган товарлардын наркы гана саналат.
3. Эгерде. келишимдин (макулдашуунун) шарттары боюнча бүтүмдүн баасы сатып алынган товарлардын, ошондой эле башка чыгымдардын наркынан турса жана сатып алынган товарлардын наркы жана/же башка чыгымдардын наркы өзүнчө көрсөтүлсө, анда салык салынуучу импорттун наркы болуп келишимде (макулдашууда) көрсөтүлгөн бүтүмдүн баасы саналат.
4. Товарлардын салык салынуучу импортунун наркына импорттолуучу акциздик товарларга карата акциз салыгынын суммасы да кирет.
5 Товар алмашуу (бартердик) келишими (макулдашуусу) боюнча, ошондой эле зайымдарды товарлар түрүндө берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча алынган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган салык салуу максаттарында бааларды аныктоо принцибин эске алуу менен товарлардын наркынын негизинде аныкталат.
6 Иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүчү продуктулар болуп саналган товарлардын салык салынуучу импортунун наркы, ошол иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштардын наркынын негизинде аныкталат.
7. Салык салынуучу импорттун наркына оңдоо киргизүү ушул Кодекстин 266 жана 282-20-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
282-9-берене. Жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин салык салынуучу наркын аныктоо
Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин салык салынуучу наркы ушул Кодекстин 265-беренесине ылайык аныкталат.
282-10-берене. Бажы союзунда товарларды экспорттоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо КНСтин нөлдүк коюму колдонулат.
Эгерде, ушул главада башкача белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагына товарларды экспорттоодо КНС салыгын төлөөчү ушул Кодекстин 40-главасына ылайык сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС суммасын чегерүүгө, КНС боюнча ашып кеткен сумманын ордун толтурууга жана/же кайтарууга укуктуу.
2. Ушул берене Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттердин аймагына аларды андан ары ташып кетүү менен аларды даярдоо жөнүндө келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарларга карата да колдонулат. Аталган товарларга иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштарды аткаруунун жыйынтыгы болуп саналган товарлар кирбейт.
3. Ага болгон менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсүн караган финансылык ижара (лизингдин) келишими (макулдашуу), ошондой эле аларды даярдоо жөнүндө келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында даярдалган товарлар түрүндө займдарды берүүнү караган келишим (макулдашуу) боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагына лизингдин предмети болгон товарларды ташып кетүүдө КНСтин нөлдүк коюму колдонулат.
4. Товарларды экспорттоону ырастаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
282-11-берене. Бажы союзунда эл аралык ташууларга салык салуу
1. Ушул беренеде башкача белгиленбесе, Бажы союзунда эл аралык ташууларга салык салуу ушул Кодекстин 262-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
2. Бажы союзунда магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташуу, эгерде ташууларды тариздөө экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды Бажы союзунун аймагындагы сатып алуучуга чейин аталган товарлардын андан аркы жеткирүүнү ишке ашырган сатып алуучуга же башка адамдарга өткөрүп берилишин ырастаган документтер менен ишке ашырылса эл аралык деп эсептелет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн максаттары үчүн ырасталган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Бажы союзуна мүчө бир мамлекеттин аймагынан Бажы союзунун ушул эле же башка мүчө мамлекетинин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
282-12-берене. Бажы союзунда иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштарга салык салуу
1 Кайра иштетилүүчү продуктуларды башка мамлекеттин аймагына андан ары ташып кетүү менен Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштарга, ушул берененин 7-бөлүгүндө жана ушул Кодекстин 282-13-беренесинде каралган товарларды кайра иштетүүнүн шарттарын жана кайра иштетип алма чийки затты кайра иштетүү мөөнөттөрүн сактоодо КНС нөлдүк коюм боюнча салынат.
2. Кайра иштетилүүчү продуктуларды Бажы союзуна мүчө ошол эле мамлекеттин аймагына андан ары ташып кетүү менен Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштардын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан аткарылганын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3 Кайра иштетилүүчү продуктуларды Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагына андан ары сатуу менен, Бажы союзуна мүчө бир мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылган фактысын ырастаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кайра иштетилүүчү продуктуларды Бажы союзуна мүчө эмес мамлекеттин аймагында андан ары сатуу менен, Бажы союзуна мүчө бир мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштардын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан аткарылган фактысын ырастаган документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Кайра иштетилүүчү продуктуларды Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары сатуу менен, Бажы союзуна мүчө бир мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштарга ушул Кодекстин 227-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген коюм боюнча КНС салынууга тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан кайра иштетүү үчүн иштетип алма чийки заттарды ташып келүү (ташып кетүү) ишке ашырылган учурда кайра иштетүү продуктуларын ташып келүү (ташып кетүү), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте анын аткарылышы жөнүндө милдеттенме берилет.
7. Иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген товарларды кайра иштетүүнүн шарттарына шайкеш келиши керек.
8. Товарларды кайра иштетүүнүн шарттары тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусунда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
1) тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарлардын жана кайра иштетилүүчү продуктулардын аталыштары, классификациясы, алардын саны жана наркы;
2) кайра иштетүүгө келишимдин (макулдашуунун) датасы жана номери, кайра иштетүү мөөнөтү;
3) кайра иштетилүүчү продуктулардын чыккан ченеми;
4) кайра иштетүүнүн мүнөзү;
5) кайра иштетүүнү ишке ашырган адам жөнүндө маалымат.
282-13-берене. Иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүнүн мөөнөтү
1. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагына ташылып кеткен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүнүн мөөнөтү иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү келишиминин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетип алма чийки заттар эсепке алынган жана/же жүктөп жөнөтүлгөн датадан тартып катар келген 24 капендардык айдан ашпашы керек.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын аймагына кайра иштетүү үчүн ташылып келген иштетип алма чийки заттар салык салуу максатында салык салынуучу импорт деп таанылат жана ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген датадан тартып КНС салынууга жатат.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөн ашып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагына кайра иштетүү үчүн ташылып кеткен иштетип алма чийки заттар салык салуу максатында салык салынуучу берим деп таанылат жана ушул главага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып кеткен датадан тартып КНС салынууга жатат.
Ушул бөлүктүн максаттарында иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүүнүн продуктуларынын көлөмүн белгиленген мөөнөттөрүндө Кыргыз Республикасынын аймагына кайрадан киргизилбеген иштетип алма чийки заттар боюнча беримдин салык салынган наркы, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө жана календардык жылдын аралыгында өзгөртүлүүгө жатпаган мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан эсепке алуу саясатынын негизинде кайра иштетүүнүн ушундай продуктуларынын өздүк наркына киргизилген иштетип алма чийки заттардын наркынын өлчөмүндө аныкталат.
282-14-берене. Бажы союзунда КНСтен бошотулган беримдер жана импорт
1. Төмөнкү беримдер КНСтен бошотулат:
1) ушул Кодекстин 38-главасында көрсөтүлгөн жумуштар, кызматтар, эгерде алар ишке ашырылган жер Кыргыз Республикасы болуп саналса;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагынан ташылып келген товарларды оңдоолор боюнча кызматтар, аларды калыбына келтирүүнү, курамдык бөлүктөрүн алмаштырууну кошкондо.
Ушул пунктта аталган кызмат көрсөтүүлөрдү ырастаган документтер болуп, ушул Кодекстин 38-главасында каралган документтер саналат.
2. Төмөнкү товарлардын импорту КНСтен бошотулат:
1) ушул Кодекстин 38-главасы менен каралган;
2) келишимде (макулдашууда) каралган кепилденген тейлөөнүн алкагында импорттолгон.
3. Кыргыз Республикасынын аймагына мурда ташылып келген товарларды пайдаланууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка максаттарда импорт боюнча КНСтен бошотулса, мындай товарларды импорттоо боюнча КНС ушул Кодекстин 40-главасында белгиленген мөөнөттө төлөнүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын лизинг алуучусу-салык төлөөчүсү тарабынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин лизинг берүүчүсүнө финансылык ижара келишими боюнча төлөнгөн пайыздык киреше КНСтен бошотулат.
282-15-берене. Бажы союзунда сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасын чегерүүнүн, КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруунун жана кайтаруунун тартиби
Бажы союзунда сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин суммасын чегерүү, КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу, ушул Кодекстин 40-главасында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
282-16-берене. КНСтин эсеп-фактурасы
1. КНСтин эсеп-фактураларын жазып берүүнүн тартиби, эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодекстин 282-беренесине ылайык аныкталат.
2. Товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагына экспорттолгон учурда, эсеп-фактура беримдин датасынан эрте эмес жана товарларды сатуу боюнча беримдин датасынан кийин беш календардык күндөн кечиктирилбестен жазып берилет.
3. Кайра иштетилүүчү продуктуларды башка мамлекеттин аймагына андан ары ташып кетүү менен, Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштар аткарылган учурда, эсеп-фактура иштетип алма чийки заттарды кайра иштетүү боюнча жумуштардын аткарылгандыгын ырастаган документке кол коюлган датага карата жазылып берилет.
4. Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсү-салык төлөөчүсү тарабынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин лизинг алуучусу-салык төлөөчүсү алууга тийиш товарларды лизингге берүү учурунда, эсеп-фактура лизингдин келишиминде каралган пайыздык кирешени эсепке албастан ар бир лизингдик төлөмдүн датасына карата, бирок иш жүзүндө алынган төлөмдүн суммасынан көп эмес жазылып берилет.
Кыргыз Республикасынын лизинг берүүчүсү-салык төлөөчүсүнүн пайыздык кирешесинин суммасы эсеп-фактурасында өзүнчө сап менен белгилениши керек.
282-17-берене. Товарларды импорттоо учурунда КНСтин төлөөчүлөрүн аныктоонун өзгөчөлүгү
1. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде сатылып алынса, кошумча нарк салыгы аймагына товарлар импорттолгон Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнөт.
2. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин салык төлөөчүсү менен түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) негизинде сатылып алынса жана Бажы союзуна мүчө үчүнчү мамлекеттин аймагына импорттолсо, КНС аймагына товарлар импорттолгон Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнөт.
3. Эгерде товарлар Бажы союзуна мүчө бир мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан комиссиянын келишиминин, Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнө берилген тапшырманын негизинде алынып келинсе жана Бажы союзуна мүчө үчүнчү мамлекеттен импорттолсо КНС аймагына товарлар импорттолгон Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнөт.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин салык төлөөчүсү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына мурда импорттолгон, ал боюнча КНС төлөнбөгөн товарларды көргөзмө-жарманке соода-сатыгында сатып алган учурда КНСти төлөө Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү, товардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан уюштурулган көргөзмө-жарманке соода-сатыгында Бажы союзунун мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына мурда импорттолгон, ал боюнча КНС төлөнбөгөн товарларды сатып алган учурда КНСти төлөө товардын ээси тарабынан аларды сатып алуу-сатууга резидент эмес менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Товарларды сатып алуу-сатуу келишими (макулдашуу) жок болгон учурда мындай товарлар боюнча кошумча нарк салыгын төлөө көргөзмө-жарманке соода-сатыгын уюштурган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жүргүзүлөт.
Көргөзмө-жарманкени уюштурган Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү соода-сатыкты өткөрүүгө он күн калганга чейин мындай соода-сатыкты уюштуруу жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламаны Бажы союзуна мүчө мамлекеттен соода сатыкка катышуучулардын тизмегин тиркөө менен, турган орду боюнча салык органына берүүгө милдеттүү.
Көргөзмө-жарманке соода-сатыгы боюнча кошумча нарк салыгын төлөөнү контролдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Эгерде товарлар Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү менен Бажы союзуна мүчө мамлекеттин салык төлөөчүсүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде сатылып алынса жана товарлар Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагынан импорттолсо КНС аймагына товарлар импорттолгон Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү - товарлардын ээси же комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жүргүзүлөт.
282-18-берене. Бажы союзунда комиссиянын келишимдери, тапшырмалар, агенттик келишим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттогондо КНСти эсептөө жана төлөө
1. Комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде импорттолуучу товарлар боюнча бюджетке КНСти эсептөө жана төлөө боюнча милдеттенме комиссионерге, ишеним берилген өкүлгө, агентке жүктөлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарлар боюнча комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан төлөнгөн КНСтин суммасы ушул Кодекстин 40-главасына ылайык комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан чегерилүүгө киргизилүүгө тийиш.
2. Товарлардын, комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан жумуштардын аткарылышынын жана кызматтардын көрсөтүлүшүнүн беримдери, ушул Кодекстин 233-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык берим деп таанылат.
3. Комиссиянын келишимдеринин, тапшырмалардын, агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына товарлар ташылып келгенде салык салынуучу импорт жүзөгө ашырылган дата болуп импорттолуучу товарлар комиссионер, ишеним берилген өкүл, агент тарабынан эсепке алынган дата эсептелет.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн эсепке алуу датасы болуп комиссионердин, ишеним берилген өкүлдүн, агенттин дарегине комитент, ишеним көрсөтүүчү, принципиал тарабынан түзүлгөн, товардын берилишин ырастаган биринчи документ түзүлгөн дата эсептелет.
282-19-берене. Бажы союзунда КНСти эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби
1. Эгер ушул беренеде башкача белгиленбесе, Бажы союзунда КНС эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби ушул Кодекстин 40-главасына ылайык аныкталат.
2. Бажы союзуна мүчө мамлекеттерге товарларды экспорттоодо же иштетип алма чийки затты кайра иштетүү боюнча иштерди аткарууда КНС салык төлөөчү КНС боюнча салык отчеттуулугу менен бир убакта ушул Кодекстин 274-беренесинде каралган мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн аймагынан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды алып өтүүнү ырастаган документтерди салык органына берүүгө милдеттүү.
3. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды, анын ичинде иштетип алма чийки заттар болуп эсептелген товарларды импорттоодо салык төлөөчү импорттолуучу товарлар боюнча кыйыр салык боюнча салык отчеттуулугун салыктык катталган жери боюнча салык органына, эгер ушул бөлүк менен башкача белгиленбесе, салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен берүүгө милдеттүү.
Импорттолуучу товарлар боюнча кыйыр салык боюнча салык отчеттуулугу менен бир убакта салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн аймагынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алып өтүүнү ырастаган документтерди салык органына берет.
4. Импорттолгон товарлар боюнча КНС салык төлөөчүнүн салыктык катталган жери боюнча салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчетторун төлөөгө эсептелген кыйыр салыктардын суммасы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда (арыздарда) эсептелген кыйыр салыктардын суммасына шайкеш келүүсү керек.
5. Импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчетторунун формасы жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Товарларды, анын ичинен иштетилме чийки заттарды кайра иштетилүүчү продуктулар болуп эсептелген товарларды, финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча лизингдин предмети болуп эсептелген товарларды бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодогу кыйыр салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн салык мезгили болуп мында импорттолгон товарлар эсепке алынган календардык ай эсептелет.
6. Импорттолгон товарлар боюнча салык отчетторун жана товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарды берүү ушул Кодекстин 89-беренесинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагынан импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча КНСти төлөө фактысынын салык органдары тарабынан ырасталышы салык кызматынын органы тарабынан товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздарга тиешелүү белгилерди коюу менен ишке ашырылат.
Импорттолгон товарлар боюнча КНС төлөнбөгөн жана толук төлөнбөгөн, ошондой эле салык төлөөчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда салык кызматынын органы жүйөлүү баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
282-20-берене. Товарларды импорттоодо төлөнгөн КНСтин суммасын оңдоо тартиби
1. Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон товарларды сапатынын ылайыксыздыгынан жана/же комплекттүү эместигинен, мында товарлар ташып киргизилген ай аяктаганга чейин жарым-жартылай кайтарып берүү ишке ашырылган учурда, мындай товарлар боюнча маалыматтарды импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата салык отчетторунда, ошондой эле товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдыруу жүргүзүлбөйт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон товарларды ылайыксыздыгынан жана/же комплекттүү эместигинен, мындай товарлар ташып киргизилген ай аяктаганга чейин жарым-жартылай кайтарып берүү ишке ашырылган учурда, импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар боюнча салык отчеттору, ошондой эле товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыз берилбейт.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарлар, мындай товарлар ташылып келген ай аяктагандан кийин кайтарып берилген учурда мындай товарлар боюнча маалыматтар импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктарга карата такталган отчеттордо, ошондой эле товарларды ташып киргизүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызда чагылдырылууга тийиш.
4. Ушул берененин максаттарында Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө мамлекеттердик аймактарынан импорттолгон товарлардын сапаты ылайыксыздыгынан жана/же комплекттүү эместигинен, кайтарып берилгендигин ырастоо болуп, салык төлөөчү-импорттоочу жана салык төлөөчү-экспорттоочу менен макулдашылган, сапаты ылайыксыздыгынан жана/же комплекттүү эместигинен кайтарып берилүүгө тийиш болгон импорттолгон товарлардын саны жөнүндө маалыматтар камтылган документ эсептелет.
5. Төмөнкүлөргө КНС салынууга жатпайт:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген табигый зыяндардын ченемдеринин чегинде салык төлөөчүлөр тарабынан товарлардын жоготууларга учурашы;
2) жеңе алгыс күчтөрдүн жагдайларынын жыйынтыгында пайда болгон товарлардын бузулуусу.".
23. 286-беренеде:
1-бөлүктүн 1-пункту "акциздик товар" деген сөздөрдөн мурда "акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон" сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүктүн 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси менен деген сөздөр "Бажы союзунун бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1-бөлүктүн 4-пункту "жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт жана абзац менен толукталсын:
"5) "акциздик жыйым маркасы менен белгиленүүгө тийиш болбогон сатылган акциздик товардын физикалык көлөмү.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн сатылган акциздик товар деп менчик укугу кардарга өткөн акциздик товар түшүндүрүлөт.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Бажы союзуна мүчө мамлекеттерден акциздик товарларды импорттоодо салык базасынын өлчөмүнө оңдоо киргизүү ушул Кодекстин 282-20-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
24. 290-беренеде:
1-бөлүктүн 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси деген сөздөр "Бажы союзунун бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү бажы мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
төмөнкүдөй мазмундагы 3-6-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Бажы союзуна мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин аймагынан импорттолгон акциздик товарларга акциздер Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныктаган бажы төлөмдөрүн төлөө күнү төлөнөт, буга бажы иши боюнча ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурлар кирбейт.
4. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан акциздик товарлар импорттолгон учурда акцизди төлөө акциз салыгын төлөөчүнүн салыктык катталган жеринде жүргүзүлөт.
5. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан импорттолгон акциздик товарларга акциз төлөнгөн фактынын салык органы тарабынан ырасталышы товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арызга салык кызматынын органы тийиштүү белгини коюу менен жүргүзүлөт.
Импорттолгон товарлар боюнча акциз төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн, ошондой эле салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгилеген талаптарга жооп бербеген документтерди берген учурларда салык кызматынын органы жүйөлүү баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат.
6. Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына акциздик товарларды импорттогон салык төлөөчү салыктык катталган жериндеги салык органына импорттогон товарлардын кыйыр салыктары боюнча отчеттуулукту ушул Кодекстин 282-19-беренесинде белгиленген форма боюнча жана тартипте тийиштүү документтерди тиркөө менен берүүгө милдеттүү.".
25. 291-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагына ташылып кетүүчү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына Бажы союзуна мүчө башка мамлекеттин аймагынан ташылып келүүчү акциздик болуп саналган иштетип алма чийки затты кайра иштетүүнүн мөөнөтү иштетип алма чийки затты кайра иштетүүгө түзүлгөн келишимдин (макулдашуунун) шарттарына ылайык аныкталат жана иштетип алма чийки зат эсепке алынган же/жана жүктөлүп жөнөтүлгөн күндөн тартып эки жылдан ашпоого тийиш.".
26. 293-берененин 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"3) Бажы союзунун чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө акцизди төлөөнүн өзгөчөлүктөрү Бажы союзунун мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.".
27. 294-берененин 1-бөлүгүндөгү "бажылык" деген сөз алып салынсын.
28. 295-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "бажынын режиминде" деген сөздөр "бажы жол-жобосуна ылайык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
29. 297-беренеде:
2-бөлүктүн 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу өтүүчү, Бажы союзунун бажы мыйзамдарында жана/же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген бажы жол-жоболорунун алкагында бошотулган товарлар, "Ички керектөөлөр үчүн товарларды чыгаруу" бажы жол-жобосун кошпогондо.".
3-бөлүк төмөнкү мазмундагы 7-пункт жана абзац менен толукталсын:
"7) Акциздик товарларды Бажы союзуна мүчө мамлекеттин аймагына экспорттоодо ушул Кодекстин 297-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык акцизди төлөөдөн бошотуунун негиздүүлүгүн ырастоо үчүн салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча салык органына акциз боюнча салыктык отчеттуулук менен бирге, ушул Кодекстин 282-10-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган документтерди берет.
Мында салык төлөөчү акциз боюнча салыктык отчеттуулуктан тышкары, аталган документтерди салык органына акциздик товарлар жүктөп жөнөтүлгөн күндөн тартып жүз сексен календарлык күндүн ичинде берет.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 7-пунктунда белгиленген мөөнөттөн өткөндөн кийин экспорттолуучу акциздик товарлар сатылгандыгы ырасталган учурда, ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык төлөнгөн аксиздердин суммасы ушул Кодекстин 81-беренесине ылайык кайтарылат жана/же чегерилет.
Мында, Бажы союзуна мүчө мамлекеттердин аймагында экспорттолуучу акциздик товарларды сатуу ырасталбагандыгына байланыштуу эсептелген туумдардын төлөнгөн суммасы кайтарууга жатпайт.".
30. 375-берененин 4-бөлүгүндөгү "бажы мыйзамдарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|