Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-августу № 507
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын бажы аймагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Бажы союзунун бажы аймагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Бажы союзунун бажы чек арасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 7-статьясы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары администрациялык укук бузууларды жасаган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана жарандыгы жок адамдар, эгерде алар жасаган жосундар Кыргыз Республикасында администрациялык укук бузуулар катары таанылса жана жасалган мамлекеттин аймагында жазага тартылууга тийиш болсо, жана эгерде бул адамдар ошол мамлекетте жоопкерчиликке тартылбаса, ушул Кодекс боюнча жоопко тартылууга жатат. Көрсөтүлгөн учурларда адамга администрациялык жаза, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясынын санкцияларынын чегинде колдонулат.".
4. 27-статьясынын 12-пунктунун эскертүүсүндө "пайыздык катыштагы" деген сөздөр "10дон 100 пайызга чейинки өлчөмдө" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
5. 501-статьяда:
- биринчи абзацы "ташуучунун" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) экспедитордун" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацы "ташуучунун" деген сөздөрдөн кийин "жана (же) экспедитордун" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 503-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"503-статья. Товарларды, транспорт каражаттарын жана алардын документтерин бажы органынын уруксатысыз берүү, жоготуп жиберүү же Кыргыз Республикасынын бажы органына жеткирбөө
Бажы контролунун астында турган товарларды, транспорт каражаттарын бөлөк жактарга бажы органынын уруксатысыз берүү (өткөрүү) же жоготуп жиберүү -
жарандарга элүү эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу, же ансыз; кызмат адамдарына - жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө айып салуу менен ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу, же ансыз; юридикалык жактарга үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө айып салуу менен ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу, же ансыз айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын бажы органына берүү үчүн кабыл алынган бажы контролунда турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын бажылык же башка документтерин жоготуп жиберүү же бербей коюу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Бажы органы белгилеген товарларды, транспорт каражаттарын жеткирбөө жана аларга документтерди берүү мөөнөтүн сактабоо -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Бажы контролунун астында турган товарларды, транспорт каражаттарын бажы органы белгилеген жерге жеткирбөө жана алардын документтерин тапшырбоо -
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
7. 504-статьянын экинчи абзацында:
"- үчкө чейинки" деген сөздөр "жыйырма эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"- бештен онго чейин" деген сөздөр "элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 504-2-статьяда:
- статьянын аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"504-2-статья. Товарларды бажы жол-жоболоруна коюу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартибин бузуу";
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товарларды бажы жол-жоболоруна коюу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүүнүн тартибин бузуу, башкача айтканда, бажы жол-жоболоруна коюу менен байланышкан бажы операцияларынын башталышы жана аякташы, орду, убактысы жана аны өткөрүү жол-жобосу жөнүндө белгиленген талаптарды аткарбоо -".
9. 504-3-статьяда:
- "бажылык тариздөө" деген сөздөр "бажылык декларациялоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга элүү эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен, же ансыз; кызмат адамдарына жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен, же ансыз; юридикалык жактарга үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен, же ансыз айып салууга алып келет.".
10. 504-6-берененин биринчи абзацындагы "анын өндүрүш жол-жобосу жөнүндө" деген сөздөр "декларациялоого байланышкан иштерди аткарууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 504-7-статьянын экинчи абзацында:
- "экиден бешке чейин" деген сөздөр "үчтөн элүүгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "ондон кыркка чейин" деген сөздөр "жыйырмадан жетимишке чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 504-10-статьяда:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"504-10-статья. Убактылуу сактоонун мөөнөттөрүн бузуу";
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бажы кампасында, убактылуу сактоо кампасында, алуучунун кампасында жана (же) сактоонун башка жеринде сакталуу мөөнөтү белгиленген чектик сактоо мөөнөтүнөн ашып кеткен товарларды жана транспорт каражаттарын бажы жол-жоболоруна ылайык чыгарууну же тескөөгө алууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрбөө";
- экинчи абзацтагы "үчтөн онго чейин" деген сөздөр "бештен кыркка чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 504-11-статьянын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ушул Кодекстин 503, 504-3, 504-4, 504-5, 504 жана 504-10-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, товарларды сактоого жайгаштыруу жана аларды сактоонун, башкача айтканда, товарларды бажы кампасына, убактылуу сактоо кампасына, бош кампага сактоого жайгаштыруунун белгиленген талаптарын жана шарттарын, же бажы органынын уруксаты жок бажы кампасында, убактылуу сактоо кампасында жана/же сактоонун башка жерлеринде товарлар менен операция жүргүзүүнүн тартибин бузуу".
14. 504-14-статьяда:
- экинчи абзацтагы "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр "жыйырмадан элүүгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "ондон жыйырмага чейин" деген сөздөр "жыйырмадан элүүгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 504-15-статьянын биринчи абзацында "тиешелүү бажылык режимдеги" деген сөздөр "тиешелүү бажы жол-жоболору" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 504-16-статьяда:
- аталышындагы "белгилүү бажылык режимде" деген сөздөр "белгилүү бажы жол-жоболорунда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- биринчи абзацтагы "бажы режимин" деген сөздөр "бажы жол-жоболорун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
17. 504-17-статьянын экинчи абзацында:
"бештен он бешке чейин" деген сөздөр "ондон элүүгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "он бештен элүүгө чейин" деген сөздөр "элүүдөн жүзгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 504-22-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"504-22-статья. Товарларга жана транспорт каражаттарына декларация бербөө же жалган декларация берүү
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-2, 504-6, 504-7, 504-17, 504-18, 504-19, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, бажылык декларация алууга жаткан Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына белгиленген формада декларация бербөө -
жарандарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ал товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-17, 504-18, 504-20, 504-21 жана 504-25-статьяларда каралган учурларды кошпогондо, Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына жалган декларация берүү, башкача айтканда, товарлар жана транспорттук каражаттар жөнүндө бажы максаттары үчүн керектүү маалыматтарды туура эмес берүү, -
жарандарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын бажы органынын Бажы союзунун бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын алып өткөрүү, аларды бажы жол-жоболору астына коюу, бажы төлөмдөрүнүн өлчөмү жөнүндө чечимди кабыл алуусуна таасирин тийгизбеген жалган маалыматтарды берүү, -
эскертүү берүүгө же эсептешүү көрсөткүчүнүн жүзгө чейин өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Эгерде аларды ташып чыгууга ташып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарын төлөө же болбосо тыюу салуу каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн же сатып алынган товарларга жана транспорт каражаттарына карата Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу максатында ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле жосундарды жасоо, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө; кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө; юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
19. 504-25-статьяда:
- биринчи абзацтагы "бажылык режим" деген сөздөр "бажы жол-жоболору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы "жыйырмага" деген сөздөр "элүүгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 504-27-статьянын экинчи абзацындагы "онго чейин" деген сөздөр "отузга чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 504-29-статьянын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "брокер" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "өкүл" деген сөзгө алмаштырылсын.
22. Төмөнкүдөй мазмундагы 504-37 жана 504-38-статьялар менен толукталсын:
"504-37-статья. Бажылык жук ташуучу катары ишти мыйзамсыз жүргүзүү же мындай иштин шарттарын бузуу.
Бажылык жук ташуучу катары иш жүргүзүүдө жараксыз (жасалма) документтердин негизинде бажылык жук ташуучулардын тиешелүү реестрине кирген же бажылык иш чөйрөсүндө иш жүргүзүп реестрден алып салынган жактар, мындай иш жүргүзүү бажылык операцияларды аяктоого байланышкандан башка учурларда, тиешелүү тизмеден алып салууга чейинки келип чыккан иш жүргүзүү милдеттери аларды,
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.
504-38-статья. Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун бажы иши чөйрөсүндөгү ишти жүргүзүүнүн тартибин бузуусу
Ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун мындай ишти жүргүзүү үчүн Бажы союзунун бажылык мыйзамдарында жана (же) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарды жана шарттарды аткарбоосу -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга, юридикалык жактарга - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон ушул товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын төлөтүп алуу менен же ансыз, же товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнку өзгөртүүлөр киргизилсин:
204-статьяда:
- "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "Бажы союзунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү Эскертүүнүн үчүнчү абзацындагы "бажы жагынан жол-жоболоштуруу менен" деген сөздөр "бажы декларациясын берүү жана чыгаруу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-бер.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 1-беренесинин 4-бөлүгү "Салык мыйзамдарын жана бажы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, Бажы союзунун бажы кодекси жана Кыргыз Республикасынын бажы ишинин чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат" деген редакцияда берилсин.
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 367-бер.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
13-беренесинин 5-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|