Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-сентябры № 546
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Исаев, К.С.Самаков, Г.О.Жамгырчиева, Т.А.Салимов, Р.К.Акназарова, З.И.Бекбоев, А.А.Арапбаев жана И.К.Гусаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-сентябрындагы № 546 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Исаев, К.С.Самаков, Г.О.Жамгырчиева, Т.А.Салимов, Р.К.Акназарова, З.И.Бекбоев, А.А.Арапбаев жана И.К.Гусаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган, алар салык төлөөчүгө карызды жоюунун кезектүүлүгүн өз алдынча аныктоо, мүлктү күрөөгө коюу укуктарын берүү бөлүгүндө, ошондой эле салыктарды өз учурунда төлөбөгөндүгү үчүн туумдардын өлчөмүн 0,05 пайызга чейин жана салыктык карыздарды төлөө боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу/узартууларды берүүдө пайыздарды 0,01 пайызга чейин азайтуу, КНС боюнча ашыкча суммаларды салыктын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздарды жоюуга багыттоо жана Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу/узартуу боюнча комиссия түзүү бөлүгүндө салыктык карыздарды жоюунун ченемдерин өзгөртүүгө багытталган.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды көбөйтүүнү караган башка мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн. Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууну караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы керек.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин салык төлөөчүгө салыктык карыздарды өз ыктыяры менен жоюу укугун берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Бирок, бул ченем салыктык төлөмдөр боюнча мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруунун белгиленген болжолунун аткарылбай калышына алып келет деп эсептейбиз. Буга байланыштуу, салыктарды эсептөөгө жана төлөөгө байланышкан маселелерди салык төлөөчүлөрдүн, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарынын балансынын камсыздалышын эсепке алуу менен кабыл алуу керек.
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы салыктык мыйзамдары постсоветтик мейкиндиктеги бирден-бир либералдык мыйзам болуп санала тургандыгын белгилеп кетүү зарыл, анткени анда салыктын төмөн чендери каралган: КНС - 12 пайыз, пайдага салык - 10 пайыз; киреше салыгы - 10 пайыз жана салыктын түрлөрүнүн минималдуу саны - 8. Ушуга байланыштуу, биздин көз карашыбызда Кыргыз Республикасында салыктык жүктөм мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсепке албаганда маанилүү эмес.
Ошону менен катар эле, Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдарында көптөгөн секторлор жана экономика тармактары: айыл чарбасы. тамак-аш жана кайра иштетүү тармагы, лизинг, финансылык кызматтар боюнча, дары-дармек каражаттарын, минералдык жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, вакциналарды сатуу боюнча соода чөйрөсүндө бир кыйла салыктык преференциялар каралган. Ошондой эле, эркин экономикалык чөлкөмдөрдүн жана Жогорку технологиялардын паркынын салык салынуучу субъекттеринин атайын режимдери каралган.
Мындан тышкары, сунушталган өзгөртүүлөр колдонуудагы үч модуль (кирешелерди эсепке алуу, салыктык карызды өндүрүп алуу, аудит жана рейддик контроль) боюнча кошумча программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана жаңы модулду түзүү зарылдыгына байланыштуу Кыргызстандын салыктык тескөө маалыматтык системасына (КСТМС) тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө алып келет, бул олуттуу финансылык каражатты, баалоо боюнча 538,5 миңге жакын АКШ долларын талап кылат.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнө салыктык карыздарды жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органы менен күрөө коюучунун ортосундагы келишим менен күрөөнү тариздөө аркылуу камсыздалышы мүмкүн болушун карай турган ченем киргизилет.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык юридикалык жак (күрөө коюучу) уставдын же уюмдаштыруу келишиминин жана уставдын же болбосо уюмдаштыруу келишиминин гана негизинде иштейт. Юридикалык жактын ишинин предмети жана максаттары уюмдаштыруу документтеринде аныкталууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү системасын башкарат жана алардын ишин жетектейт, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө жоболорду бекитет, ошондой эле министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды бөлүштүрөт.
Ошентип, Кыргыч Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына, функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине карама-каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3 жана 9-бөлүктөрүндө туумдардын максималдуу өлчөмүн өнбөгөн калдыктардын суммасынын 100дөн 50 пайызга чейин, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туумдун өлчөмүн 0,05 пайызга чейин жана мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана узартуу боюнча пайыздарды 0,01 пайызга чейин азайтуу белгиленүүдө.
Туум салыктык милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоого таасир тийгизүүчү шаймандардын бири болуп санала тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Туумдардын өлчөмүн азайтуу салыктык төлөмдөрдүн түшпөй калуусу боюнча тобокелчиликтерди алып келиши жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугуна жана теңдемдигине таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 10-бөлүгүндө КНС боюнча ашыкча суммаларды салыктын башка түрлөрү боюнча салыктык карыздарды жоюуга багыттоо жөнүндө ченем каралган.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 279-беренесинде КНС боюнча ашыкча суммаларды салык төлөөчүлөр тарабынан экспорттук жеткирүүлөрдү ишке ашырууда салыктын башка түрлөрү боюнча карыздарды жоюуга багыттоо каралган.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 278-беренесинин ченемдери башынан эле "жалган ишкердик кылууга" жана ак ниеттүү эмес салык төлөөчүлөр тарабынан КНС боюнча суммалардын ордун толтурууга карата мыйзамсыз (жалган) көрсөтүүлөрүнө бөгөт коюу максатында каралгандыгын белгилеп кетүү керек. Ошентип, сунушталган ченемдерди киргизүү КНСтин суммасын толтуруу боюнча мыйзамсыз операциялардын өсүшүнө өбөлгө болушу мүмкүн.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-9-бөлүктөрүндө салык органдарынын ыйгарым укуктарына ээ болуучу Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана узартуу боюнча комиссия түзүү сунушталган.
Биздин көз карашыбыз боюнча "ишканалардын токтоп калуусунун" негизги себеби салыктык маселе эмес, тийиштүү менеджменттин жоктугу болуп саналат. Ушуга байланыштуу Мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу жана узартуу боюнча комиссия "айрым токтоп турган ишканалардын абалын, аларды активдештирүү боюнча оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн оперативдүү кароо боюнча каражат" болуп бере албайт деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ошондой эле бюджеттик каражаттардын өтө жетишсиздигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Измалкова, Ч.А.Турсунбеков, Ж.К.Исаев, К.С.Самаков, Г.О.Жамгырчиева, Т.А.Салимов, Р.К.Акназарова, З.И.Бекбоев, А.А.Арапбаев жана И.K.Гусаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.