Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-сентябрындагы № 551 токтому менен бекитилген |
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат (мындан ары - Уюштуруучу).
3. Ишкана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары - Фонд) карамагында иштейт.
4. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Туратали базары" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде:
"Государственное предприятие "Туратали базар" при Фонде по управлению государственным имуществом при Правительстве Кыргызской Республики".
5. Ишкананын турган жери: 723300, Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу шаары, Кара-Суу району, Ленин көчөсү, 124.
6. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өз ишин жүргүзөт.
7. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштейт.
8. Ишкана өз ишин толук чарбалык эсептин, өзүн-өзү каржылоонун жана өзүн-өзү актоочулук принциптеринде жүргүзөт.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, бурч мөөрлөрү, бланктары жана көрүнөө жекелешкен каражаттары бар.
10. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансылык-насыялык мекемелерде башка эсептери бар.
11. Ушул Устав менен каралган милдеттерди чечүү үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзгөчөлөнгөн мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды, милдеттерди алууга жана жоопкерчилик тартууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө, Ишкананын максатына жана милдетине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен накталай эмес жана накталай эсептерди жүргүзүүгө;
- Фонддун макулдугу менен уставдык максаттарды жана милдеттерди аткаруу үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык иш жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө ээ болууга, колдонууга жана тескөөгө;
- көрсөтүлгөн кызматтарга белгиленген тартипте бааларды бекитүүгө;
- Ишкананын ишин аткаруу үчүн жарандарды эмгек келишимдердин, мөөнөттүү эмгек келишимдердин, подряд келишимдердин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде белгиленген тартипте ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары байланыштарды түзүүгө, кызматкерлерди чет өлкөлөргө иш сапарга жиберүүгө жана Ишкананын ишине байланышкан маселелерди чечүү үчүн чет өлкөлүк өнөктөштөрдү Кыргыз Республикасында кабыл алууга.
12. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын чарбачылык карамагында турган мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө;
- Ишкананын жумушчулары үчүн иштин коопсуз шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- бюджетке төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
- бюджеттин аткарылышы жана финансылык-чарбачылык иштин натыйжалары жөнүндө Фондго квартал сайын жана жыл сайын отчетторду белгиленген мөөнөттөрдө берүүгө;
- Фонддун алыш-бериш эсебине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө финансылык-чарбачылык иштин жылдык жыйынтыгы боюнча таза кирешенин бир бөлүгүн которууга.
13. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбесе, Ишкана Фонд менен макулдашуу боюнча ушул Уставда каралбаган башка укуктар менен милдеттерге да ээ болушу мүмкүн.
14. Ишкананын максаты калктын чекене, майда дүң жана дүң соода кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу болуп эсептелет.
Ишкананын милдети азык-түлүк жана азык-түлүк эмес багыттагы товарларды сатуу чөйрөсүндө коммерциялык иш жүргүзүү болуп саналат.
15. Ишкананын функциялары:
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- базардын аймагында соода аянттарын жана контейнерлерди ижарага берүү;
- коомдук тамактануу жана калкты тиричилик жактан тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;
- унаа туруктарын, сактоо камераларын, муздаткыч жабдууну, кампа жайларын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
- консалтинг, маркетинг, жарнама жана маалымат кызматтарын көрсөтүү;
- чарбачылык, өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды, техника жана автотранспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматтарын көрсөтүү;
- курулуш-куроо, жасалгалоо жана башка подряддык иштерди аткаруу.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган ишкердик иштин башка түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
16. Ишкананы башкаруунун жогорку органы Уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Фонд болуп эсептелет.
Уюштуруучунун компетенциясына Ишкананы түзүү маселелери, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо, Ишкананын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аны кайра уюштуруу жана жоюу маселелери кирет.
Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарууга укуктуу.
17. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Фонд аткарат.
18. Ишкананы Фонддун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
19. Ишканада директордун орун басары кызмат орду каралган.
Директордун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча Фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары Ишкананын ишин координациялоону камсыз кылат, Ишкананын директору жок учурда анын укуктарын аткарат.
20. Ишкананын директору:
- Фондго отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттерди аткарууга жана анын ишинин жыйынтыктарына жеке жоопкерчилик тартат;
- Уюштуруучунун жана Фонддун чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- ишеним катсыз Ишкананын атынан аракет кылат. анын кызыкчылыктарын республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында алып чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- өз компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык жумушчулары үчүн милдеттүү буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- директордун орун басарынын, башкы бухгалтердин, Ишкананын филиалдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- Фонд менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- филиалдар же өкүлчүлүктөр жөнүндө жоболорду, иш режимин жана Ишкананын жумушчуларын сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын бекитет, Ишкананын жумушчуларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын жумушчуларына карата сыйлоо жана тартиптин жаза чараларын көрөт;
- мыйзамдар, базардын конъюнктурасы, эмгек шарттары ж.б. өзгөргөн учурларда ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушту Фондго киргизет;
- жылдык финансылык-чарбалык планды, жылдык бюджетти, жылдык балансты, финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетторду Фонддун кароосуна жана бекитүүгө белгиленген тартипте киргизет;
- финансылык отчеттулукту, болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөрдү жана башка керектүү маалыматтарды Фондго өз убагында берүүнү камсыз кылат;
- бекитилген жылдык финансылык-чарбалык пландарды жана көрсөткүчтөрдү аткарууну камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн керектүү башка аракеттерди жүзөгө ашырат.
21. Ишкананын директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарын жана мүлкүн туура эсепке алууга жана максаттуу пайдаланууга жеке жоопкерчилик тартышат.
22. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана ишкердик ишин жүргүзүү үчүн Ишканага бекитилген.
23. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүүчү каражаттардан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген.
24. Ишкана мүлктү уставдын максаттарына жана иштин предметине ылайык, экономикалык максатка ылайыктуулугун жана Уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат. Ишкана тарабынан курулушка жана профилдүү эмес активдерди сатып алууга жол берилбейт.
25. Ишкана чарба жүргүзүү укугунда ага таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталына салым (үлүштөш салым) катары салууга же Уюштуруучунун макулдугусуз ушул мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укугу жок.
26. Финансылык-чарбалык иштен же башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен Ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке түшөт жана чарба жүргүзүү укугунда ага бекитилип берилет.
27. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча Ишкананын 50 пайыздан кем эмес таза пайдасы андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке которуу менен Фонддун алыш-бериш эсебине чегерилүүгө тийиш.
28. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Уюштуруучунун чечими менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
29. Ишкананы чарбалык коомго кайра түзүү (акционерлөө) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
30. Ишкананы кайра уюштурууда жана жоюуда жумуштан бошотулган жумушчуларга компенсация төлөнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
31. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.