Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 552
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине, "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-декабрындагы № 901 "Ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария жана экология тармактарындагы коопсуздук боюнча чараларды аныктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында ветеринария, өсүмдүктөрдүн карантини, эпидемиология, санитария, экология тармагындагы объекттердин шайкештигин баалоо жана коопсуздук чараларын камсыз кылуу боюнча жободо:
аталган Жобонун 2-тиркемесинде:
- аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасы үчүн карантиндик мааниге ээ зыянкечтердин, илдеттердин жана отоо чөптөрүнүн тизмеги";
- "А. Зыянкечтер" бөлүмүнүн 27-пункту "Monochamus spp." деген сөздөрдөн мурда "Monochamus galloprovincialisти кошпогондо" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Б. Оорулар" бөлүмүнүн "Бактериялуу" позициясынын 7-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- "А2. Кыргыз Республикасынын аймагында таралуусу чектелген карантиндик организмдер" главасында:
4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
- "4. Monochamus galloprovincialis кара-коло түстөгү кызыл карагай мурутчаны";
төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
- "7. Erwinia amylovora (Burill.) Winslow et al. мөмө бактарынын күйүгү".
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтом Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |