Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 3-июлу № 444 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-октябры № 565
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 233-статьянын 1-бөлүгү "ок атуучу" деген сөздөрдөн кийин ", күйгүзүүчү" деген сөз менен толукталсын.
2. 241-статьада:
аталышы "ок атуучу" деген сөздөрдөн кийин ", күйгүзүүчү" деген сөз менен толукталсын;
1-бөлүктөгү "ок атуучу куралдарды (мергенчинин сайсыз мылтыгынан башка жана алардын ок-дарыларынан башка)" деген сөздөр "ок атуучу (мергенчинин сайсыз мылтыгынан жана анын ок-дарыларынан башка), күйгүзүүчү куралдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 242-статьянын 1-бөлүгүндө "Ок атуучу куралды мыйзамсыз оңдоо (мергенчилик сайсыздан башка)" деген сөздөр "Ок атуучу (мергенчилик сайсыздан башка), күйгүзүүчү куралды мыйзамсыз оңдоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., № 11, 448-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуланын биринчи абзацындагы "ошондой эле кол менен атылуучу жана атылбас аскердик куралды" деген сөздөр "аскердик жана башка куралды" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы бөлүк менен толукталсын:
"Күйгүзүүчү курал - бул күйүүчү аралашманын жана (же) жеңил от алуучу заттардын негизинде жасалган курал".
3. 8-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"- күйгүзүүчү куралды;".
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|