Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-апрели № 204
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж.,№ 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 2301 -статья менен толукталсын:
“2301-статья. Айырмалоочу белгилерди орнотпостон, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү жеңил такси менен ташуу эрежелерин бузуу
1. Айдоочулардын айырмалоочу белгилерди орнотпостон, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражатын айдоосу,
- айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн алтымыш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган иш-аракеттер администрациялык жаза чаралары көрүлгөндөн кийин бир жылдын ичинде кайра кайталанса,
- айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчтөрүнүн жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.”.
2. 516-статьянын биринчи абзацы “222” деген цифралардан кийин “2301” деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 108-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
“7. Автомобилдик транспорт жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле анын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына салык кызматынын органдары менен бирге рейддик салык контролун жүргүзүүгө укуктуу:
1) жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын салык органындагы салыктык жана эсепке алуу каттоосунун фактысы;
2) ыктыярдуу патенттин негизинде жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуучулардын салык төлөө жана физикалык көрсөткүчтөрүнүн фактысын текшерүү.”.
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|