Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 556
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө
Кызматтык тартипти чыңдоо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тиркелген тартиптик уставы бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-июнундагы № 360 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жободо:
- 13-пункту "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын Тартиптик уставында" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен," деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункту "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөрдөн кийин ", Тартиптик уставына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 119-пункттун биринчи абзацы "которулду" деген сөздөн кийин "бошотулду" деген сөз менен толукталсын;
- 120-пункттун биринчи абзацындагы ар кандай жөндөмөдөгү "кызматынан төмөндөтүп пайдалануу" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Тартиптик уставынын талаптарын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин сактоосун камсыздасын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 18-декабрындагы № 942 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |