Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ТАРТИПТИК УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 , 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-бап. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ушул тартиптик уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү жана мыйзамдуулуктун, негиздүүлүктүн, адилеттүүлүктүн, максатка ылайыктуулуктун, өз убагындалуулуктун, жоопкерчиликтин туруктуулугунун, күнөөлүү жоопкерчиликтин жекечелигинин жана бир же ошол эле жорукту жасагандыгы үчүн кайталап же экинчи жолу жоопкерсиздикке жол бербөө принциптерине негизденет.
2. Бул Устав төмөнкүлөрдү аныктайт:
а) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарындагы (мындан ары - ички иштер органдары) кызматтык тартиптин маани-маңызын;
б) кызматтык тартипти сактоо жана кармоо боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин (мындан ары - кызматкер) милдеттерин;
в) кызматтык тартипти кармоо боюнча башчынын (командирдин) милдеттерин жана укуктарын;
г) башчынын (командирдин) буйругун аткаруунун милдеттүүлүгүн;
д) сыйлоо чараларын көрүү тартибин;
е) тартиптик жазаларды берүүнүн жана аткаруунун тартибин;
е) тартиптик жазаларга даттануу тартибин;
ж) кызматкердин кызматтык жана (же) эмгектик укуктарын бузган башчыны (командирди) тартиптик жоопкерчиликке тартуунун;
з) сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын эсепке алуунун тартибин;
и) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тутумундагы жетекчилердин (башчылардын) жана аларга ылайык тартиптик укуктар тизмесин.
3. Ички иштер органдарындагы кызматтык тартип - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин антында, ушул Уставда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйруктарында жана тескемелеринде тикелей жана түздөн-түз башчылардын (командирлердин) буйруктарында жана тескемелеринде белгиленген тартипти жана кызматтык милдеттерди аткаруу эрежелерин кызматкердин аң-сезимдүү, так сактоосу жана кызматкерге берилген укуктарды ишке ашыруу.
4. "Кызматтык милдеттер" деген түшүнүк ээлеген кызматы боюнча функционалдык (кызматтык). милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын алдында турган негизги милдеттерди аткаруу боюнча милдеттенмелерди камтыйт.
5. Ички иштер органдарында кызматтык тартип төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалат:
а) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилиги;
б) кызматкердин тартипти жана кызматтык милдеттерин аткаруу эрежелерин жана ага берилген укуктарды ишке ашырууну, ички иштер органынын (бөлүктөрдүн) ички тартибинин эрежелерин, ички иштер органдарында кызмат өтөө жөнүндө кызматкер менен түзүлгөн контракттын шарттарын, формалык кийимди кийүүнүн эрежелерин сактоосу;
в) белгиленген тартипте берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башчынын (командирдин) буйруктарын жана тескемелерин кызматкердин кыйшаюусуз аткарышы;
г) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген чектөөлөрдү кызматкердин сакташы;
д) кызматкер тарабынан кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн талап кылынган квалификациянын деңгээлинин кармалышы;
е) кол алдындагылардын арасында кызматтык тартиптин абалы үчүн башчынын (командирдин) жоопкерчилиги;
е) кол алдындагылардын кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн тикелей жана түздөн-түз башчылардын (командирлердин) күндөлүк контролдоону ишке ашырышы;
ж) кызматкерлерди өзүнүн элине жан-дили менен берилгендик рухунда тарбиялоо, аларда кызматтык милдеттерин аткарууга карата жогорку моралдык, эрктүүлүк жана ишкердик сапаттарды калыптандыруу;
з) башчылардын (командирлердин) кол алдындагыларга карата сыйлоо чараларын жана жаза чараларын негиздүү колдонушу;
и) башчынын (командирдин) кол алдындагылардын аброюн жана кадыр-баркын урматтоосу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
2-бап. Кызматтык тартипти сактоо жана кармоо боюнча кызматкерлердин милдеттери жана укуктары
6. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кызматтык милдетти, аны аткаруунун тартибин жана эрежесин билүүгө жана сактоого, ага берилген укуктарды ишке ашырууга;
б) белгиленген тартипте берилген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башчынын (командирдин) буйруктарын жана тескемелерин аткарууга;
в) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактоого;
г) кызматтык тартипке карата талаптарды сактоого;
д) субординацияны сактоого;
е) мыйзам менен корголуучу мамлекеттик жана башка жашыруун сырды, ошондой эле ага кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна жана саламаттыгына тиешелүү жана анын ар-намысына жана аброюна таандык маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
е) ишенип берилген куралды, мүлктү жана техниканы сактоого;
ж) кызматтык тартипти кармоо боюнча башчыга (командирге) көмөктөшүүгө;
з) бардык кызматкерлерге, алардын кызмат абалына жана кызмат ордуна карабастан сый мамиле жасоого.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
а) кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) корутундулары менен таанышууга;
б) ага тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн алууга.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Баш ийүүсү боюнча улук кызматкерлер кызмат өтөө учурунда же кызматтан тышкары убакта кенже курамдагылардан кызматтык тартипти, кызматтык тартипке коюлган талаптарды, формалык кийимди кийүүнүн эрежелерин сактоону талап кылууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Кызматы боюнча бири-бирине баш ийбеген ички иштер органдарынын кызматкерлеринин улуктугу кызматы боюнча аныкталат, ал эми кызматы теңдердики - атайын наамдары боюнча аныкталат.
9. Бири-бирине баш ийбеген, ички иштер органдарынын кызматкерлери бирге кызмат өтөөдө, алардын бири-бирине карата кызматтык өз ара мамилеси башчы (командир) тарабынан аныкталбаган учурда, ошол иш-чараны өткөрүүгө жооптуу башчынын (командирдин) буйругу, тескемеси боюнча дайындалган кызматкер улук болуп эсептелет.
10. Ушул Устав кызматкерлерди инсандын ар-намысын жана аброюн сыйлоого, жүрүм-турум эрежелерин, сылыктыкты, ар дайым маданияттуу жүрүм-турум үлгүсүндө кызмат кылууга, жөнөкөйлүктү жана сабырдуулукту, ар-намысты ыйык тутууга, өз аброюн коргоого жана башкалардын аброюн сыйлоого милдеттендирет. Ички иштер органдарынын кызматкеринин ар-намысы жана аброй түшүнүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген цензурага жатпаган сөздөрдү колдонуу, оройлук анын моралдык турпатына сыйышпайт.
3-бап. Кызматтык тартипти сактоо боюнча башчынын (командирдин) милдеттери жана укуктары
11. Кызматтык тартипти сактоо максатында башчы (командир) төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) кол алдындагы кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, кызматтык тартипти сакташын камсыз кылууга;
б) кол алдындагыларга буйруктарды жана тескемелерди так берүүгө, алардын так жана өз убагында аткарылышын текшерүүгө;
в) ички иштер органдарына кызмат өтөөнүн белгиленген тартиптерин жана шарттарын сактоого, кол алдындагылардын кадыр-баркын жана ар-намысын сыйлоого, алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын кысымга алууга, жекече мүнөздөгү себептер боюнча кызматкерлерди куугунтуктоого, кызматка өзүнүн тааныштарын (жакындарын) алууга жол бербөөгө;
г) коррупцияга каршы аракеттер боюнча чараларды көрүүгө;
д) кол алдындагыларды укукка жат чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоого;
е) өз ишинде кызыкчылыктардын каршылыктарына жол бербөөгө;
е) ички иштер органдарындагы (бөлүктөрдөгү) кол алдындагылардын кызматтык тартиптин абалына, моралдык-психологиялык жагдайларына талдоо жүргүзүүгө жана билүүгө, кызматкерлер тарабынан кызматтык тартипти бузууну алдын алуу боюнча өз убагында чара көрүүгө;
ж) кол алдындагылардын кызматтык ишине баа берүүдө ачыктыкты жана обьективдүүлүктү камсыз кылууга;
з) кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн кол алдындагыларды жоопкерчилик сезимге тарбиялоого;
и) жамаатты коомдук пикирге тартуу менен, ачыктык принциптерин пайдаланып кол алдындагы ички иштер органдарында (бөлүктөрүндө) кызматтык тартипти бузуучуга карата келишпес мамилени түзүүгө;
к) кызматтагы тырышчаактыгы жана айырмалангандыгы үчүн сыйлоо чараларын көрүүгө, бирок кызматтык тартипти бузгандарга негиздүү тартиптик жаза берүүгө;
л) кол алдындагылардын социалдык жана укуктук жактан корголушуна кам көрүүгө, кызмат өтөө үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, кызматтык өсүүсү, квалификациясын жогорулатуу, кесиптик, кызматтык жана дене тарбиялык даярдыгы, ошондой эле маданий эс алуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө;
м) кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызматына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан өзүнүн кызматтык ишине мыйзамсыз таасир берүүгө жол бербөөгө;
н) кесипкөйлүктүн, компетенттүүлүктүн, демилгелүүлүктүн жана тартиптүүлүктүн, кызматтык милдетти үлгүлүү аткаруунун жекече үлгүсүн көрсөтүүгө;
о) кызматкерлердин кызматтык тартип бузууларын, ошондой эле аларды жасоонун себептери менен шарттарын табуу, аларга бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө.
12. Жетекчилерге (башчыларга) берилүүчү тартиптик укуктар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан белгиленген кызмат орундарын комплекттөө номенклатурасына ылайык, ушул Уставдын тиркемесине ылайык Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумунун жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын тизмеси (мындан ары - Тизме) менен белгиленет. Башчы (командир) кызмат орду боюнча милдеттерин убактылуу аткарууда ошол кызмат орду боюнча тартиптик укуктарды пайдаланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Башчы (командир) ишенип берилген ички иштер органындагы (бөлүктөрүндө) кызматтык тартипти сактоо боюнча жеке жоопкерчиликти көтөрөт.
4-бап. Башчынын (командирдин) буйругун аткаруунун милдеттүүлүгү
14. Башчынын (командирдин) буйругу - белгилүү бир аракеттерди милдеттүү түрдө аткаруу, эрежелерди сактоо жөнүндө же тартипти, абалды орнотуу тууралуу кол алдындагы кызматкерлерге кайрылган, башчынын (командирдин) кызматтык талаптары.
15. Буйрук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жогору турган башчылардын (командирлердин) буйруктарына ылайык келиши керек. Буйрук ар түрдүү чечмелөөгө жол берүүчү түшүндүрмөлөрдү колдонбостон түшүнүктүү, так жана кыска түзүлүшү керек.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Башчынын (командирдин) берген буйругу, көз көрүнө мыйзамсыз буйруктан башкасы, кол алдындагылар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйрукту алганда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү. Ошол эле учурда, кызматкер көз көрүнө мыйзамсыз буйрук берген башчыга (командирге) же көз көрүнө мыйзамсыз буйрукту аткарбагандыгы тууралуу жогору турган башчыга (командирге) кабарлоого милдеттүү.
17. Буйрук кат же оозеки түрдө, анын ичинде кол алдындагылардын бирөөнө же кол алдындагы топторго техникалык байланыш каражаттарын колдонуу менен берилиши мүмкүн. Кат түрүндө берилген буйрук, башчынын (командирдин) жекече башкаруу укуктарында чыгарган негизги тескөөчү кызматтык документ болуп саналат.
18. Кызматкердин тикелей башчысы (командири) болуп, ал кызмат боюнча баш ийген башчысы (командири) саналат, анын ичинде убактылуу; кызматкерге жакынкы тикелей башчы (командир) анын түздөн-түз башчысы (командири) болуп саналат.
19. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. Башчы (командир) буйрук берүүнүн алдында кырдаалга бардык тарабынан баа берүүгө жана анын аткарылышын камсыздоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
22. Башчы (командир) өзү берген буйруктун түшүнүктүүлүгүнө көзү жетиш үчүн, аны кайталоону талап кылат, ал эми буйрукту алган кол алдындагы башчыга (командирге) кайталоо же аны түшүндүрүү өтүнүчү менен кайрыла алышат.
23. Буйруктар баш ийүү тартибинде берилет. Зарыл учурларда тике башчы (командир) кол алдындагыларга анын түздөн-түз башчысынан (командиринен) сырткары буйрук бериши мүмкүн. Мындай учурларда, тикелей башчы (командир) бул тууралуу кол алдындагылардын түздөн-түз башчысына (командирине) билдирет же кол алдындагылар өзү бул буйрукту алгандыгы тууралуу өзүнүн түздөн-түз башчысына (командирине) баяндайт.
24. Алынган буйруктун аткарылышы тууралуу буйрук берген башчыга (командирге) жана (же) өзүнүн түздөн-түз башчысына (командирине) кол алдындагыга билдирүүгө милдеттүү.
25. Эгер кол алдындагы буйрукту аткаруучу, жогорку турган түздөн-түз башчыдан, мурда аткарып жаткан буйрукка тоскоолдук кылган жаңы буйрукту алса, жаңы буйрукту аткаруу анык болгон учурда, ал бул тууралуу жаңы буйрук берген жогорку турган башчыга билдирет. Жаңы буйрукту берген башчы (командир), биринчи буйрукту берген башчыга (командирге) бул тууралуу билдирет же кол алдындагы өзү ага жаңы буйрук алгандыгы тууралуу баяндайт.
26. Башчынын (командирдин) буйругу, мыйзамга каршы келген буйруктан сырткары, кыйшаюусуз, так жана мөөнөтүндө аткарылууга тийиш. Буйрукту талкуулоого жана аны сындоого жол берилбейт. Буйрукту аткаруу мүмкүн болбогондо кызматкер бул тууралуу буйрук берген башчыга (командирге) токтоосуздан билдирүүгө милдеттүү.
27. Кол алдындагы буйрукту аткаруу менен, кызматкер эгер ал буйрукка макул болбосо, бул боюнча даттана алат.
28. Берилген буйрукту аны берген башчы (командир) же жогорку турган тикелей башчы (командир) гана жокко чыгара алат.
29. Башчынын (командирдин) белгиленген тартипте берилген буйругун аткарбаган кол алдындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жоопкерчиликке тартылат.
30. Башчы (командир) берген буйругу жана анын натыйжалары үчүн, буйруктун мазмуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жана аны аткаруу боюнча чараны камсыз кылбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
31. Кызматтык тартипти кармоо боюнча башчынын (командирдин) иши ички иштер органындагы укук бузуулардын саны менен эмес, ал тарабынан мыйзамдын жана уставдардын так сакталышы, өзүнүн тартиптик укуктарын толук колдонушу жана тартипке келтирүү максатында өзүнүн милдеттерин аткаруу, кызматтык тартиптин бузулушун өз убагында алдын алуу менен бааланат. Ошол эле учурда бир дагы кызматтык тартипти бузуучу жоопкерчиликтен качууга жана бир дагы күнөөсүз жазаланууга тийиш эмес.
5-бап. Сыйлоо чаралары жана аларды колдонуунун тартиби
32. Сыйлоо ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ишин баалоо болуп эсептелип, жумушка дем берүүнү, кызыгууну жана демилгелүүлүктү пайда кылып, анын натыйжаларын жогорулатып, тартиптүүлүктү камсыз кылат.
33. Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы, кызматтык ишиндеги жогорку натыйжаларына жетишкендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө маанидеги жана татаалдыктагы милдеттерди ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн кызматкерге төмөндөгү сыйлоонун чаралары колдонулат:
а) алкыш жарыялоо;
б) акчалай сыйлык төлөө;
в) баалуу белектер менен сыйлоо;
г) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, анын аймактык органынын же бөлүктөрүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо;
д) кызматкердин аты-жөнүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, анын аймактык органынын же бөлүктөрүнүн Ардак китебине же Ардак тактасына киргизүү;
е) ведомстволук медалдар жана төш белгилер менен сыйлоо;
е) кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгаруу;
ж) ички иштер органдарында ээлеген штаттык кызмат ордунда каралган атайын наамдан, кезектеги атайын наамды бир тепкичке жогору ыйгаруу;
з) курал менен сыйлоо (кортик, акыйнек, же кылыч менен).
34. Сыйлоо чарасы катарында кызматкерге мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алуу колдонулушу мүмкүн.
35. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата ушул Уставдын 32-33-пункттарында каралгандай сыйлоо менен катар, ошондой эле төмөнкү сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
а) билим берүү мекемеси жайгашкан жерден кезексиз кое берүү;
б) билим берүү мекемесин артыкчылык менен бүтүргөн курсанттын аты-жөнүн билим берүү мекемесинин Ардак тактасына жазуу;
в) бөлүктүн күжүрмөн туусунун жанынан сүрөткө түшүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу, ошондой эле башка өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына же Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
37. 33-35-пункттарда каралган сыйлоо чаралары ушул Уставда белгиленген тартипте колдонулат. Кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, энчилүү курал, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сыйлыктары менен сыйлоого сунуштоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлөт.
38. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
39. Ар бир башчы (командир) ушул Уставда өзүнө берилген укуктардын чегинде кызматтык ишинин мыктылыгы жана артыкчылыгы үчүн кол алдындагыларды сыйлаганга милдеттүү.
40. Сыйлоо түрүн аныктоодо кызматкердин өтөгөн эмгегинин мүнөзү, кызматтык ишиндеги өзгөчө артыкчылыгы жана кесипкөй сапаттары, ички иштер органдарындагы көп жылдык кызматы жана кынтыксыздыгына көңүл бурулат.
41. Отчеттук мезгилдеги кызматтын кынтыксыздыгы акыркы тартиптик жаза алынган күндөн баштап эсептелет.
Кынтыксыз тартип - кызматтык тартипти сактоо жана тартиптик жазанын жоктугу.
Ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүлгөндө кызмат өтөгөн жылдары календардык күндөр менен эсептелет (күнүнкүсү күнүндө).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Башчынын (командирдин) пикири боюнча сыйлоо чараларын көрүү зарыл болсо, бирок аны сыйлоо өзүнүн тартиптик укугунан сырткары болсо, анда бул тууралуу жогору турган башчыга (командирге) өтүнүч берет.
43. Сыйлоо түздөн-түз башчынын (командирдин) сунуштамасынын негизинде жүргүзүлөт жана кызматкерлердин кеңешмесинде (чогулушунда) же саптын алдында негизги иши боюнча тикелей башчынын (командирдин) буйругу жарыяланат. Тиешелүү буйруктун мазмуну өздүк курамга толук жеткирилет жана кызматкерге сыйлыкты тапшыруу салтанаттуу жагдайда жүргүзүлөт.
44. Ыкчам-кызматтык ишиндеги ийгиликке жетишкендиги үчүн алкыш жарыялоо, акчалай сыйлоо түрүндөгү сыйлык, баалуу белек менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, анын аймактык ички иштер органынын же бөлүктөрүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо иштин, мелдештин жыйынтыгын чыгарууда жана майрам күндөрүндө колдонулат. Органдын (бөлүктүн) айрым кызматкерлери, ошондой эле бүтүндөй жекече курамы сыйланат.
45. Ведомстволук медалдар жана төш белгилер түрүндө сыйлоо аларды берүү, тапшыруу, тагынуу, эсепке алуу жана сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.
46. Ички иштер органынын (бөлүмүнүн) Ардак китебине киргизүү түрүндө сыйлоо кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда эрдик, баатырдык көрсөтүшкөн жана өз жанын аябаган кызматкерлерге карата колдонулат.
47. Ардак китебине кызматкердин аты-жөнүн киргизүү сыйлыгы жарыяланган учурда башчынын (командирдин) колу коюлган Ардак грамотасы кызматкерге тапшырылат. Ардак китебине киргизүү түрүндөгү сыйлыкты колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан аныкталат.
48. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине атайын наамды мөөнөтүнөн мурда же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган наамдан бир тепкич жогорку наамды ыйгаруу менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катардагы жана жетекчилик курамда кызмат өтөө жөнүндөгү Жобого ылайык колдонулат.
49. Сыйлыкка берилүүчү курал менен сыйлоо жогорку жана ардактуу сыйлык болуп эсептелет жана "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызматтык милдетин аткарууда эрдикти, баатырдыкты көрсөтүшкөн, сыйлыктын ушул түрүн колдонууда ички иштер органдарында кызматта турган офицерлерге карата бүтүндөй кызмат мезгилинде бир гана жолу колдонулат.
50. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринен сыйлоо тартибинде кезексиз кое берүү, казармалык тартипте болгон, өзгөчө айырмаланган курсанттарга карата алардын кызыкчылыгын эске алуу менен, буйрук жарыяланган учурдан 10 күндөн ашпастан, ишемби жана майрам күндөрү 3 суткадан ашык эмес мөөнөткө берилет.
51. Билим берүү мекемелеринин күндүзгү окуу бөлүмүндө окуп, артыкчылык менен аяктаган курсанттардын, угуучулардын, адъюнктардын аты-жөнүн билим берүү мекемесинин Ардак тактасына жазуу түрүндөгү сыйлоо окуунун бүткүл мезгилинде окуунун мыктысы деп эсептелген, күжүрмөн жана дене тарбиянын жогорку көрсөткүчүнө ээ болгон, билим берүү мекемесинин коомдук иштерине жигердүү катышкан, өзгөчө айырмаланган адамдарга карата колдонулат.
52. Тартиптик жазасы бар кызматкер, ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү жана кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы үчүн ушул Уставдын 53-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу менен сыйланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Буйрук менен жарыяланган тартиптик жаза, сыйлоо тартибинде мөөнөтүнөн мурда алынышы мүмкүн, бирок:
а) эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш түрүндөгү жаза берилгенден 3 айдан кийин;
б) кызматка толук ылайык келбегендиги тууралуу эскертүү түрүндөгү жаза берилген күндөн тартып 6 айдан кийин.
Мурда тартиптик жаза берилген кызматкердин жазасын сыйлоо түрүндө мөөнөтүнөн мурда алып салуу ошол жаза буйругу жарыяланган күндөн кийинки дата менен колдонулат.
54. Кызматкерден бир эле мезгилде бир гана тартиптик жаза алынып салынат.
55. Мурда тартиптик жаза берилген кызматкерден сыйлоо чарасы катарында жазасын мөөнөтүнөн мурда алуу менен катар, ошол эле мезгилде ага карата сыйлыктын башка түрлөрүн колдонууга жол берилбейт.
56. Эки же андан ашык тартиптик жазасы бар кызматкерге карата акыркы жаза берилген күндөн тартып, үч айдан кийин гана сыйлоо чарасы катарында жазасын мөөнөтүнөн мурда алуу колдонулат. Ошондуктан, жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу түрүндөгү сыйлоо, кезекти так сактоо тартибинде колдонулат: мурда салынган тартиптик жазадан кийинки жазага чейинки.
57. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу жана атанын наамын бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жазага карата сыйлоо катарында жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салуу колдонулбайт. Жазанын мындай түрү тартиптик жаза берүүнүн акыркы чарасы болуп эсептелет жана ээлеген кызматынан бошоткон, атайын наамын бир баскычка төмөндөткөн күндөн тартып бир жылдан кийин гана жазасы алынат.
58. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу түрүндөгү жазаны алып салуу ошол кызматкерди мурдагы кызматына орноштуруу дегенди билдирбейт, бирок кийин анын кызматынан жогорулашына тоскоолдук келтирбейт.
59. Кызматкерге мурда берилген тартиптик жазаны сыйлоо чарасы катарында мөөнөтүнөн мурда алуу, оң кызматтык мүнөздөмөсү болгондо, ошол жазаны берген башчы (командир) же жогору турган башчы (командир) тарабынан жүргүзүлөт. Башка органдын (бөлүктүн) башка кызматына кызматкер которулганда тартиптик жаза ошол жазаны берген башчыга (командирге) кызматы боюнча теңдеш башчы (командир) же жогору турган башчы (командир) тарабынан алынышы мүмкүн.
60. Түздөн-түз башчы (командир) берген тартиптик жазаны алып салуу үчүн өзүнүн түз башчысы (командири) жогору жакка тиешелүү өтүнүч (сунуштама) менен кайрылат.
61. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салуу буйрук менен таризделет.
62. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясы берген тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясынын чечими менен гана сыйлоо чарасы катарында мөөнөтүнөн мурда алынып салынат. Бул чечимди ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу түрүндө жүргүзүлөт.
63. Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жободо белгиленген тартипте кызматтык милдетин аткаруудан кызматкер убактылуу четтетилген мезгилде сыйлоо чаралары жана тартиптик жаза берүү жүргүзүлбөйт.
64. Мурда берилген жаза сыйлоо түрүндө мөөнөтүнөн мурда алынгандыгы жөнүндө же акыркы берилген жаза бир жыл өткөндөн кийин мөөнөтүнүн бүткөндүгү боюнча буйрук чыккандан кийин кызматкер тартиптик жазасы жок деп саналат, бул тууралуу кызматкердин жекече иш китепчесине тиешелүү жазуу жазылат.
65. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
66. Ички иштер органдарынын карамагына кирген кызматкерге ушул Уставда каралган сыйлоо чаралары жана тартиптик жазалар, анын ичинде ал кадрлардын карамагына киргенге чейинки мезгилде өтөгөн кызматында жасаган тартиптик жорук-жосуну үчүн да колдонулушу мүмкүн.
6-бап. Ички иштер органдарынын кызматкеринин тартиптик жоопкерчилиги. Тартиптик жаза-чаралар, аларды берүүнүн жана аткаруунун тартиби
67. Ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын наамына жана кызматына карабастан мыйзам алдында бирдей жана алар жасаган укук бузуулардын мүнөзүнө жана оордугуна жараша тартиптик, жарандык-укуктук жоопкерчиликке, ошондой эле бузуу, жорук жана кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Тартиптик жоопкерчилик деп, жасаган тартиптик жосундары үчүн кызматкерге карата башчы (командир) тарабынан колдонулган тартиптик таасир этүү чаралары (жазалар) түшүндүрүлөт.
69. Тартиптик жорук - кызматкерге жүктөлгөн кызматтык милдетин укукка каршы, күнөөлүү аткаруу же тиешелүү деңгээлде аткарбоо, ошого тете ушул Устав жана башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган ички иштер органдарында кызматта жүргөндүгүнө байланыштуу чектөөлөрдү сактабагандык, эгерде анда бузуунун, жоруктун же кылмыштын курамы болбосо.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
70. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
71. Кызматкерге карата жазык иши же жорук жөнүндө иши боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган же болбосо сот тарабынан актоо өкүмү чыгарылган учурда, анын иш-аракетинде тартиптик жоруктун белгилери болсо, кызматкерди ушул Уставга ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселе милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Кызматкердин жасаган күнөөсү далилденип, аныкталгандан кийин гана, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылат. Күнөө тартип бузуу жоругунун курамынын субъективдүү жагынын негизги белгиси болуп эсептелет.
73. Тартиптик жоруктун маани-маңызын аныктоо үчүн жүйөө-себептин жана максаттын мазмуну олуттуу мааниге ээ болот.
74. Кызматкер жасаган тартиптик жорук фактысын белгилөө жана ырастоо үчүн кызматтык териштирүү дайындалышы мүмкүн, ал кызматтык иликтөө (текшерүү) формасында жүргүзүлөт. Кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан ушул Уставда каралган жоболорду эске алуу менен аныкталат.
75. Кызматтык иликтөө (текшерүү) түздөн-түз башчы (командир) же жогору турган башчы тарабынан дайындалат.
76. Тартиптик жоопкерчиликке тартылган кызматкерден милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө түшүндүрмө талап кылынышы керек. Кызматкер кат түрүндө түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан учурда тийиштүү акт түзүлөт.
Чечими менен тартиптик жаза берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясын же ички иштер органынын ыкчам жыйналышын өткөрүүнүн жүрүшүндө айтылган кызматкердин түшүндүрмөсү протоколго киргизилет же аталган кызматкер жазуу жүзүндө түшүнүк берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу чыгарылат же болгон тартиптик жазаларын эске алуу менен кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкат түзүлөт, андан кийин аны дайындаган башчы (командир) тарабынан бекитилет.
Кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкат мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулгандыгы боюнча фактылар ырасталбаган учурларда түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
78. Кызматкердин тартиптик жорук жасаган фактысы боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу же кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкат Тизмеге ылайык тартиптик жаза берүү укугуна ээ болгон башчыга (командирге) берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
79. Кызматкердин кызматта жок болгон убактысын эсепке албастан, кызматкерге тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук ал чыккан күндөн тартып же болбосо кызматкердин иштеген жери боюнча аймактык ички иштер органына (бөлүгүнө) бул буйруктун көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде ага кол койдуруу менен тааныштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
80. Буйрукту алууда кол коюудан кызматкер баш тарткан учурда - тиешелүү акт түзүлөт, ал эми буйрук менен таанышуу үчүн кызматкер келүүдөн баш тарткан учурда, бөлүктүн кадр кызматкери тарабынан кызматкердин жашаган (иштеген) дареги боюнча жазуу жүзүндө билдирүү жиберет. Мында кызматкер ага байланыштуу кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдалган болуп эсептелет.
81. Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун, кызматтык иликтөөнүн корутундусунун же кызматтык текшерүү жөнүндө маалымкаттын көчүрмөлөрү кийинкиге калтырбастан же буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирбестен тиешелүү кадрлар бөлүгүнө жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
82. Кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна, объективдүүлүгүнө, толуктугуна жана мөөнөтүнүн сакталышына, тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун даярдалгандыгынын негиздүүлүгүнө жана аны кадрлар бөлүгүнө өз убагында жиберүү үчүн жоопкерчиликти, түздөн-түз кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзгөн кызматкер, ошондой эле ошол кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) корутундусун бекиткен башчы (командир) тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
83. Кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) корутундусун чыгаруу жана тартиптик жаза берүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдоо бир бөлүктүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча ички иштер органдарынын тергөө бөлүктөрүнүн кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнү (текшерүүнү) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери гана жүргүзөт.
Процесстик ишке байланышпаган тартиптик жоруктар боюнча кызматтык иликтөө (текшерүү) тергөө бөлүгүнүн түздөн-түз жетекчисинин милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
84. Эгерде кызматтык териштирүүнүн жүрүшүндө кызматкердин жасаган жоругунда кылмыштын, жоруктун курамынын белгилери бар экендиги аныкталса, анда аны дайындаган башчы (командир) кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) материалдарын тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
85. Кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүлүп жаткан мезгилде башчыга (командирге) кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүлүп жаткан кызматкерди иш сапарына жиберүүгө, жыл сайын берилүүчү кезектеги же кыска мөөнөттөгү өргүүгө (кагуу ооругандыгын же жакын туугандарынын каза болгондугун, же болбосо форс-мажордук жагдайларды кошпогондо) жиберүүгө тыюу салынат.
86. Тартиптик жаза кызматкердин тартибин бекемдөө жана тарбиялоо катарында жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) жыйынтыгы менен белгиленген күнөөнүн баскычына жана жасалган жоруктун оордугуна ылайык келиши керек.
87. Тартиптик жаза Тиркемеге ылайык ага тартиптик укук берилген башчынын (командирдин) буйругу менен берилет. Тартиптик жаза Ички иштер министрлигинин коллегиясы тарабынан, ошондой эле ички иштер органдарынын (бөлүктөрүнүн) тездетилген кеңешмеси тарабынан берилет, алардын чечимдери башчынын буйруктары менен ишке ашырылат.
88. Кызматкерлерге кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн төмөнкүдөй жазалар колдонулушу мүмкүн:
а) эскертүү;
б) сөгүш;
в) кагуу сөгүш;
г ) кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү;
д) ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу;
е) атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;
е) ички иштер органдарынын кызматынан бошотуу.
89. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелериндеги курсанттарга, угуучуларга, магистранттарга, адъюнкттарга жана докторанттарга карата ушул Уставдын 88-пунктунда каралган тартиптик жазалар менен катар, төмөнкүдөй тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн:
а) кезексиз кезметке дайындоо;
б) билим берүү мекемеси жайгашкан жерден кезектеги бошотууну алып салуу;
в) билим берүү мекемесинен окуудан чыгаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
90. Ушул Уставдын 88-89-пункттарында көрсөтүлгөн тартиптик жазанын түрлөрү бир аз катуу жазадан бир кыйла катуу жаза түрлөрүнө карай жайгаштырылган.
91. Ушул Уставдын 88-89-пункттарында каралган тартиптик жазаларды колдонуу, ушул Уставдын 102-пунктунда белгиленген жагдайларды кошпогондо, бир аз катуу жазадан андан катуу түрү колдонуу менен ишке ашырылат.
92. Бир эле убакта эки бирдей тартиптик жазаны берүүгө тыюу салынат, эгер андан мурунку ага окшош тартиптик жаза алына элек болсо.
93. Ушул Уставдын 88-89-пункттарында каралбаган тартиптик жаза кызматкерге карата колдонууга тыюу салынат.
94. Тартиптик жаза негизги иши боюнча кат жүзүндөгү буйрук менен жарыяланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
95. Кол алдындагы кызматкер кызматтык тартипти бузган учурда, башчы (командир) мындай иш-аракеттерге (иш-аракетсиздикке) жол берилбестигин эскертиши керек, ал эми зарыл учурларда кетирилген каталыкка жана күнөөсүнүн оордугуна жараша тартиптик жаза берет. Башчы (командир) кызматкерди тартиптик жоопкерчиликтен, анын жосундары жеңилдетүүчү жагдайларда жана анча маанилүү эмес болсо тартиптик жазадан бошотууга укуктуу.
96. Тартиптик жаза колдонуу үчүн негиз болуп кызматкердин тартип бузган жоругу эсептелет.
97. Тартиптик жазанын түрүн аныктоодо жасаган жоруктун мүнөзүнө, жүйө-себебине, максатына жана кесепетине, ал жасалган учурдагы шартка көңүл бурулат. Ошондой эле тартип бузган кызматкердин жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар, анын жасаган жоругуна болгон мамилеси, бүтүндөй кызматка болгон мамилеси, мурдагы жүрүм-туруму, анын мурда тартиптик жазасы бар же жок экендиги аныкталат. Берилген жаза жеке күнөөлүү жоопкерчиликтин жана шайкештик принциптерине жооп бериши керек, негиздүү жана адилет болууга тийиш.
98. Тартиптик жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар:
а) тартиптик жорукту жасаган кызматкердин өкүнүүсү;
б) тартип бузгандыгы тууралуу кызматкердин өз ыктыяры менен башчысына (командирге) билдирүүсү;
в) тартип бузуунун кесепеттерине тартип бузган кызматкер тарабынан бөгөт коюу, келтирилген чыгымдарды ыктыярдуу төлөп берүү жана келтирилген зыяндарды жоюу;
г) өтө катуу толкунданып турган абалда (аффекта) тартип бузуу жоругун жасоо.
99. Тартиптик жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар:
а) башчынын (командирдин) тартип бузууну токтотуу талаптарына карабастан, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) улантуу;
б) мурда тартип бузган жоругу үчүн кызматкерге тартиптик жаза колдонулуп, ал белгиленген тартипте алына элек кезде, кайрадан тартип бузуу жоругун жасаганда;
в) кызматкерлер тобу менен тартип бузуу жоругун жасаганда;
г) мас абалында тартип бузуу жоругун жасаганда.
100. Кызматкерге карата башчынын (командирдин) тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу зарыл болгон учурларда, ал жогору турган башчыга (командирге) ал жөнүндө өтүнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
101. Эскертүү, сөгүш, билим берүү мекемеси жайгашкан жерден кезексиз бошотуудан ажыратуу, кызматы же иш боюнча кезметке кезексиз дайындоо түрүндөгү тартиптик жазалар, кызматтык тартипти одоно бузгандарга тиешелүү эмес, тартиптик жорук жасаган кызматкерге карата колдонулат.
102. Кызматтык тартипти одоно бузууга жол берген кызматкерге, анын мурда тартиптик жазасы бар же жок экендигине карабастан, анын жасаган тартиптик жоругунун оордугун жана күнөөсүнүн баскычын эске алуу менен, ошол эле учурда тартиптик жазанын бир кыйла оор түрү колдонулат: катуу сөгүштөн тартып ички иштер органдарындагы кызматтан бошотконго чейин.
103. Кызматка толук эмес ылайыктуулугу жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза кызматкерге карата өзүнүн иш милдетин жүктөлгөн милдеттерин бир нече жолу аткарбагандыгы же жетишсиз деңгээлде аткаргандыгы үчүн колдонулат.
104. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
105. Ээлеген кызматынан бошотуу жана наамын бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза, тартиптик жазанын кат жүзүндөгү башка жазалар кызматкерге тийиштүү тарбиялык таасирин тийгизе албаган же анын жасаган жоругу жана кетирген күнөөсү ушул жазага туура келген учурда колдонулушу мүмкүн.
105-1. Мурда төмөндөтүү менен кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жаза берилген жана ал жазасы алына элек, тартиптик жорук жасаган кызматкерге ушул Уставдын 102-пунктунда баяндалган жагдайлардан тышкары, ушул Уставдын 88-89-пункттарында каралган тартиптик жазанын бир аз катуу түрүнөн бир кыйла катуу түрдөгү тартиптик жаза берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү тартиптик жазасы кызматкерге берилген учурда, тийиштүү белгилерин алмаштыруу үчүн убакыт белгиленет. Кызматкердин керт башын кемсинткен погондорун жулуу, тикмелерин кесүү жана башка аракеттерге тыюу салынат.
107. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза ошол атайын наамды берүүгө укугу бар башчы (командир) тарабынан колдонулат.
108. Ички иштер органдарынан кызматтан бошотуу түрүндөгү тартиптик жаза кызматтык тартипти одоно бузгандыгы же кызматкердин ички иштер органдарына андан ары кызмат өтөөсүнө шайкеш келбеген тартиптик жорук жасалгандыгы үчүн, ошондой эле иш боюнча өндүрүш Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча кыскартылган учурлардан тышкары, айыптоочу өкүмдүн же жазык иши же жорук жөнүндө иши боюнча өндүрүш кыскартылгандын негизинде колдонулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
109. Ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу жана ички иштер органдарынан чыгарып салуу түрүндөгү тартиптик жазалар кызматка дайындоо жана андан бошотуу укугу берилген башчылар (командирлер) тарабынан берилет.
110. Ушул Уставдын 107 жана 109-пункттарында саналып өткөн негизги иштер боюнча жазаларды жарыялоо жөнүндө буйруктар жекече курам боюнча буйруктар менен гана ишке ашырылат.
111. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринин курсанттарына кызматы же иши боюнча суткалык кезметке кезексиз дайындоо түрүндөгү тартиптик жаза берүүдө, жуманын каалаган күнүндө бир жолку кезметтен көп эмес, өзүнүн билим берүү мекемесинде гана кызмат өтөөгө же жумуш аткарууга тартылат. Катары менен кезексиз эки же үч жолу кезметке коюуга, ошондой эле жазанын мындай түрүн берүүдө курсанттын жеке беделин басмырлоого жана оройлукка жол берүүгө тыюу салынат.
112. Билим берүү мекемеси жайгашкан жерден кезектеги бошотуудан ажыратуу, казармалык тартипте жүргөн курсанттарга жаза жарыялангандан кийин бир айдын ичинде билим берүү мекемеси жайгашкан жерден кызматтык зарылчылыгы жок кетүүгө тыюу салынат дегенди түшүндүрөт.
113. Күндүзгү окуу формасындагы курсанттар жана адъюнкттар, кызматтан бошотуу үчүн негиздер болсо, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин билим берүү мекемесинен окуудан чыгарылат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамдагы кызматкерлеринин кызмат өтөөсү жөнүндө жобого ылайык кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
114. Күндүзгү окуу формасындагы курсанттарды, угуучуларды, адъюнкттарды, докторанттарды ички иштер органдарынан бошотуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин билим берүү мекемесинин башчысы тарабынан жүргүзүлөт.
115. Бир нече кызматкерлер кызматтык тартипти биргелешип бузган учурда тартиптик жаза тартипти бузган ар бир кызматкердин өзүнө берилет. Тартип бузган кызматкер иштеген бөлүктөгү бүтүндөй жекече курамга тартиптик жаза берүүгө жол берилбейт.
116. Суткалык нөөмөт учурунда, кайгуул күзөт кызматында жүргөн учурларда жасашкан жоругу үчүн тартиптик жаза берүү күнөөлүү нөөмөттөн, кайгуулдук аймактан келгенден кийин же башкалары келип аларды алмаштырышкан соң, бирок бир суткадан эрге эмес убактан кийин берилет.
117. Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн мезгилде баңгизаттарын колдонгондугу, ошондой эле алкоголдук же уулуу каражаттарды колдонуу менен мас абалда кызматка келгендиги үчүн кызматкерди тартиптик жоопкерчиликке тартууда, кызматкердин аларды колдогондугу жана (же) мас абалда экендигин тастыктоо фактысы медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен, ал эми кызматкер күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда - экиден кем эмес күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен аныкталат. Бул учурда тиешелүү акт толтурулат, анда кызматкердин аларды колдонгондугу жана (же) мас абалын күбөлөндүрүүчү белгилер көрсөтүлөт. Кызматкерден ал соолукканга чейин кандайдыр бир түшүнүк алганга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
118. Өргүүдө, иш сапарда жүргөн же ооруп жаткан кызматкерге тартиптик жаза ал кызматка чыккандан кийин берилет, эгерде жасалган жорук ооруп жаткан учурда, өргүүдө, иш сапарда же дарыланууда жүргөндө жасалбаса.
119. Эгер кызматкерге тартиптик жаза берген башчыга (командирге), анын убактылуу эмгекке жөндөмдүү эместиги жөнүндө маалым болбосо, тартиптик жаза кызматкерге ал ден-соолугу жакшы болгон күндөн баштан эсептелинет. Ошону менен катар ушул Уставдын 130-пунктунда көрсөтүлгөн тартиптик жоопкерчиликке тартуунун өтүп кеткен мөөнөтү, тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук чыгарылган учурдан баштап токтотулат.
120. Жогору турган башчы (командир) төмөн турган башчы (командир) тарабынан берилген тартиптик жазаны, эгерде ал жумшактыгынан кызматкер жасаган тартиптик жоруктун оордугуна ылайык келбеген учурларда аны өзгөртүүгө жана кыйла катуу тартиптик жаза берүүгө же болбосо аны жеңилдетүүгө же негизсиз берилген катары алып салууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
121. Өзүнө берилген тартиптик жазалоо укугун ашыкча пайдалангандыгы же ушул Уставда каралбаган тартиптик жазаны колдонгондугу үчүн, ошондой эле кол алдындагы кызматкерлер жасаган тартип бузуу жоруктарын атайын жашыргандыгы үчүн башчы (командир) жоопкерчилик тартат.
122. Кызматтык тартип бузган кол алдындагы кызматкер менен аңгемелешүү жүргүзүүдө же ага тартиптик жаза берүүдө башчыга (командирге) ал кызматкердин жеке беделин түшүрүүгө жана оройлукка жол берүүгө тыюу салынат. Башчынын (командир) тартиптик жаза берилген кызматкерге кол алдындагыларынын катышуусунда жаза жарыялоосуна тыюу салынат.
123. Ачыктык чараларын колдонуу жана коомдук талкууга коюу максатында, кызматтык тартипти, кесиптик-моралдык, этикалык жана ар кандай жалпы кабыл алынган принциптерди жана журүм-турумдун ченемдерин бузуучуларга карата баш ийген ички иштер органдарында (бөлүктөрдө) келишпестик мамилени түзүү үчүн, кызматкердин жасаган жоругу кенже, орто жана улук жетектөөчү курамдын абийир сотунун жалпы чогулушунда же тартип бузуучунун кызматындагы кесиптик этика боюнча комиссиянын жыйынында каралышы мүмкүн.
124. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
125. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
126. Тартип бузуу жоругун жасаган кызматкерди абийир сотунун же этика боюнча комиссиянын жалпы жыйынында кароо чечими ошол коомдук түзүлүш түзүлгөн органдын (бөлүктүн) башчысы (командири) тарабынан кабыл алынат. Абийир сотунун же этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча тартиптик жазаны жарыялоо ушундай укукту берген башчы (командир) тарабынан кабыл алынат жана сунуштама келип түшкөндөн кийин токтоосуз же беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен аткарылат.
127. Тартиптик жаза жасалган жорук табылгандан же аныкталгандан кийин түздөн-түз аткарылат, бирок табылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбеши керек, кызматкердин ооруп калган, иш сапарда же өргүүдө жүргөн мезгилдери, ошондой эле кызматтык иликтөөгө (текшерүүгө) кеткен убакыттар эсептелбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
128. Тартиптик жасалган жорук табылган же аныкталган күн деп бул жорук тууралуу түздөн-түз башчыга (командирге) тартиптик жаза чараларын колдонуу боюнча анын тартиптик укугуна карабастан белгилүү болгон күн эсептелинет. Жасалган жорукту табуу тиешелүү документ менен толтурулат, белгиленген тартипте каттоого алынат жана бул кызматтык тергөө (текшерүү) дайындоого негиз болуп берет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
129. Жасаган жоругу боюнча берилген жазанын белгиленген мөөнөттө, өз убагында аткарылбай калгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар тартиптик негизде жоопкерчиликке тартылышат.
130. Тартиптик жаза тартип бузуу болгон күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен, ал эми каржы-чарба ишин текшерүүнүн, тескөөчүлүк текшерүүнүн же аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча - аны жасаган күндөн тартып 2 жылдан кечиктирилбестен колдонулушу мүмкүн. Бул мөөнөткө жазык сот өндүрүшүнүн убактысы кошулбайт.
131. 130-пунктта көрсөтүлгөн тартиптик жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчилик курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобонун 106-пунктунун "х", "ц", жана "ы" пунктчаларында каралган тартип бузуу жоругуна жайылтылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 , 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
132. Кызматкерге берилген тартиптик жаза колдонулган, ага карата кызматтык иликтөө (текшерүү) жүргүзүлгөн мезгилде же кызматкер шектүү, күнөөлү болуп саналган жазык иши же жорук жөнүндө иш болсо, аны кызматынан жогорулатууга, кезектеги атайын наам ыйгарууга сунуштоого, сыйлоого жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
133. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
134. Буйрук менен берилген тартиптик жаза, аны колдонгон күндөн тартып, бир жыл ичинде жарактуу болот. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тартиптик жаза буйрук чыгарылбастан, автоматтык түрдө алынып салынат.
Кызматкер ички иштер органдарынан бошотулганда, мурда берилген бардык тартиптик жазалар автоматтык түрдө буйрук чыгарылбастан алып салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
135. Атайын наамды бир баскычка төмөндөтүү түрүндөгү тартиптик жаза, өзгөчөлүү жаза болуп саналат. Атайын наамы бир баскычка төмөндөтүлгөн кызматкер атайын наамы төмөндөтүлгөн күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен анын атайын наамын төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алган башчынын (командирдин), ага тең башчы (командир) жана жогору тургандардын кат түрүндөгү буйругу менен мурдагы атайын наамына, ал ээлеген штаттык кызматынын атайын наамына карабастан калыбына келтирилет.
Кызматкер мурдагы атайын наамына, тартиптик жазасын алып салуу менен бир убакта калыбына келтирилет.
136. Кызматкерлер авто жол, темир жол, аба, суу жолдорунда баратканда, ошондой эле өргүүдө, иш сапарда, дарыланууда же окуп жүргөн учурларда тартип бузушса, тартиптин бузулганы тууралуу белгилүү болгон аймактагы жергиликтүү органдын, бөлүктүн башчысы (командири) аны токтотуу чараларын көрөт. Андан кийин тартип бузган адамдын кызматына окуя тууралуу кат жүзүндө билдирет.
137. Кетирген каталык мыйзамдуулуктун же кызматтык тартиптин бузулушуна алып келген өзгөчө учурларда жергиликтүү ички иштер органдарынын, бөлүктөрүнүн башчысы (командири) өзүнө берилген укуктардын чектеринде күнөөлүүгө тартиптик жаза бере алат, бул туурасында каталык кетиргендин иштеген жери боюнча ички иштер органынын (бөлүктүн) башчысына (командирине) кызматтык иликтөөнүн (текшерүүнүн) материалдары менен буйруктун көчүрмөсү милдеттүү түрдө жиберилет.
138. Кызматкер кызмат өтөөчү жерине келээри менен түздөн-түз башчысына (командирине) тартип бузуу жоругун жасагандыгы жана өзүнө тартиптик таасир берүү чараларын колдонгондугу тууралуу билдирүүгө милдеттүү.
139. Кол алдындагы өргүүдө, иш сапарда, дарыланууда жана окууда, кызматтан тышкаркы убакта жана кызматтык ишине жана кызматтык кызыкчылыктарына байланышпаган учурда бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасагандыгы үчүн башчы (командир) жоопкерчилик тартпайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-майындагы № 207 токтомунун редакциясына ылайык)
7-бап. Тартиптик жазаларга даттануунун тартиби
140. Кызматкерге тартиптик жаза берүү жөнүндө башчынын (командирдин) чечимине, тиешелүү буйрукка кол коюп таанышкан күндөн тартып, ал эми бошотуу маселеси боюнча - бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн кызматкерге кол койдуруп тапшырган күндөн тартып, бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кызматкер тарабынан андан жогору турган башчыга (командирге) кат түрүндө билдирме жазып даттанууга болот.
141. Кызматкер тиешелүү буйрукка кол коюудан же таанышуудан. ошондой эле буйрук менен таанышууга келүүдөн баш тарткан учурда, ага карата кабыл алынган даттануунун мөөнөтү тиешелүү акт толтурулган күндөн же кызматкердин жашаган жери (кызматы) боюнча кат жүзүндөгү билдирме жиберилген күндөн тартып аныкталат.
142. Кызматкердин билдирмеси (арызы) ал берген күнү милдеттүү түрдө катталат. Билдирмени (арызды) каттаган жери боюнча анын ички иштер органына (бөлүгүнө) келип түшкөндүгүн ырастаган билдирүү берилет.
143. Даттанууну иш-аракети күнөөлөнгөн башчынын (командирдин) кароосуна жиберүүгө тыюу салынат.
144. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
145. Жогору турган жетекчи кабыл алынган чечим жөнүндө ал кабыл алынган учурдан тартып үч күндүн ичинде даттанган адамга, ошондой эле күнөөлөнгөн башчыга (командирге) кат жүзүндө билдирет.
146. Өзүнүн даттануусу боюнча жогору турган жетекчинин кабыл алган чечимине макул болбогон кызматкер өз кызыкчылыгын коргоо максатында, жогору турган жетекчинин тийиштүү чечими менен кол коюп таанышкан күндөн тартып токтоосуз түрдө же бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясы тарабынан бекитилген жобо менен иши жөнгө салына турган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тартиптик комиссиясына кайрылууга укуктуу.
147. Даттануу эгерде анда коюлган бардык маселелер каралып, алар боюнча зарыл чаралар көрүлүп, жооптор берилгенде гана алар чечилген болуп эсептелет.
148. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
149. Кызматкерлердин даттануусуна тоскоолдук жасоого жана ал үчүн куугунтуктоого же иши боюнча кысымга алууга тыюу салынат.
150. Жогору турган жетекчинин тартиптик жазасына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тартиптик комиссиясына кызматкер даттанып жаткан учурда тартиптик жазаны аткаруу токтотулбайт.
151. Белгиленген тартипте мыйзамсыз же негизсиз ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, атайын наамынан да бир баскычка төмөндөтүү менен бошотулган, ошондой эле ички иштер органынан кызматтан бошотулган деп таанылган кызматкердин тиешелүү ээлеген кызматы, атайын наамы, кызматы калыбына келтирилет.
152. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-майындагы № 265 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
152-1. Кызматкер анын даттануусу боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тартиптик комиссиясынын чечимине макул болбосо, ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тартиптик комиссиясынын тиешелүү чечими менен кол коюп таанышкан күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аны соттук тартипте даттанууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
8-бап. Кызматкердин кызматтык жана (же) эмгек укуктарын бузган башчыларды (командирлерди) тартиптик жоопкерчиликке тартуу
153. Тартиптик жаза берүүдө кол алдындагы кызматкерлерге карата мыйзамсыз же негизсиз аракеттерге (аракетсиздикке) жол берген башчы (командир), эгерде жасалган иште кылмыштуулуктун белгилери байкалбаса, тартиптик негизде жоопкерчиликке тартылат.
154. Кызматкерге мыйзамсыз тартиптик жаза берген жана кызматкердин акча каражаттарын төлөп берүү натыйжасында мамлекетке материалдык зыян келтиргендин ордун толтуруучу ички иштер органдары түздөн-түз мыйзамсыз аракет жасаган кызмат адамына карама-каршы суроо-талаптарды (регресс) коюуга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
155. Кызматкерге мыйзамсыз тартиптик жаза берген, анын натыйжасында мамлекетке зыян келтирген, жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте күнөөлүү ден таанылган ички иштер органынын кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылуу менен катар жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекетке келтирген материалдык зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
9-бап. Сыйлоо жана тартиптик жаза берүү чараларын эсепке алуунун тартиби
156. Бардык ички иштер органдары жана бөлүктөрү үчүн сыйлоо жана тартиптик жаза берүүнү эсепке алуу милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
157. Кызматкерлерди сыйлоо жана ага тартиптик жаза берүү тууралуу маалыматтар ушул Уставда белгиленген форма жана тартип боюнча ички иштер органдарынын кадрдык аппаратында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри тарабынан эске алынат.
158. Ички иштер органдарында кызматта болгон убакта кызматкерлерге жарыяланган сыйлыктар жана сыйлык берүү тууралуу маалыматтар анын жекече ишинин кызматы жөнүндөгү маалымат тизмесинин "Сыйлоолор жана сыйлыктар" бөлүгүнө жана эмгек китепчесине жазылат.
159. Ички иштер органдарында кызматта болгон убакта кызматкерлерге берилген жазалар тууралуу маалыматтар анын жекече ишинин кызматы жөнүндөгү маалымат тизмесине тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрукка кол коюлуп алынган убактан үч күндөн кечиктирилбей жазылат.
160. Кызматкердин жекече ишине тартиптик жаза берүү тууралуу жазуулар өз убагында киргизилбесе же алдын-ала киргизбөөлөр болсо тартиптик жаза болуп саналат жана тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
161. Сыйлоо жана тартиптик жаза берүүнү эсепке алуу боюнча кызматтык документтер ички иштер органдарынын башчылары (командирлери) белгиленген тартипте бекитилген иштин номенклатурасына ылайык жүргүзүлөт.
162. Жүргүзүлүп бүтүрүлгөн иштер тизмеленип алардын документтерине көктөлүп, белгиленген мөөнөттүн ичинде аларды сактоо ички иштер органдарынын иш кагаздары жана режим бөлүктөрүнүн архивинде сакталат.
163. Башчы (командир) ушул Уставда белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза берүүнү эсепке алууну жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
|
| Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын тиркемеси |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тутумунун жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызмат орду | Чараларды көрүү боюнча тартиптик укуктар | |
сыйлоо | тартиптик таасир этүү | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри | Ички иштер органдарынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдагы тартиптик укуктарды толук көлөмдө колдонот. Кыргыз Республикасынын ички иштер органындагы өзгөчө тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштарды киргизет | |
2 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, орун басары | Алкыш жарыялайт. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет жана төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри белгилеген компетенциянын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
3 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемелеринин жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин Ардак грамотасы менен сыйлайт. Ардак китебине же Ардак тактага кызматкердин аты-жөнүн (анын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына, угуучуларына, адъюнкттарына карата) киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (компетенциясынын чегинде) ыйгарат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин карамагынан кезексиз (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемелеринин курсанттарына карата) бошотот. Мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда (компетенциясынын чегинде) алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызмат орундарын комплекттөө номенклатурасында белгиленген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктарынын чегинде) төмөндөтөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Нарядка кезексиз (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына карата) дайындайт. Билим берүү мекемесинин карамагынан кезектеги бошотууга (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына карата) уруксат бербейт. Билим берүү мекемесинен (Кыргыз Республикасынын ИИМдин билим берүү мекемесинин курсанттарына, угуучуларына, адъюнкттарына, докторанттарына карата) окуудан чыгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
4 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин ведомстволук, түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана маалыматтык технология жана байланыш чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын алдындагы Мамлекеттик фельдъегерлик кызматтын жетекчилери (башчылары) (ички иштер органдарынын кызмат орундарына дайындоого жана андан бошотууга укугу барлар). | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Алар тарабынан мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде) төмөндөтөт. Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
5 | Аймактык ички иштер башкы башкармалыктарынын, ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат. Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды ыйгарат. Алар тарабынан мурда берилген тартиптик жазасын мөөнөтүнөн мурда алып салат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматка толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот, ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктарынын чегинде). Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
6 | Райондук ички иштер башкармалыктарынын, шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Түштүк башкармалыгынын жетекчилери (башчылары) жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын күзөт бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери (башчылары) | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салат (компетенциясынын чегинде). Ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (ички иштер органдарынын кызматкерлерин дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) ыйгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
7 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин күзөт кызматынын ведомстволук милициясынын полкунун командири, Бишкек ш. ИИББнын милиция кайгуул-күзөт кызматынын полкунун командири, Чүй облусунун ИИББнын кайгуул-күзөт кызматынын батальонунун командири | Алкыш жарыялайт. Акчалай сыйлык төлөйт. Баалуу белек менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак грамотасы менен сыйлайт. Органдын (бөлүктүн) Ардак китебине же Ардак тактасына кызматкердин аты-жөнүн киргизет. Алар тарабынан мурда берилген тартиптик жазаны мөөнөтүнөн мурда алып салат. Кезектеги атайын наамды мөөнөтүнөн мурда ыйгарат жана ички иштер органдарынын катардагы жана кенже жетектөөчү курамынын адамдарына ээлеген кызмат орду боюнча каралган атайын наамынан бир тепкич жогорку кезектеги атайын наамды (ички иштер органдарынын кызматкерлерин дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) ыйгарат. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Эскертүү, сөгүш, катуу сөгүш жарыялайт. Катардагы жана кенже жетектөөчү курамдын адамдарын кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө эскертет. Атайын наамын бир тепкичке төмөндөтөт (атайын наамдарды ыйгаруу боюнча берилген укуктардын чегинде). Төмөндөтүү менен ээлеген кызмат ордунан бошотот (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде). Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында кызмат өтөөдөн (кызматка дайындоо боюнча берилген укуктардын чегинде) бошотот. Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
8 | Бардык деңгээлдеги башка жетекчилер (башчылар, командирлер) | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген сыйлоолор жөнүндө сунуштайт | Алардын тартиптик укуктарына кирбеген тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизет |
9 | Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө чөйрөсүндөгү бөлүгүнүн жетекчиси (башчысы) |
| Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын мүчөлөрүнөн тышкары, ички иштер органынын кызматкерлерине карата "эскертүү", "сөгүш" жана "катуу сөгүш" түрүндөгү тартиптик жазаларды берүү жөнүндө кызматтык иликтөөлөрдүн корутундусун бекитет |
Кыскартуулардын тизмеси:
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ИИББ - Ички иштер башкы башкармалыгы.