Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 579
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын административдик мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттарын белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
"Администрациялык ведомстволор, улуттук комиссиялар, комиссиялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана кеңештери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Жогорку соттун алдындагы Сот департаменти" сабындагы "Администрациялык ведомстволор," деген сөздөрдөн кийин "Улуттук гвардия" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтомдун 10-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"32. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы (административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылар)".
2. Бул токтом 2014-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |