Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМУ
2014-жылдын 30-сентябры № 558
2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө
Инфратүзүмдүн деңгээлин жогорулатууну жана жакшыртууну, темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуунун сапатын, транзиттик потенциалдын өнүгүүсүн камсыздоодогу темир жол транспортунун келечектүү өнүгүүсү жана өркүндөөсү үчүн шарт түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын темир жол комплексинин инвестициялык жагымдуулугун арттыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары (мындан ары - Негизги багыттары);
- 2014-2020-жылдарга Негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Негизги багыттарды ишке ашырууда көмөк көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги отчеттук жылдан кийинки 10-февралдан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү тууралуу жыл сайын отчет берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 558 токтому менен бекитилген |
2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттары (мындан ары - Негизги багыттар), темир жол менен үзгүлтүксүз ташууларды уюштуруу аркылуу республиканын калкын жана экономиканын муктаждыктарын натыйжалуу канааттандыруу жана транзиттик потенциалды өнүктүрүү үчүн, темир жол транспорт тармагын өнүктүрүүдөгү алдыга коюлган максаттарга тез жетишүүгө багытталып, "Транспорт жөнүндө", "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.
Бүгүнкү күндө жалпы узундугу 425 км түзгөн, бири-бири менен кошулбаган Кыргызстандагы туюк темир жолдор республиканын ич ара ташууларын толук канааттандыра албайт, ал эми деңиз портторуна чыгуучу түз жана кыска жолдун жоктугу республиканын тышкы байланыштарынын өнүгүүсүн татаалдатат.
Кыргыз Республикасы аймактагы маанилүү геополитикалык абалга жана транзиттик потенциалга эз болуу менен, кыргыз темир жолунун потенциалын толук ченемде ишке ашыра алат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 ''Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдар мезгилинде туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу улуттук долбоорлору, анын ичинде транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү долбоорлору, атап айтсак, өлкөнүн түндүк менен түштүгүн байланыштырган Түндүк-Түштүк транзиттик темир жол магистралынын курулушунун долбоору аныкталган.
Негизги багыттарды ишке ашыруу мезгилинде пайдаланууга жаңы вагондорду, тепловоздорду, инфратүзүм объектилерин, темир жол линияларын киргизүү болжолдонуп жатат. Бул албетте, Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын жогорулатууга жол ачат. Темир жол транспортунун динамикалуу өнүгүшү экономиканын чектеш тармактарынын: табигый жана курулуш материалдарын, айыл-чарба азыктарын иштетүүгө, аларды ташып жеткирүүгө, ошондой эле, соода-сатыктын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Бул Негизги багыттарды ишке ашыруунун жыйынтыгында өлкөнүн экономикасынын динамикалуу өнүгүшү, калкка көргөзүлүүчү транспорттук кызматтарды кеңейтүү, улуттук транспорт тутумунун атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуу үчүн кошумча шарттарды түзүү болжолдонуп жатат.
Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту - республиканын экономикасындагы зарыл түйүн. Темир жол транспортунун маанилүү артыкчылыктары болуп оор жүктөрдү узак аралыкка ташып жеткирүүнүн натыйжалуулугу, анын ташуу мүмкүнчүлүгүнүн жогорулугу жана жыл бою үзгүлтүксүз иштеши саналат.
Кыргыз темир жолу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "КТЖ" УК" МИ) аркылуу иш алып барат.
Кыргыз Республикасынын темир жол тармагы бөлөк-бөлөк, бири-бири менен байланышпаган линиялардан турат. Бул линиялар Кыргызстандын коңшу мамлекеттери - Казакстан менен Өзбекстандын темир жол желесине чыгууну камсыздайт. Кыргыз темир жолу 424,6 км негизги темир жолду, 220 км бекеттик жолду, 66,4 км кайрылуу жолдорун тейлейт.
Темир жол транспорту менен жүк ташуу, айрыкча, эгер бул ири өлчөмдөгү жүктү же ири көлөмдөгү товарларды ташууга тийиштүү болсо, жүк ташуунун эң ылайыктуу түрү болуп саналат. Анткени, белгиленген мөөнөттө жүктү аз чыгым жумшап ташып жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Жүктү ташып жеткирүүнү мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр - бул керектөөчүлөргө товарды тез жеткирүү, алардын коопсуз сакталышы, сапаты жана ташууга кеткен чыгым.
Темир жол тармагынын акыркы 5 жылдагы ишин талдоо темир жолдогу жүк ташуулардын өнүгүүсүнүн төмөндөгүдөй динамикасын көрсөтөт (1.1-таблица).
2009-жылы жана 2010-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын өнөктөш өлкөлөрүндөгү дүйнөлүк каржылык-экономикалык кризистин кесепетинен, ошондой эле, ири өнөр жай ишканаларынын толук кубаттуулукта иштебегендигинин же такыр токтоп тургандыгынын айынан, Кыргыз темир жолунда жүк ташуулардын төмөндөшү байкалды.
1.1-таблица
Көрсөткүчтөр | 2009-ж. | 2010-ж. | 2011-ж. | 2012-ж. | 2013-ж. |
Жүк ташуулардын жүгүртүлүшү (млн. тн-км) | 744,5 | 737,7 | 798,3 | 922,7 | 1001,7 |
Ташылган жүктөр, (миң тонна) | 5981,6 | 5523,9 | 5878,9 | 6912,9 | 7390,7 |
Жүктөө, (миң тонна) | 1044,4 | 1032,1 | 1033,7 | 1119,3 | 1360,6 |
Түшүрүү, (миң тонна) | 5263,2 | 4908,2 | 5246,3 | 6296,5 | 6644,8 |
2010-жылдын май айынан баштап, акырындык менен жүк ташуулардын көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалды. Натыйжада, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча жүк ташуулардын жүгүртүлүшүнүн көрсөткүчтөрү кризиске чейинки деңгээлге чыкты.
Мына ушинтип, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз темир жолунда жүк ташуунун өсүшү 2012-жылга карата 106,9%ды, жүк ташуулардын жүгүртүлүшү - 108,6%ды түзгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, 2012-жылы жүктөрдү ташып чыгуунун көбөйүшү мурунку жылга салыштырмалуу көмүрдү ташып чыгуунун 22%га, кара металлдардын - 50%га, кумшекердин - 656%га, курулуш жүктөрүнүн - 67%га, азык-түлүктөрүнүн - 22%га өскөндүгүнүн эсебинен камсыздалган.
Жүктөрдүн келип түшүүлөрү 2012-жылдын көрсөткүчүнө карата 105,5% деңгээлди түзгөн. Жүктөрдүн келүүсүнүн көлөмүнүн өсүшү мунай продуктуларын - 100%, кумшекердин - 171%, минералдык жана өнөр жай чийки заттарын - 117%, жыгач материалдарын (тактай) - 114% алып келүүнүн эсебинен камсыз болду (Негизги багыттарга карата тиркеменин 2, 3-таблицалары).
Кыргыз темир жолунун ишинин негизги багытынын бири болуп жүргүнчүлөрдү ташууда калктын муктаждыгын камсыздоо саналат.
Республиканын калкына көрсөтүлгөн транспорттук кызматтардын сапатын жогорулатуу үчүн шарт түзүү максатында, Кыргыз темир жолунун жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддери Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын ири аймактары жана шаарлары аркылуу төмөнкү жүргүнчү каттамдары боюнча катташат: Бишкек-Москва, Бишкек-Свердловск (Екатеринбург), Бишкек-Новокузнецк, Бишкек-Новосибирск, жай мезгилинде Ташкент-Балыкчы. Россия Федерациясынын шаарлары аркылуу Волгоград, Челябинск, Саратов, Пенза багыттары боюнча чиркеме вагондору каттайт.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз темир жолу тарабынан 407,0 миң жүргүнчү же 2012-жылга карата 74,1%, жүргүнчү, анын ичинде эл аралык каттамдарда 104,3 миң адам ташылган. Бул 43,2%га аз дегенди түшүндүрөт. Жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 55,5 млн. жүргүнчү-километрди же 73,2%ды түзөт (1.2-таблица).
1.2-таблица
Көрсөткүчтөр | 2009-ж. | 2010-ж. | 2011-ж. | 2012-ж. | 2013-ж. |
Жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү, млн. жүрг. км | 106,1 | 98,7 | 82,8 | 75,8 | 55,5 |
Ташылган жүргүнчүлөр, жүргүнчү | 751465 | 711325 | 596865 | 549237 | 406998 |
анын ичинде, алыскы каттамдарда | 400319 | 351642 | 233112 | 183411 | 104281 |
шаардын чет жакасындагы жана жергиликтүү каттамдар боюнча | 351146 | 359683 | 363753 | 365826 | 302717 |
1-графика. Жүк ташуулардын жүгүртүлүшү менен жүргүнчүлөрдү ташуулардын жүгүртүлүшүнүн өзгөрүү графиги
Темир жол транспортунун азыркы абалына жүргүзүлгөн талдоо бир катар курч маселелерди белгиледи.
Көпчүлүк учурда, Кыргыз темир жолунун участоктук ылдамдыгынын төмөндүгү темир жолдун инфратүзүмүнүн эң жоопкерчиликтүү участокторунун негизги фонддорунун эскиришинин жогорку даражасы менен түшүндүрүлөт. Анткени эскирүүнүн чегине жеткен деңгээли 50-55% болсо, негизги каражаттардын эскирүүсү, анын ичинде имараттардын жана курулмалардын, машиналар менен жабдуулардын, жол чарбасыныкы - 71%ды, электр жабдуу тутуму - 50%ды, белги берүүчү жана байланыш тутуму - 63%ды түзөт.
Пайдаланылып жаткан рельстердин 30%дан ашыгы, белгиленген ченемден ашык тонналарды өткөрүп, өз кызматын өтөп бүттү, жыгач шпалдардын 50% эскирип, жараксыз абалда. Темир жолдун үстүнкү курулушун жаңылоо боюнча ийгиликтүү кадамдар жасалгандыгын белгилей кетүү керек. Анткени 2012-жылы темир жолду оңдоо үчүн 63547 даана шпал, 2013-жылы 67288 даана шпал алмаштырылып, 43185 жыгач шпалы темир-бетон шпалына алмаштырылган, анын ичинде түндүк бөлүмүнүн жол чарбасы боюнча 40000 даана жаңы темир бетон шпалдарын коюу менен 25,1 км, 3185 даана темир бетон шпалдарын орнотуу менен түштүк бөлүмүнүн 2,0 км, жыйынтыгында 27,1 км темир жол оңдолгон.
"Кыргыз темир жолу" УК" МИде заманбап техникалык жабдууларды жана курал-жабдыктарды колдонуу менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары өздөштүрүлүп жатат.
2014-жылдын 1-январына карата эскирип, кызмат мөөнөтү бүткөн жүк ташуучу вагондордун жумушчу паркы - 54%ды түзгөн жана азыркы учурда жүк вагондорунун 46%дан ашуун паркы жараксыз абалда.
Кыргыз темир жолунун жүргүнчүлөр вагон паркынын 30%га жакыны да дээрлик 30 жылдан ашуун пайдаланылып, өз мөөнөтүн эчак эле өтөп бүткөн (ченемдик кызмат мөөнөтү 28 жыл). Жүргүнчүлөр вагондорунун жумушчу паркы 40,3%ды түзөт.
Тепловоз паркындагы учурдагы кырдаал вагон паркынын абалына окшош. Мисалы, тепловоз паркындагы бардык тепловоздор кызмат мөөнөтүн эчак эле өтөп бүткөн, тепловоздордун 95%дан ашууну кызмат өтөө мөөнөтү боюнча эсептен чыгарылууга тийиш. Тепловоздордун бардык иш түйүндөрү бышык эмес жана капиталдык оңдоону талап кылат. Мына ушундай абал пайдалануу учурунда түйүндөрдүн жана агрегаттардын иштебеген учурларынын жана пландан тышкаркы оңдоолордун көбөйүүсүнө, ошондой эле оңдоонун пландуу түрлөрүндө тепловоздордун ашыкча иштебей турууларына алып келүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолундагы кыймылдуу курам паркын оңдоо жана толуктоо маселеси Россия, Өзбекстан жана Казакстандын темир жол администрацияларынын активдүү колдоосу менен чечилип жатат. Азыркы тапта Россия темир жолу тарабынан ижарага берилген 7 тепловоз жана 60 жүргүнчүлөр вагондору пайдаланылып жатат.
Ижарага алынган тепловоздорду эсепке алуу менен бирге, "КТЖ" УК" МИнин локомотив базасынын болгон ресурсу темир жолдо жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууну эки жыл гана камсыздай ала турган абалда. Мындай кырдаал сакталса, пландалган темир жол ташууларынын өсүүсүн эске алсак, тепловоз паркын пайдалануу резервинин мүмкүнчүлүгү жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуулардын бардык муктаждыктарын камсыздоодо чектелип калат.
2010-жылдын июль айында "КТЖ" УК" МИнин вагон чарбасынын өндүрүш базасынын негизинде эки вагон оңдоочу завод курулган. Бишкек-1 бекетинин вагон оңдоочу заводунда жүргүнчүлөр вагондорун капиталдык-кайра калыбына келтирип оңдоо иштерин өздөштүрүү улантылып жатат. Бул оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин, вагондун кызмат өтөө мөөнөтүн 15 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Жүк ташуучу вагондорду оңдоочу заводдун базасында кызмат өтөө мөөнөтүн 5-7 жылга узартуу боюнча вагондорду оңдоо иштери аткарылып жатат. Кыргызстандык адистер колдонуп жаткан капиталдык кайра калыбына келтирип оңдоо ыкмалары Россиянын оңдоо заводдорунун технологиясына негизделген, оңдоонун бардык түрлөрү Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышуучу мамлекеттер үчүн белгиленген талаптарга жооп берет.
2009-жылдан бери, деполук оңдоолордон тарта, капиталдык оңдоолорго чейинки оңдоонун ар кыл түрүнөн 590 жүргүнчүлөр вагону, 2024 жүк ташуучу вагондору өттү, ага сарпталган чыгымдын жалпы суммасы 756,9 млн. сомду түздү.
Өндүрүш объектилеринин катарына 2011-жылы 50дөн ашык жумушчу ордуна ээ болгон механикалык цех кошулду. Ал Кыргыз темир жолунун негизги милдеттеринин бирин - кыймылдуу курам менен жабдууларды оңдоо жана кайра калыбына келтирүү боюнча өзүнүн өндүрүш базасын чыңдоого чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасында башка бардык "1520 мейкиндигине" катышуучу өлкөлөрдө болгон үстү ачык вагондордун жетишсиздигинин курч маселеси Кыргыз темир жолунун ишине терс таасирин тийгизди. Кыргызстандын калкын жана республиканын стратегиялык өндүрүштөрүн Казакстандан Кыргызстанга ташылып келинүүчү көмүр менен камсыздоо үчүн, жук ташуучулардын ээлерин кыймылдуу курам менен камсыздоо маселеси өзүбүздүн үстү ачык вагондор паркыбызды толуктоо маселесин чечүүнүн зарылдыгын шарттайт.
Кыргыз темир жолунун телекоммуникациялык тутуму 1985-жылы пайдаланууга берилген Бишкек-1 - Луговой участогундагы жалпы узундугу 151 км жез металл кабелдери колдонулган аналогдук байланыш тутумуна негизделген. Магистралдык кабелдин пайдаланууга жарамдуулугунун негизги көрсөткүчү иштетилген күндөн тартып 50 жылды түзөт. Мына ошентип, магистралдык кабелдин техникалык эскириши 50%ды түзөт. Кабелди пайдалануу мезгилиндеги оңдоо иштеринде 800дөн ашуун оңдоочу бириктиргич муфталар орнотулган.
Аналогдук байланыш линияларынын эскирген түрлөрүн пайдалануу компьютердик желеге маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт. Пайдаланууда кубаттуулугу аз "Мэйнфрейм" универсалдуу чоң ЭЭМди колдонуу ташуу процессин маалымат менен камсыздоодо көйгөйлөрдүн келип чыгышына алып келет, ал эми иштин интенсивдүүлүгү арткан учурда, тутумдун бардык суроолорун жана талаптарын аткара албайт.
Программалык камсыздоо чөйрөсүндө да көйгөйлөрдү чечүү талап кылынат. Киргизилген автоматташтырылган тутумдардын ортосундагы начар байланыш жана интеграциялоо, бул ар түрдүү автоматташтырылган тутумдарга бир эле маалыматты эки жолу киргизип жиберүү жана синхрондуу маалыматтарды сактап калуу сыяктуу каталарга жол берүүнү жое албайт.
Жогорку ылдамдыктагы каналдардын чоң түрмөгүн уюштуруу үчүн, волокондук-оптикалык байланыш линиясы (же ВОБЛ) талап кылынат, ал бир топ артыкчылыктарга ээ, атап айтсак, жогорку ишенимдүүлүккө ээлиги, сырткы ызы-чуулардан корголгондугу жана чоң өткөрүмдүүлүгү менен айырмаланат.
Мамлекеттер аралык темир жол катнашына интеграцияланган, республиканын аймагы аркылуу өтүүчү темир жол катнаш тутумунун жоктугу Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын өстүрүп-өнүктүрүүнү, республиканын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну жана сырткы дүйнө менен соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүүнү артка тарткан факторлорунун биринен болуп жатканы талашсыз.
Кыргыз Республикасы үчүн бүткүл Борбордук Азия региону боюнча, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү темир жол магистралын куруунун пландаштырылган долбоорунун алкагында транзиттик темир жол куруу ишке ашырылат.
Темир жол транспортунда жүргүнчүлөрдүн агымынын төмөндөшүн шарттаган бир катар объективдүү себептер бар. Атап айтсак алар:
- жүргүнчүлөрдү ташууда баа атаандаштыгынын күчөшү, авиа ташуучулардын каттамдарынын жана рейстеринин санынын көбөйүшү;
- 1995-жылдын 18-19 майында өткөн Балтия өлкөлөрү жана КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол администрацияларынын башчыларынын кеңешинин 13-жыйынында бекитилген, Мамлекеттер аралык жүргүнчүлөрдүн тарифи жөнүндө макулдашууга (мындан ары - МАЖТ) ылайык, билеттин сом менен наркы шв. франкынын курсунан көз каранды. 2013-жылы швейцария франкынын курсунун 2009-жылга карата 33%га чейин өсүшү, түздөн-түз билеттин наркынын жогорулашына алып келди;
- Казакстан жана Россия темир жолдору тарабынан өздөрүнүн аймагы боюнча жүрүү үчүн билеттин баасы орто эсеп менен 10%га жогорулатылган.
Эске алуучу нерсе, Россия Федерациясында жана Казакстан Республикасында жүргүнчүлөрдү ташуудагы чыгашалуулук маселесин чечүү мамлекеттик бюджеттен дотациялоонун эсебинен жүргүзүлөт.
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүнчүлөрдү ташуунун чыгашасы 543,8 млн. сомду, анын ичинен эл аралык каттамдарга тиешелүүсү 498,5 млн. сом болсо, шаардын чет жакасына жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдардыкы 45,3 млн. сомду түздү.
Жүргүнчүнүн темир жол жана автомобиль (каттамдык такси (маршруткада)) транспортунда жүрүүсүнүн азыркы баасына жүргүзүлгөн салыштырмалуу талдоо жүргүзүү, темир жол транспортунун билетинин баасы автомобилдикине караганда 35-46%га төмөн экенин күбөлөйт.
Ошол эле учурда, жүрүүнүн наркын жүргүнчүлөрдү автомобиль менен ташуунун деңгээлине дейре көтөрүү чечими чыгымдардын ордун толтуруу маселесин чечпейт, жүрүүнүн наркын кыйла көтөрүү жүргүнчүлөрдүн агымынын темир жолдон четтөөсүн пайда кылат. Ошондуктан, шаардын чет жакасына жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдардын чыгашалуулук маселесин чечүү үчүн, баа факторун колдонуу артыкчылыкка ээ болбойт.
Кыргыз темир жолунун негизги көйгөйлүү маселелеринин бири болуп, темир жол адистерин даярдоо үчүн илим жана билим берүү базасынын, ошондой эле, темир жол транспортунун ишиндеги көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн өсүү деңгээлинин жетишсиздиги саналат.
Кыргыз Республикасынын темир жолу СССРдин темир жол катнашы министрлигинен бөлүнүп чыккандан кийин, республикада темир жол чарбасы үчүн толук илимий база түзүлгөн эмес, бул Кыргыз темир жолун чет өлкөлүк адистерди тартууга көз каранды кылып жатат. Кыргыз темир жолунун Алма-Ата темир жол курамынан бөлүнүшүнүн натыйжасында бүткүл илимий база Казакстандын карамагында калып, Казакстандык жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары менен байланыш үзүлүп, ал окуу жайлардын базасында биздин республикага керектүү тармактык адистерди даярдоо токтотулган.
Азыркы учурда тармактын кадрдык потенциалы № 97 темир жолчулар лицейинин, ошондой эле, инженердик-техникалык адистиктер боюнча адистерди даярдап чыгаруучу И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин факультеттеринин базасында түзүлүүдө. Жаш адистердин кетүү тенденциясынын орун алышы, же кезектеги кызматкерлер муундарын даярдоо үчүн илимий базанын начардыгы, транзиттик магистралдык жолдордун курулуш долбоорлорун ишке ашырууда жана аларды андан-ары пайдаланууда дасыккан жумушчу кадрлардын жетишсиздиги терс фактор болуп чыкты.
Азыркы тапта, жалпы узундугу 424,6 км болгон кыргыз темир жолу саны 5,4 миң кишиден турган персонал менен тейленет. Жаны темир жол линияларын, атап айтканда, Түндүк-Түштүк транзиттик темир жолун куруу жана пайдаланууга киргизүү 2 миңден ашуун жаңы жумушчу орунун түзөт.
Керектүү адистер менен камсыздоо үчүн тармактын кадрдык потенциалын кайра калыбына келтирүүгө жөндөмдүү, адистерге болгон муктаждыкты туура божомолдой алган жана аларды окутууга керектүү бардык шарттарды түзө алган ошондой эле, темир жолдун өнүгүүсүнө илимий-изилдөөчүлүк көмөк көрсөтүүчү илимий базаны чыңдай турган тутумдуу кадр саясатын калыптандыруу керек.
2013-жылы "КТЖ" УК" МИ тарабынан КМШнын темир жол администрацияларынын алдындагы сырткы насыялык карызын азайтуу боюнча иштиктүү чаралар көрүлдү. 2014-жылдын 1-январына карата темир жол администрацияларынын алдындагы насыялык карыз 12806,7 миң швейцария франкын түздү, анын ичинен:
- "Казакстан темир жолы" УК" акционердик коому алдындагы карыз 5214,0 миң шв. франкын түзөт;
- "Россия темир жолу" ачык акционердик коому алдындагы карыз 7592,7 миң Швейцария франкын түзөт.
"КТЖ" УК" МИ 2014-жылдын 1-январына карата "Казакстан темир жолы" УК" АК жана "Россия темир жолу" ААКнын темир жол администрацияларынын алдындагы суммасы 2836,7 миң шв. франкын түзгөн карызын жапты.
Бишкек шаарынын Жылуулук электрдик борборунун (андан ары - ЖЭБ) "КТЖ" УК" МИге карызынын болгонуна жана ички ташууларынын чыгашалуулугуна карабастан, "КТЖ" УК" МИ социалдык жактан маанилүү жүктөрдү ташуу боюнча милдеттерин аткарып жатат.
Мына ошентип, Негизги багыттарды ишке ашыруунун чегинде, төмөнкү көйгөйлүү маселелерди жоюуга багытталган конкреттүү иш-аракеттер көрүлөт:
1) негизги өндүрүш фондун жетишсиз жаңылоо жана модернизациялоо: кыймылдуу курамдын, жол чарбасынын өндүрүш базасынын жана жолдун өзүнүн эскириши;
2) телекоммуникациялык жабдуулардын, электр жабдуулардын, белги берүүчү жана байланыш тутумдарынын эскириши;
3) республиканын аймактарын бириктирүүчү темир жол катнашы тутумунун жана темир жол транзитинин жоктугу;
4) темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташууда, шаарга жакын жайгашкан жерлерге каттоонун да, башка мамлекеттердин темир жол каттамдарына каттоонун да чыгашалуулугу;
5) "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалына терс таасирин тийгизүүчү насыялык карыздардын көбөйүшү;
6) кадрдык потенциалды жогорулатуунун жана билим берүүнү, илимий базаны өнүктүрүү деңгээлинин жетишсиздиги;
7) темир жол транспортунда коопсуздук контролунун жетишсиздиги;
8) темир жол секторун инвестициялоонун жоктугу жана темир жол тармагынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн зарылдыгы.
Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлүү маселелерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун өнүгүүсүнүн негизги багыттарына ишке ашыруунун Иш-чаралар планына киргизилген, аткаруу мөөнөтү жана жоопкерчиликтүү аткаруучулары так көргөзүлгөн конкреттүү иш-чаралар жана тапшырмалар алдыга коюлду.
Негизги багыттардын максаты - республиканын калкынын жана экономикасынын муктаждыктарын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда темир жол транспорту менен жетиштүү түрдө канааттандыруу, транзиттик потенциалды бекемдөө жана ишке ашыруу, республиканын ички темир жолдорунун тармагын түзүү.
Өнүгүүнүн артыкчылыктары:
- ички темир жолдор тармагын түзүү жана республиканын транзиттик потенциалын өнүктүрүү;
- темир жолдун инфратүзүмүн жаңылоо жана модернизациялоо;
- Кыргыз темир жолунун кадрдык жана илимий потенциалын чыңдоо.
Милдеттери:
1) темир жол тармагын калыптандыруу жана республиканын транзиттик потенциалын чыңдоо;
2) жол чарбасынын инфратүзүмүн модернизациялоо;
3) кыймылдуу курамды оңдоо базасын модернизациялоо жана толуктоо;
4) темир жол транспортун электр менен жабдуу, белги берүүчү жана байланыш тутумун натыйжалуу калыптандыруу;
5) "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалын жакшыртуу жана темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташуунун чыгашалуулук маселесин чечүү боюнча чараларды көрүү;
6) транспорттук коопсуздукту уюштуруу жана контролдоо жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана темир жолдогу транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыздоо;
7) темир жол транспортунун кадрдык жана илимий потенциалын жогорулатуу;
8) эл аралык темир жол тармагына кошулууга жана республиканын темир жол транспортун өнүктүрүүгө багытталган, темир жол секторунун инвестициялык программаларын жана долбоорлорун даярдоо, ишке ашыруу.
Өнүгүүнүн негизги багыттары:
1. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Түндүк-Түштүк темир жол магистралынын кыргыз темир жол участогун куруунун инвестициялык долбоору Кыргыз темир жолунун транзиттик потенциалын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоору болуп саналат.
Темир жол магистралын куруунун долбоору республиканын экономикасы үчүн баалуу стратегиялык мааниге ээ болуп, 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына улуттук долбоор катары кирген.
Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алып, темир жол трассасынын альтернативдик маршруттарынын өтүшүн изилдөө боюнча чечим алынган. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарында 2013-жылдын 28-майында ОДКБ мүчөлөрүнүн - мамлекет башчыларынын формалдык эмес саммитинде, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин демилгеси боюнча Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан темир жол линиясынын курулушу боюнча сунуш каралган.
Темир жолдун курулушу азыркы учурда мамлекеттин түндүк менен түштүгүн бөлүп турган темир жол байланышын бириктирүүчү мамлекеттик ички темир жол байланышын түзгөн масштабдуу долбоор болуп эсептелет. Мына ошентип, өлкөнүн аймактарынын ортосунда түз жана ишенимдүү транспорт байланышы пайда болуп, эл аралык темир жолго чыгууга жол ачылат.
Бул долбоордун наркы техникалык экономикалык негиздөө (мындан ары - ТЭН) иштелип чыгып, экспертизадан өткөндөн кийин аныкталат.
Транспорттук тоом жерлерде магистралдын кыргыз участогун куруу, логистикалык борборлорду түптөштүрүүнү, баарынан мурда, экспедитордук жана транспорттук компаниялардын иштөөсүнүн интеграцияланган тутумун калыптандыруу милдеттерин чечүү үчүн, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү үчүн шарт түзүүнү талап кылат.
"Луговой-Рыбачье темир жолун кайра калыбына келтирүү", "Луговой-Аламүдүн (Бишкек) темир жол линиясын электрлештирүү" инвестициялык долбоорлору мамлекеттик ички темир жолдорду өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн артыкчылыктуу долбоорлору болуп эсептелет.
Ташуулардын көлөмүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында, өлкөнүн түндүк жагындагы жайгашкан темир жолдун коопсуз жана авариясыз иштөөсүн реабилитациялоо абдан маанилүү. Темир жол менен "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр, өлкөдө керектелип жаткан күйүүчү жана майлоочу майлар, мунай заттары ташылат.
Электр менен иштөөчү локомотивдерди оңдоого жана асылма контакттык тутумдарды орнотууга шарт түзүү менен бирге, локомотив депосун модификациялоо да пландалып жатат. Курулуш планына ылайык, бул долбоор Рыбачье бекетине чейин электрлештирүү шартын сактайт.
2. Темир жол транспортунун жол чарбасынын инфратүзүмүн жаңылоо жана модернизациялоо боюнча ишке ашыруу.
Жол чарбасынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана модернизациялоо маселесин чечүү рельстин алдындагы жыгач шпалдарды темир-бетонго алмаштырып, Кыргыз темир жолунун үстүнкү курулушун акырындык менен темир жолду модернизациялоону караштырат. Жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга алмаштыруу Кыргыз темир жолуна оңдоолордун ортосундагы мезгилди узартууга мүмкүндүк берет, темир жолдун бардык участокторунда жүргүнчүлөр жана жүк ташуучу поезддердин белгиленген кыймылынын деңгээлин камсыздап, поезддердин кыймылынын участоктук ылдамдыгын да жогорулатат.
"Кыргыз темир жолу" УК" МИнин темир жолдун үстүнкү курулушун оңдоо планына ылайык, 2014-2020 жылдарда, 280 миң шпалды коюу болжолдонуп жатат (түндүккө - 245 миң шпал, түштүккө - 35 миң шпал), башкача айтканда, бул 175 км темир жолду оңдоо дегендикке жатат.
Мына ошентип, негизги багыттардын бул бөлүгүн ишке ашыруу жыл сайын өз каражатына 25 км темир жолду оңдоого, акырындык менен, 5-8 жылдын ичинде Луговой-Рыбачье участогунда жыгач шпалдан темир-бетон шпалга өтүүгө мүмкүндүк берет. Бул албетте, темир жолдун бир топ эле татаал участокторунда темир-бетон шпалдарды коюп үлгүргөнүнө жараша, жыл сайын участоктук ылдамдыкты көбөйтүүгө мүмкүндүк ачуу менен бирге, 5-8 жылдын ичинде белгиленген ылдамдыкка (70-80 км/с) жетүүнү шарттайт. Керектүү каржылоо 65 млн. АКШ долларын түзөт.
3. Кыймылдуу курамды, тартуучу кыймылдуу курамдын, жүк жана жүргүнчүлөр вагондорун оңдоо базасын модернизациялоо жана толуктоо.
Темир жол менен ташууларда республиканын калкынын жана экономиканын өсүп келе жаткан муктаждыктарын камсыздоо үчүн алдыга коюлган милдеттерди аткаруу, иштөөгө жарамдуу кыймылдуу курамдын, атап айтканда, локомотив менен вагондордун керектүү санын кармоону талап кылат.
Ишке жарамдуу тепловоздордун керектүү санын камсыздоо үчүн кыймылдуу курамды жаңыртуу пландаштырылууда:
- техникалык-экономикалык сапаттарын жакшыртуу жана пайдалануу ресурсун узартуу менен колдо болгон паркты модернизациялоо;
- кыймылдуу курамды кошумча сатып алуу.
Модернизациялоону жүргүзүү, баарынан мурда, тартуучу кыймылдуу курамды оңдоо базасын модернизациялоону жана азыркы тапта "КТЖ" УК" МИде жүргүзүлбөгөн оңдоонун түрлөрүн өздөштүрүүнү шарттайт.
Утурумдук оңдоо-3 (УО-3) деңгээлиндеги оңдоонун түрлөрүн тепловоздорду оңдоочу цехтин курулушун эске алуу менен бирге, локомотивдерди оңдоонун төмөнкү планын ишке ашыруу каралууда (2.1-таблица):
2.1-таблица
Оңдоо түрлөрү | 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. | 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Өзүнүн базасындагы утурумдук оңдоо (шарт. саны) | 288,95 | 288,95 | 288,95 | 288,95 | 288,95 | 288,95 | 288,95 |
Өзүнүн базасында УО-3 (тепловоздор) | - | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 | 2 |
Чет өлкөдө утурумдук оңдоо (тепловоздор) | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 | 4 |
Ошондой эле, узак мөөнөткө туруктуу пайдаланууну камсыздоо максатында, 2020-жылга карата 5 магистралдык, 5 маневрдук тепловоздорду сатып алуу маселесин иштеп чыгуу пландалууда.
Болжолдонгон жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууларды эске алуу менен, 2020-жылга карата вагондорду оңдоонун программасын ишке ашыруу пландаштырылууда (2.2-таблица):
2.2-таблица
| 2014-ж. | 2015-ж. | 2016-ж. | 2017-ж. | 2018-ж. | 2019-ж. | 2020-ж. |
Бардыгы | 508 | 422 | 383 | 325 | 296 | 269 | 258 |
Жүк ташуучу вагондор | 355 | 322 | 236 | 194 | 132 | 128 | 124 |
Жүргүнчүлөр вагондору | 153 | 100 | 147 | 131 | 164 | 141 | 134 |
Кыргыз темир жолунун вагондор паркын толуктоо маселесин чечүү ишиндеги маанилүү багыт болуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик - жеке кызматташтыкты колдонуу маселеси эсептелет. Ошондой эле, эл аралык донордук уюмдардын каржылык колдоосунун аркасында кыймылдуу паркты толуктоо маселесин иштеп чыгууга зор маани берилип жатат.
Экономикалык негиздемени эске алуу менен вагон паркын толуктоого, жаңы кыймылдуу (жүк жана жүргүнчүлөр вагондору), тартуучу кыймылдуу составды (магистралдык жана маневрдик тепловоздор) сатып алууга багытталган долбоорлор ишке ашырылмакчы.
"КТЖ" УК" МИнин локомотив чарбасы филиалынын базасында 2015-жылга карата, өзүнүн өндүрүштүк базасында жүргүзүлбөгөн утурумдук оңдоо-3 (УО-3) деңгээлиндеги оңдоонун түрлөрү менен тепловоздорду ондоочу цехтин курулушунун долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы чет өлкөдө жасалуучу кымбатка турган оңдоолордон баш тартууга мүмкүндүк берет, ошондой эле өз паркынын да, кыймылдуу курамдын жеке ээлеринин локомотивдерин да оңдоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Жүк вагондору боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, Беловодск бекетинде вагон-оңдоочу заводдун буу казандуу жайы бар сырдоо цехинин участогун куруу болжолдонуп жатат.
Ошондой эле тепловоз паркын толуктоого жана оңдоо-тейлөө базасын чыңдоого багытталган долбоорлор да ишке ашырылат. Кыймылдуу курам паркын толуктоо жана тепловоздорду оңдоого, анын ичинде төмөнкүлөрдү ишке ашырууда бардыгы болуп, 165 млн. тегерегиндеги АКШ доллары караштырылышы керек:
- вагондорду жана тепловоздорду оңдоо планы;
- тепловоздорду оңдоо боюнча цехтин курулушунун долбоору;
- кыймылдуу курам паркын 200 даана жүк ташуучу вагон, 10 даана тепловоз менен толуктоо планы.
4. Маалыматташтыруу, электр менен жабдуу жана байланыш тутумун өнүктүрүү.
Кыймылдын жана транспорттук процесстердин авариясыздыгын камсыздоо заманбап техникалык каражаттарды жана илимий-техникалык иштелмелерди колдонууга, башкаруу тутумун модернизациялоого жана автоматташтырууга негизделет.
Маалыматташтыруу темир жолдун иштөө процесстерине автоматташтырылган башкаруу тутумун киргизүүнү болжолдойт. Бул эң аз чыгым жумшоо менен көп ийгиликтерге жетүү аркылуу тармактын үзгүлтүксүз ишин башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Автоматташтырылган башкаруу тутумун түзүү төмөнкү көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү караштырат:
- колдогу автоматташтырылган маалыматтарды башкаруу тутумдарын модернизациялоо;
- заманбап реляциялык башкаруу тутумунун негизинде иштөөчү борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү;
- "кардар-сервер" технологиясын кеңири колдонуу;
- поезддик, вагондук, контейнердик үлгүлөр боюнча узак мөөнөттүү архивдерди түзүү;
- жүк ташуулар боюнча кардарларды тейлөөнүн заманбап технологияларын, электрондук-транспорттук коштомо кагаздарды пайдаланууну жана каржылык, статистикалык отчетторду алууну ишке ашыруучу автоматташтырылган тутумду түзүү;
- материалдык ресурстарды, кадрдык ресурстарды жана каржылык агымдарды башкаруучу автоматташтырылган тутумду түзүү;
Кийинки уч тутумду SAPRI 3 программалык комплекстин базасында түзүү болжолдонуп жатат. Маалыматтар базасын колдонуучулардын ишинин натыйжалуулугун динамикалык түрдө арттыруу үчүн, маалыматтарды чагылдыруучу ийкемдүү программалык тутумдар киргизилет.
Иштетилип жаткан маалыматтардын санынын, ошондой эле, аны иштетүүнүн ылдамдыгынын кескин өсүшү "КТЖ" УК" МИнин маалыматтык-эсептөө борборунун борбордук техникалык комплексин, атап айтканда, маалыматтык-эсептөө борборунун серверинин ресурстарын чыңдоо жана маршрутизатордун программалык аналогун алмаштыруу, маалыматтарды сактоонун дискалык тутумдарын, заманбап операциялык тутумдарды түп-тамырынан бери модернизациялоону талап кылат. Ошону менен бирге эле, маалыматтык тутумдун натыйжалуу, үзгүлтүксүз ишинин сапатын камсыз кыла алган жана алмаштырылбастан же түп-тамырынан бери өзгөртүүсүз 7 жылдан кем эмес кызмат кылууга жөндөмдүү программалык продуктуларды сатып алууга басым жасалышы керек. Бул чыгымды азайтуу менен бирге модулдук масштабдуулукту, универсалдуулукту, жогорку өндүрүмдүүлүктү жана тейлөөнүн жөнөкөйлүгүн камсыз кылат.
Жер-жерлердеги объекттердин, маалыматтык эсептөө борборлорунун жана кызматтарынын ортосундагы өндүрүмдүүлүгү жогору, ишеничтүү байланыш каналдарынын болушу, эсептөө ресурстарын борборлоштуруунун шарты болуп эсептелет.
Автоматташтырылган башкаруу тутумун түзүү маселелерин чечүү электр жабдуу жана байланыштын өнүгүүсүнүн көйгөйлөрү менен тыгыз байланышта болуп заманбап микропроцессордук тутумдар менен жабдууну, диагностика, радио байланыш каражаттарын сатып алууну, өз мүмкүнчүлүгүн иштетип бүткөн борборлоштурулган блокировка тутумдарын (мындан ары - ББТ) алмаштырууну караштырат.
Электрлештирүү, белги берүүчү жана байланыш тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттары төмөнкүлөр:
- курамдык элементтерди модернизациялоонун эсебинен, байланыштын сапатын эл аралык стандарттардын деңгээлине дейре жакшыртуу;
- белги берүү жана тосмолоо тутумун автоматташтыруунун деңгээлин жогорулатуу;
- электр жабдуу жана электр үнөмдөөчү тутумдардын ишенимдүүлүгүн арттыруу.
Негизги багыттарды жүзөгө ишке ашыруунун чегинде, төмөндөгүдөй капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда: Бишкек-Луговой участогундагы магистралдык байланыш кабелин алмаштыруу жана оңдоо, Бишкек-Рыбачье участогундагы аба байланыш линиясын алмаштыруу жана оңдоо, ББТ түзүлүштөрүн оңдоо, энергия булактарын алмаштыруу, белги берүүчү-тосмолоочу кабелди алмаштыруу, ошондой эле тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу.
Байланыштын волокондук-оптикалык линиясын төшөө жана эксплуатациялоо маалыматтарды берүү жана байланыштын автоматташтырылган тутуму үчүн жогорку ылдамдыктагы каналдарды камсыз кылат, технологиялык тейлөөнү жана техникалык түзүлүштөрдү оңдоону сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт.
Темир жол транспортун борборлоштурулган электр менен камсыздоо долбоорлору:
- Аламүдүн, Кант, Токмок, Рыбачье бекеттеринде поезддердин маршруттарын жөнөтүүнү жана кабыл алууну даярдоону тездетүүчү борборлоштурулган электр жебелерин жана сигналдарын куруу.
- Бишкек-1 бекетиндеги жергиликтүү телефон байланышын реконструкциялоо;
- Бишкек-1 бекетиндеги электр менен камсыздоону реконструкциялоо;
- Аламүдүн бекетинде трансформатордук көмөкчү чордон куруу.
Каржылоо булактары "КТЖ" УК" МИнин өз каражаты жана инвесторлордон тартылган каражаттары.
5. Транспорттук коопсуздукту уюштуруу жана контролдоо жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана темир жолдогу транспорттук коопсуздукту камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын экономикасынын темир жол ташууларына муктаждыктарынын болжолдонгон өсүшү, транспорттогу авариялуулукту кыскартуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын шарттайт. Темир жолдогу транспорт процесстеринин коопсуздугун жогорулатуунун негизги багыттары төмөнкүлөр:
- темир жол транспорт тутумунун авариялуулук элементтеринин деңгээлин азайтуу;
- техникалык кайра жабдуунун жана модернизациялоонун жардамы менен технологиялык процесстерди башкаруу тутумунда адам факторунун таасирин азайтуу;
- темир жол тутумунун иштөөсүндөгү мыйзамсыз кийлигишүүлөргө жол бербөө (транспорт каражаттарын уурдоо жана бузуу, кыймылды башкаруу тутумун бузуу);
- транспорттук коопсуздукту уюштуруу жана контролдоо жол-жоболорду жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Транспорттук процесстердин коопсуздугун камсыздоого багытталган чаралар:
- ташууларды ишке ашыруунун жана уюштуруунун технологиялык процесстеринин белгиленген талаптарын сактоого контролдукту күчөтүү;
- транспорт каражаттарынын техникалык абалына тутумдук контролду камсыздоо;
- заманбап техникаларды жана жабдууларды, диагностика жана оңдоо каражаттарын колдонуу;
- транспорттук процесстердин катышуучуларынын кесиптик даярдыктарынын деңгээлин жогорулатуу;
- кесепеттүү окуялардын санын азайтуу жана алдын алуу боюнча чараларды көрүү жана авариянын себебин өз убагында аныктоо;
- коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн темир жол инфратүзүмүнүн катышуучуларынын жоопкерчилигин жогорулатуу.
Көрүлгөн чаралардын баардыгы тең келип чыгуучу авариялык кырдаалдарды өз убагында жана ыкчамдык менен алдын алуу жана темир жол транспортунун үзгүлтүксүз иштеши үчүн, транспорттогу коопсуздук тутумунун натыйжалуулугун жаратууга багытталган.
6. "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалын чыңдоо:
Темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташуунун чыгашалуулугун жабуу үчүн чара көрүүнү, ошондой эле, насыялык жана дебитордук карыздарды кыскартууну карайт. Эң оболу дебиторлук насыяны кыскартуу боюнча чараларды керүү, кредиттик карыздарды төлөө графигин так кармануу.
Бүгүнкү күндө темир жолдо жүргүнчүлөрдү ташуу "КТЖ" УК" МИ үчүн чыгашалуу болуп жатат. Бул өз кезегинде, жүк ташуулардан түшкөн акча каражатын чыгашалуу жүргүнчү ташууларды кайчылаш субсидиялаштыруу тажрыйбасын колдонууну шарттайт.
Темир жол администрацияларынын ортосундагы насыялык карызды кыскартуу боюнча ("Кыргыз темир жолу" УК" МИ менен "Россия темир жолу" ачык акционердик коомунун жана "Казакстан темир жолы" Улуттук компаниясы" акционердик коомунун) ар бир тараптын кызыкчылыктарын сактоо менен карыздарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө келишимге жетишилди.
Келечекте "КТЖ" УК" МИ насыялык карыздарды кыскартуу боюнча да иштерди жүргүзөт.
Темир жол ташууларынын тарифтик саясатын өркүндөтүү чараларын көрүү да караштырылууда.
7. Темир жол транспортунун кадрдык жана илимий потенциалын жогорулатуу.
Темир жол тармагынын азыркы өнүгүшү темир жол транспорт тутумунун илимди көп талап кылуучу сегменттерин тейлөө үчүн, квалификациялуу илимий жана кадрдык потенциалды, айрыкча, инженердик-техникалык курамды калыптандыруу милдеттерин чечүүнүн зарылдыгын шарттайт. Милдеттерди аткаруу төмөнкү иш-чараларды жүзөгө ашырууну караштырат:
- темир жол транспортунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;
- тармакка жаш адистерди тартуу, адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу жана ага катар эле, жаш кадрлар үчүн социалдык кепилдиктерди кеңейтүү максатында "Жаңы муун" программасынын долбоорун иштеп чыгуу;
- темир жол транспортунун өнүгүү маселелерин изилдөөнү жүзөгө ашырган илимий мекемелер менен кызматташуу;
- темир жол тармагы үчүн адистерди даярдаган чет өлкөлүк алдыңкы жогору окуу жайлар менен республиканын профилдик жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматташтыгын чыңдоо;
- кызматкерлерди маалыматтык-аналитикалык, маалыматтык-библиографиялык тейлөөлөр менен камсыздоо жана илимий-техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн темир жолчулардын квалификациясын жогорулатуу борборун жана илимий базаны түзүү;
- алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен өз ара кызматташуу жана көмөктөшүү маселелеринде кызматташтыкты чыңдоо жана тажрыйба алмашуу.
8. Темир жол секторунун инвестициялык программаларын жана долбоорлорун даярдоо, ишке ашыруу, эл аралык кызматташуу.
"КТЖ" УК" МИ тарабынан темир жол транспортунун мындан ары өнүгүшүнө багытталган бир катар долбоорлорду, программаларды (тиркемелерди) даярдоо пландаштырылып жатат.
Кыргыз темир жолу - Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин жана Балтия өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча борбордук кеңешинин (ТЖБК), Темир жол шериктештигинин уюмунун (ТЖШУ), Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ), "Европа-Кавказ-Азия" транспорттук коридору макулдашуусунун (ЕКАТК) катышуучусу.
Бул уюмдардын алкагында келип чыккан маселелерди чечүүгө жана эл аралык жүк, ошондой эле жүргүнчүлөр темир жол ташууларына, эл аралык транспорттук коридорго, тарифтерге тиешелүү ченемдик-укуктук документтерге таянуу менен иштөөгө болот.
Коңшу мамлекеттер менен темир жол транспортунун ишин координациялоо тууралуу эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуулар түзүлгөн жана колдонулууда. Кыргыз-Казак, Кыргыз-Өзбек, Кыргыз-Россия, Кыргыз-Иран, Кыргыз-Түркмөн, Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссияларынын жолугушуулары уюштурулуп турат. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө темир жол транспортун жөнгө салуу тууралуу маселелер талкууланат.
Ошондой эле Евразиялык экономикалык коомчулуктун (ЕврАзЭС) жана Борбордук Азиялык Кызматташтыктын (БАК) чегинде темир жол транспортуна тийиштүү маселелерге карата кабыл алынган чечимдерди аткарууга "КТЖ" УК" МИ катышат.
Жаңы экономикалык байланыштарды түзүү жана мурдагы байланыштарды кайра калыбына келтирүү, жүк ташуулардын көлөмүнүн көбөйүшүн күтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул өз кезегинде, темир жол ташууларын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт.
Негизги багыттардын максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн төмөнкү иш-чаралар аныкталган:
- темир жол транспортунун жол чарбасынын инфратүзүмүн өнүктүрүү жана негизги багыттарын ишке ашыруу;
- кыймылдуу курамды модернизациялоо жана толуктоо;
- Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Түндүк-Түштүк темир жолунун техникалык-экономикалык негизин иштеп чыгуу жана экспертиза жүргүзүү;
- ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана темир жол транспортундагы техникалык жөнгө салуу тутумун өнүктүрүү;
- темир жол транспортунун кадрдык потенциалын жогорулатуу;
- Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Түндүк-Түштүк темир жолун куруу үчүн даярдык иштерин жүргүзүү;
- "Луговой-Бишкек (Аламүдүн) темир жол линиясынын электрлештирүүнүн" ТЭНин иштеп чыгып, жаңылоо жана каржылоо маселелерин чечүү;
- жолдорду жана жол чарбасын модернизациялоо;
- тартуучу-кыймылдуу курамдын, жүк жана жүргүнчүлөр вагондорунун оңдоочу базасын модернизациялоо;
- Темир жол транспортун борборлоштурулган электр менен камсыздоо, маалыматташтыруу, электр менен жабдуу, борборлоштурулган блокировка тутуму жана байланыш тутумун киргизүү;
- Луговой-Бишкек-Рыбачье волокондук-оптикалык байланыш линиясын жүргүзүү жана пайдалануу;
- темир жол транспортунун билим берүү жана кадрдык потенциалын жогорулатуу;
- "Луговой-Бишкек (Аламүдүн) темир жол линиясын электрлештирүү" долбоорун ишке ашыруу;
- Луговой-Рыбачье темир жолун реабилитациялоо.
Негизги багыттарды ишке ашыруу пландалган натыйжаларга жетишүүгө тоскоол боло турган тобокелдиктер менен коштолот:
а) экономиканын өсүшүнүн темпинин жана инвестициялык активдүүлүктүн деңгээлинин болжолдуу төмөндөшү менен байланышкан макроэкономикалык тобокелдиктер. Ушундай тобокелдикке баруу "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бул болсо компаниянын өз каражатынын эсебинен ишке ашыруу белгиленген иш-чараларынын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн;
б) көрүлгөн жол-жоболордун кемчиликтери, техникалык жана ченемдик укуктук жактан жетишсиз колдоого алуу менен байланышкан түздөн-түз тобокелдиктер.
Республиканын темир жолунун үзүл-кесилдиги жана туюк жолдордун болушу транспорттук бөлүнүүгө жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө алып келет. Тиешелүү макулдашууларга кол коюу Кыргыз темир жолунун өнүгүү долбоорун ишке ашыруу үчүн негиз түзгөн юридикалык документ болуп эсептелет;
в) геосаясий тобокелдиктер. Кыргыз Республикасынын эл аралык транспорт тутумунун ийгиликтүү интеграцияланышы өлкөдөгү жана коңшу региондордогу саясий кырдаалдын туруктуулугуна көз каранды болот. Эл аралык абалдын туруксуздугу транспорттук темир жол коридорун түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга терс таасирин тийгизет;
г) техногендик жана экологиялык тобокелдиктер. Транспорттогу техногендик (техникалык каражаттардын жогорку деңгээлде физикалык жана моралдык жактан эскириши, адам фактору), табигый (суу каптоолор, жер титирөөлөр, көчкүлөр жана у.с.) же социалдык мүнөздөгү (транспорттун иштешине укуксуз кийлигишүү, терроризм, мүлктү уурдоо жана зыян келтирүү жана у.с.) ар кандай ири катастрофа кыйла чоң капиталдык салым жумшоону талап кылат.
Аталган тобокелдиктер белгиленген милдеттердин аткарылышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, бул болсо өз кезегинде болжолдонгон көрсөткүчтөргө, Кыргыз темир жолунун туруктуу ишине жана өнүгүү индикаторлоруна (ташуулардын көлөмү, ишке жөндөмдүү кыймылдуу курамдын саны, адистик потенциалдын деңгээлинин жогорулашы ж.б.), ошондой эле экономиканын башка тармактарына таасир берет.
"КТЖ" УК" МИнин өз каражаты да, эл аралык каржылык институттар менен кызматташуунун чегиндеги гранттык жана насыялык түрдө тартылган каражаттар, ошондой эле жеке инвесторлордун каражаттары да ушул Негизги багыттарды ишке ашыруунун каржылоо булагы болуп эсептелет.
Инвестициялык каражаттар, 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына киргизилген биринчи кезектеги инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат.
Азыркы тапта долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна катышкан өлкөлөргө арналган каражаттардын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген насыяларды бөлүү мүмкүндүгү маселеси иштелип чыгууда. Мындан тышкары, долбоорлорду Борбордук Азиялык региондук экономикалык кызматташтык Борбордук Азиялык региондук экономикалык кызматташтык линиясы аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселе да иштелип чыгууда.
Инвестицияларды тартуу үчүн каржылоонун ар түрдүү механизмдери колдонулушу ыктымал: темир жолду концессияга өткөрүп берүү, узак мөөнөттүү, максаттуу насыя алуу, фондулук базар инвестицияларын тартуу (IPO). Ошондой эле, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизми, темир жолдорду курууда да, волокондук-оптикалык байланыш линиясын курууда, локомотивдерди, вагондорду сатып алууда, электрлештирүүдө ж.б. концессиялык макулдашуулар колдонулат.
Ири улуттук инвестициялык темир жолун куруу долбоорлорун эске албаганда Негизги багыттардын наркы 350 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинде "КТЖ" УК" МИнин 26,3 млн. АКШ доллары өз каражатынын эсебинен.
Ишке ашыруу үчүн керектүү инвестициялардын болжолдуу көлөмү 3,8 млрд. тегерегиндеги АКШ долларын түзөт (Түндүк-Түштүк темир жол курулушун эсептебегенде, анын каржылоо көлөмүн ТЭН аныктайт).
Негизги багыттарды ишке ашыруу темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги милдетин-коопсуз жана натыйжалуу ташуу менен Кыргыз Республикасынын калкынын жана өсүп жаткан экономикасынын керектөөлөрүн камсыздап, Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын күчөтүүнү, ишке ашырууну жана экономиканын тармактарын өнүктүрүүгө көмөк берүүнү чечүүгө мүмкүндүк берет.
Негизги багыттарды ишке ашыруунун натыйжасында, темир жол тармагын жаңылоо жана модернизациялоо жүргүзүлөт. Оңдоо жана кайра калыбына келтирүү базасын заманбап диагностикалык жана метрологиялык каражаттар менен жабдуу, кыймылдуу курамдын жана инфраструктура түзүлүштөрүнүн техникалык абалын жогорку деңгээлде кармап туруучу жана оңдоочу жаңы системаларды киргизүүгө жол ачат. Жук ташуу түйшүгү оор участоктордо жаңы материалдарды жана ыкмаларды колдонуу менен темир жол каттамдарын кайра калыбына келтирүүнүн натыйжасында, поезддердин кыймылынын жана жүктөрдү ташып жеткирүүнүн ылдамдыгы тездейт, темир жол ташууларынын чыгымы азаят.
Жүк ташуулардын көлөмүнүн өсүшү 200%ды түзө тургандыгы күтүлүүдө.
Ишке ашыруунун жыйынтыгында, жүргүнчүлөрдү ташуу муктаждыктарын ишке ашыруу үчүн шарттар бир кыйла жакшыртылат. Кыймылдуу курамды жаңылоонун жана модернизациялоонун натыйжасында жүргүнчүлөр поезддеринин каттамдык ылдамдыгы өсөт, тейлөөнүн деңгээли жогорулайт, жаңы каттамдар киргизилет.
Илимий базаны өнүктүрүү үчүн шарт түзүү жана кадрдык потенциалды колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу тармактык илимди өнүктүрүүгө, темир жол жумушчуларынын эмгегинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
Алдыга коюлган милдеттерди жана иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжасында төмөндөгүдөй натыйжаларга жетишүүгө болот (Негизги багыттардын тиркемесинин 1, 2, 3-таблицалары);
- жүктөрдү ташуулардын жүгүртүлүшү 60-70 млн. тонн. кмге же 7,3%га өсөт;
- жүктөрдү жөнөтүү 68-73 миң тоннага же 5,1%га өсөт;
- жүктөрдүн келүүсү 350-400 миң тоннага же 6,1% га өсөт;
- вагондордун жумушчу паркы 200 даанага же 10%га көбөйөт;
- 2000ден ашык жумушчу орун түзүлөт.
Ишке ашыруу мезгилинде жаңы темир жол линиялары пайдаланууга киргизилет. Кыргыз Республикасынын транзиттик мүмкүнчүлүгүн күчөтө турган, ошондой эле республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү республиканын ички темир жол линиясын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Жаңы темир жол линияларын куруу танапташ инфратүзүмдү, анын ичинде бекеттердин, түйүндөрдүн, разъезддердин, турак-жай шаарчаларынын курулушуна көмөк берет. Ошондой эле, экономиканын чектеш тармактарынын өнүгүүсүнө, анын ичинде: жаратылыш жана курулуш материалдарын, айыл-чарба продукцияларын ташууга мультипликаттуу таасир көрсөтөт.
Темир жол транспортунун транзиттик мүмкүнчүлүгүн күчөтүүнү натыйжалуу ишке ашыруу эл аралык ташууларга катышуудан экономикалык пайда табууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, экономикалык процесстерге Кыргыз темир жолунун интеграцияланышынын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.
Негизги багыттарда коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталган иштер Иш-чаралар планына ылайык бүткүл иш-аракет мезгилинде жүргүзүлөт. Койгон милдеттерин аткаруу Иш-чаралар планында чагылдырылган максаттуу индикаторлорго жана чектерге жетүү аркылуу бааланат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 558 токтому менен бекитилген |
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булактары | Күтүлүүчү натыйжалар | Индикаторлор | Жооптуу аткаруучулар |
I. Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын ишке ашыруу, темир жол магистралдарын куруу | ||||||
1 | Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп берген альтернативдүү темир жол каттамдарын изилдөө | 2014-жыл | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, инвестициялар | Инвесторлор менен макулдашууга кол коюу | Алдын ала ТЭН | ТжКМ, ТИМ, "КТЖ" УК" МИ |
2 | Кыргыз Республикасынын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Түндүк-Түштүк темир жол магистралынын курулушунун ТЭНин иштеп чыгуу | 2014-2015-жылдар | Чет элдик инвестициялар | Керектүү ресурстарды баалоону жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ТЭН | Иштелип чыккан ТЭН жана экспертиза жүргүзүү | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
3 | Кыргыз Республикасынын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү Түндүк-Түштүк темир жол магистралынын курулушунун башталышына даярдык жол-жоболорун өткөрүү | 2016-2020- жылдар | Чет элдик инвестициялар | Транзиттик потенциалды ишке ашыруу, ички темир жол тармагын өнүктүрүү | Темир жол магистралынын курулушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
II. Жол чарбасынын инфратүзүмүн модернизациялоо жана жаңылоо | ||||||
4 | Рельс алдындагы темир-бетон шпалдарына өтүп, иштин жаңы ыкмаларын колдонуу менен жолду жана темир жол чарбасын модернизациялоо | 2014-2020-жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, 1750 млн. сомдун тегерегинде | Жыл сайын 25 км жолду оңдоо, жолдун техникалык абалын жакшыртуу | 280 миң шпалды жана 175 км рельстерди алмаштыруу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
5 | Жолду өлчөөчү вагон менен темир жолдун абалына анализ жүргүзүү | 2014-2020-жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Оңдоо иштеринин көлөмү жана каржылоонун муктаждыктары жөнүндө маалыматтар, жолдордун техникалык абалын жакшыртуу | Жумуштардын көлөмү жана сапаты тууралуу жылдык маалымкат | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
6 | "Луговой- Рыбачье темир жолун кайра калыбына келтирүү" долбоорун ишке ашыруу жана инвесторлорду издөө | 2018-2020- жылдар | Инвестициялар, 65 млн. АКШ долл. тегерегинде | Жолдордун техникалык абалын жакшыртуу, участоктук ылдамдыкты жогорулатуу | Кайра калыбына келтирилген темир жолдор | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
III. Кыймылдуу курамдын тартуучу, жүк жана жүргүнчү вагондордун оңдоо базасын модернизациялоо жана толуктоо | ||||||
7 | 2020-жылга карата: - 5 магистралдык, 5 маневрдук тепловозду; - 200 вагонду сатып алуу | 2014-2020- жылдар | Инвестициялар, 60 млн. АКШ долл. тегерегинде | Кыймылдуу курамды жаңылоо | 5 магистралдык, 5 маневрдук тепловозду, 200 вагонду сатып алуу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
8 | Локомотивдерди, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондорду оңдоону караштырган кыймылдуу курамды модернизациялоо | 2014-2020-жылдар | Инвестициялар, "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, 100 млн. АКШ долл. тегерегинде | Кыймылдуу курамдын техникалык абалын жакшыртуу | Бардыгы 2461 вагонду оңдоо, анын ичинде 1582 жүк жана 879 жүргүнчүлөрдү ташуучу вагондор жана 2023 локомотив бирдиктери | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
9 | Кыймылдуу курамды оңдоо базасын модернизациялоо | 2014-2017-жылдар | Инвестициялар, "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, 5 млн. АКШ долл. тегерегинде | Көп сандагы кыймылдуу курамды оңдоо мүмкүнчүлүгү | Тепловоздорду оңдоо жана тейлөө боюнча цехтерди жаңы жабдуулар менен жабуу, Беловодскидеги вагондорду оңдоо заводунда жылуулук жана суу менен камсыз кылуу тутумун алмаштыруу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
10 | Көптөн бери иштебей туруучу парктагы жүк жана жүргүнчүлөр вагондорун оңдоо маселесин иштеп чыгуу: - вагондордун техникалык абалын анализдөө жана тандоо; - вагондорду оңдоого даярдоо; - зарыл болгон комплекттөөчү тетиктерди сатып алуу боюнча план-графикти даярдоо; - оңдоо иштерин жүргүзүп, вагондорду эксплуатациялоого берүү | 2014-2015-жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Вагондор паркын толуктоо | Паркта көптөн бери туруучу 50 жүк ташуучу вагондорду эксплуатацияга берүү | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
11 | Контролду бузбай турган каражаттардын бардык тибин жана салмак текшерүүчү вагон үчүн таразаларды текшерүү укугун алууга КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунан авторизация алуу | 2014-жыл | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Текшерүүлөрдү өткөрүп туруу "КТЖ" УК" МИнин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат | "КТЖ" УК" МИнин колунда керектүү уруксат берүүчү документтин болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ, ЭМ |
12 | Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары боюнча темир жолдун чеке-белиндеги жер участокторун 1:500 масштабындагы топографиялык сүрөткө тартуу. Бул сүрөткө тартуу объекттерди жана ошол жердеги курулуштарды айрып оңой таануу жана коммуникациялардын трассаларын аныктоо үчүн жүргүзүлөт | 2014-2015-жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Темир жол жер участоктору боюнча ошол жердеги объекттерди жана курулуштарды айрып таануу ыңгайлуу болушу, коммуникацияларын аныктоо үчүн темир жолго бөлүнгөн жер участогу тууралуу маалыматты жаңыртып туруу | Топографиялык сүрөткө тартуунун натыйжасы | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
IV. Электрдик жабдуу, маалыматташтыруу жана байланыш тутумун өнүктүрүү | ||||||
13 | Луговой-Бишкек-Рыбачье участогундагы волокондук-оптикалык байланыш линиясын төшөө долбоорун ишке ашыруу: - Бишкек-1 - Аламүдүн участогунда волокондук-оптикалык байланыштын тилкелерин төшөө; - Луговой - Бишкек-1 участкаларында волокондук-оптикалык байланыш линиясын төшөө; - Бишкек-Рыбачье участогунда волокондук-оптикалык байланыш линиясын төшөө | 2014-2019-жылдар | Инвестициялар, "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, 5,5 млн. AKШ долл. | Маалыматтарды берүүнүн сапатын жана ылдамдыгын жогорулатуу | Узундугу - 347 км волокондук-оптикалык байланыш линиясынын болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
14 | Узундугу 157 км болгон, "Луговой-Бишкек (Аламүдүн) темир жол линиясын электрлештирүү" долбоорун ишке ашыруу | 2016-2020-жылдар | Чет элдик инвестициялар, "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, 100 млн. АКШ долл. | Участоктук ылдамдыкты жогорулатуу, зыяндуу бөлүп чыгарууларды азайтуу | Электр поезддеринин (157 км) кыймылы үчүн электр линиясынын болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
15 | Маалыматтык коопсуздукту жогорулатуу - жолдун интеграцияланган маалыматтык үлгүсүн иштеп чыгуу | 2014-2015-жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу | Иштелип чыккан жолдун интеграцияланган маалыматтык үлгүсү | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
16 | Темир жол транспортун электрдик борборлоштуруу: - Аламүдүн, Кант, Токмок, Рыбачье бекеттеринде багыттама жана белги бергичтерди электрдик борборлоштуруу тутумун модернизациялоо; - Бишкек-1 бекетиндеги жергиликтүү телефон байланышын реконструкциялоо; - Бишкек-1 бекетиндеги электр жабдууларын реконструкциялоо; - Аламүдүн бекетинде трансформатордук көмөк чордонун куруу | 2014-2017-жылдар | Инвестициялар, "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары, 295,0 млн. сомдун тегерегинде | Электр менен камсыз кылууну жакшыртуу, "КТЖ" УК МИнин иштеринин коопсуздугун жогорулатуу | Электрдик борборлоштуруунун 4 постторун куруу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
17 | Колдогу маалыматтарды башкаруунун автоматташтырылган тутумун модернизациялоо: - заманбап реляциялык башкаруу тутумунун негизинде иштөөчү борборлоштурулган маалыматтар базасын түзүү; - "кардар-сервер" технологиясын кеңири колдонуу; - поезддик, вагондук жана контейнердик үлгүлөр боюнча узак мезгилдүү архивдерди түзүү; - жүк ташуулар боюнча кардарларды тейлөөнүн заманбап технологияларын жана каржылык, статистикалык отчетторду алуу, электрондук транспорттук коштоочу кагаздарды пайдаланууну ишке ашыруучу автоматташтырылган тутумду түзүү; - каржылык агымдарды, кадрдык ресурстарды, материалдык ресурстарды башкаруучу автоматташтырылган тутумду түзүү | 2014-2017-жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | "КТЖ" УК" МИнин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | Темир жолдун иштөө процесстерине модернизацияланган, автоматташтырылган башкаруу тутумун киргизүү | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
V. Темир жолдогу транспорттук коопсуздукту контролдоо жана уюштуруу жол-жоболорун жөнгө салуу боюнча транспорттук процесстердин коопсуздугун арттыруу, ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү | ||||||
18 | Кыймыл коопсуздугу тутумуна контроль жүргүзүүдө жооптуу кызматтардын иш методдорун жакшыртуу: - тепловоздун машинисти менен поезддин диспетчеринин сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле бекеттин нөөмөтчүсү менен тепловоздун машинистинин сүйлөшүүлөрүн жазып алуу тутумун киргизүү; - жолдун жана кыймыл курамынын куюлган тетиктерин техникалык диагностикалоо жана бузбай контролдоо методуна "КТЖ" УК" МИнин кызматкерлерин окутуу | 2014-2015- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Иштердин коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу | Окутулган адистер | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
19 | Темир жол тутумундагы транспорттук коопсуздукту уюштуруу жана контролдоо жол-жоболорун жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны жакшыртуу | Дайыма | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Кыргыз темир жолунда транспорт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу | Тиешелүү ченемдик укуктук актылардын болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
20 | Республикалык мааниге ээ болгон автожолдордогу өтмөктөрдө байкоочу видео камераларын орнотууга багытталган иштерди жүргүзүү | 2014-2015- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Кыргыз темир жолунда транспорт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу | Орнотулган видео байкоочу камералардын болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
21 | Локомотив депосунун базасында, иши поезддердин кыймылы менен байланыштуу жумушчуларды окутуу жана инструктаж өткөрүү үчүн автоматташтырылган тутумду киргизүү маселесин чечүү | 2014-2017- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу | Локомотивдик депонун базасында автоматташтырылган тутумдун болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
VI. "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалын бекемдөө | ||||||
22 | Темир жолдо жук ташуулардын жылдык өсүшүн камсыздоо боюнча өндүрүштүк иш-чараларды жүргүзүү | 2014-2020- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Ташуунун көлөмүн жогорулатуу | Темир жолдо жүк ташуулардын жылдык өсүшү 5%га чейин жетет | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
23 | Жүргүнчүлөр үчүн тейлөө сервисинин деңгээлин жогорулатуу (жүргүнчүлөр агымы көбөйгөн маалда, түз эл аралык катнаштардын кыймыл графигинде каралбаган кошумча жүргүнчүлөр поезддерин киргизүү) | Дайыма | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Жүргүнчүлөр санынын көбөйүшү | Жүргүнчүлөрдүн арызданууларынын жоктугу, кызмат көрсөтүүнүн сапатынын жогорулашы | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
24 | "КТЖ" УК" МИнин киреше бөлүгүн көтөрүүгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана көрүү: - жүк ташууларды жүгүртүүнүн көбөйүшү; жүргүзүлүшүн колдоо | Дайыма | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | "КТЖ" УК" МИнын каржылык абалын бекемдөө | 2020-жылга жүк ташууларды жүгүртүүнү 1075,0 млн. тн-км чейин көбөйтүү, 2020-жылга ташууну жүгүртүүнү 55,0 млн. пасс-км деңгээлинде кармап туруу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
25 | Дебитордук карызды азайтуу | Дайыма | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалын бекемдөө | Дебитордук карызды азайтуу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ, КР ЭжӨМ |
26 | KMШга катышкан мамлекеттердин темир жол администрацияларынын алдындагы насыялык карызын кыскартуу | Дайыма | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | "КТЖ" УК" МИнин каржылык абалын бекемдөө | График боюнча: - "РТЖ" ААКна 2016-ж. чейин 10 миң шв. франкын, андан ары 2020-ж. чейин 122,0 миң шв. франкын; - "Казакстан темир жолы УК" АКна 2020-ж. чейин 150 миң шв. франкын төлөө | ТжКМ, "КТЖ" УК" MИ |
VII. Темир жол транспортунун илимий жана кадрдык потенциалын жогорулатуу | ||||||
27 | "Жаңы муун" программасын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу | 2015-2020- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Тармакка жаш адистерди тартуу, даярдоо деңгээлин жогорулатуу | "Жаңы муун" программасын ишке ашыруу жана даярдалган адистердин саны | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
28 | Кыргыз Республикасынын тармактык окуу жайлары жана темир жол тармагы үчүн адистерди даярдаган алдыңкы чет өлкөлүк ЖОЖдор менен кызматташуу | 2014-2018- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Кадрдык потенциалды бекемдөө | Орусиядагы жана Казакстандагы ЖОЖдордун базасында квалификациялуу адистерди даярдоо | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ, ББжИМ |
29 | Кыргыз темир жолунун адистерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү: - бузбай турган каражаттарды текшерүү боюнча Урал метрологиялык институтунда; - механикалык каражаттарды жана линиялык-бурчтуу өлчөөлөрдү текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунда | 2014-2020- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | Адистердин квалификация деңгээлин жогорулатуу | Окутулган адистердин саны | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ, ББжИМ, ЭМ |
30 | Темир жол транспорту боюнча Эл аралык кеңештин чегинде, темир жол транспортундагы техникалык жөнгө салуу тутумун өнүктүрүүгө багытталган иштерди ишке ашыруу. "КТЖ" УК" МИнин адистеринин катышуусу: - мамлекеттер аралык техникалык регламенттерди иштеп чыгууда; - эл аралык макулдашууларды иштеп чыгууда; - эл аралык негизги документтерди, стандарттарды, эрежелерди, сунуштоолорду иштеп чыгууда; - мамлекет аралык техникалык документтерди иштеп чыгууда | 2014-2018- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | "КТЖ" УК" МИнин ишинин деңгээлин жогорулатуу, кыргыз темир жолунун ишинин коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу | Иштелип чыккан тиешелүү документтердин болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
31 | Илимий-техникалык документтерди иштеп чыгуу жана кызматкерлерди маалыматтык-аналитикалык, маалыматтык-библиографиялык жактан тейлөөнү камсыздоо үчүн "КТЖ" УК" МИ илимий-техникалык борборун түзүү | 2015-2018- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өзүнүн каражаттары | "КТЖ" УК" МИнин кызматкерлеринин маалыматтык- аналитикалык, маалыматтык- библиографиялык жактан тейленүүсүн камсыздоо, маданиятты жогорулатуу | Илимий- техникалык маалымат борборунун болушу | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
VIII. Инвестициялык долбоорлор жана эл аралык кызматташтык | ||||||
32 | Темир жол транспортунун программаларын, долбоорлорун иштеп чыгуу жана инвестицияларды издөө | 2014-2020- жылдар | ТжКМнын бюджетинин каражаттарынын чегинде | Темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди аткаруу | Долбоорлор боюнча маалымат | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
33 | Балтика жана КМШга катышкан мамлекеттердин темир жол транспорту боюнча Борбордук кеңешинин ишинин чегинде карап чыгуу үчүн темир жол транспортунун ишин өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2014-2015- жылдар | "КТЖ" УК" МИнин өз каражаттары | Темир жол транспортунун ишин өркүндөтүү | Тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жана башка документтер | ТжКМ, "КТЖ" УК'" МИ |
34 | 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасындагы темир жол транспортун өнүктүрүүнүн Негизги багыттарында камтылган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун мониторинги | 2014-2020- жылдар | ТжКМ бюджетинин каражаттарынын алкагында | Темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттерди аткаруу | Ишке ашырылган долбоорлор тууралуу маалымат | ТжКМ, "КТЖ" УК" МИ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ТжКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
ЭжӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги; |
ББжИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; |
"КТЖ" УК" МИ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы; |
КМШ | - | Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги. |
| 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын тиркемеси |
1-таблица
Көрсөткүч | Ченөө бирдиги | Отчет | Болжол | |||
2012-ж. | 2013-ж. | 2014-ж. | 2017-ж. | 2020-ж. | ||
Жүк ташуу | млн. т чакырым | 922,7 | 1001,7 | 1035 | 1055,0 | 1075,0 |
Жүктөрдү жөнөтүү | миң тонна | 1119,3 | 1360,6 | 1390 | 1405,0 | 1430,0 |
Жүктөрдүн келиши | миң тонна | 6296,5 | 6644,8 | 6900 | 6935,0 | 7050,0 |
Жүргүнчүлөрдү ташуу | млн. жүр. чакырым | 75,8 | 55,5 | 56 | 56,0 | 56,0 |
2-таблица
Жүктүн аталышы | 2012-ж. | 2013-ж. | Болжол | |||||||
2014-ж. | 2017-ж. | 2020-ж. | ||||||||
тонна | % | тонна | % | тонна | % | тонна | % | тонна | % | |
Көмүр | 304133 | 204,4 | 378073 | 124,3 | 385635 | 102,0 | 393347 | 102,0 | 403181 | 102,5 |
Мунай заттары | 164981 | 90,0 | 158649 | 96,2 | 126919 | 80,0 | 107881 | 85,0 | 93857 | 87,0 |
Кара металлдар | 23894 | 117,5 | 35792 | 149,8 | 36150 | 101,0 | 36511 | 101,0 | 36876 | 101,0 |
Кара металл сыныктары | 84306 | 64,6 | 59184 | 70,2 | 50306 | 85,0 | 43767 | 87,0 | 39390 | 90,0 |
Транспорт каражаттары | 15797 | 300,5 | 7551 | 47,8 | 4531 | 60,0 | 3172 | 70,0 | 2379 | 75,0 |
Курулуш жүктөрү | 115544 | 161,4 | 149371 | 129,3 | 156840 | 105,0 | 167818 | 107,0 | 179566 | 107,0 |
Цемент | 117103 | 106,3 | 157733 | 134,7 | 159626 | 101,2 | 162180 | 101,6 | 164775 | 101,6 |
Кант | 16061 | 29,2 | 104898 | 653,1 | 110143 | 105,0 | 110143 | 100,0 | 110363 | 100,2 |
Тамак-аш азыктары | 51590 | 58,9 | 63095 | 122,3 | 66250 | 105,0 | 728875 | 110,0 | 76518 | 105,0 |
Алкоголдук ичимдиктер ж.б. | 11279 | 46,4 | 8111 | 71,9 | 7300 | 90,0 | 7373 | 101,0 | 7447 | 101,0 |
Кант кызылчасы | 40525 | 69,0 | 86090 | 212,4 | 129135 | 150,0 | 129135 | 100,0 | 135592 | 105,0 |
Пахта | 23069 | 116,5 | 10864 | 47,1 | 5432 | 50,0 | 2716 | 50,0 | 1630 | 60,0 |
Башкалар | 224939 | 128,9 | 254502 | 113,1 | 267227 | 105,0 | 293950 | 110,0 | 308646 | 105,0 |
Бардыгы | 1193221 | 115,4 | 1473913 | 123,5 | 1505494 | 102,1 | 1530868 | 101,7 | 1560220, | 101,9 |
Кайрадан жөнөтүү | 73880 |
| 113265 |
| 115494 |
| 125868 |
| 130220 |
|
Бардыгы | 1119341 | 108,3 | 1360648 | 121,6 | 1390000 | 102,2 | 1405000 | 101,1 | 1430000 | 101,8 |
3-таблица
Жүктүн аталышы | 2012-ж. | 2013-ж. | Болжол | |||||||
2014-ж. | 2017-ж. | 2020-ж. | ||||||||
тонна | % | тонна | % | тонна | % | тонна | % | тонна | % | |
Көмүр | 1390939 | 130,2 | 1543942 | 111 | 1337898 | 103,5 | 1378036 | 103,0 | 1435914 | 104,2 |
Мунай заттары | 1935340 | 113,7 | 1935340 | 100 | 1976716 | 101,4 | 1996483 | 101,0 | 2022438 | 101,3 |
Курулуш жүктөрү | 218218 | 142,4 | 231311 | 106 | 243813 | 105,5 | 248690 | 102,0 | 254906 | 102,5 |
Цемент | 211294 | 141,3 | 200729 | 95 | 223227 | 102,0 | 223227 | 100,0 | 225683 | 101,1 |
Кант | 102483 | 70,7 | 208041 | 203 | 269129 | 148,5 | 271821 | 101,0 | 274811 | 101,1 |
Өндүрүштүк минералдык чийки зат | 110665 | 567,1 | 136118 | 123 | 140529 | 108,8 | 143340 | 102,0 | 146207 | 102,0 |
Жыгач материалдар | 288447 | 121,5 | 314407 | 109 | 359115 | 109,1 | 366298 | 102,0 | 369960 | 101,0 |
Буудай, ун | 623107 | 144,0 | 473561 | 76 | 489679 | 90,5 | 440711 | 90,0 | 418676 | 95,0 |
Кант кызылчасы | 53542 | 59,7 | 32661 | 61 | 147473 | 113,5 | 147473 | 100,0 | 148210 | 100,5 |
Майдаланган шлактар | 149015 | 82,4 | 217828 | 146 | 215985 | 108,5 | 226785 | 105,0 | 240846 | 106,2 |
Тамак-аш тобундагы азыктар | 203621 | 103,1 | 175114 | 86 | 174798 | 94,7 | 166060 | 95,0 | 161077 | 97,0 |
Алкоголдук ичимдиктер ж.б. | 72001 | 92,4 | 72001 | 100 | 71662 | 100,2 | 71662 | 100,0 | 71770 | 100,2 |
Башкалар | 937860 | 118,3 | 1162947 | 124 | 1249976 | 105,3 | 1254414 | 100,4 | 1279502 | 102,0 |
Бардыгы | 6296532 | 120,0 | 6704000 | 106,5 | 6900000 | 103,8 | 6935000 | 100,5 | 7050000 | 101,7 |