Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 569
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы
№ 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары менен мекемелеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүсү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоосу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контролдоо) жөнүндө”;
- 1-пункттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү, жетинчи абзацтары жана 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2.3.-пунктта:
- бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“физикалык факторлордун деңгээлин мамлекеттик текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө тийиштүү ырастамасы бар өлчөөчү приборлордун жардамы менен өлчөө;”;
- сегизинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 2.5.-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“2.5. Объектке жүргүзүлгөн лабораториялык-аспаптык изилдөөнүн жыйынтыгы өлчөөлөрдүн протоколуна киргизилет.”;
- 2.6.-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |