Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72, 2013-жылдын 3-июлундагы № 396, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык кызматынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аккредиттелген органдары жана мекемелери тарабынан жүргүзүлөт жана ал физикалык факторлордун булактары бар эмгек шартынын адамдын ден соолугуна зыяндуу таасирин болтурбоо максатында коопсуздуктун критерийлерин жана зыянсыздыгын камсыздоонун абдан маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
Физикалык факторлор - эмгекке жөндөмдүүлүктү азайтуучу, ар түрдүү ооруларды пайда кылуучу, адамдын ден соолугуна жалпы, жергиликтүү же алыстан зыяндуу таасир этүүчү ар кандай факторлор (ызы-чуу, дирилдөө, электромагниттик, лазердик жана башка нурлануулар, микроклимат жана башка бир топ себептер).
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" Техникалык регламент" тууралуу мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Бул Жобо синтетикалык материалдардын, кездемелердин, тиричиликтик электр приборлордун, электростатикалык талаа түзүүчү курулуш материалдардын, ошондой эле колдонулуучу жабдуулардын, аппараттардын (ойнолуучу автоматтар, жекече электрондук-эсептөөчү машиналар ж.б.) жана алардын курамдык бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын аймагындагы кабыл алуучу-жиберүүчү радиотехникалык объекттер (КЖРТО) орнотулган жерлердин коопсуздугуна жана зыянсыздыгына мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн жалпы талаптарын белгилейт.
II. Физикалык факторлордун булактарына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзкүүнүн тартиби
2.1. Юридикалык жактар же жеке адамдар менчигинин түрүнө, ведомстволук жана мамлекеттик таандыктыгына карабастан пайдаланылган объекттин Кыргыз Республикасынын аймагында физикалык факторлордун нурлануусунун (жаралуусунун) булагы катары коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыздоого тийиш.
2.2. Физикалык факторлорго санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн чарбакер субъект техникалык-эксплуатациялык картанын маалыматтарын ырастоочу документтерди калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык мамлекеттик же расмий тилде тапшырат.
Юридикалык Жактар же жеке адамдар тапшырылган документтердеги маалыматтардын тууралыгы үчүн толук жоопкерчиликте болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Физикалык факторлордун булактарына санитардыкэпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү төмөнкүлөрдү камтыйт, алар:
- экспертизага байланышкан иштерге акы төлөөгө келишим түзүү;
- тапшырылган документтерди, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык тастыктаган техникалык-эксплуатациялык картанын маалыматтарын кароо жана экспертизалоо;
- иш орундардагы жана айлана-чөйрөдөгү физикалык факторлордун деңгээлин өлчөө үчүн жерине баруу;
- физикалык факторлордун деңгээлин мамлекеттик текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө тийиштүү ырастамасы бар өлчөөчү приборлордун жардамы менен өлчөө;
- көрсөткүчтөрдү формулалар боюнча эсептөө жана өлчөөнүн протоколун тариздөө;
- экспертизанын жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу:
- (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72, 2013-жылдын 3-июлундагы № 396, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.4. Жүргүзгөн лабораториялык текшерүү үчүн акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген, акы төлөнүүчү кызматтарга баалардын колдонуудагы прейскурантына жараша төлөнөт.
Арызды кароонун жана тийиштүү лабораториялык текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү арыз берилгенден кийин 30 күндөн ашпайт.
2.5. Объектке жүргүзүлгөн лабораториялык-аспаптык изилдөөнүн жыйынтыгы өлчөөлөрдүн протоколуна киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 токтомуна ылайык)
2.6. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 569 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.7. Изилденген объектте калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарынан четтөө аныкталган учурда ал четтөөлөрдү жоюу жана кайрадан текшерүү жүргүзүү жөнүндө санитардык көрсөтмө берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Ушул Жобонун талаптарын аткарбаган учурда юридикалык жактар же жеке адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилнк тартышат.