Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги N 245 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 572
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнү тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 73-пункт:
"башка тең кызматка" деген сөздөрдөн кийин ", ал эми мындай кызмат болбогон учурда - офицердин өзүнүн макулдугу боюнча бир баскычка төмөн турган кызматка" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Офицерлер командирдин (начальниктин) карамагында турган мезгилде командачылыктын чечими боюнча кадр органдары аларга башка бош тең кызматка же бир баскычка төмөн турган кызматка дайындоону эки жолудан кем эмес сунуштоого милдеттүү. Ар бир баш тартуу же сунушталган кызматка макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал офицердин өздүк ишине тиркелет.
Командирдин (начальниктин) карамагында белгиленген мөөнөттөн ашык турган офицерлер сунушталган кызматтан кезектеги баш тартуудан кийин аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.";
- 186-пункт төмөнкү мазмундагы 61-пунктча менен толукталсын:
"61) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен төмөнкүлөрдү күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча ишенимден кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн:
- түздөн-түз акчалай жана товардык баалуулуктарды тейлеген аскер кызматчылары күнөөлүү аракеттерди жасагандыгына;
- ишкердик иштин каалаган түрү менен алектенгенине;
- динге карата тигил же бул мамилени үгүттөө үчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганына;
- саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына ар кандай түрдө көмөк көрсөткөнүнө жана мүчө болгонуна;
- профсоюздарга мүчө болгонуна, иш таштоолорду уюштурганына жана аларды өткөрүүгө катышканына;
- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан же аскер бөлүгүнүн командиринин (мекеменин, уюмдун начальнигинин) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жекече тартипте илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик иш менен байланышкан иштерди кошпогондо, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда айкалыштыруучулук боюнча иштегенине;
- "кызматтык пайдалануу үчүн" чектөө грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз чет элдик юридикалык жана жеке адамдарга бергенине;
- башка мамлекеттин жарандыгы бардыгын жаап-жашырганына;
- мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияга атайын туура эмес же толук эмес маалыматтарды бергенине;";
- 187-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2) штаттарды кыскартуу боюнча же ушул Жобонун 73-пункту менен белгиленген командирдин (начальниктин) карамагында болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин башка уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, аны колдонууга мүмкүнчүлүгү болбогон же ага сунушталган кызматтардан баш тарткан учурда;".
2. Аскердик кызмат каралган министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 10-октябрында № 78 жарыяланды
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |