Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-октябры № 574
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 “Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды четтетүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 “Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө типтүү макулдашууда:
5-пунктунун 5.1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пивону өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө типтүү макулдашууда:
4-пунктунун 4.1-пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |