Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 318 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-февралы № 44
Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы №392 , 2012-жылдын 6-августундагы № 547, 2014-жылдын 3-октябрындагы № 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө, пивону өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын тиркелген долбоорлору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы №392 , 2012-жылдын 6-августундагы № 547, 2014-жылдын 3-октябрындагы № 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары ____ -жылдын "__" _____________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК) МСК жөнүндө жобонун негизинде иштеген төрага _____________________________ атынан, экинчи тараптан
1. _________________, _______________________ негизинде иштеген _________________ атынан,
2. _________________, _______________________ негизинде иштеген _________________ атынан,
3. _________________, _______________________ негизинде иштеген ___________________ атынан (мындан ары - Өндүрүүчүлөр) жана үчүнчү тараптан этил спиртин өндүрүүчүлөр:
1. ________________, _______________________ негизинде иштеген директор _____________________ атынан,
2. Уставдын негизинде иштеген __________________________________, экономиканын бюджет түзүүчү тармагынын бири катары алкоголдук тармактын өнүгүүсүнүн динамикасынын негизинде;
өлкөдөгү финансылык-экономикалык жана социалдык кырдаалды эске алып;
- өлкөнүн экономикасынын үлүшүндөгү сапаттуу жана сандык көрсөткүчтөрүнөн билинүүчү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн аракты өндүрүүсүнүн жана сатуусунун көлөмүн көбөйтүү;
- акциз салыгынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган башка салыктардын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсүн көбөйтүү;
- аракты өндүрүүнүн көлөмүнүн болжолдонгон планын аткаруу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү этил спирти менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылдыгын түшүнүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Макулдашуунун предмети
1.1. МСК аракты өндүрүүнү жана сатууну көбөйтүү боюнча Өндүрүүчүлөрдүн үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт,
ал эми Өндүрүүчүлөр ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык көлөмдө аракты өндүрүү жана сатуу менен байланышкан акциз салыгынын жана башка салыктардын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсүн көбөйтүү боюнча милдеттенмелерди алышат,
өз кезегинде Заводдор Өндүрүүчүлөргө консигнация шартында этил спиртин үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылышат.
1.2. Тараптар ушул Макулдашууда жана анын ажырагыс бөлүгү болгон тиркемелерде каралган шарттарда жана мөөнөттөрдө аткарылуучу милдеттенмелерди алышат.
2. Өндүрүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
2.1. Өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) 2-тиркемеге ылайык (2.1-2.11) календардык жылдын айлары боюнча бөлүнгөн арак өндүрүүнүн көлөмүнүн жеке жылдык экономикалык планын аткарууга.
Өндүрүүчүнүн заводунда технологиялык же башка проблемалар пайда болсо жана алар Мамагенттиктин актысы менен ырасталса, өндүрүүнүн бир айлык планын аткарууну өзгөртүүгө жол берилет, бирок бул өзгөртүү 20 проценттен ашпоого тийиш, анын ордун Өндүрүүчү кийинки айдын ичинде, аракты өндүрүүнүн жалпы бир жылдык планын аткаруунун алкагында толтурат;
б) тиркемелерде каралган көлөмдө акциз салыгынын суммасын өз убагында төлөөгө, бул учурда экспортко жөнөтүлгөн арактын көлөмү эске алынбайт;
в) арак продукциясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген дүң-сатуу жана чекене баа жөнүндө маалыматты мамлекеттик жана расмий тилдерде берүүгө;
г) аракты өндүрүүнүн көлөмүнүн аткарылышы боюнча оперативдүү маалыматты декада сайын берүүгө;
д) ай сайын жана квартал сайын жыйынтыктарды чыгаруу үчүн так маалыматтарды жана отчеттук маалыматтарды Мамагенттикке берүүгө;
е) Өндүрүүчүлөрдүн бири арак өндүрүү боюнча планды аткарбаган учурда жоопкерчиликти биргелешип тартууга. Аткарылбаган үлүштөр өндүрүштүк кубаттуулуктарды эске алуу менен бир айлык жана жылдык планды аткаруу максатында Өндүрүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлөт.
2.2. Өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
а) чарбалык ишке контролдоочу жана укук коргоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоо алууга;
б) Заводдор менен макулдашылган көлөмдө консигнация шарттарында этил спиртин алууга;
в) Тараптардын ушул Макулдашуунун шарттарын аткаруусун текшерүү үчүн Мамагенттик түзүүчү жумушчу комиссиянын курамына киргизүүгө өкүлдөрүн жиберүүгө.
3. Мамагенттиктин укуктары жана милдеттери
3.1. МСК төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) Өндүрүүчүлөрдөн жана Заводдордон декада сайын берилүүчү оперативдүү маалыматтарды кабыл алууга, иштин ай сайын жана квартал сайын жыйынтыктарын чыгарууга;
б) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
в) ушул Макулдашуунун алкагында Өндүрүүчүлөр менен Заводдордун өз ара мамилелеринде агент катары чыгууга.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Мамагенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
а) аракты өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүнүн аткарылышын жана акциз салыгынын өз убагында төлөнүшүн контролдоого, ушул Макулдашуунун шарттарынын аткарылбай калышынын жана талаптагыдай аткарылбай калышынын себептерин аныктоо үчүн жумушчу комиссияны түзүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өндүрүүчүнүн жана/же Заводдун лицензиясын алып коюуга.
4. Заводдордун укуктары жана милдеттери
4.1. Заводдор төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) акы төлөөнүн мөөнөтүн 20 күнгө чейин узартуу менен консигнация шарттарында этил спиртин жеткирүүгө Өндүрүүчүлөр менен жеке келишимдерди түзүүгө;
б) Өндүрүүчүлөр менен макулдашылган көлөмдө этил спиртин өз убагында жеткирүүгө;
в) ушул Макулдашуунун шарттарынын аткарылышы, ошондой эле 3-тиркемелерге ылайык (3.1., 3.2.) алдыдагы отчеттук мезгилдеги өндүрүштүн болжолу боюнча декада сайын отчетторду Мамагенттикке берүүгө.
4.2. Заводдор төмөнкүлөргө укуктуу:
а) ушул Макулдашуунун 4-тиркемелерине ылайык (4.1., 4.2.) этил спиртин Өндүрүүчүлөрдүн өз убагында кабыл алуусун талап кылууга;
б) жеткирилген этил спирти үчүн акыны Өндүрүүчүлөрдөн өз убагында алууга;
в) ушул Макулдашуунун шарттарын ишке ашыруу үчүн иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар менен мамлекеттик органдарга кайрылууга.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-октябрындагы № 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.2. Бул Макулдашууда каралган өндүрүштүн көлөмдөрү аткарылбаган учурда Өндүрүүчү мыйзамда каралган тартипте лицензиясынан ажыратылат, буга ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунун а) пунктчасынын экинчи абзацында каралган учурлар кирбейт. Ошол эле учурда Өндүрүүчү лицензиясынан ажыратылган күндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде алкоголдук продукцияны куюунун жана этикеткасын чаптоонун автоматын (моноблоктордун) монтаждан чечүүгө жана лицензияда аталган дарек боюнча продукция өндүрүүчүнүн кампасында сактоого милдеттүү.
6. Форс-мажордук жагдайлар
6.1. Эгерде Тараптар алдын ала билбеген жана жеткиликтүү чаралар менен алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлардын шарттарындагы болтурбоого мүмкүн болбогон, башкача айтканда өзгөчө жана күтүлбөгөн күчтөрдүн айынан ушул Макулдашууну жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн Тараптар жоопкерчиликтен бошотулат.
Болтурбоого мүмкүн болбогон күчтөр катары төмөнкү окуялар таанылат: жер титирөө, суу каптоо, өрт, согуштук иш-аракеттер.
6.2. Форс-мажордук жагдайлар болгон учурда Тарап алар тууралуу башка Тарапка жазуу жүзүндө кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү. Билдирүү жагдайлардын мүнөзү, алардын Макулдашуу боюнча милдеттерди Тараптын аткаруусуна тийгизүүчү таасирин баалоонун мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш.
6.3. Болтурбоого мүмкүн болбогон күчтүн жагдайы токтогондо Тарап бул тууралуу башка тарапты жазуу жүзүндө кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү. Билдирүүдө Макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруунун болжолдуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
6.4. Жогоруда аталган жагдайлардын пайда болушу ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөтүн аталган жагдайлардын болуп өткөн мөөнөтүнө туура келген мезгилге узартат.
7. Корутунду жоболор
7.1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана ____-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Бул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганда анын шарттары ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда консигнацияда турган жана алар боюнча Тараптар эсептеше элек этил спиртин жеткирүүгө карата колдонулат.
7.2. Бул Макулдашуу Тараптардын макулдашуусу боюнча токтотулушу мүмкүн. Макулдашууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымдоо берилип, бул маалымдоо башка Тарапка жиберилген күндөн эки ай өткөндөн кийин ушул Макулдашууну колдонуу токтотулат.
7.3. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7.4. Бул Макулдашуунун бардык тиркемелери жана мындан аркы өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет жана юридикалык күчкө ээ болот.
7.5. Бул Макулдашуу боюнча талаштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
7.6. Талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө мүмкүн болбосо, талаштар сот тартибинде чечилет.
7.7. Бул Макулдашууда каралбаган башка маселелерде Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
7.8. Бул Макулдашуу ар бир тарап үчүн бир нускадан, ___________________ нускада түзүлгөн, алар бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын реквизиттери:
МСК төрага
________________________________________
"__" __________ ____-жыл
Заводдор:
1. _____________________________________
Директор
________________________________________
"__" __________ ____-жыл
2. _____________________________________
Директор
"__" __________ ____-жыл
Өндүрүүчүлөр:
1. _____________________________________
Юридикалык дареги:
________________________________________
ИСН ____________________________________
Директор _______________________________
Мөөрү
2. _____________________________________
Юридикалык дареги:
________________________________________
ИСН ____________________________________
Директор _______________________________
Мөөрү
3. _____________________________________
Юридикалык дареги:
________________________________________
ИСН ____________________________________
Директор _______________________________
Мөөрү
Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө макулдашууга 1-тиркеме |
____-жылы аракты өндүрүүнүн жана акциз салыгын төлөөнүн
ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ
┌───────────┬──────┬──────┬───────┬──────┬───────┬───────┬─────┬──────┬
│ │ ____-│январь│февраль│ март │ 1-кв. │апрель │ май │ июнь │
│ │ жыл │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼──────┼──────┼───────┼──────┼───────┼───────┼─────┼──────┼
│Бардыгы │ │ │ │ │ │ │ │ │
│арак (миң │ │ │ │ │ │ │ │ │
│дал) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼──────┼──────┼───────┼──────┼───────┼───────┼─────┼──────┼
│Спиртке │ │ │ │ │ │ │ │ │
│квота (миң │ │ │ │ │ │ │ │ │
│дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼──────┼──────┼───────┼──────┼───────┼───────┼─────┼──────┼
│Акциз │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(млн. сом.)│ │ │ │ │ │ │ │ │

└───────────┴──────┴──────┴───────┴──────┴───────┴───────┴─────┴──────┴
┬───────┬──────┬──────┬────────┬───────┬───────┬──────┬───────┬───────┐
│ 2-кв. │ июль │август│сентябрь│ 3-кв. │октябрь│ноябрь│декабрь│ 4-кв. │
┼───────┼──────┼──────┼────────┼───────┼───────┼──────┼───────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │

┴───────┴──────┴──────┴────────┴───────┴───────┴──────┴───────┴───────┘
Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө макулдашууга 2-тиркеме |
____-жылы аракты өндүрүүнүн (спирттин квотасынын)
жана акциз салыгын төлөөнүн
ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомунун
редакциясына ылайык)
____-жыл
┌───────────┬────────┬──────┬──────┬──────┬───────┬──────┬──────┬─────┬
│ │ жыл │ янв. │ фев. │ март │ I кв. │ апр. │ май │июнь │
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼─────┼
│Көлөмү │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(миң дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼─────┼
│Спиртке │ │ │ │ │ │ │ │ │
│квота (миң │ │ │ │ │ │ │ │ │
│дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼─────┼
│Акциз │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(млн. сом.)│ │ │ │ │ │ │ │ │
└───────────┴────────┴──────┴──────┴──────┴───────┴──────┴──────┴─────┴
┬────────┬──────┬──────┬───────┬────────┬──────┬──────┬───────┬───────┐
│ II кв. │ июль │ авг. │ сент. │III кв. │ окт. │ноябрь│декабрь│ IV кв.│
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼───────┼───────┤

┴────────┴──────┴──────┴───────┴────────┴──────┴──────┴───────┴───────┘
2010-жыл
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
(*) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(*) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө макулдашууга 3-тиркеме |
___________________ ____-жылга этил спиртин
өндүрүүнүн жана жөнөтүүнүн
ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ
____-жыл
┌───────────┬────────┬──────┬──────┬──────┬───────┬──────┬─────┬──────┬
│ │ жыл │ янв. │ фев. │ март │ I кв. │ апр. │ май │ июнь │
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼
│Көлөмү │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(миң дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┴────────┴──────┴──────┴──────┴───────┴──────┴─────┴──────┴
│ Спирт жөнөтүү (миң дал)
├───────────┬────────┬──────┬──────┬──────┬───────┬──────┬─────┬──────┬
│Ишкана │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼
├───────────┼────────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼─────┼──────┼
└───────────┴────────┴──────┴──────┴──────┴───────┴──────┴─────┴──────┴
┬────────┬──────┬──────┬───────┬────────┬──────┬──────┬──────┬────────┐
│ II кв. │ июль │ авг. │ сент. │III кв. │ окт. │нояб. │ дек. │ IV кв. │
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┴────────┴──────┴──────┴───────┴────────┴──────┴──────┴──────┴────────┤
│
┬────────┬──────┬──────┬───────┬────────┬──────┬──────┬──────┬────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
┼────────┼──────┼──────┼───────┼────────┼──────┼──────┼──────┼────────┤
┴────────┴──────┴──────┴───────┴────────┴──────┴──────┴──────┴────────┘
Аракты өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө макулдашууга 4-тиркеме |
___________________ ____-жылга этил спиртин өндүрүүнүн
ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомунун
редакциясына ылайык)
____-жыл
┌───────────┬───────┬──────┬──────┬──────┬───────┬───────┬─────┬──────┬
│ │ жыл │ янв. │ фев. │ март │ I кв. │ апр. │ май │ июнь │
├───────────┼───────┼──────┼──────┼──────┼───────┼───────┼─────┼──────┼
│Көлөмү │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(миң дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
└───────────┴───────┴──────┴──────┴──────┴───────┴───────┴─────┴──────┴
┬────────┬─────┬──────┬───────┬────────┬──────┬───────┬──────┬────────┐
│ II кв. │июль │ авг. │ сент. │III кв. │ окт. │ нояб. │декаб.│ IV кв. │
┼────────┼─────┼──────┼───────┼────────┼──────┼───────┼──────┼────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┴────────┴─────┴──────┴───────┴────────┴──────┴───────┴──────┴────────┘
2010-жыл
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 547токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 токтому менен бекитилген | |
|
|
|
|
(КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 15-июлундагы №392,
2012-жылдын 6-августундагы № 547, 2014-жылдын 3-октябрындагы № 574 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бишкек шаары ____-жылдын "__"____________
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК) МСК жөнүндө жобонун негизинде иштеген төрага _____________ атынан, экинчи тараптан:
1. _________________, _______________________ негизинде иштеген _________________ атынан,
2. _________________, _______________________ негизинде иштеген ___________________ атынан (мындан ары - Өндүрүүчүлөр), экономиканын бюджет түзүүчү тармактарынын бири катары алкоголдук тармактын өнүгүүсүнүн динамикасынын негизинде;
өлкөдөгү финансылык-экономикалык жана социалдык кырдаалды эске алып;
- өлкөнүн экономикасынын үлүшүндөгү сапаттуу жана сандык көрсөткүчтөрүнөн билинүүчү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн пивону өндүрүүсүнүн жана сатуусунун көлөмүн көбөйтүү;
- акциз салыгынын жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган башка салыктардын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсүн көбөйтүү зарылдыгын түшүнүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1. Макулдашуунун предмети
1.1. МСК пивону өндүрүүнү жана сатууну көбөйтүү боюнча Өндүрүүчүлөрдүн үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт,
ал эми Өндүрүүчүлөр ушул Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык көлөмдө пивону өндүрүү жана сатуу менен байланышкан акциз салыгынын жана башка салыктардын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсүн көбөйтүү боюнча милдеттенмелерди алышат,
1.2. Тараптар ушул Макулдашууда жана анын ажырагыс бөлүгү болгон тиркемелерде каралган шарттарда жана мөөнөттөрдө аткарылуучу милдеттенмелерди алышат.
2. Өндүрүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
2.1. Өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) 2-тиркемеге ылайык календардык жылдын айлары боюнча бөлүнгөн пиво өндүрүүнүн көлөмүнүн жеке жылдык экономикалык планын аткарууга.
Өндүрүүчүнүн заводунда технологиялык же башка проблемалар пайда болсо жана алар Мамагенттиктин актысы менен ырасталса, өндүрүүнүн бир айлык планын аткарууну өзгөртүүгө жол берилет, бирок бул өзгөртүү 20 проценттен ашпоого тийиш, анын ордун Өндүрүүчү кийинки айдын ичинде, пивону өндүрүүнүн жалпы бир жылдык планын аткаруунун алкагында толтурат;
б) тиркемелерде каралган көлөмдө акциз салыгынын суммасын өз убагында төлөөгө, бул учурда экспортко жөнөтүлгөн пивонун көлөмү эске алынбайт;
в) пивону өндүрүүнүн көлөмүнүн аткарылышы боюнча оперативдүү маалыматты декада сайын берүүгө;
д) ай сайын жана квартал сайын жыйынтыктарды чыгаруу үчүн так маалыматтарды жана отчеттук маалыматтарды Мамагенттикке берүүгө;
е) өндүрүүчүлөрдүн бири арак өндүрүүнүн планын аткарбаган учурда чогуу жоопкерчилик тартууга. Айлык жана жылдык пландарды аткаруу максатында аткарылбаган үлүш өндүрүштүн кубаттуулуктарын жана алкоголдук продукция рыногунда ээлеген үлүшүн эске алуу менен МСК Өндүрүүчүлөр ортосунда бөлүштүрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-июлундагы № 392 токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. Өндүрүүчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
а) чарбалык ишке контролдоочу жана укук коргоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоо алууга;
б) Тараптардын ушул Макулдашуунун шарттарын аткаруусун текшерүү үчүн МСК түзүүчү жумушчу комиссиянын курамына киргизүүгө өкүлдөрүн жиберүүгө.
3. МСК укуктары жана милдеттери
3.1. МСК төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) Өндүрүүчүлөрдөн декада сайын берилүүчү оперативдүү маалыматтарды кабыл алууга, иштин ай сайын жана квартал сайын жыйынтыктарын чыгарууга;
б) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. МСК төмөнкүлөргө укуктуу:
а) пивону өндүрүүнүн жана сатуунун көлөмүнүн аткарылышын жана акциз салыгынын өз убагында төлөнүшүн контролдоого, ушул Макулдашуунун шарттарынын аткарылбай калышынын жана талаптагыдай аткарылбай калышынын себептерин аныктоо үчүн жумушчу комиссияны түзүүгө;
б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өндүрүүчүнүн лицензиясын алып коюуга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-октябрындагы № 574 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4.2. Бул Макулдашууда каралган өндүрүштүн көлөмдөрү аткарылбаган учурда Өндүрүүчү мыйзамда каралган тартипте лицензиясынан ажыратылат, буга ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунун а) пунктчасынын экинчи абзацында каралган учурлар кирбейт. Ошол эле учурда Өндүрүүчү лицензиясынан ажыратылган күндөн кийин 30 календардык күндүн ичинде ачылбаган челекти монтаждан чечүүгө жана лицензияда аталган дарек боюнча продукция өндүрүүчүнүн кампасында сактоого милдеттүү.
5. Форс-мажордук жагдайлар
5.1. Эгерде Тараптар алдын ала билбеген жана жеткиликтүү чаралар менен алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлардын шарттарындагы болтурбоого мүмкүн болбогон, башкача айтканда өзгөчө жана күтүлбөгөн күчтөрдүн айынан ушул Макулдашууну жарым-жартылай же толугу менен аткарбагандыгы үчүн Тараптар жоопкерчиликтен бошотулат.
Болтурбоого мүмкүн болбогон күчтөр катары төмөнкү окуялар таанылат: жер титирөө, суу каптоо, өрт, согуштук иш-аракеттер.
5.2. Форс-мажордук жагдайлар болгон учурда Тарап алар тууралуу башка Тарапка жазуу жүзүндө кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү. Билдирүү жагдайлардын мүнөзү, алардын Макулдашуу боюнча милдеттерди Тараптын аткаруусуна тийгизүүчү таасирин баалоонун мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтарды камтууга тийиш.
5.3. Болтурбоого мүмкүн болбогон күчтүн жагдайы токтогондо Тарап бул тууралуу башка тарапты жазуу жүзүндө кечиктирбестен билдирүүгө милдеттүү. Билдирүүдө Макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруунун болжолдуу мөөнөтү көрсөтүлүүгө тийиш.
5.4. Жогоруда аталган жагдайлардын пайда болушу ушул Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруунун мөөнөтүн аталган жагдайлардын болуп өткөн мөөнөтүнө туура келген мезгилге узартат.
6. Корутунду жоболор
6.1. Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана ____-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
6.2. Бул Макулдашуу Тараптардын макулдашуусу боюнча токтотулушу мүмкүн. Макулдашууну токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалымдоо берилип, бул маалымдоо башка Тарапка жиберилген күндөн эки ай өткөндөн кийин ушул Макулдашууну колдонуу токтотулат.
6.3. (КР ¤кмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6.4. Бул Макулдашуунун бардык тиркемелери жана мындан аркы өзгөртүүлөр ушул Макулдашуунун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелет жана юридикалык күчкө ээ болот.
6.5. Бул Макулдашуу боюнча талаштарды жана пикир келишпестиктерди Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен чечет.
6.6. Талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө мүмкүн болбосо, талаштар сот тартибинде чечилет.
6.7. Бул Макулдашууда каралбаган башка маселелерде Тараптар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышат.
6.8. Бул Макулдашуу ар бир тарап үчүн бир нускадан, _________________________ нускада түзүлгөн, алар бирдей юридикалык күчкө ээ.
Тараптардын реквизиттери:
МСК төрага
________________________________________
"__" __________ ____-жыл
Өндүрүүчүлөр:
1. _____________________________________
Юридикалык дареги:
________________________________________
ИСН ____________________________________
Директор _______________________________
Мөөрү
2. _____________________________________
Юридикалык дареги:
________________________________________
ИСН ____________________________________
Директор _______________________________
Мөөрү
Пивону өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө макулдашууга 1-тиркеме |
____-жылга пивону өндүрүүнүн жана
акциз салыгын төлөөнүн
ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ
┌─────────────┬────────┬──────┬───────┬─────┬──────┬──────┬─────┬─────┬
│ │ ____- │ янв. │ февр. │март │ 1 кв.│ апр. │ май │ июнь│
│ │ жылга │ │ │ │ │ │ │ │
│ │экономи-│ │ │ │ │ │ │ │
│ │ калык │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ болжол │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
│Бардыгы пиво │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(миң дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
│Бардыгы акциз│ │ │ │ │ │ │ │ │
│(млн сом.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
├─────────────┼────────┼──────┼───────┼─────┼──────┼──────┼─────┼─────┼
└─────────────┴────────┴──────┴───────┴─────┴──────┴──────┴─────┴─────┴
┬────────┬──────┬──────┬───────┬───────┬──────┬───────┬──────┬────────┐
│ 2 кв. │ июль │ авг. │ сент. │ 3 кв. │ окт. │ нояб. │ дек. │ 4 кв. │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┼────────┼──────┼──────┼───────┼───────┼──────┼───────┼──────┼────────┤

┴────────┴──────┴──────┴───────┴───────┴──────┴───────┴──────┴────────┘
Пивону өндүрүүнүн жана сатуунун болжолдуу планын аткаруу жөнүндө макулдашууга 2-тиркеме |
____-жылга пивону өндүрүүнүн жана
акциз салыгын төлөөнүн
ЭКОНОМИКАЛЫК БОЛЖОЛУ
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомунун
редакциясына ылайык)
____-жыл
┌───────────┬───────┬──────┬──────┬──────┬───────┬──────┬──────┬──────┬
│ │ жыл │ янв. │ фев. │ март │ I кв. │ апр. │ май │ июнь │
├───────────┼───────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┼
│Көлөмү │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(миң дал.) │ │ │ │ │ │ │ │ │
├───────────┼───────┼──────┼──────┼──────┼───────┼──────┼──────┼──────┼
│Акциз │ │ │ │ │ │ │ │ │
│(млн. сом.)│ │ │ │ │ │ │ │ │
└───────────┴───────┴──────┴──────┴──────┴───────┴──────┴──────┴──────┴
┬───────┬──────┬──────┬───────┬────────┬───────┬───────┬──────┬───────┐
│ II кв.│ июль │ авг. │ сент. │ III кв.│ окт. │ нояб. │декаб.│ IV кв.│
┼───────┼──────┼──────┼───────┼────────┼───────┼───────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┼───────┼──────┼──────┼───────┼────────┼───────┼───────┼──────┼───────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
┴───────┴──────┴──────┴───────┴────────┴───────┴───────┴──────┴───────┘
2010-жыл
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна
ылайык күчүн жоготту)
(*) (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 токтомуна ылайык күчүн жоготту)