Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 583
Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмесин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Бажы союзунун бажы аймагында жана Бажы союзунун бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, Карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүдө Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү фитосанитардык контролдоого жана санитардык-эпидемиологиялык контролдоого тийиш болгон товарлардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу эл аралык келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-октябрындагы № 583 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 154 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Аталышы | БС ТН ТЭИнин коду* |
1. Фитосанитардык коркунучу жогорку карантиндик продукция (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) | ||
1 | Илимий-изилдөө максатындагы кенелер, нематоддор жана тирүү курт-кумурскалар | 0106 90 001 0 |
2 | Тамырдын тоголок башы, тоголок тамырлар, вегетация, вегетативдүү тынч абалдагы же гүлдөгөн тамырлар, анын ичинде жайылган тамырлар; 1212 товардык позициясындагы тамырлардан башка, өсүмдүктөр жана цикорийдин тамырлары | 0601 |
3 | Башка өскөн өсүмдүктөр (анын ичинде анын тамырлары), калемчелер жана бутакчалар | 0602 (0602 90 100 0 башка) |
4 | Гүлдестелерди жасоо үчүн же декорациялык максаттар үчүн жаңы түзүлгөн гүлдөр жана бутондор, изилдөө максаттары үчүн жаңы түзүлгөн гүлдөр | 0603 11 000 0 - 0603 90 000 0 |
5 | Гүлдестелерди жасоо үчүн же декорациялык максаттар үчүн кургатылган үзүлгөн гүлдөр жана бутондор | 0603 90 000 0дөн |
6 | Рождество бак-дарактары | 0604 20 200 0 |
7 | Ийне жалбырактуу дарактардын бутактары | 0604 20 400 0 |
8 | Гүлдөрсүз же бутондорсуз жалбырактар, бутактар жана өсүмдүктөрдүн башка бөлүктөрү, гүлдестелерди жасоо үчүн же декоративдүү максаттар үчүн жарактуу жаңы, кургатылган, иштетилбеген чөптөр | 0604 20 900 0 ичинен 0604 90 910 0 ичинен |
9 | Жаңы же муздатылган картөшкө | 0701 |
10 | Жаңы же муздатылган томаттар | 0702 00 000 |
11 | Пияз, шалот пиязы, чеснок, пияз-порей жана башка жаңы же муздатылган тоголок баштуу жашылчалар | 0703 |
12 | Тоголок капуста, түстүү капуста, кольраби, жалбырактуу капуста жана жаңы же муздатылган Brassica түркүмүндөгү ушул сыяктуу жегиликтүү жашылчалар | 0704 |
13 | Жаңы жана муздатылган салат-латук (Lactuca sativa) жана цикорий (Cichorium spp.) | 0705 |
14 | Сабиз, шалгам, ашкана кызылчасы, козлобородник, тамырлуу сельдерей, чамгыр жана жаңы же муздатылган ошол сыяктуу тамыры жегиликтүү жемиш | 0706 |
15 | Жаңы жана муздатылган бадыраңдар жана корнишон | 0707 00 |
16 | Тазаланган же тазаланбаган, жаңы жана муздатылган буурчак жашылчалары | 0708 |
17 | Жаңы жана муздатылган башка жашылчалар | 0709 |
18 | Себүү үчүн гибриддүү кант жүгөрүсү (Zea mays var. saccaharata) | 0712 90 110 0 |
19 | Кургатылган, тазаланган, кабыгы аарчылган же аарчылбаган, майдаланган же майдаланбаган буурчак жашылчалары | 0713 |
20 | Маниок, маранта, салеп, жер алмуруту же топинамбур, таттуу картөшкө же батат жана крахмалы же инулини жогору ошол сыяктуу тамыр жемиши же баштуу жемиштер, жаңы, муздатылган же кургатылган, бүтүн же кесинди сага пальмасынын өзөгү | 0714төн |
21 | Кокос жаңгагы, бразилиялык жаңгак жана жаңы же кургатылган, кабыгынан тазаланган же тазаланбаган, кабыктуу же кабыксыз кешью жаңгагы | 0801 |
22 | Жаңы же кургатылган, кабыгынан тазаланган же тазаланбаган, кабыктуу же кабыксыз башка жаңгактар | 0802 |
23 | Жаңы же кургатылган банандар, анын ичинде плантайндар | 0803 00 |
24 | Жаңы же кургатылган курмалар, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго жана мангостан же гарциния | 0804 |
25 | Жаңы же кургатылган цитрус жемиштери | 0805 |
26 | Жаңы же кургатылган жүзүм | 0806 |
27 | Жаңы коондор (анын ичинде дарбыз) жана папайя | 0807 |
28 | Жаңы алмалар, алмуруттар жана айвалар | 0808 |
29 | Жаңы абрикостор, чие жана гилас, шабдалы (анын ичинде нектариндер), кара өрүк жана терн | 0809 |
30 | Башка жаңы жемиштер | 0810 |
31 | 0801-0806 товардык позициядагы жемиштерден тышкары кургатылган жемиштер; ушул топтогу жаңгактын аралашмасы же кургатылган жемиштер | 0813 |
32 | Кофеиндүү же кофеинсиз куурулбаган кофе | 0901 11 000дөн, 0901 12 000дөн |
33 | Буудай жана меслин | 1001 |
34 | Кара буудай | 1002 00 000 0 |
35 | Арпа | 1003 00 |
36 | Сулуу | 1004 00 000 0 |
37 | Жүгөрү | 1005 |
38 | Күрүч | 1006 |
39 | Сорго даны | 1007 |
40 | Гречка, таруу жана канарейка жеми; башка дан өсүмдүктөр | 1008 |
41 | Буудай же кара буудай уну | 1101 00 |
42 | Буудай же кара буудайдан тышкары башка дан өсүмдүктөрүнөн алынган ун | 1102 |
43 | Акталган дан, кесек майдаланган ун жана дан өсүмдүктөрүнүн гранулдары | 1103 |
44 | 1006 товардык позициясындагы күрүчтөн бөлөк, башка ыкмалар менен иштетилген (мисалы, акталган, жанчылган, хлопья түрүндө иштетилген, сечка түрүндө майдаланган же бөлүнгөн) жемиш дандары; хлопья түрүндө же майдаланган бүтүн, жанчылган өнгөн жемиш даны | 1104 |
45 | 0713 товардык позициядагы майда жана кесек тартылган ун жана кургатылган буурчак жашылчаларынын порошогу | 1106 10 000 0 |
46 | Куурулган же куурулбаган угут | 1107 |
47 | Дан буурчактары, майдаланган жана майдаланбаган | 1201 |
48 | Куурулбаган же кандайдыр бир башка ыкма менен даярдалган, тазаланган же тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган жер жаңгагы | 1202 |
49 | Копра | 1203 00 000 0 |
50 | Майдаланган же майдаланбаган кендир үрөнү | 1204 00 |
51 | Майдаланган же майдаланбаган рапстын же кользанын үрөнү | 1205 |
52 | Майдаланган же майдаланбаган күн караманын үрөнү | 1206 00 |
53 | Майдаланган же майдаланбаган башка май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жана жемиштери | 1207 |
54 | Горчицанын үрөнүнөн башка үрөндөн же май өсүмдүктөрүнүн майда жана кесек тартылган үрөндөрүнүн же жемиштеринин уну | 1208 |
55 | Себүү үчүн үрөн, жемиштер жана споралар | 1209 |
56 | Негизинен парфюмерияда, фармацияда же инсектициддү, фунгациддүү же ошол сыяктуу максаттарда пайдаланылуучу, жаңы же кургатылган, бүтүн же талкаланган же майдаланган өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү (анын ичинде үрөндөр жана жемиштер) | 1211 (1211 30 000 0, 1211 40 000 0 башка) |
57 | Кант кызылчасы | 1212 91 |
58 | Рожок дарагынын жемиштери, анын ичинде үрөндөрү | 1212 92 000 0, 1212 99 410 0, 1212 99 490 0 |
59 | Абрикостордун, шабдалылардын данектери (анын ичинде нектариндер) же кара өрүктөр же анын данектери; Cichorium intybus sativum цикорийдин тамырлары | 1212 94 000 0, 1212 99 950 0 ичинен |
60 | Иштетилбеген, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, гранулдангандан башка пресстелген саман жана дан өсүмдүктөрүнүн шакелдери | 1213 00 000 0дөн |
61 | Брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамырлуу жемиштер, чөп, беде, клевер, эспарцет, тоют капустасы, люпин, вика жана гранулданбаган ушул сыяктуу тоют продуктулары | 1214төн |
62 | Бүтүн же талкаланган, чийки же куурулган какао-буурчактары | 1801 00 000 0 |
63 | Какаонун кабыкчалары, кабыгы, териси жана башка калдыктары | 1802 00 000 0 |
64 | Дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн тегирменге тартуунун же башка ыкма менен кайра иштетүүнүн гранулданбаган улпактары жана электен калган башка калдыктары | 2302ден |
65 | Жмыхтар жана соя майынан алынган жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган башка катуу калдыктары | 2304 00 000дөн |
66 | Жмыхтар жана жер жаңгагынын майынан алынган жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган башка катуу калдыктары | 2305 00 000 0дөн |
67 | 2304 же 2305 товардык позициялардын калдыктардан бөлөк, жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган өсүмдүк тоң майларынан жана майларынан алынуучу жмыхтар жана башка катуу калдыктар | 2306дан |
68 | Топурактар жана грунттар | 2530 90 000 9 ичинен |
69 | Агломерирленген же агломерирленбеген чым (анын ичинде майдаланган чым) | 2703 00 000 0 |
70 | Илимий-изилдөө максаттары үчүн гана пайдалануучу тирүү фитопатогендик бактериялар, вирустар | 3002 90 500 0дөн, 3002 90 900 0дөн |
71 | Аралаш же аралашпаган, химиялык жактан иштетилген же иштетилбеген жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган жер семирткичтер; өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан алынуучу продуктуларды аралаштыруу же химиялык иштетүүдөн алынган жер семирткичтер | 3101 00 000 0 |
72 | Таарындылар, жарындылар, бутактар, чырпыктар же ошол сыяктуу отун жыгачтары Ийне жалбырактуу дарактардын чамындылары жана кырындылары Жалбырактуу дарактардын чамындылары жана кырындылары Опилкалар жана жыгач калдыктары жана агломерирленбеген скрап | 4401 11 000 4401 21 000 0 4401 22 000 0 4401 40 ичинен |
73 | Кабыгы аарчылган же аарчылбаган же чел кабыктуу же чала брусталган же брусталбаган, иштетилбеген жыгач материалдары | 4403төн (4403 10 000 башка) |
74 | Бондардык жыгач; жарылган таарындылар; жыгачтан жасалган свайлар, казыктар жана учталган. бирок тилинбеген мамылар; чала аарчылган, бирок учталбаган ийилбеген же башка ыкма менен иштетилбеген, тростторду, зонтторду, аспаптардын баштары үчүн же ошол сыяктуу буюмдар учүн пайдаланылуучу жыгач материалдары; аарчылган жана ошол сыяктуу жыгачтар | 4404 |
75 | Жыгач кабыгы | 1404 90 000 8 ичинен 4401 40 900 0 ичинен |
76 | Темир жол жана трамвай жолдору үчүн, чыланбаган жыгач шпалдар | 4406 11 000 0 4406 12 000 0 |
77 | Тилинген же туурасынан жарылган, катмарларга бөлүнгөн же тазаланган, сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, жоондугу 6 мм ашык туурасынан бекитилген жана бекитилбеген жыгач материалдар | 4407 |
78 | Сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, сырлар, дарылар, антисептиктер жана башка консерванттар менен иштетилгендерден башка туурасынан бириктирилген же бириктирилбеген ар кандай кесиндилерден же тактайчалардан жасалган профилденген погонаж түрүндөгү (кырлары. оюктары бар, чеке жактары шпунтталган, жарым тегерек калевка фасондуу, иймектүү же ошол сыяктуу) тилинген материалдар (анын ичинде полду паркеттеп жабуу үчүн жыйналбаган планкалар жана фриздер) | 4409дан |
79 | Жыгачтан жасалган ящиктер, коробкалар, тангактоочу клеткалар же корзиналар, барабандар жана ошол сыяктуу жыгач таралары, жыгач кабель барабандары, паллеттер, поддондор жана башка жүктөөчү калканычтар, жыгач обечайкалар, алар өз алдынча товар болуп саналат же өзүнчө деклавалияланат | 441тен |
80 | Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгендерден башка бетондоо үчүн опалубкалар | 4418 40 000 0 |
81 | Зоология, ботаника боюнча коллекциялар жана коллекция предметтери | 9705 00 000 0дөн |
2. Фитосанитардык коркунучу төмөн карантиндик продукция (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) |
| |
1 | Канаттуулардын канаттарынын жана алардын бөлүктөрүнүн порошогу жана калдыктары |
|
2 | Сөөктөрдүн жана мүйүздөрдүн өзөктөрүнүн порошогү жана калдыктары | 0506 90 000 0дөн |
3 | Кургатылган, бүтүн жана кесинди, бөлүктөргө бөлүнгөн, майдаланган же порошок түрүндөгү, бирок андан ары иштетилбеген пияз | 0712 20 000 0 |
4 | Кургатылган, бүтүн жана кесинди, бөлүктөргө бөлүнгөн, майдаланган же порошок түрүндөгү, бирок андан ары иштетилбеген козу карын | 0712 31 000 0, 0712 32 000 0, 0712 33 000 0, 0712 39 000 0 |
5 | Кургатылган, бүтүн жана кесинди, бөлүктөргө бөлүнгөн, майдаланган же порошок түрүндөгү, бирок андан ары иштетилбеген башка жашылчалар, жашыл аралашмалары | 0712 90 (0712 90 110 0 башка) |
6 | Керектөө таңгагына салынгандардан башка кофеиндүү куурулган кофе** | 0901 21 000дөн |
7 | Керектөө таңгагына салынгандардан башка кофеинсиз куурулган кофе** | 0901 22 000дөн |
8 | Кофе кабыкчалары жана кофе данынын кабыгы | 0901 90 100 0 |
9 | Керектөө тангагына салынгандардан башка көк чай (ферменттелбеген)** | 0902 10 000, 0902 20 000 0 |
10 | Керектөө таңгагына салынгандардан башка кара чай (ферменттелген)** | 0902 30 000, 0902 40 000 0дөн. |
11 | Керектөө таңгагына салынгандардан башка мате же парагвай чайы** | 0903 00 000 0 |
12 | Керектөө таңгагына салынгандардан башка татымалдар** | 0904 - 0910дөн |
13 | Тазалангандан, агартылган же боелгондордон башка негизинен сокмо үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөрдөн алынган материалдар (мисалы, бамбук, ротанг, тростник, ситник, мажүрүм тал, рафия) | 1401ден |
14 | Кебез линти | 1404 20 000 0 |
15 | Негизинен шыпыргыларга же щеткаларга пайдалануучу байланган, боолонгон жана үймө өсүмдүк материалдары (мисалы, шыпыргынын соргосу, пиассава, буудай баш, истль) Негизинен боео же малмага салуу үчүн пайдалануучу өсүмдүк материалдары | 1404 90 000 0дөн |
16 | Гранулданбагандан башка тапиока | 1903 00 000 0дөн |
17 | Аралаш чык | 2103 90 900 9дан |
18 | Желуддар жана жылкы каштаны | 2308 00 400 0дөн |
19 | Чектелүү негиздеги хлоридхолини бар жаныбарлардын тоюту үчүн пайдаланылуучу продуктулар | 2309 90 960 1 |
20 | Гранулданбаган, жаныбарлардын тоюту үчүн пайдаланылуучу башка продуктулар | 2309 90 960 9 ичинен |
21 | Чийки тамеки; тамеки калдыктары | 2401 |
22 | Хна жака басма (керектөө таңгактарына салынбаган) | 3203 00дөн |
23 | Бодо малдын (анын ичинде буйволдор), жылкы тукумундагы жаныбарлардын, койлордун, козулардын жана башка жаныбарлардын кылдуу же жүндүү же кылсыз жана жүнсүз каптоосуз, кошо капталган же кошо каптоосуз иштетилбеген терилери, Бажы союзунун Бажы кодексинин 41-тобунун 1б же 1в эскертүүсүндө алып салынгандардан башка | 4101ден, 4102ден, 4103төн |
24 | Клейленген фанералар үчүн же ошол сыяктуу катмарлуу жыгачтар жана башка жыгач материалдары үчүн тилинген, катмарларга бөлүнгөн же тазаланган. сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, туурасынан бириктирилген же бириктирилбеген жоондугу 6 мм ашпаган, сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка каттоо үчүн такталар (анын ичинде катмарлуу жыгачты бөлүү менен алынгандар) | 4408тен |
25 | Бочкалар, майда бочкалар, чаңдар, челектер жана башка бондардык буюмдар жана алардын жыгачтан жасалган бөлүктөрү, анын ичинде сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилбегенден башка клепкалар | 4416 00 000 0дөн |
26 | Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка терезелер, балкон эшиктери жана алардын рамалары | 4418 10дон |
27 | Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка эшиктер жана алардын рамалары, босоголору | 4418 20дан |
28 | Сырлар, дарыялар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка гонт жана чатыр дранкасы | 4418 50 000 0дөн |
29 | Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка тилкечелерге жана ленталарга бириктирилген же бириктирилбеген, согулган жана согуу үчүн материалдардан жасалган ошол сыяктуу буюмдар; сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка өсүмдүк материалдарынан жасалган килемчелер, бойролор жана ширмалар | 4601ден |
30 | Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилбегенден башка сокмо үчүн материалдардан түздөн-түз формасы боюнча даярдалган себет, согулган жана башка буюмдар; сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгенден башка люф бүюмдары | 4002ден |
31 | Гофрирленген, перфорирленген же перфорирленбеген кагаздар жана картон | 4808 10 000 0 |
32 | Гофрирленген кагаздан же гофрирленген картондон жасалган ящиктер жана коробкалар | 4819 10 000 0дөн |
33 | Жандыруу үчүн жарактуу жибек куртунун кокондору | 5001 00 000 0 |
34 | Жибек калдыктары (анын ичинде жандыруу үчүн жараксыз кокондор, кокон жиптеринин калдыктары жана таралган чийки зат) | 5003 00 000 0 |
35 | Кыркылган, жуулбаган жүн, анын ичинде кардого алынбаган рунада жуулган же таралган жүн | 5101 11 000 0 |
36 | Кардого алынбаган же таралган жаныбарлардын майда же жоон кылдары | 5102 |
37 | Карбонизделбеген жаныбарлардын жүндөрүнүн же майда кылдарынын таралган калдыктары | 5103 10 100 0 |
38 | Кардого алынбаган же таралган пахта буласы | 5201 00 |
39 | Пахта буласынын калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат) | 5202 |
40 | Чийки кендир же иштетилген, бирок ийрилбеген кендир; кендирдин тарак калдыктары жана калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат) | 5301 |
41 | Кендир буласы (Cannabis sativa L.), чийки зат же иштетилген, бирок ийрилбеген; тарак калдыктары жана калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат) | 5302 |
42 | Жут буласы жана текстилдик була буюмдары ; (кендирден, кендир буласынан жана рамиден башка), чийки зат түрүндөгү же иштетилген, бирок ийрилбеген; тарак калдыктары жана бул булалардын калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат) | 5303 |
43 | Кокос жаңгагынын буласы, абаки (манила буласы же Musa textilis Nee), рами жана башка текстилдик өсүмдүк булалары, башка жерде аталбаган же киргизилбеген, чийки зат түрүндөгү же иштетилген, бирок ийрилбеген; тарак калдыктары жана бул булалардын калдыктары (анын ичинде ийик калдыктары жана таралган чийки зат) | 5305 00 000 0 |
Ушул Тизмени пайдалануу максаттары үчүн БС ТЭИ ТНнын коддорун, ошондой эле товардын аталыштарын жетекчиликке алуу зарыл.
**) Керектөө таңгагы катары продукция менен бирге түздөн-түз керектөөчүгө тийиүүчү жана товардын ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган, өзгөчө ташуу үчүн арналбаган жана чектелген массага сыйымдуулукка жана өлчөмдөргө ээ болгон таңгак түшүнүлөт (Металл, айнек жана полимер банкалары, алюминий фольгасынын негизиндеги, ламинирленген термобышырылган материалдардан жасалган пакеттер жана металлдашкан пленкалар, вакуумдук пакеттер, калың кагаздан жасалган герметикалык пакеттер).