Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 591
Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн 10 кесиптик лицейинде бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарынын негизинде каржылоонун ченемдик принцибин киргизүү боюнча сынамык долбоорун өткөрүү жөнүндө
Мамлекеттик финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн 10 кесиптик лицейинде бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарынын негизинде каржылоонун ченемдик принцибин киргизүү боюнча сынамык долбоорун 1-тиркемеге ылайык тизмек боюнча 2014-жылдын 1-сентябрынан 2015-жылдын 1-августуна чейин өткөрүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн 10 сынамык кесиптик лицейи үчүн бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарын аныктоонун убактылуу методикасы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн 10 сынамык кесиптик лицейи үчүн 2014-2015-окуу жылына бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарынын убактылуу шкаласы (административдик-башкаруучу, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдарды кошпогондо) 3-тиркемеге ылайык.
3. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн 10 сынамык кесиптик лицейинин жетекчилерине жылдын жыйынтыгы боюнча үнөмдөлгөн каражаттарды кесиптик лицейлердин чыгымдарын жабууга, окуу материалдарын сатып алууга жана кызматкерлерди материалдык кызыктырууга жумшоо укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 2015-жылдын 1-августуна карата каржылоонун ченемдик принцибин киргизүү боюнча сынамык долбоордун натыйжаларын жалпыласын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына төмөнкүдөй сунуштарды киргизсин:
а) сыноонун оң жыйынтыктары болгон шартта Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн кесиптик лицейлерине каржылоонун ченемдик принцибин 2016-жылдын 1-январынан тартып киргизүү боюнча;
б) сыноонун терс жыйынтыктары болгон шартта Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн кесиптик лицейлерине каржылоонун ченемдик принцибин киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 1-августуна чейин жарактуу болот.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 591 токтомуна 1-тиркеме |
№ | Лицейдин № | Юридикалык дареги | Даярдалуучу адистиктер |
1 | № 5 КЛ | Бишкек ш., Байтик баатыр көч., 122 | - жасалгалоо курулуш иштеринин устаты - жыгач устачылык жана эмерек өндүрүшүнүн устаты - кургак курулуш устаты - жалпы курулуш иштеринин устаты - болот жана ТББ конструкцияларын куроочу |
2 | № 27 КЛ | Бишкек ш., Л.Толстой көч., 242 | - токарь-универсал - автомеханик (автослесарь, автоэлектрик) - ширеткич (электр жана газ менен ширетүү иштери) - сантехник, май куюучу, жуугуч (реабилитациялык) - оператор, ашпозчу, чач тарач (реабилитациялык) - автосырдоочу (реабилитациялык) |
3 | № 99 КЛ | Бишкек ш., Горький көч., 18 | - автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь - бухгалтер-кассир - катчы-администратор - компьютердик түзүлүштөрдү тейлөө боюнча оператор |
4 | № 28 КЛ | Чүй облусу, Беловодск айылы, Крупская көч., 12 | - электргаз ширеткич, айдоочу - айыл чарба өндүрүшүнүн устаты - короо жай кызматчысы - фермер ишкер |
5 | № 41 КЛ | Талас облусу, Бакай-Ата району, Боо-Терек айылы | - айыл чарба өндүрүшүнүн устаты - тикмечи - тракторист-машинист, айдоочу - фермер ишкер |
6 | № 30 КЛ | Нарын облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы | - айыл чарба өндүрүшүнун устаты - улуттук буюмдарды жасоочу - мал чарбачылык устаты - токой чарба устаты - мал чарбачылык устаты, ветеринар |
7 | № 81 КЛ | Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бекөнбаев айылы, Кыргыз көч., 54 | - ашпозчу-официант - тикмечи - тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү - ПК оператору - айыл чарба өндүрүшүнүн устаты - ширеткич, тракторчу - фермер ишкер |
8 | № 113 КЛ | Ош облусу, Ош ш., Абдыкадыров көч., 195д | - кондитер, ашпозчу, официант - тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү - чач тарач - бухгалтер-кассир |
9 | № 71 КЛ | Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак, Заводская көч., 3 | - электрмонтер В, С категориядагы айдоочу - электргаз ширеткич, В, С категориядагы айдоочу - тигүү жабдууларынын оператору, тигүүчү - токарь, айдоочу - ашпозчу-кондитер - улуттук буюмдарды жасоочу |
10 | № 70 КЛ | Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш., Асаналиев көч., 3 | - ашпозчу-кондитер - электргазширеткич - жыгач уста-жыгаччы жана паркет иштеринин чебери - жалпы курулуш иштеринин чебери - автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-октябрындагы № 591 токтомуна 3-тиркеме |
Бир окуучуга эсептелген ченемдер, сом менен | ||||||
Чыгымдардын түрлөрү | 10 ай | 2 жыл | 3 жыл | |||
1-курс | 2-курс | 1-курс | 2-курс | 3-курс | ||
Шаар |
|
|
|
|
|
|
(*) Бардык эмгек акы, анын ичинде: | 8647,0 | 8502,9 | 8502,9 | 11182,1 | 9605,9 | 8659,3 |
(*) жалпы билим берүү жана теор. окут. э/а чыгымдары | 2847,9 | 2703,9 | 2703,9 | 5383,1 | 3806,8 | 2860,3 |
(*) устаттын э/а чыгымдары | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 |
Социалдык фондго төгүмдөр | 1491,6 | 1466,8 | 1466,8 | 1928,9 | 1657,0 | 1493,7 |
Тамак-ашка чыгымдар | - | - | - | 7200,0 | 7200,0 | 7200,0 |
(*) Стипендияларга чыгымдар | 3000,0 | 2400,0 | 2000,0 | 2400,0 | 2400,0 | 2000,0 |
Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 |
Мат-тех. камсыздоо чыгымдары (2214, 2215, 2217-беренелер + чыгымд. окуу материалдары) | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 |
1 окуучуга БК стандарты | 15823,6 | 15054,7 | 14654,7 | 25396,0 | 23547,9 | 22038,1 |
(*) Бардык эмгек акы, анын ичинде: | 8647,0 | 8502,9 | 8502,9 | 11182,1 | 9605,9 | 8659,3 |
(*) жалпы билим берүү жана теор. окут. э/а чыгымдары | 2847,9 | 2703,9 | 2703,9 | 5383,1 | 3806,8 | 2860,3 |
(*) устаттын э/а чыгымдары | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 | 5799,1 |
Социалдык фондго төгүмдөр | 1491,6 | 1466,8 | 1466,8 | 1928,9 | 1657,0 | 1493,7 |
Жетимдердин/ реабилитация-дын тамак-ашына чыгымдар | 15150,0 | 18250,0 | 15150,0 | 18250,0 | 18250,0 | 15150,0 |
(*) Жетимдердин/ реабилитация-дын стипендияларына чыгымдар | 6240,0 | 7488,0 | 6240,0 | 7488,0 | 7488,0 | 6240,0 |
(*) Жетимдердин/ реабилитация-дын бошоо жөлөкпулу | 3000,0 | - | 3000,0 | - | - | 3000,0 |
Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 |
Мат-тех. камсыздоо чыгымдары (2214, 2215, 2217-беренелер + чыгымд. окуу материалдары) | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 |
1 жетим окуучуга/ реабилитациялык топко БК стандарты | 37213,6 | 38392,7 | 37044,7 | 41534,0 | 39685,9 | 37228,1 |
Айыл жери |
|
|
|
|
|
|
(*) Бардык эмгек акы, анын ичинде: | 9826,9 | 9665,1 | 9665,1 | 12675,6 | 10904,4 | 9840,8 |
(*) жалпы билим берүү жана теор. окут. э/а чыгымдары | 3200,2 | 3038,3 | 3038,3 | 6048,9 | 4277,7 | 3214,1 |
(*) устаттын э/а чыгымдары | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 |
Социалдык фондго төгүмдөр | 1695,1 | 1667,2 | 1667,2 | 2186,5 | 1881,0 | 1697,5 |
Тамак-ашка чыгымдар | - | - | - | 7200,0 | 7200,0 | 7200,0 |
(*) Стипендияларга чыгымдар | 3000,0 | 2400,0 | 2000,0 | 2400,0 | 2400,0 | 2000,0 |
Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 |
Мат-тех. камсыздоо чыгымдары (2214, 2215, 2217-беренелер + чыгымд. окуу материалдары) | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 |
1 окуучуга БК стандарты | 17207,1 | 16417,3 | 16017,3 | 27147,2 | 25070,5 | 23423,4 |
(*) Бардык эмгек акы, анын ичинде: | 9826,9 | 9665,1 | 9665,1 | 12675,6 | 10904,4 | 9840,8 |
(*) жалпы билим берүү жана теор. окут. э/а чыгымдары | 3200,2 | 3038,3 | 3038,3 | 6048,9 | 4277,7 | 3214,1 |
(*) устаттын э/а чыгымдары | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 | 6626,7 |
Социалдык фондго төгүмдөр | 1695,1 | 1667,2 | 1667,2 | 2186,5 | 1881,0 | 1697,5 |
(*) Жетимдердин/ реабилитация-дын тамак-ашына чыгымдар | 15150,0 | 18250,0 | 15150,0 | 18250,0 | 18250,0 | 15150,0 |
(*) Жетимдердин/ реабилитация-дын стипендияларына чыгымдар | 6240,0 | 7488,0 | 6240,0 | 7488,0 | 7488,0 | 6240,0 |
(*) Жетимдердин/ реабилитация-дын бошоо жөлөкпулу | 3000,0 | - | 3000,0 | - | - | 3000,0 |
Квалификациясын жогорулатууга чыгымдар | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 | 151,2 |
Мат-тех. камсыздоо чыгымдары (2214, 2215, 2217-беренелер + чыгымд. окуу материалдары) | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 | 2533,8 |
1 жетим окуучуга/ реабилитациялык топко БК стандарты | 38597,1 | 39755,3 | 38407,3 | 43285,2 | 41208,5 | 38613,4 |
(*) - Бийик тоолуу жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген КЛ кызматкерлери жана окуучулары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коэффициенттер колдонулат.