Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-октябры № 590
“Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
3-статьянын 1-бөлүгүндөгү “(эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошкондо)” деген сөздөр алып салынсын.
Кодекстин бүткүл тексти боюнча мамлекеттик тилдеги текстте “өзалдынча” деген сөз “өз алдынча” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Мамлекеттик тилдеги текстте 7-статья төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын жарандары ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлери болушса, ошол уюмдарда иштеген чет өлкөнүн жарандары менен бирдей иш аткарса бирдей эмгек акы алууга укуктуу.”.
Мамлекеттик тилдеги текстте 138-статьянын аталышындагы “төрказа болгон” деген сөздөр “төрөлгөн” деген сөз менен алмаштырылсын.
Мамлекеттик тилдеги текстте 160-статьянын 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “талаш-тартышпаса” деген сөздөр “талашып-тартышпаса” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
175-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү “учурда” деген сөздөн кийин “дем алыш же” деген сөздөр менен толукталсын.
213-статьяда:
2 жана 3-бөлүктөрдөгү “тийиштүү органдарынын” деген сөздөр “тийиштүү органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5-бөлүктөгү “тийиштүү органдар” деген сөздөр “тийиштүү орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
224-статьянын 3-бөлүгүндөгү “органдарынын” деген сөз “органынын” деген сөз менен алмаштырылсын.
Кодекстин бүткүл тексти боюнча:
- түрдүү жөндөмөдөгү “Мамлекеттик эмгек инспекциясы”, “мамлекеттик эмгек инспекциясынын органдары” жана “эмгек инспекциясы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- түрдүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик эмгек инспектору” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы мамлекеттик эмгек инспектору” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- түрдүү жөндөмөдөгү “мамлекеттик көзөмөл органдары” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “мамлекеттик көзөмөл органы” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Расмий тилдеги текстте 300-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрүндөгү “выпускникам” деген сөз “выпускников” деген сөз менен алмаштырылсын.
307-статьянын 3-бөлүгүндөгү “шарттарда” деген сөз “райондордо жана алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Мамлекеттик тилдеги текстте 308-статьянын 3-бөлүгүндөгү “төрказа болгон” деген сөздөр “төрөлгөн” деген сөз менен алмаштырылсын.
Мамлекеттик тилдеги текстте 351-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“ушул Кодекстин талаптарына ылайык кызматкер менен эмгек келишимин жазуу жүзүндө тариздөөгө;”.
Мамлекеттик тилдеги текстте 363-статьяда “райондук эмгек акыга коэффициенттерди” деген сөздөр “эмгек акыга райондук коэффициенттерди” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
380-статья “кызматкерлерине” деген сөздөн кийин “окуу жылы аяктагандан кийин” деген сөздөр менен толукталсын.
399-статьяда:
- аталышындагы “органдары” деген сөз “органы” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндөгү “мамлекеттик эмгек инспекциясынын органдары жүзөгө ашырышат” деген сөздөр “эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
401-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
Мамлекеттик тилдеги текстте 414-статьянын 4-бөлүгүндөгү “көрөтүлгөн” деген сөз “көрсөтүлгөн” деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|