Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-октябры № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү ишканалардын аталыштары өзгөртүлсүн:
- "Кыргыз Республикасынын геология боюнча мамлекеттик агентствосунун Түндүк-Кыргызстандагы геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына;
- "Түштүк-Кыргыз эмгек Кызыл-Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" чарбалык иштерди жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына;
- "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына;
- "Геология-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Геология-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экспедициясы" мамлекеттик ишканасына;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агентствосунун Борбордук лабораториясы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасына.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын уставы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Түштүк-Кыргыз Эмгек Кызыл Туу ордендүү геологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын уставы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын уставы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Геология-экономикалык изилдөөлөр боюнча Кыргыз методикалык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын уставы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын уставы.
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 584 токтомуна тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу СХЕМАСЫ