КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-октябры № 603
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутумун киргизүүнү камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун экинчи абзацындагы "майына" деген сөз "ноябрына" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |