Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-октябры № 604
"Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилгеленген "Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-октябрындагы № 604 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаев тарабынан демилгеленген "Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
2-берене боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында соттун чечими жок мүлктү мажбурлан алып коюуга мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Мындай алын коюунун мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Мыйзамда аныкталган коомдук муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюу, ал мүлктүн наркын жана обочолонтуунун натыйжасында келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу менен соттун чечими боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-пунктунда улутташтыруу катары мыйзамдын негизинде мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу менен мамлекеттин менчигине өткөрүү түшүнүлө тургандыгы белгиленген.
Сунушталган редакцияда мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде берилген улутташтыруу жөнүндө түшүнүктө мүлктү улутташтыруу деп, мажбурлап ажыратуу (алып салуу) түшүндүрүлөт, башкача айтканда мүлктүн мамлекеттик менчикке өтүшүнүн эки жол-жобосу бириктирилген, бирок бул беренеде маселени сот тартибинде кароо түшүп калган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Граждандык кодексинин ченемдерине ылайык мүлктү алып коюу жана мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүүнүн негиздери ар түрдүү: биринчи учурда соттун чечими, ал эми экинчи учурда мыйзам болушу керектигин белгилейбиз.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесиндеги "улутташтыруу" түшүнүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-статьясына ылайык келтирүү керек деп эсептейбиз.
3-берене боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз Республикасы инвестицияларды коргоо жөнүндө эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп эсептелээрин эске алуу керек. Бул эл аралык келишимдер улутташтыруунун мүмкүн болгон шарттарын жана компенсациялоо, зыяндын ордун толтуруунун тартибин аныкташат. Бирок, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн улутташтыруу жөнүндө мыйзамдын курамына кирген эмес.
Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуунун 5-беренесинин 1-пунктунда "Макулдашуучу тараптардын ар биринин жарандарынын же компанияларынын инвестициялары улутташтырылбашы, экспроприацияланбашы же тез, адекваттуу жана натыйжалуу компенсациянын басмырлабаган негизинде ушул Тараптын ички керектөөлөрүнө байланышкан коомдук максаттардан тышкары, экинчи Макулдашуучу Тараптын аймагында улутташтырууга же экспролриацияланууга теңдештирилген (мындан ары "Экспроприация" деп аталган) чараларга дуушар болбошу" каралган.
Тиешелүү түрдө инвестицияларды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболору менен карама-каршылыктарды жоюу предметине карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан "Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна талдоо жүргүзүү зарыл.
Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын ченемдерин аткарбоо Кыргыз Республикасынын ири суммадагы доо талаптары коюлган эл аралык соттук териштирүүлөргө тартылышына кириптер кылышы мүмкүн.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндө ушул Мыйзамдын негизинде жана аны аткаруу үчүн Өкмөттүн ченемдик актылары кабыл алынышы жана аткаруу бийлик органдарынын ченемдик укуктук актылары чыгарылышы мүмкүн. Мында аткаруу бийлик органдары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укуктуу болгон ченем жаратуучу органдардын катарына кирбейт.
4-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн "б" пунктчасында жумуштарды жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу, сууларды булгоо, абаны булгоо, жер кыртышын бузуу, эгерде алар адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө, жаныбарлар же өсүмдүктөр дүйнөсүнө, балык корлоруна же айыл чарбасына олуттуу зыян келтирсе улутташтыруунун негизи болуп саналаары каралган.
Бул ченемдин мазмуну айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу менен келтирилген зыяндын даражасын белгилебейт. Бул бузуулар жаратылышты коргоо мыйзамдары менен жөнгө салынат (жаныбарлар дүйнөсү тууралуу, өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндө мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Граждандык жана Кылмыш-жаза кодекстери, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси ж.б.).
Олуттуу зыяндарды баалоонун критерийлерин алып салуу же толуктап иштеп чыгуу (мисалы, айлана-чөйрөнү кайтарымсыз булгоо) зарыл жана коррупциогендик элементтерди жоюу үчүн аларды мыйзам долбоорунун түшүнүк бөлүгүнө киргизүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин ченемдерин бир беткей түшүнүү максатында "мамлекеттик эмес юридикалык жактар" жана "шаар түзүүчү уюм" түшүнүктөрүн тактоону сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 224-беренесинде "мамлекеттик эмес юридикалык жактар" түшүнүгү көрсөтүлгөн, бирок ага аныктама берилген эмес. Буга байланыштуу укук колдонуу тажрыйбасында кандайдыр бир татаалдыктар пайда болушу мүмкүн, мисалга, уставдык капиталда мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдору.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "шаар түзүүчү уюм" аныктамасы жок. Буга байланыштуу, ушул өндүрүштүк ишканада калктуу конуштун иштеп жаткан жарандарынын саны сыяктуу көрсөткүчтү шаар түзүүчү уюмдарга кошуунун критерийлерин белгилөө керек.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн "г" пунктчасы шаар куруучу уюмдун же социалдык маанилүү уюмдун же болбосо ошол сыяктуу уюмдарды башкаруу органынын мүлк ээлеринин аракеттеринен (аракетсиздигинен), анын ичинде кызматкерлердин штатын (санын) кыскартуу жөнүндө чечимдерден келип чыккан иштен массалык бошотуулар коркунучунун болушу улутташтыруунун негиздеринин бири боло ала тургандыгын караштырат. Мында менчик ээсинен жана башкаруу органдарынан көз каранды болбогон жагдайлар жана объективдүү себептер боюнча жумушчуларын массалык кыскартуу пландаштырылган ишкананы улутташтыруу бизнестин мамлекеттик менчикке өтүп кетүүсүнө алып келет, бул баарынан мурда компаниянын жашоого жөндөмдүүлүгүн калыптандырбайт, ошону менен бирге улутташтыруунун максатына - улуттук коопсуздукту камсыздоого жетише албайт.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн "д" жана "е" пунктчаларында каралган улутташтыруунун негиздери убактылуу финансылык кыйынчылыктарга кириптер болгон ишкерлердин жана юридикалык жактардын мүлкүн улутташтыруунун жүйө-себеби болушу, мындай учурда улутташтыруу пропорциялдуу эмес чара болуп калышы мүмкүн.
Улутташтыруу үчүн "д" пунктчасында көрсөтүлгөн негиздер болгондо, азыркы учурда иштеп жаткан ишканалардын көпчүлүгүн улутташтырууга туура келет. Ишканаларда айлык акы боюнча карыздар пайда болгон учурда мыйзамдарда карыздарды жабуу боюнча чаралар каралган. Мисалы, финансылык жактан жакшыртуу боюнча чаралар (реабилитациялоо, санация, реструктуризациялоо, тышкы башкарууну киргизүү ж.б.). Ошондой эле карызкорду банкрот деп таануу (жарыялоо) жана кредиторлордун кызыкчылыктарында үчүнчү жактарга ликвидациялык массага киргизилген, карызкордун активдерин сатуу (ажыратуу) акыркы максаты болуп саналган атайын администрациялоо жол-жобосун баштоо боюнча чаралар каралган.
Мындан тышкары, бул негиз боюнча улутташтырууда, өндүрүштү жөнгө салуу мүмкүн болбогондуктан улам эмгек акы боюнча карыз жабылбаган учурда, карызды банкроттук жол-жобо процессинде жабуу зарыл. Мында Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 3-бөлүгүндө аныкталган, улутташтырууга байланыштуу улутташтырылуучу мүлктүн наркын жана бардык башка зыяндардын ордун толтуруу зарыл, бул мамлекеттик же жергиликтүү бюджетке күч келтирет.
Ошондой эле, аталган мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн "ж" пунктчасы менен 6-беренесинин 4-бөлүгүндөгү каршылыктарды жоюу тууралуу маселени карап чыгуу керек. Алсак, 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн "ж" пунктчасында, эгерде сынактык иштин негизинде 4-берененин "г" пунктчасында көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыгышы мүмкүн болсо, уюмду банкрот деп таануу жана сынактык ишти ачуу жөнүндө соттун чечиминин болушун улутташтыруунун негиздеринин бири катары белгилөө сунушталган. Ошол эле мезгилде мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте экономикалык кудуретсиз (банкрот) деп таанылган же жарыяланган адамдын мүлкүн улутташтыруу каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "сынактык иш" деген түшүнүк жок. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында карызкордун санациясын жүзөгө ашырууну өзүнө алууну каалаган юридикалык жактардын жана жарандардын конкурсун өткөрүү учурлары каралган. Мисалы, бул Мыйзамдын 96-статьясынын 1-бөлүгүндө кредиторлордун карызкорго карата талаптарына, анын ичинде кредитордун банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө да үчүнчү жактардын кепил жүрүүсү (кепилдиги) жок болсо, сот басма сөздө (атайын администрациялоо башталгандыгы жөнүндө арыз берилгенден кийин үч жумадан кечиктирбестен) карыз тараптын санациясын жүзөгө ашырууну каалаган юридикалык жактардын жана жарандардын конкурсун жарыялайт.
Жалпысынан белгилеп кетчү нерсе, мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн б) - ж) пунктчаларында каралган учурлар улутташтыруунун негиздери деп эсептелбейт. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 288-статьясынын 3-пунктунда мүлктү мамлекеттештирүү мамлекеттин коопсуздугун, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында гана жүргүзүлөөрү белгиленген.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн б) - ж) пунктчаларында түптөлгөн кырдаалда иштин белгиленген чөйрөлөрүнүн ар биринде Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарынын алкагында жөнгө салынууга тийиш. Иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин, жерлердин кыртышын бузууга уюмдарда массалык иштен бошотууга, айлык акыны төмөндөтүүгө, ишканалардын банкроттугу чөйрөсүнө байланыштуу маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында өзүнчө ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат жана улутташтыруу үчүн негиз боло алышпайт.
4-берененин 3-бөлүгүндө мүлктү мамлекеттик менчикке айландыруу кезектеги финансы жылына жана пландык мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырыла тургандыгы каралган.
Улутташтыруунун финансылык жагына - мамлекеттик бюджеттин ири бөлүгүн түзгөн учурларда каралып жаткан мыйзам долбоорунан келип чыккан мамлекеттин милдеттерине өзгөчө көңүл буруу керек.
Мыйзамдын долбоорунун айрым ченемдерине ылайык улутташтыруунун натыйжасында ээликтен ажыратылуучу мүлктүн ээлеринин чыгымдары жана жоготуулары мамлекеттик каражаттын эсебинен төлөнүүгө тийиш. Ошону менен бирге, мыйзамдын долбоорунда суммасы өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин ири бөлүгүн (мүмкүн 1/3, 1/2, жылдык бюджеттин жарымынан көбүн) түзгөн төлөмдөр боюнча натыйжа алып келүүчү, мүлктөрдү жана объекттерди улутташтыруу учурлары каралган эмес. Мындай учурларда улутташтыруунун натыйжалары өлкөнүн экономикалык жана жалпы эле улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурат.
Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу, мыйзамдын долбоору улутташтыруунун баяндалган учурларын сыпаттоо жагында, ошондой эле, каралып жаткан мыйзамдын долбоорун жана конкреттүү улутташтырууда конкреттүү мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу тартиби жана шарттары боюнча ченемдерди киргизүү бөлүгү оңдоп-түзөтүлүүгө тийиш. Башкача айтканда, улутташтыруу жөнүндө мыйзам долбоору менен иштөөнүн ушул этабында эле мыйзамдуу тартипте мамлекеттик чыгымдардын кайсы түрлөрү кыскартылаарын жана кийинки жылдарга калтырылаарын белгилөө керек.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленгендей, мүлктү улутташтыруу мындай мүлктүн менчик ээсинин милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуунун ыкмасы болуп саналбайт. Ошол эле учурда мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (4-бөлүктөн кийинки пункт, анткени бул беренеде бөлүктөргө номер коюу тартиби бузулган) ал Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган мүлктү мажбурлап тартып алуу учурларына, анын ичинде жарандардын жана юридикалык жактардын милдеттенмелери боюнча мүлк эсебинен өндүрүүгө таркалбайт.
Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинин 5-бөлүгүндө "улутташтырылуучу мүлк" укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган тартипте сот тарабынан жүзөгө ашырылаары каралган. Бул ченемди иштеп чыгууну сунуштайбыз, анткени "улутташтырылуучу мүлк" укуктук мамилелердин субъекти эмес, объекти болуп саналат.
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5-статьясынын 11-пунктуна ылайык аскердик абал киргизилген учурда көрүлүүчү чаралардын бири-коргонуу муктаждыктары үчүн транспорт каражаттарын, курулмаларды, имараттарды, машиналарды, механизмдерди, радио берүүчү түзүлүштөрдү, көбөйтүүчү, электрондук-эсептеп чыгаруу техникасын, үн жазуучу аппаратураны, байланыштын техникалык каражаттарын жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын, ок атуучу жана башка куралды, курал-жарактарды, жарылуучу жана химиялык заттарды, радиоактивдүү материалдарды, ошондой эле эсептик жылга мобилизациялык пландары бар уюмдарды кошкондо башка уюмдардын уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан жабдуулары жана материалдык каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кийин компенсациялоо менен алынышы же убактылуу ишке тартылышы мүмкүн.
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-статьясынын 21-пунктуна ылайык конкреттүү кырдаалдарга жараша өзгөчө абал шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары мыйзамдар менен белгиленген тартипте ордун толтуруу менен мүлктү алып коюулары мүмкүн.
"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык уюмдар жана жарандар өлкөнүн коргонуусун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана атайын түзүлүштөргө транспорттук каражаттарды жана алардын менчигиндеги башка мүлктү берүүгө милдеттүү.
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясынын 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук коопсуздукту (коргонууну) камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кийин компенсациялоо менен мамлекеттик органдардын талабы боюнча имараттарды, транспорт каражаттарын жана алардын менчигиндеги башка мүлктү беришет.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда "Аскердик абал жөнүндө", "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын, ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө", "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин эске алуу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында мамлекеттик менчикке мүлктү алуу жөнүндө ченемдерди конкреттештирүүнү сунуш кылабыз.
5-берене боюнча.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан контролдоо жүргүзүүнү караштырган улутташтыруу принцибин алып салууну сунуш кылабыз, анткени мындай чара мүлктү улутташтыруунун натыйжасы болуп саналат, демек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылууга милдеттүү. Ушуга байланыштуу улутташтыруу жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө "Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн улутташтыруунун принциптеринин бири мамлекеттин менчигине алынган мүлктү анын багытына ылайык максаттуу пайдалануу болуп саналат. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул принцип кээ бир учурларда улутташтыруунун максаты - улуттук коопсуздукту камсыз кылууга каршы келиши мүмкүн. Улутташтыруунун натыйжасында мамлекеттин менчигине алынган мүлк бардык эле учурларда анын багытына ылайык пайдаланылбай тургандыгы белгилүү (мисалы, иши айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү жабдуулар жана техникалар; жарандык жүгүртүүдөн алынып салынган буюмдар).
6-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун бул беренесинде түзүмдүк элементтерге номер коюу тартиби бузулган (номер коюу боюнча 4-бөлүктөн кийин 5-бөлүктүн ордуна 2-бөлүк сунушталган; берененин акыркы бөлүгү 6-бөлүктүн ордуна 4-бөлүк катары номерленген). Буга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин түзүмдүк элементтерине номер коюуну "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин талаптарына ылайык келтирүү керек.
Ушул берененин 1-бөлүгүндө улутташтыруу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн болгон мүлккө карата төмөнкүдөй мыйзамдуу аныктама берүү сунушталат: "улутташтырууну өткөрбөстөн жетишүүгө болбой турган, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл болгон технологиялык өз ара байланышкан буюмдардын комплекси же бөлөк буюм түшүнүлөт.".
Учурдагы редакциядагы "бөлөк буюм" деген сөздү ар кандай түшүнүүгө болот. Буга байланыштуу, бул берененин редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 22-статьясына ылайык буюмдар граждандык укук объектилерине таандык болот, буга акча жана баалуу кагаздар, башка мүлк, анын ичинде мүлктүк укуктар; жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр; корголуучу маалымат, интеллектуалдык иштин натыйжалары жана аларга теңештирилген жекелештирүү каражаттары (интеллектуалдык менчик), ошондой эле башка материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар кирет. Сунушталуучу толуктоо мыйзамдын долбоорунун ушул 6-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемдерине шайкеш келет.
Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүн "продукция" деген сөздөн кийин ", акциялар, чарбакер субъекттердин уставдык капиталдарында үлүштөр жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр" деген сөздөр менен толуктоо керек, анткени Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 33-статьясына ылайык ишкананын курамына мүлктүк комплекс катары, анын иши үчүн пайдаланылган мүлктүн бардык түрлөрү кирет.
7-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүндө ажыратылган мүлккө болгон менчик ээсинин укугу, эгерде көрсөтүлгөн мыйзамда башка белгиленбесе, конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып мамлекетке өтөөрү каралган. Ошентип, улутташтыруу болуп өткөн аракет катары тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен жүзөгө ашырылат. Мында республикалык бюджеттин каражаттарынын жетишсиздигинин натыйжасында мурдагы менчик ээлерине улутташтырылган мүлктүн наркын өз убагында ордун толтуруу камсыздалбаган учурлары болушу мүмкүн. Ошентип, улутташтырылган мүлктүн менчик ээсине акчалай ордун толтурууну төлөп берүү процесси жылдан жылга өтүп, белгисиз убакытка созулушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгүндө каралгандай, мүлктү улутташтыруу улутташтырууга байланышкан, улутташтырылуучу мүлктүн наркын жана башка чыгымдардын ордун толтуруу шартында гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Бул ченемдин мазмуну боюнча улутташтыруу улутташтырылуучу мүлктүн менчик ээсине ордун толтурууну акчалай төлөп бергенден кийин гана болуп өткөн катары саналат.
Буга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда тиешелүү мыйзамды кабыл алуу учуруна менчик ээсине улутташтырууга байланышкан бардык жоготуулары компенсациялана тургандыгы жөнүндө жетиштүү кепилдиктер жок болсо, конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө чечимди кабыл алуунун мүмкүндүгүн конкреттештирүү керек, же сөз улутташтырылуучу мүлктүн наркын алдын-ала ордун толтуруу жөнүндө болушу керек.
Ошондой эле, мыйзамдын долбоорунда улутташтырылуучу мүлккө мамлекеттин укугу кайсыл учурдан юридикалык күчкө кирээрин тактоону сунуштайбыз: конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн, каттоочу органдарда мамлекеттик менчикке укуктарды каттоо учурунан (милдеттүү каттоого тийиштүү укуктар үчүн) же мурдагы менчик ээсине ордун толтурууну төлөп берүүдөн кийин.
7-берененин 2-бөлүгү кайра карап чыгууну жана тактоону талап кылат. Сунушталуучу ченемге ылайык "Мамлекеттик мүлктү ажыратуу учурунда, анын наркын баалоо үчүн улутташтырылуучу мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте аныкталат. Башка чыгымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улутташтырылуучу мүлктүн наркын баалоо үчүн белгиленген датасына карата аныкталат.".
Белгилеп кетүүчү нерсе, мамлекеттик мүлктү сатууда анын наркын аныктоо процесси өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ, буга байланыштуу улутташтырууну жүргүзүүдө бул тартипти колдонуу максатка ылайык келбейт.
Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү көпчүлүк учурларда аукциондорду өткөрүү аркылуу ишке ашырылаарын эске алуу керек. Көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган, менчиктештирүү объектисинин наркы аукциондун жүрүшүндө көтөрүлөт, ошентип менчиктештирүү боюнча тооруктарды жүргүзүүдө сатуу баасы жарыяланган старттык баадан (баалоочу тарабынан аныкталган) айырмаланат.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгү ушул эле мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин ченемдерине шайкеш келбейт.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 1-бөлүгү "ордун толтуруунун" деген сөздөрдөн кийин "рыноктук" деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз, анткени мүлктүн баасы улутташтыруу жөнүндө мыйзамды кабыл алуу күнүнө жараша өзгөрүшү керек, башкача айтканда мүлктүн баасы рыноктун азыркы шарттарына жараша аныкталууга тийиш.
Ошондой эле, мыйзамдын долбоорунун 7-беренесин "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык келтирүүнүн зарылдыгын белгилейбиз, ага ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда экспроприация басмырлоосуз негизде, коомдук кызыкчылыкта мыйзамдык тартипти так сактоо менен ишке ашырылса жана алынбай калган пайданы кошо алганда зыяндын ордун тиешелүү түрдө жана реалдуу толтуруу, өз убагында төлөө менен жүргүзүлсө, инвестициялар экспроприацияланбайт (мамлекеттештирбейт, реквизицияланбайт же инвестордун каражаттарын мажбурлап алып коюуга же инвестициялардын жыйынтыгынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн аны ажыратууга кириптер кылуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан аракетти же аракетсиздикти камтуучу башка эквиваленттүү чаралар көрүлбөйт). Мында ордун толтуруу экспроприация жөнүндө чечим кабыл алынган датанын өзүндө, алынбай калган пайданы кошкондо, экспроприацияланган инвестициялардын же анын бир бөлүгүнүн объективдүү рынок баасына эквиваленттүү болууга тийиш. Объективдүү рынок баасы экспроприациялоо жөнүндө мурдагы маалымдуулуктан улам нарктагы кандайдыр бир өзгөрүүнү чагылдырбоого тийиш.
Ошондой эле жогоруда берилген Мыйзам менен ордун толтуруу реалдуу ишке ашырылууга, тараптар макулдашкан мөөнөттө бүткөрүлүүгө тийиш жана эркин алмаштырылуучу валютада төлөнөөрү белгиленген. Ордун толтуруу LIBOR сунушунун Лондон банктар аралык ставка боюнча компенсация эсептелүүчү мөөнөткө туш келүүчү АКШ долларындагы пайыздарды камтыйт. Мөөнөт бир жылдан ашык узарган учурда LIBORдун он эки айлык ставкасы пайдаланылат.
Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинин 3-бөлүгү менен улутташтырылуучу мүлктүн наркынын жана улутташтыруу менен келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу бюджеттен (республикылык же жергиликтүү) жүргүзүлөөрү каралган. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору талап кылгандай мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдык ыйгарым укуктарын так чектөө максатында, мыйзамдын долбоорунда улутташтырууга байланыштуу чыгымдар кайсыл учурда республикалык, ал эми кайсыл учурда жергиликтүү бюджеттен жабылаарын конкреттештирүү керек.
Мыйзамдын долбоорун чарба коомдору жөнүндө мыйзамдарга шайкеш келтирүү максатында 7-берененин 5-бөлүгүндөгү "фонду" деген сөздү "капиталы" деген сөзгө алмаштыруу керек.
Мындан тышкары, улутташтырылуучу мүлктүн наркынын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө ченемди бир беткей түшүнүү максатында "башка чыгымдар" түшүнүгүн конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
8-берене боюнча.
Мүлктү улутташтыруу мүлктү мамлекеттик менчикке которууну сунуштагандыктан, 8-берененин аталышындагы жана бардык текст боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан "улутташтырылуучу мүлккө укуктарды алуу" деген сөздөрдү "улутташтырылуучу мүлккө мамлекеттик менчик укугуна ээ болуу" деген сөздөргө алмаштыруу максатка ылайык келет деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин расмий тилдеги бөлүктөрүнө номер коюу бузулгандыгын белгилеп кетүү керек.
Ушул берененин 3-бөлүгү менен улутташтырылуучу мүлктү мамлекеттик менчикке ээликтен ажыратуу, аны Кыргыз Республикасынын менчигине же тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин менчигине өткөрүп берүү жолу менен жүзөгө ашырылаары каралган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы унитардык мамлекет болуп саналат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектеп бөлүштүрүү принциби бекитилген.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу администрациялык-аймактык бирдиктерге облустар жана райондор кирет. Жергиликтүү коомчулук шаар жана айылдык аймак сыяктуу администрациялык-аймактык бирдиктерде жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырат.
Ошентип, мыйзамдын долбоору сунуштагандай улутташтырылуучу мүлктүн шаардын же айылдык округдун менчигине өтүшү улутташтырылуучу мүлктүн жергиликтүү коомчулуктун муниципалдык менчигине өтүшүн билдирет. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык улутташтыруу жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү Кыргыз Республикасынын менчигине, башкача айтканда мамлекеттик менчикке өтүшүн болжолдойт.
Буга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун жоболору улутташтырылуучу мүлккө мамлекеттик менчик укуктары Кыргыз Республикасына (мамлекеттик менчикке) же тиешелүү администрациялык-аймактык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу жергиликтүү коомго өтүү маселесин тактоо бөлүгүндө кайра карап чыгууну талап кылат.
Андан сырткары, улутташтырылуучу мүлккө мамлекеттик менчик укугу мыйзамдарга ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда укук мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзамдын негизинде пайда болот деген мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүн тактоону сунуштайбыз.
Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 токтому менен бекитилген, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жобосуна ылайык, Фонд мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыктарынын атынан чыгуучу, мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
Алсак, Фонддун функцияларынын бири болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттештирилген же башка жол менен мамлекеттин менчигине айландырылган мүлктү мамлекеттин менчигине кабыл алуу, аны пайдалануу, башкаруу жана тескөө боюнча практикалык чараларды көрүү;
- менчиктештирүү, мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча комиссияларды түзүү жана алардын ишине катышуу.
Жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Фонд төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
- мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, түздөн-түз башкарууга, ижарага, пайдаланууга жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө;
- мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте өткөрүп берүүгө;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү түздөн-түз башкарууга жана чарба жүргүзүүгө берүү боюнча чечим кабыл алууга.
Улутташтыруу жол-жобосу мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүүнү караштыргандыктан, мамлекеттик менчикти башкаруу чөйрөсүндө жогоруда белгиленген ченемдик укуктук актылардын алкагында, улутташтырууга байланыштуу пайда болгон бардык чараларды, анын ичинде мүлктү мындан ары пайдалануу, белгиленген тартипте мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга өткөрүп берүү жагында чараларды көрүүнү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 5-бөлүгү эмгек мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен кайра каралып чыгууга жана толукталып иштелип чыгууга тийиш. Улутташтыруу мамлекеттик менчикке (жеке адам жана юридикалык жак эмес) мүлктү өткөрүүнү караштырат, демек белгиленген тартипте жоюлган эмес, иштеп жаткан юридикалык жак иш берүүчү болуп чыккан учурда кызматкердин жалдоочу менен эмгек мамилелери күчүндө калат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, эмгек келишими тараптардын макулдугу менен уюмду жоюуга байланыштуу жумушчуну иштен бошотууда мөөнөт аяктаганга чейин калган ар бир күн үчүн орточо эмгек акысынын өлчөмүнөн кем эмес өлчөмдөгү компенсацияны төлөө менен эскертүү мөөнөтү аяктаганга чейин бузулушу мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 79-беренесине ылайык менчик ээсинин алмашышына, уюмдун таандыктыгынын (ведомствого караштуулук) өзгөрүшүнө жана анын өзгөртүп кайра түзүлүшүнө байланыштуу кызматкердин ишти улантуудан баш тартышы эмгек келишимин токтотуунун негиздеринин бири болуп саналат.
9-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун ушул беренесинин 3-бөлүгүндө "мамлекеттин менчигине ажыратылган мүлк чарбалык ээлик кылуу укугуна же оперативдүү башкарууга мамлекеттик юридикалык жактарга (республикалык же коммуналдык) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилип берилээри" каралган.
"Республикалык юридикалык жак" жана "коммуналдык юридикалык жак" терминдерин тактоо керек, анткени улутташтырылган (мамлекеттик менчикке өткөрүлгөн) мүлктү коммуналдык ишканага (эгерде долбоордун демилгечиси муниципалдык ишкана жөнүндө айтса) бекитүү аны мамлекеттик менчиктен жергиликтүү коомдун муниципалдык менчигине өткөрүүнү билдирет.
Ошондой эле, ушул берененин 1-бөлүгүндөгү "мамлекеттин менчигине ажыратылган мүлктү башкарууга ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдү "карамагына улутташтырылган мүлк өткөрүп берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз, анткени "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Мамлекеттик мүлк фондунун жобосуна ылайык Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары чыгат жана берилген ыйгарым укуктарына ылайык белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү чарбанын карамагына жана тикелей башкарууга өткөрүп берүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүнүн абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү улутташтырылуучу мүлккө карата аны андан ары пайдалануу боюнча чечимдерди мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алат.".
Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз, анткени улутташтырылган мүлктү мамлекеттик менчикке алууга байланыштуу андан аркы чаралар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун бул беренесинин 2-бөлүгү менен насыячыларга таандык укуктар (талаптар) мамлекет тарабынан мамлекеттик менчикке ээликке ажыратылган мүлктү пайдаланууга байланыштуу милдеттенмелер боюнча канааттандырылаары каралат.
Насыячылардын - улутташтырылган мүлктүн мурдагы ээлеринин талаптарын канааттандырууда бюджеттин ашыкча жана негизсиз чыгымдарына жол бербөө максатында мыйзамдын долбоорунда мамлекет мындай милдеттенмелер боюнча бул улутташтырылган мүлктүн наркынын чегинде гана жооп бере тургандыгын көрсөтүү зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренесинин 1-пунктуна ылайык жарандарга карыган, ооруган жана эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, багуучусун жоготкон кезде, мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте социалдык камсыздоо кепилденет.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясына ылайык пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адамга (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгилдер гана эсепке алынат. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык № 2 тизме боюнча жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия дайындоо жана төлөө иши жеңилдетилген иш стажынын көпчүлүк бөлүгүн иштеп кеткен жердеги жумуш берүүчү тарабынан жана ушул берененин 1-пунктуна ылайык, кызматкер жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ишкана жоюлган, кайра уюштурулган учурда № 2 тизме боюнча зарыл болгон иш стажын иштеген адамдарга жана текстиль өндүрүштөрүнүн аял кызматкерлерине пенсия төлөө, ал пенсияны төлөөгө арналган каражаттар капиталдаштырылган жана өткөрүлүп берилген шартта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Ушуга байланыштуу пенсиянын татыктуу өлчөмүн алууга керектүү стажы бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толуктоо керек:
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө, ошондой эле жумуш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен пенсияларды төлөө милдеттенмелери боюнча мамлекет мындай милдеттенмелердин толук өлчөмүндө жооп берет.".
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинде келтирилген "мамлекеттик менчикке ээликтен ажыратылган мүлктү колдонууга байланыштуу милдеттенмелер" түшүнүгүнүн көптөгөн чечмелөөлөрү болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу бул милдеттенмени аткаруу карызкор тарабынан насыячыга мүлктү пайдаланууга берүүнү камтыгандыгын же камтыбай турганын, же насыячынын талаптары мүлктү тескөө эсебинен (сатуу, алмашуу) канааттандырылууга тийиш экенин тактоону сунуш кылабыз.
Ошондой эле практикада мүлкү улутташтырылган насыячылар соттук тартипте аларга улутташтырылган мүлктү өткөрүп берүү жолу менен (мисалы, эгерде улутташтырууга чейин пайда болгон милдеттенмени аткаруу насыячыга мамлекеттик менчикке алынган мүлктү өткөрүп берүүгө байланыштуу болсо) өз талаптарын канааттандыруу дооматтарын кое алган учурлардын пайда болушу мүмкүн. Соттук чечимдер насыячылардын пайдасына кабыл алынган жана улутташтырылган мүлк башка адамдарга өткөрүлүп берилген учурда улутташтыруу өзүнүн маанисин жоготот.
11-берене боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын менчигиндеги мүлктү мамлекеттик менчикке алуу бул мүлктүн наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруу менен мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт. Ошентип, улутташтырылуучу мүлктүн менчик ээлерине анын наркынын жана башка чыгымдардын ордун толтуруу өлчөмдөрү, тартиби, мөөнөттөрү жана башка шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен эмес, конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам менен белгилениши керек. Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 6-бөлүгүн 12-берененин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарына карама-каршы келгенин алып салуу үчүн кайра карап чыгуу сунуш кылынат.
Бул берененин 1-бөлүгү менен Өкмөткө конкреттүү мүлктү улутташтыруу жол-жобосун демилгелөө укугун берүү сунуш кылынат. Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 288-статьясына ылайык жарандарга жана юридикалык жактарга таандык мүлктү аны улутташтыруу жолу менен мамлекеттик менчикке өткөрүү бул мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзамдын негизинде гана жол берилет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык мыйзам чыгарууга демилгелөө укугу 10 миң шайлоочуга (элдик демилге), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык.
Ошентип, конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинде көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан киргизилиши мүмкүн.
12-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы "тийиштүү бюджеттен" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, анткени ордун толтуруу булагын тактоону (республикалык же жергиликтүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечими менен кароо максатка ылайык.
13-берене боюнча.
Бул берененин 1-бөлүгүндө "Алынууга жаткан мүлктүн рыноктук наркынын чоңдугун жана улутташтыруунун натыйжасында менчик ээсине келтирилген чыгымдардын өлчөмүн аныктоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен Конкреттүү мүлктү улутташтыруу боюнча комиссия тарабынан аныкталары" сунушталат.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тийиштүү сунуш менен кошо киргизилип жаткан конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам долбоору каралуучу мыйзамдын долбоорунун 11-12-беренелеринин ченемдери талап кылгандай, улутташтырылуучу мүлктүн наркынын ордун толтуруу өлчөмүн камтууга тийиш, ага улутташтыруу тарабынан келтирилген чыгымдар кирет.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгүндө ээликтен ажыратылган мүлккө менчик укугу конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап мамлекетке өтө турганы каралган.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин бул мүлк менчик ээсинин ээлигинен алынышы мүмкүн эмес. Бул жагдай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлүүчү улутташтырууга таандык мүлктүн рыноктук наркын аныктай турган улутташтыруу боюнча комиссиянын иштөөсүнө мүмкүндүк бербейт. Мүлктүн рыноктук наркын аныктоо процессинин ажырагыс элементи баалоо объектисин иликтөө, активдерди инвентаризациялоо, баалануучу объект жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматты топтоо жана иштетүү (бухгалтердик отчеттуулук документтери, финансы-чарба иши жөнүндө башка документтер, техникалык документация) болуп саналат, өзгөчө бул бизнеске жана кыймылсыз мүлккө тийиштүү. Ушуга байланыштуу Улутташтыруу боюнча комиссиянын көз карандысыз баалоочулардын улутташтыруу жөнүндө маселеси каралып жаткан объектке баруусун камсыз кылуусу, ошондой эле менчик ээсинен бул объект жөнүндө керектүү маалымат алуусу татаалдайт.
Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 6-бөлүгүндө "улутташтырууга жаткан мүлктүн наркынын өлчөмү аталган мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күнгө карата көрсөтүлгөн мүлктү баалоонун негизинде аныкталары" каралат. Мындан улам баалоо конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө чечим (мыйзам) кабыл алынгандан кийин жүргүзүлүшү керек, бул кайрадан эле каралып жаткан мыйзамдын долбоорунун 11-беренесинин 6-бөлүгүнө жана 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна карама-каршы келет.
Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 7-бөлүгүндө "ушул беренеге ылайык аныкталган алынуучу мүлктүн ээсине ордун толтуруу өлчөмү сот тарабынан белгиленери" каралат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын менчигиндеги мүлктү мамлекеттик менчикке алуу мыйзамдын негизинде бул мүлктүн наркын жана башка чыгымдардын ордун толтуруу менен жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу улутташтырылуучу мүлктүн ээлерине анын наркын жана башка чыгымдарды төлөө өлчөмдөрү, тартиби, мөөнөттөрү жана башка шарттар сот тарабынан эмес, конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам тарабынан белгилениши керек. Ушуга байланыштуу 13-берененин 7-9-бөлүктөрүн мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарына карама-каршы келгендигинен алып салуу үчүн кайра карап чыгуу сунуш кылынат.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 13-беренесинин 3-5-бөлүктөрүндө ошол эле Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн "д", "в" жана "б" пунктчаларына шилтеме ченемдер бар. Бирок Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде "д", "в" жана "б" пунктчалары жок.
14-берене боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун бул беренесинин аталышын төмөнкү редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"14-берене. Улутташтырылуучу мүлктүн наркынын жана келтирилген чыгашаларынын ордун толтуруу төлөмү". Тийиштүү түзөтүүлөрдү мыйзамдын долбоорунун беренелеринин бардык тексттерине киргизүү керек.
Мыйзамдын долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-8-пункттарына ылайык улутташтыруу жөнүндө мыйзам ордун толтуруу өлчөмүн, ордун толтуруу мөөнөттөрүн жана тартибин камтышы керек экендигине байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 1-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле бул берененин 2-бөлүгүн менчик ээсине улутташтырылуучу мүлктүн наркынын ордун башка мүлктү өткөрүп берүү жолу менен толтуруу бөлүгүн толук иштеп чыгууну сунуш кылабыз, анткени "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мүлктү мамлекеттик менчиктен жеке адамдардын жана юридикалык жактардын менчигине ээликтен ажыратуу жол-жобосу менчиктештирүүнү Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн ыкмалардын чегинде гана караштырат. Мамлекеттик мүлктү улутташтырылуучу мүлктүн наркынын ордун толтуруу эсебинен ээликтен ажыратуу ыкмасы Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамында берилген эмес.
Же болбосо Мыйзамдын долбоорунда жогоруда баяндалганга байланыштуу "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шилтеме ченемди караштыруу зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгүндө күрөө предмети болуп саналган мүлктү улутташтыруунун кесепеттерин баяндаган ченемдер бар. Укук колдонуучу тажрыйбада талаш жагдайларды болтурбоо үчүн мыйзамдын долбоорунда күрөө предметин алмаштыруу ким тарабынан жүргүзүлүшү керектиги, ошондой эле соттун чечимдеринен улам келип чыккан сервитуттун же үчүнчү жактардын укуктарына дуушар болгон, же ага карата тескөө боюнча чектөөлөр салынган (камак салуу, акциялар жана башкалар боюнча операцияларга тыюу салуу) мүлктү улутташтыруунун юридикалык кесепеттерин чагылдыруу керек.
Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинин 2-бөлүгү менен улутташтырылуучу мүлктүн менчик ээсинин кредиторлоруна таандык укуктар (талаптар) мамлекет тарабынан канааттандырылат. Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун 14-беренесинин 3-бөлүгү менен күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө тийиштүү суммадагы талаптарын талаптагыдай канааттандыруу укугуна ээ болот.
Белгилей кетүүчү нерсе, көрсөтүлгөн беренелерде карама-каршылыктар орун алган учурда улутташтырылуучу мүлктүн күрөө кармоочусунун укуктары корголгон эмес. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын граждандык 339-статьясында эгерде күрөөгө коюлган мүлк акы төлөнгөн же акысыз ээликтен ажыратуунун натыйжасында, болбосо универсалдуу укук мурастоо тартибинде күрөө берүүчүдөн башка жакка өтсө, күрөө күчүн сактап калат же күрөө кармоочу менен макулдашууда башкача белгиленбесе, мүлктү же мүлктүк укуктарды алуучу, болбосо күрөө берүүчүнүн укуктук мурастоочусу күрөө берүүчүнүн ордун ээлейт жана анын күрөө жөнүндө келишими боюнча бардык милдеттенмелерин, анын ичинде күрөө берүүчү тарабынан талапка ылайык аткарылбаган милдеттенмелерин аткарат. Ошондой эле, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-статьясына ылайык Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча күрөөгө коюлган мүлктү алган жак аны ээликтен ажыратуунун натыйжасында же укук мураскору тартибинде, анын ичинде юридикалык жакты кайра уюштуруунун натыйжасында же мурастоо тартибинде күрөө берүүчүнүн ордун ээлейт да, ошол күрөө берүүчүнүн күрөө жөнүндөгү келишим боюнча бардык милдеттенмелерин, ошонун ичинде, эгерде келишимде башкасы каралбаса, алгачкы күрөө берүүчү тарабынан талаптагыдай аткарылбаган милдеттенмелерин да аткаруу милдетин өз мойнуна алат.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунда күрөө кармоочунун талаптары күрөө берүүчүгө тийиштүү ордун толтуруу суммасынан канааттандырылаарын же улутташтырылган мүлк күрөөдө калаарын жана мүлктү улутташтырган мамлекет күрөө берүүчү катары чыгаарын түздөн-түз караштыруу керек.
Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "жарандык-процессуалдык мыйзамдары тарабынан" деген сөздөрдү "мыйзамдар тарабынан" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Бул берененин 5-бөлүгүнүн жоболоруна карата ушул мыйзамдын долбоору менен бир эле учурда тийиштүү мыйзамдык актыларга, анын ичинде "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун демилгелөөнү максатка ылайык деп белгилейбиз.
15-берене боюнча.
Бул берененин 1-бөлүгүндө наркы миңден көп эсептик көрсөткүчтү түзгөн улутташтырууга таандык мүлктү сатып алууга, ээликтен ажыратууга же айрым бөлүктөрүн түздөн-түз же кыйыр ээликтен ажыратуу мүмкүндүгүнө байланыштуу келишимдерди же бир нече өз ара байланышкан келишимдерди түзүүгө чектөөлөрдү белгилөө сунуш кылынат. Бирок, бул чектөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган учурда белгилөө сунуш кылынат. Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун 11-беренеси улутташтыруу процессин демилгелөө тартибин аныктайт, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө мыйзамдын долбоору киргизилгени жөнүндө маалыматты ченемдик-укуктук актыларды жарыялоонун расмий булактарынын биринде жайгаштыруу зарылдыгы жөнүндө шартты камтыйт. Ошентип, конкреттүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө чечим демилгеленген процесстин эң башынан баштап (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан улутташтыруу боюнча комиссия түзүлгөн учурдан тартып) менчик ээси жана башка кызыкдар адамдар мамлекеттин бул мүлктү улутташтыруу ниети жөнүндө кабардар болушат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан улутташтыруу тууралуу чечим кабыл алынганга чейин эле улутташтыруу жөнүндө маселеси каралып жаткан мүлктүн ээси тарабынан активдерди чыгарып кетүү боюнча чаралар көрүлүшү мүмкүн.
Жалпысынан мыйзамдын долбоору боюнча төмөнкүлөр сунуш кылынат:
- мыйзамдын долбоорунда түшүнүк аппаратын (аныктамалар, терминдер) караштыруу;
- "улутташтыруу" түшүнүгүн, "улутташтырылуучу мүлктүн ээси", "мамлекеттик менчикке алынуучу мүлктүн менчик ээси", "башка чыгымдар" түшүндүрмөлөрүн тактоо;
- мыйзамдын долбоорунун текстиндеги "улутташтырылуучу мүлк же улутташтырылууга тийиштүү мүлк" сөздөрүнүн бирдей түшүндүрмөлөрүн аныктоо;
- маселелерди чечүүнүн башка тартибине ээ болгон, Кыргыз Республикасынын конкреттүү мыйзамдык актыларына шилтеме ченемдерди кароо (мамлекеттик мүлктү башкаруу, банкроттуулук, эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү), башкача айтканда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленгенге караганда улутташтырууга байланыштуу маселелерди башка тартипте чечүүнүн укуктук мүмкүндүгүн аныктоо;
- улутташтырылган мүлктүн наркынын ордун толтуруу маселелеринде мыйзамдын долбооруна төлөө мөөнөттөрүн белгилөө бөлүгүндө төлөөнү чет өлкөлүк валютада жүргүзүү мүмкүндүгүнүн ченемдерин киргизүү жөнүндө маселени кароо.
Жалпысынан сунушталган мыйзамдын долбоорунун ченем чыгаруучу техникасы боюнча "болушу мүмкүн", "болот", "мүмкүн" сыяктуу жалпыланган, так эмес түшүндүрмөлөрдүн бар экендигин белгилей кетүү керек, аларды укук колдонуучу тажрыйбада пайдалануу коррупциялык коркунучтардын көбөйүшүнө жардам бериши мүмкүн, анткени мындай түшүндүрмөлөр тийиштүү субъектке кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды берет.
Сунушталган мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында коомдук талкуунун жыйынтыктары келтирилген эмес, мыйзамдын долбоору коомдук талкуулоо үчүн сайтта жайгаштырылганы гана көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренеси негиздеме-маалымкатта коомдук талкуулоонун жыйынтыктарын көрсөтүүнү талап кылат. "Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарын аткаруу шарты - коомдук талкуулоонун жыйынтыктарын эске алуу менен кароо керек деп эсептейбиз.
Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, мыйзамдын долбоору компенсациялык мүнөздөгү мүлктүк маселелерди караштырат, алар ишкердик субъектилерин улутташтыруу учурунда пайда болушу мүмкүн. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикага жараша ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасири талданууга тийиш. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнгө салуучу таасирди талдоо түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген методикага ылайык "Улутташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуунун негиздемесин даярдоо зарылдыгын белгилейт.
Жалпысынан сунушталган мыйзамдын долбоорунун мазмуну боюнча анда улутташтырууга байланыштуу чыгымдарды каржылоо маселелери - мамлекет улутташтырылган объектилерди максаттык мааниси боюнча тийиштүү иштетүү үчүн каражаттарды таба албаган учурлардын жетишсиз чагылдырылганын белгилей кетүү керек.
Мыйзамдын долбоору ордун толтуруу мөөнөттөрүн белгилөө боюнча укукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет. Ошону менен бирге, мыйзамдын долбоору улутташтырылуучу мүлк менчик укугунда таандык болгон Кыргыз Республикасынын резиденттери эместердин эл аралык арбитраждарына кайрылуусу мүмкүн болгон учурларды караштырбайт. Мыйзамдын долбоору, эгер ордун толтуруу боюнча пландары эл аралык сот инстанцияларынын көрсөтмөлөрүнө туура келбей калган учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-аракеттеринин тартибин аныктабайт.
Ошондой эле талаш жагдайларды жөнгө салуу маселелери чагылдырылган эмес, алар эгер Кыргыз Республикасынын улутташтыруу жөнүндө чечимдери (алынган мүлктүн наркынын жана чыгымдардын ордун толтуруу маселелери да) инвесторлор тарабынан эл аралык сот инстанцияларында талашкан учурда пайда болушу мүмкүн.
Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1995-жылдын 17-майындагы З № 79-1 жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын 1995-жылдын 31-майындагы П № 62-1 токтомдору менен) чет өлкөлүк арбитраждардын чечимдерин таануу жана аткаруу жөнүндө 1958-жылдагы БУУ Конвенциясына кошулуу менен, өзүнө чет өлкөлүк арбитраждардын чечимдерин таануу жана аларды Кыргыз Республикасында аткаруу милдеттенмелерин алган.
Мындан тышкары мыйзамдын долбоорунда инвестициялык макулдашуулардын предмети болуп саналган мүлктү улутташтыруу кесепеттери чагылдырылган эмес. Белгилей кетчү нерсе, Кыргыз Республикасы көптөгөн мамлекеттер менен инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө бир катар эки тараптуу эл аралык келишимдерди түзгөн. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда каралган улутташтыруунун кесепеттери инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө түздөн-түз инвестициялык макулдашуулардын же эл аралык келишимдердин өздөрүндөгү улутташтыруу шарттарынан айырмаланышы мүмкүн.
Мындан тышкары, сунушталган мыйзамдын долбооруна карата - негиздеме-маалымкатта улутташтыруу маселеси боюнча колдонуудагы ченемдик-укуктук базанын толук талданышы келтирилген эмес. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынан жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен тышкары Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы №103 "Мүлктү мажбурлап алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" декрети колдонулат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу ошондой же юридикалык күчү азыраак болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгер алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук көрсөтмөлөргө карама-каршы келсе же ал тарабынан жокко чыгарылса, же иш жүзүндө өз маанисин жоготсо, күчүн жоготту деп табылууга тийиш. Бирок сунушталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 103 "Мүлктү мажбурлап алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" декретин мындан ары колдонуу жөнүндө көрсөтмөлөрдү камтыбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган Мыйзамдын долбоорун жогоруда көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу керек деп эсептейт.