Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 7-октябры № 577
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик" жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 288-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө, юридикалык жактарга -эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмунө чейин администрациялык aйып салууга алып келет.»;
2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүү өлчөмүнө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.».
2. 289-статьяда:
1-бөлүктун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө, юридикалык жактарга -эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.»;
бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш өлчөмүнө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүү өлчөмүнө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүздөн беш жуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.»,
3. 290-статьяда:
1- бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүз өлчөмүнө ченин администрациялык aйып салууга алып келет.».
4. 290-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.».
2- берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти