Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ТОКТОМУ
2015-жылдын 28-майы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 67-о «Жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев, Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев, Гульзар Абдыбековна Суталинованын даттануусун канааттандыруусуз калтыруу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу – судья М. Ш. Касымалиев, судьялар – К. Абдиев, М. Р. Бобукеева, Э. Т. Мамыров, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаев, К. С. Сооронкулованын курамында, соттук отурумдун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесенин 5-бѳлүгүн жетекчиликке алып, соттук отурумда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 67-о «Жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев, Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын даттануусун карады.
Даттануу боюнча соттук отурумду даярдоону жүргүзгѳн судья Ч. О. Осмонованын маалыматын угуп, кѳрсѳтүлгѳн материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2014-жылдын 25-сентябрында «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 3-абзацтары конституциялуу эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3-бѳлүктѳрүнѳ, 20-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ, 26-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтөн келип чыккандай, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бѳлүгү менен ушул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана сот арачыларынын иши боюнча анын жоболору толук көлөмүндө Кыргыз Республикасынын Бишкек шаары жана Ош областтары үчүн 2015-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл областтары үчүн 2016-жылдын 1-январынан баштап, Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын жана Талас областтары жана Аскердик соту үчүн 2017-жылдын 1-январынан баштап баштап колдонулат деп белгиленген.
Арыз ээлери, талашылып жаткан ченем менен ар бир адам сот арачыларынын катышуусу менен иштин сотто каралышына укугу бар деп бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине карама-каршы келген областтар жана Кыргыз Республикасынын Аскердик соту үчүн Мыйзамды колдонууга убактылуу чектөө киргизген деп эсептешет. Кайрылуу субъектилеринин ою боюнча, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасында ар кандай жагдайлар боюнча эч ким кодулоого алынышы мүмкүн эмес деп бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүн бузуп, Мыйзамдын жоболорунун иштешинин убактысын жана ордун бөлүү менен басмырлоочу жоболорду камтыйт. Ошондой эле, арыздануучулар Мыйзам Кыргыз Республикасынын ар кандай областтарында жашаган жарандардын укугунун тең эместигин орнотууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы Ч. О. Осмонова, Ч. А. Айдарбекова, А. О. Нарынбекованын курамында жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинованын кайрылуусун карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 24-беренесин, 25-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 8-пунктунун, 28-беренесинин 2, 3, 5-пункттарынын талаптарын жетекчиликке алып, 2014-жылдын 6-ноябрында тѳмѳнкүлѳрдүн негизинде аны ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 25-беренеси кайрылууга коюлган жалпы талаптарды бекитет. Ушул берененин 3-бѳлүгүнүн 8-пунктуна ылайык кайрылууда конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн кайрылууну кароонун конкреттүү негиздери кѳрсѳтүлүүгѳ тийиш.
Бирок, судьялар коллегиясы талашылып жаткан ченемдердин Конституциянын жоболоруна ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктү тапкан жок, ал конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык Конституциялык палатада ишти кароого негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык ар бир адам мыйзамда каралган учурларга ылайык сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 93-беренесинин 1-бѳлүгү мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу деп белгилейт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы, сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароону ченемдик жөнгө салуу жана сот адилеттигин ишке ашырууда жарандардын катышуусу мыйзам менен ишке ашырылат.
Мыйзам чыгаруучу, «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүнө кирүү тартибин бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган ыйгарым укуктардын алкагында иш жүргүзгѳн, ал эми мыйзам менен бекитилген сот арачыларынын институтун киргизүү механизми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жѳнүндѳ» Токтомунун долбооруна жана «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын долбооруна негиздеме катта көрсөтүлгөндөй материалдык-техникалык жана уюштуруучу мүнөздөгү маселелер менен байланыштуу жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин эч жокко чыгарбайт же кемсинтпейт.
Жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинова Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 67-0 аныктамасы менен макул болбостон, 2015-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылышкан.
Өзүнүн даттануусунда, жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинова мыйзам менен бекитилген сот арачылардын институтун киргизүү механизми Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын областтарынын жашоочуларынын ушул институтка болгон мүмкүнчүлүгүнө эч кандай таасир тийгизбеши керек. Жарандарды аймактык белги боюнча чектөө бул аймактарда жашаган жашоочулардын укуктарын басмырлоо болуп саналат. Ошондой эле, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Конституциялык палатанын Регламентинин 53-пунктуна ылайык, соттук коллегия кайрылууну жана ага тиркелген документтерди жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 25-беренесинде бекитилген талаптарга ылайык келүүсүн гана текшерет. Бирок, арыздануучулардын ою боюнча, бул ченемди бузуп, судьялар коллегиясы иш жүзүндө аны маңызы боюнча карады жана мыйзамды бузуп, арызданып жаткан ченем «жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин такыр жокко чыгарбайт же кемсинтпейт» деп өз алдынча чечип койду. Андан сырткары, арыздануучулар ѳтүнүчтѳ күмѳндүүлүктүн конкретүү негиздери көргөзүлгөн деп ырасташат.
Ушул негизде жарандар А. М. Осмоналиева, Б. К. Осмонбаев, Г. А. Суталинова Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы № 67о аныктамасын жокко чыгарууну жана алардын өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алууну суранышат.
Конституциялык палата, арыздануучулардын даттануусун, ошондой эле судьялар коллегиясынын ушул кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктамасында келтирилген негиздерди изилдеп чыгып, тѳмѳнкү жыйынтыктарга келет.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна ылайык эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе коллегия кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат.
Жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 25-беренеси, кайрылууга коюлган жалпы талаптарды, ал эми бул берененин 3-бөлүгү кайрылуунун мазмунуна болгон милдеттүү талаптарды бекитет.
Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын, Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин же Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбоорунун Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти кароого негиз болуп эсептелет (Мыйзамдын 24-беренеси).
Судьялар коллегиясы Мыйзамдын талашка түшкөн ченемдерин сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кандайдыр бир чектөө эмес, бүт республика боюнча сот арачыларынын институтун ирээтүү киргизүүнү укуктук жөнгө салуу катары баалады.
Сот адилеттигин жүргүзүү тутумунун реформасы коомдо болгон «чакырыктар» жана коомдун керектөөлөрү менен мажбурланган, бул аларды, финансылык жана материалдык чыгымдарды чечүүгө комплекстүү мамилени талап кылат. Аталган реформанын алкагында, калган жергиликтүү сотторду кийинчерээк кошуу менен бирдиктүү маалымат тармагына бириктирилген, белгилүү жергиликтүү соттордун базасында бир нече пилоттук долбоорлор иштеп баштаган. Ошондуктан, сот арачыларынын институтун ирээттүү киргизүү, бул сот адилеттик тутуму үчүн жаңы киргизүү экендигин эске алганда, мыйзам чыгаруучунун дискрециясынын алкагында ишке ашырылган акталган чара болуп саналат.
Ошентип, Конституциялык палата судьялар коллегиясынын өтүнүчтө келтирилген негиздемелер «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-абзацтары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө жана 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктү табууга мүмкүндүк бербейт деген жыйынтыктары негиздүү деп эсептейт жана Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы №67-о «Жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев, Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок.
Жогорулардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-бѳлүгүн, 47-беренесин, 51-беренесинин 1-бѳлүгүн жетекчиликке алып, Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев, Гульзар Абдыбековна Суталинованын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2014-жылдын 6-ноябрындагы №67-о «Жарандар Айнур Мусаевна Осмоналиева, Бектур Камильевич Осмонбаев, Гульзар Абдыбековна Суталинованын кайрылуусун ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартуу жѳнүндѳ» аныктамасына даттануу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы жана даттанууга жатпайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому кол коюлган учурдан тартып күчүнѳ кирет.
Ө З Г Ө Ч Ө П И К И Р И
2015-жылдын 9-июлу
Конституциялык палата 2015-жылдын 28-майындагы № 03-П токтому менен «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3-абзацтарын конституциялуу эмес деп таануу жѳнүндѳ кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу жѳнүндѳгү даттануусун канааттандыруусуз калтырды.
Ошону менен, Конституциялык палатанын бул токтомунун негизин судьялар коллегиясынын жаңылыш далилдери да, Конституциялык палатанын судьялар курамынын ар кимге мыйзам менен каралган учурларда ишти сотто сот арачыларынын катышуусу менен кароо укугу берилет деп бекиткен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 6-бөлүгүнүн мазмунун жана маңызын туура эмес түшүнүүсү да түздү. Ушуга байланыштуу, биз Конституциялык палатанын токтому менен макул эмесбиз, анткени кайрылууну кабыл алуудан негизсиз баш тартуунун мындай тажрыйбасын Конституциялык палатанын, ага Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен жүктөлгөн ыйгарым укуктар менен милдеттерди аткаруудан баш тартуу аракети катары кароо керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген бардыгынын мыйзам алдында бирдейлиги жөнүндө конституциялык принциби укуктук мамлекеттердин негизги принциби болуп саналат, ал бардык жарандарга алардын мүлктүк, улуттук, диний же башка басмырлоочу белгилери боюнча бөлүүсүз укук ченемдерин бирдей колдонулушун түшүндүрөт.
Мамлекет, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жынысы, расасы, майыптуулугу, тили, мүлктүк жана кызматтык абалы, жашаган жери, туткан дини, ынанымдары, коомдук бирикмелерге таандыктыгы жана башка жагдайлардан көз карандысыз кепилдейт.
Бул принцип Жазык-процесстик кодекстин 16-беренесинде да өз ордун тапкан.
Бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги мыйзам жана сот алдына чыккан бардык адамдарга бирдей укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле процесстик укуктарды берүү дегенди түшүндүрөт, анда сот өндүрүшүнүн субъектиси болуп ким чыгып жатканына көз карандысыз сот өндүрүшүнүн тартиби өзгөрбөйт.
Сот адилеттигин жүргүзүүгө ыйгарымдуу бардык соттордо сот өндүрүшүнүн эрежелери бирдей болушу керек, ал жоопкерчиликке тартылгандын, жабырлануучу деп таанылдын ж.б. жеке касиеттеринен көз карандысыз болушу керек.
Дал ушуга байланыштуу, Жазык-процесстик кодекс айыпталуучулар үчүн эч кандай алып салууларсыз ишти сотто сот арачыларынын катышуусу менен кароону тандоо мүмкүнчүлүгүн караштырган. Ошону менен бирге мыйзам чыгаруучу Жазык - процесстик кодекстин 240-беренесинде кайсы категориядагы иштер сот арачылары менен каралышы мүмкүн экендигин аныктаган.
Ошентип, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашырууда максатында Жазык - процесстик кодексинде сот арачыларынын катышуусу менен ишти кароо учурларын аныктаган.
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, сот арачыларынын ишин областтар боюнча этаптуу киргизүүнү бекиткен «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» мыйзамды кабыл алуу менен, жазык-процесстик мыйзамдарда, мындай соттор Бишкек шаарынан жана Ош областынан кечирээк иштей турган областтарда айыпталуучулар менен анын ишин областтардагы сот арачыларынын кароосуна болгон укугун ишке ашыруу процедурасын караштырган эмес.
Ушуга байланыштуу, жарандар менен жазык ишин сот арачыларынын кароосуна болгон конституциялык укугун ишке ашырууда күмөндүүлүк пайда болот.
Ошентсе да, жогоруда келтирилген далилдердин айкын көрүнүп турганына карабастан Конституциялык палата конституциялуулугу талашылып жаткан «Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө» Мыйзамдын ченемдеринде күмөндүүлүктү «тапкан жок» жана сот арачыларынын институтун ирээттүү киргизүү акталган чара болот деп эсептеди. Ошону менен бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей жана ар ким ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароо укугуна ээ деген базалык конституциялык принциптер жѳнүндѳ таптакыр унутуп калды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы