Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 607
«Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
1-берене. «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын расмий тилдеги бүткүл тексти боюнча:
ар кандай түрдөгү «удостоверяется в нотариальной форме» деген сөздөр тиешелүү түрдөгү «свидетельствуется нотариально» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай түрдөгү «удостоверена в нотариальной форме» деген сөздөр тиешелүү түрдөгү «засвидетельствована нотариально» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл текстиндеги:
«коет» деген сөз «коёт» деген сөз менен алмаштырылсын;
«менен ырасталат» деген сөздөр «менен бекитилет» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«формада» деген сөз алып салынсын;
«гарантиялык» деген сөз «кепилдик» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 1-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
«31. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку соту юридикалык жактардын укуктук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана каттоого жатпайт.»;
- 4-бөлүктөгү «кабарландыруу» деген сөз «билдирүү» деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 2-беренедеги «ыйгарым» деген сөз «бирдиктүү ыйгарым» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 6-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы «уюштуруучусу» деген сөздөн кийин «(уюштуруучулар)» деген сөз менен толукталсын.
5. 7-берененин 3-бөлүгү «салык органына» деген сөздөрдөн кийин «жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча органына» деген сөздөр менен толукталсын.
6. 10-беренеде:
- 8-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында өз ишин токтотуп жаткан юридикалык жак каттоочу органга мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктү, мөөрдү жана (же) штампты тапшыргандыгы жөнүндө ички иштер органынан алынуучу маалымкатты берүүгө милдеттүү. Эгерде мөөр жана (же) штамп жок болсо, каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө кайра түзүлүп (жоюлуп) жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат.»;
- 10-бөлүк:
«(кайра каттоодо)» деген сөздөрдөн кийин «эгерде кредиторлор бар болсо,» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Эгерде кредиторлор жок болсо, каттоочу органга алардын жок экендиги жөнүндө кайра түзүлүп жаткан юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы коюлган кепилдик кат тапшырылат.»;
- 12-бөлүктөгү «күбөлөндүргөн» деген сөз «күбөлөндүрүлгөн» деген сөз менен алмаштырылсын;
- 16-бөлүк «(кайра катталган)» деген сөздөрдөн кийин «жана мамлекеттик реестрге кошулбаган» деген сөздөр менен толукталсын.
7. 11-беренеде:
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- жайгашкан жерин (юридикалык дарегин)»;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Ушул берененин 4-42-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамга коёт жана ар бир жеке жактын-уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер каттоо органына уюштуруучу (уюштуруучулар)-жеке жак (жеке жактар) тарабынан түздөн - түз берилген учурда анын (алардын) колтамгасын нотариалдык милдеттүү түрдө күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.»;
- 4-бөлүктүн жетинчи абзацындагы «колтамгасы» деген сөз «колтамгалары» деген сөз менен алмаштырылсын;
- Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинин 41-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Финансы-кредиттик мекемени түзүү, уюштуруучу документтерин бекитүү (түзүү) жана башкаруу органдарын түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечимине ар бир уюштуруучу колтамгасын коёт, мында жеке жакты уюштуруучунун колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш, ал эми юридикалык жактын өкүлүнүн колтамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.».
8. 12-беренеде:
- 1-бөлүктүн тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-бөлүктө:
төртүнчү абзацтагы «күбөлүктүн түп нускасын» деген сөздөр «күбөлүктү» деген сөз менен алмаштырылсын;
Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда - кайра катталып жаткан юридикалык жактын ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;»;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мурунку уюштуруучу документтерин;»;
- 4-бөлүктүн төртүнчү абзацындагы «өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрөт» деген сөздөр «өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүктө:
биринчи абзацтагы «нотариалдык формада күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр «жеке жактын колтамгасы милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацта «нотариалдык формада күбөлөндүрүлөт» деген сөздөр «жетекчинин колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«Коомдук фондду, мекемени же мамлекеттик эмес пенсиялык фондду уюштуруучусу (катышуучусу) уюштуруучулардын (катышуучулардын) курамынан чыккандыгына байланыштуу кайра каттоо учурунда чыгуу жөнүндө арыз кошумча түрдө тапшырылат.
Жеке жактын-катышуучунун чыгуу жөнүндө арызына жеке жак кол коёт жана анын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Юридикалык жактын-катышуучунун чыгуу жөнүндө арызына жетекчи кол коёт, юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет же анын колтамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Коомдук фондду, мекемени же мамлекеттик эмес пенсиялык фондду уюштуруучулар (катышуучулар) курамына жаңы уюштуруучу (катышуучулар) киргендигине байланыштуу кайра каттоодо жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечим кошумча түрдө тапшырылат.
Коомдук фонддун, мекеменин же мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун уюштуруучулар (катышуучулар) курамына жаңы катышуучуну (катышуучуларды) киргизүү жөнүндө чечими уюштуруучулар (катышуучулар) тарабынан бир добуштан кабыл алынууга тийиш.
Эгерде чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо) уюштуруучулар (катышуучулар) курамына жеке жактын мураскору (мураскорлору) кирсе, каттоочу органга мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк же болбосо анын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча түрдө тапшырылат.
Чарбалык шериктештиктин жана коомдун (акционердик коомду кошпогондо), коомдук фонддун, мекеменин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун уюштуруучулар (катышуучулар) курамынан уюштуруучуну (катышуучуну) чыгарып салууда каттоочу органга мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечими кошумча түрдө тапшырылат.».
9. 13-беренеде:
- 3-бөлүктө:
төртүнчү абзацтагы «күбөлүктүн түп нускасын» деген сөздөр «күбөлүгүн» деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы «уставдын түп нускасын» деген сөздөр «уставын» деген сөз менен алмаштырылсын;
сегизинчи жана он биринчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
тогузунчу абзац «мөөрдү жана» деген сөздөрдөн кийин «(же)» деген сөз менен толукталсын;
- 4-бөлүктүн бешинчи абзацындагы «өзүнүн колтамгасын нотариалдык формада күбөлөндүрүүгө» деген сөздөр «өзүнүн колтамгасын нотариалдык күбөлөндүрүүгө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. Төмөнкүдөй мазмундагы 131- берене менен толукталсын:
«131-берене. Юридикалык жактар банкрот болгон учурда ишти токтотууну каттоо
1. Сот тартибиндеги банкроттукта карыз тараптын банкроттук процессинин аяктагандыгы жөнүндө мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттук акт каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
2. Соттон тышкаркы тартиптеги банкроттукта банкроттук иштер боюнча ыйгарым укуктуу органдын юридикалык жактын банкроттук процессинин аякталгандыгы жөнүндө аталган мамлекеттик органдын мөөрү менен бекитилген каты каттоочу органдын юридикалык жактын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.».
11. 16-беренеде:
- 3-бөлүктө:
төртүнчү абзацтагы «күбөлүктүн түп нускасын» деген сөздөр «күбөлүгүн» деген сөз менен алмаштырылсын;
Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинин бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИСН көрсөтүлбөгөн учурда - салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү же ал жоголгон (бузулган) учурда - кайра катталып жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИСН көрсөтүлгөн салык органынын маалымкатын;»;
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- мурунку жобосун;»;
тогузунчу абзац «өзгөртүүлөр» деген сөзгө чейин «жаңы редакциядагы же болбосо» деген сөздөр менен толукталсын;
- 5-бөлүктүн бешинчи абзацындагы «мамлекеттик каттоо, кайра каттоо даталарын» деген сөздөр «мамлекеттик кайра каттоо датасын, баштапкы мамлекеттик каттоо датасын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 17- берененин 1-бөлүгүндө:
төртүнчү абзацтагы «күбөлүктүн түп нускасын» деген сөздөр «күбөлүгүн» деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы абзацтагы «жобосунун түп нускасын» деген сөздөр «жобосун» деген сөз менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзац «мөөрдү жана» деген сөздөрдөн кийин «(же)» деген сөз менен толукталсын;
тогузунчу абзацтагы «мөөрү жана штампы, эсеби (эсептери)» деген сөздөр «мөөрү жана (же) штампы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 21-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«- эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) аталышы динчил адамдардын диний сезимдерин мазактаган болсо же аталышта колдонгон сөздөр адепсиз (уят) болуп саналса;
- каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун чечими бар болгондо;».
14. 24-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы «(кайра катталган)» деген сөздөрдөн кийин «жана мамлекеттик реестрге кошулбаган» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 84-статьясын чечмелөө тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти