Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-октябры № 610
Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерине даректерди ыйгаруунун жана Даректүү каттоону жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин аныктоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-жылдын 1-январына чейин проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүнү убактылуу токтото туруу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регионалдык өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |