Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) даректерди ыйгаруу, түзүү, каттоо жана даректүү каттоону жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун күчү Кыргыз Республикасында менчиктин бардык түрүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндө даректик маалыматтын бардык түрлөрүнө жайылтылат.
3. Даректүү каттоону жүргүзүү төмөнкү жол-жоболордун бирдиктүү тутумун билдирет:
- даректи каттоону;
- даректин өзгөрүүлөрүн каттоону;
- даректи жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү;
- даректик маалыматты сактоону жана архивдөөнү;
- Даректүү каттоодон маалымдама маалыматтарды берүүнү.
4. Кыймылсыз мүлк объекттеринин даректери жана алардын өзгөрүүлөрү Даректүү каттоодо катталат, ал эми даректерди жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечимдеринин негизинде Даректүү каттоого киргизилет.
5. Кыймылсыз мүлк объекттерине даректерди ыйгаруунун жана Даректүү каттоону жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин киргизүүнүн негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- кыймылсыз мүлк объекттеринин даректерин аларды пайдалануунун ар кандай этаптарында борборлоштуруп эсепке алууну камсыздоо;
- кыймылсыз мүлк объектисинин жайгашкан жеринин Даректүү каттоодо катталган дарекке шайкеш келүүсүн камсыздоо;
- кыймылсыз мүлк объекттеринин даректери жөнүндө маалыматтар менен маалыматтык камсыздоо үчүн негиздерди түзүү.
6. Кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин каттоо, дарегин өзгөртүүлөр, даректи жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды Даректүү каттоого киргизүү, маалымдама маалыматтарды сактоо, архивдөө жана берүү, кыймылсыз мүлк объекттерине номерлерди ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы (мындан ары - кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
дарек - аймактардагы кыймылсыз мүлк объектисинин жайгашкан жеринин (турган жеринин) жыйынды маалым даректеринин түзүмдүк сүрөттөлүшү;
Даректүү каттоо - Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагындагы кыймылсыз мүлк объекттеринин даректеринин элементтери жөнүндө маалыматтарды камтыган жазуулардын жыйындысы;
даректи жокко чыгаруу - Даректүү каттоодо камтылган кыймылсыз мүлк объектисинин учурдагы дарегин жараксыз деп табуу;
даректи каттоо - кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин белгилөөчү документтердеги маалыматтарды камтыган кыймылсыз мүлк объектисинин дарегинин элементи жөнүндө жазууларды Даректүү каттоого киргизүү боюнча иш-аракеттердин жыйындысы;
даректин элементи - Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлк объектисинин жайгашкан жерин сүрөттөгөн маалым дарек;
кыймылсыз мүлк объектисинин номери - бүтүн оң сан менен берилген даректин милдеттүү элементи;
тамгалык индекс (тамга) - даректик мейкиндикти кеңейтүү үчүн пайдаланылуучу кыргыз алфавитинин (й (и кыска), "ё", "ө", "ү", "ң" тамгаларынан тышкары) бир башкы тамгасы менен берилген даректин милдеттүү эмес элементи;
корпус - даректик мейкиндикти чексиз кеңейтүү үчүн пайдаланылуучу бүтүн оң сан менен берилген даректин милдеттүү эмес элементи.
2. Кыймылсыз мүлк объекттеринин даректерин түзүү жана ыйгаруу тартиби
8. Ар бир кыймылсыз мүлк объектисине Кыргыз Республикасынын аймагында кайталангыс дарек ыйгарылат.
9. Кыймылсыз мүлк объектисинин толук дареги өзүнө төмөнкү элементтерди камтыйт:
- облустун аталышы;
- райондун аталышы;
- калктуу конуштун аталышы;
- даректик элемент;
- көчөнүн аталышы;
- кыймылсыз мүлк объектинин номери;
- тамга индекси (тамга) же корпус (бар болсо);
- батирдин номери (бар болсо).
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кыймылсыз мүлк объектисинин толук дарегин түзүүдө даректик элементтери кыймылсыз мүлк объектисинин дарегинин түзүмүнө ылайык так ырааттуулукта көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Кыймылсыз мүлк объекттерин камтыган жана көчөлөрү жок болгон линиялык эмес объекттер үчүн "Массив" деген көчөнүн тиби ыйгарылат.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында даректик элементтерди жазууда төмөнкүдөй кыскартууларга жол берилет:
№ | Толук аталышы | Кыскартылган аталышы |
1 | кичирайон | кчр. |
2 | станция | ст. |
3 | участок | уч. |
4 | көчө | к. |
5 | разъезд | рзд. |
6 | өткөөл | өтк. |
7 | заезд | зд |
8 | аллея | аллея |
9 | бульвар | бул. |
10 | квартал | кв-л |
11 | чолок көчө | чк. |
12 | проспект | пр. |
13 | туюк көчө | тк. |
14 | аянт | аянт |
15 | канал | канал |
16 | контур | контур |
17 | массив | мас. |
18 | шоссе | шос. |
19 | кашар | кашар |
20 | урочище | өйүз |
21 | МТФ | СТФ |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыймылсыз мүлк объекттеринин бирдей даректерин каттоого жол берилбейт. Даректер боюнча аныкталган шайкеш эместиктер ушул Жобого ылайык өзгөртүлүүгө тийиш.
14. Кыймылсыз мүлк объекттеринин, анын ичинен бурчтагы объекттердин номерлери ар бир объекттин маңдай жагына илинет. Бул эреже капиталдык курулуш объекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
15. Кыймылсыз мүлк объекттерине номер коюу объекттин өнүгүү келечегин эске алуу менен: көчөнүн сол жагы боюнча жуп номерлер менен жана оң жагы боюнча так номерлер менен чыгыштан батышты жана түштүктөн түндүктү карай багыттарда жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыймылсыз мүлк объекттерине номер коюу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- түштүктөн түндүккө карай багыттагы көчөлөр үчүн - номерлердин түндүккө карай көбөйүшү;
- чыгыштан батышка карай багыттагы көчөлөр үчүн - номерлердин батышка карай көбөйүшү.
17. Комплекстүү кыймылсыз мүлк объекттерине номер коюу кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
18. Жаңы курулган көп батирлүү турак үйлөргө батирлердин номерлери сааттын жебеси боюнча, башкача айтканда солдон оңго карай гана ыйгарылат.
19. Бульварлардын, проспекттердин, көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттери объекттин башкы маңдай жагы караган бульвардын, проспекттин, көчөнүн аталышы боюнча бир дарекке ээ болууга тийиш.
20. Кыймылсыз мүлк объекттеринин, батирлердин номерлери жана көп батирлүү турак үйлөрдүн кирмелеринин көрсөткүчтөрү талаптагыдай абалда тагылып туруусу керек.
21. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-декабрындагы № 294 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Даректүү каттоону жүргүзүү тартиби
22. Даректүү каттоонун милдеттүү маалым даректеринин тизмеги төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- кыймылсыз мүлк объектисинин дарегинин эсептик номерин, катталган күнүн жана даректин өзгөрүүлөрүн, ошондой эле даректи жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды Даректүү каттоого киргизүүнү;
- кыймылсыз мүлк объектисинин түрүнө көрсөткүчтү;
- кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин каттоо жана даректи өзгөртүүлөр, ошондой эле даректи жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды Даректүү каттоого киргизүү үчүн негиз жөнүндө маалыматтарды (документтин түрү жана маалым даректери).
23. Даректүү каттоонун жазуулары зарыл болгон учурда маалыматты кагазга чыгаруу менен, электрондук түрдө жүргүзүлөт. Даректүү каттоонун архиви электрондук маалыматтар базасынын резервдик көчүрмөлөрү түрүндө жана кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин түзүүдө жана ага даректи ыйгарууда ачылган көктөмөлөрдө жүргүзүлөт.
24. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын ыйгаруу (өзгөртүү, жокко чыгаруу) жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө милдеттүү тартипте төмөнкү документтерди жиберишет:
- проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын ыйгаруу (өзгөртүү, жокко чыгаруу) жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлдүк органынын чечиминин түп нускасын;
- кыймылсыз мүлк объектиси белгиленген планды.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык же айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштарын ыйгаруулар, өзгөртүүлөр жана жокко чыгаруулар жөнүндө маалыматтардын өз убагында жана толук берилиши үчүн жоопкерчиликте болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү тийиштүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин жана анын өзгөрүүлөрүн катташат, Даректик регистрдин электрондук картасына кыймылсыз мүлк объектинин чек араларын киргизишет, даректи жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды Даректик регистрге киргизишет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Административдик-аймактык бирдиктердин, калктуу конуштардын, проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык, айылдык парктардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн аталыштары Даректүү каттоого Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын чечимдеринде жазылгандай киргизилет.
27. Кыймылсыз мүлк объектисинин дарегин өзгөртүү жана жокко чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- административдик-аймактык бирдиктерди, калктуу конуштарды, проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык же айылдык парктарды, бульварларды, көчөлөрдү жана тар көчөлөрдү кайра атоодо, бириктирүүдө же жоюуда;
- кыймылсыз мүлк объекттерин өз алдынча кыймылсыз мүлк бирдиктерине бөлүүдө;
- жаңы кыймылсыз мүлк объектисин түзүүдө;
- эки же андан көп кыймылсыз мүлк объекттерин бириктирүүдө;
- курулган аймакты тартипке келтирүүдө;
- кыймылсыз мүлк объектисинин учурдагы дарегинин Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын иш жүзүндө жайгашкан жерине жана коңшу кыймылсыз мүлк объекттерине ыйгарылган даректерге шайкеш келбегендиги аныкталганда;
- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Даректик регистрдин электрондук картасынын түзүмү жана аны башкаруу
(Главанын аталышы КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Даректүү каттоонун түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык объекттерин жана аймактык бирдиктерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору;
- белгилөөчү документтердин тизмеги менен көчөлөрдүн аталыштарынын таблицасы;
- белгилүү бир көчөдө жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттеринин номерлеринин таблицасы;
- кыймылсыз мүлк объекттеринин жайгашкан жери (турган жери) жөнүндө маалыматтарды камтыган таблица;
- Даректүү каттоого кирүү укугун дайындоого, кыймылсыз мүлк объекттеринин даректери менен болгон бардык иш-аракеттерди көзөмөлдөөгө, башкарууну жана тутумду коргоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү Даректүү каттоону колдонуучулардын таблицасы;
- Даректүү каттоого киргизилген өзгөртүүлөрдүн тарыхы жөнүндө маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк обьекттеринин мейкиндиктеги жайгашкан ордун аныктоого мүмкүндүк берген картографиялык маалыматтар же Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объекттеринин электрондук картасындагы алардын жыйындысы.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
28-1. Даректик регистрдин электрондук картасын башкарууга төмөнкүлөр кирет:
- администрациялык райондордун жана администрациялык башкармалыктардын аймактарынын санариптик моделдерин бүтүн, бири-бирине топологиялык туура келген көп кырдуулар түрүндө түзүү;
- болгон координаттар боюнча кыймылсыз мүлк объекттерин түзүү жана GPS аппаратуранын маалыматтарын иштеп чыгуу;
- кыймылсыз мүлк объектинин даректик планын Даректик регистрдин картасында түзүү (батирлер менен бөлмөлөр даректик планда көрсөтүлбөйт);
- шайлоо участокторунун, турак-жай коммуналдык чарба тейлеген зоналардын чек араларын, ички иштер органдарынын участокторунун чек араларын ж.б.у.с. түшүрүү.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
28-2. Шайлоо максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынын электрондук картасын түзүү шайлоо участокторунун бекитилген чек араларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт:
- Даректик регистрдин электрондук картасында шайлоо участокторунун аталыштарын жана чек араларын ыйгаруу жана өзгөртүү бир жолу жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ыйгарым укук берген жак тарабынан "Кыргыз Республикасынын Даректик регистри" маалыматтык тутумунда электрондук түрдө тастыкталгандан кийин токтотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Даректүү каттоо боюнча маалыматтарды берүү
29. Даректик регистрдеги маалымат ачык, жалпыга жеткиликтүү болуп эсептелет, кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын баарына берилет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын расмий документтеринде жана ведомство ичиндеги маалыматтык тутумдарында жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайдаланылышы керек.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Даректүү каттоо боюнча маалымдама жана картографиялык маалыматтар кызыкдар адамдын арызынын негизинде кадастрды жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген форма боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 24-октябрындагы № 559 токтомунун редакциясына ылайык)