Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 23-октябры № 611
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын
13-августундагы № 458 “Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бардык токойлорун сактоону, коргоону, өстүрүүнү, калыбына келтирүүнү жана токойдун өнүмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 “Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышындагы жана 1-пунктундагы “Токой фондунун” деген сөздөр “Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- преамбула “Жер кодексинин 111-беренесине” деген сөздөрдөн кийин“, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 2 жана 4-беренелерине” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“- мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токойлордун жер участоктору, ошондой эле токой фондунун жер участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланылган учурда ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Тартипке ылайык жерлерди мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алып коюунун (сатып алуунун) ченемдик баасын аныктасын;”;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибинде:
- Тартиптин аталышы, 1-пунктундагы жана тиркемелердин бүткүл тексти боюнча “Токой фондунун” деген сөздөр “Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 2 пунктунда:
үчүнчү абзацы “курамына кирген токойлуу эмес жерлер” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор” деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзацы “участогундагы дарактар” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлор” деген сөздөр менен толукталсын;
IV бапта:
баптын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
“IV. Токой фондунун участокторун жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду убактылуу ээлөөдөгү чыгашалардын өлчөмдөрүнүн эсептери”;
биринчи абзацы “Токой фондунун участокторун” деген сөздөрдөн кийин “жана мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |