Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 612 токтомунун 3-п. ылайык Убактылуу эрежелер 2015-жылдын 1-мартына чейин колдонулат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын “23” октябры
№ 612 токтому менен бекитилген
1. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн жалпы тартибин белгилейт.
2. Эрежелер курулуш жана жардыруу иштеринин өндүрүшүндө, кабель, өткөргүч түтүктөрдү, транспорт магистралдарын жана башка коммуникацияларды төшөөдө, ушул максаттар үчүн берилген аймактардын чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө, токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгашалардын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын андан ары ордун толтуруу менен аларды сактоого негиздүү мүмкүн болбогон учурда колдонулат.
3. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн тартиби ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
4. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгашалардын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын андан ары ордун толтуруу менен гана жол берилет.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга курулуш жана жардыруу иштеринин өндүрүшүндө кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү, транспорт магистралдарын жана башка коммуникацияларды алып өтүүдө, аймактардын чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө гана жол берилет.
Токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгашалардын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын ордун толтурууну эсептөө мамлекеттик токой фондунун жерлерине кирген жана кирбеген токой участокторун, ошондой эле токой фондунун участокторун токой чарбаны жүргүзүүгө байланышпаган максаттарда пайдаланган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн чыгашаларынын жана жоготууларынын ордун толтурууда өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюуга уруксат берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоонун тартибине ылайык ишке ашырылат.
Токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгашалардын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын ордун толтуруудан алынган каражаттар республикалык бюджетке түшөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жаратылышты коргоо иш-чараларына, сактоого, токой өстүрүүгө, токойлорду жаңылантууга жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга пайдаланылат.
5. Зыянкечтердин жана оорулардын массалык очоктору реалдуу коркунуч жараткан учурда уруксат берүү өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюунун натыйжасында токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгымдардын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын ордун толтуруу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын адистери менен макулдашылат.
6. Өзгөчө кырдаалда же анын кесепеттерин жоюуда, аны өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюусуз ишке ашыруу мүмкүн болбогон учурларда уруксат алуу талап кылынбайт. Аталган иштерди аткарган юридикалык же жеке жактар айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кыюу жүргөн күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбей кыйылган өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породалары (алардын жайгашкан жери, саны жана сапаты), кыюунун себеби жөнүндө, ошондой эле өзгөчө кырдаалды сүрөттөгөн билдирүүнү жөнөтүүгө тийиш.
7. Аймактардын чегинде курулуш жана жардыруу иштерин жүргүзүүдө, кабелдерди, өткөргүч түтүктөрдү, транспорттук магистралдарды жана башка коммуникацияларды алып өтүүдө, жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана өнөр жайлык өздөштүрүүдө өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун натыйжасында токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгашалардын (алынбай калган пайданы кошкондо) жана жоготуулардын ордун толтуруу учурунда мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун эске алуу менен ишке ашырылат.
8. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
9. Өзгөчө баалуу дарак породаларын кыюуга уруксат берүү үчүн арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- арыз берүүчүнүн толук аталышы, дареги (юридикалык жактар үчүн), аты-жөнү жана жашаган жери (жеке адамдар үчүн);
- өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун көлөмү;
- өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун болжолдонгон мөөнөтү;
- кыюу жүргүзүлө турган аймак (облус, район, айыл аймагы, капчыгай).
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында (юридикалык жактар үчүн), мамлекеттик статистика органдарында (жеке адамдар үчүн) мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- “бирдиктүү терезе” принциби боюнча катталганын ырастаган документтин көчүрмөсү.
Документтер арыз ээси тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Арыз ээси берилген документтердин жана маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
10. Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечим кабыл алуусу үчүн негиз болуп, өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу жөнүндө юридикалык же жеке жактардын арызы эсептелет.
Арыз түшкөн күндөн баштап 15 календарлык күндүн ичинде айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогунда жайгашкан өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларынын абалын аныктап, 1-тиркемеге ылайык формада текшерүү актысын түзөт.
Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалган комиссия өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүү жөнүндө чечим чыгарат.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат 2-тиркемеге ылайык формада айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы тарабынан таризделет жана берилет, анын жетекчиси кол коёт.
Уруксат эки нускада таризделет, бири кызыкдар жакка берилет, экинчиси уруксат берүүгө негиз болгон бардык материалдар менен бирге сакталат. Сактоо мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
- ушул Эрежелердин 10-пунктунда аталган документтерди тапшырбагандык же аларды тиешелүү түрдө тариздебегендик;
- арыз ээси тарабынан өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу жөнүндө туура эмес маалыматтарды билдирүү.
Уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим жүйөөлүү болууга жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.
11. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксаттын мөөнөтү бир айды түзөт жана ал берилген күндөн баштап эсептелет.
12. Эгерде өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат көрсөтүлгөн мөөнөтүндө пайдаланылбаса, анда ал жараксыз болуп эсептелет жана айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир жумалык мөөнөттө милдеттүү түрдө кайтарылууга тийиш.
13. Уруксаттын түп нускасы жоголуп кетсе же жараксыз болуп калса, уруксат алуучу айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дубликатын берүү жөнүндө арыз менен кайрылат. Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттын түп нускасы жоголуп кеткендиги же жараксыз болуп калгандыгы жөнүндө арыз түшкөн күндөн баштап беш күндүн ичинде дубликат берүү маселесин кароого тийиш. Дубликат айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда болгон документтердин негизинде, уруксаттын түп нускасында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде берилет.
14. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга берилген уруксат аны берген орган тарабынан төмөнкү учурларда жокко чыгарылышы мүмкүн:
- пайдалануу мөөнөтү аяктаганда;
- өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюунун, камдоонун ченемдери, мөөнөттөрү, эрежелери бузулганда жана өсүмдүктөрдүн абалынын начарлашына же жок кылынышына алып келүүчү башка аракеттер болгондо;
- пайдалануудан ыктыярдуу баш тартканда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
15. Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксатты тариздөө жана берүү төмөндөгү тартипте жүргүзүлөт:
- юридикалык же жеке жактын арызынын негизинде дарактарды кыюуну белгилөө иштери жүргүзүлөт;
- кыюуну белгилөө иштеринин негизинде комиссиянын чечими кабыл алынат;
- комиссиянын чечиминин негизинде өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларынын түрүн, көлөмүн, аткаруу мөөнөтүн жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды көрсөтүү менен уруксат таризделет;
- арыз ээси (юридикалык же жеке жак) тарабынан өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын өз убагында алып чыгуу жана жерлерди кыюунун калдыктарынан тазалоо иштери камсыздалышы керек.
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюу жүргүзүлгөндөн кийин алынган жыгач жана кыюудан калган калдыктар токой чарба өндүрүшүнө келтирилген чыгашалардын жана жоготуулардын (алынбай калган пайданы кошкондо) ордун толтурган арыз ээсинин (юридикалык же жеке жак) өз каалоосу боюнча пайдаланылат.
3. Бул Эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
16. Бул Эрежелердин талаптарынын бузулушуна жол берген юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын администрациялык жана жазык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
17. Кыюу каралбаган жерлерде өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларына зыян келтиргендер Кыргыз Республикасынын администрациялык жана жазык жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4. Эрежелердин сакталышын контролдоо
18. Бул Эрежелердин сакталышын контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
19. Айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Эрежелер бузулган же аткарылбаган учурда берилген уруксатты убактылуу токтотууга жана жокко чыгарууга укуктуу.
|
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерине 1-тиркеме |
________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармасынын аталышы)
№ _______ ТЕКШЕРҮҮ АКТЫСЫ
20__-ж. “___” ______________ _____________________
Түзүлгөн жери
__________________________________________________________________________
(Ишкананын, уюмдун, мекеменин ж.б. аталышы)
__________________________________________________________________________
(Турган жери)
__________________________________________________________________________
(Негизи)
1. Текшерүүнү ___________________________________________________________________жүргүздү.
(Айлана-чөйрөнү коргоочу мамлекеттик органдын өкүлүнүн кызмат орду, аты-жөнү)
Катышкандар: ___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
2. Текшерүүдө аныкталды: ___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
3. Корутунду ___________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________
4. Актыга кол койду:
_______________________ ______________________ _________________
(Кызматы) (Датасы, колу) (Аты-жөнү)
5. Акт аткарууга кабыл алынды:
_______________________ ______________________ __________________
(Кызматы) (Датасы, колу) (Аты-жөнү)
М.О.
|
| Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга уруксат берүүнүн убактылуу эрежелерине 2-тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармасынын аталышы)
Индекси, дареги, телефону
Өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарак породаларын кыюуга
№ __________УРУКСАТ
Уруксат берди: _________________________________________________________
КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин аймактык башкармасынын жетекчиси
___________________________ __________________
(Аты-жөнү) (Колу)
______________________________________________________________________
Уруксатты алдым: _____________________________ ______________________
(Жооптуу адамдын аты-жөнү) (Колу)
Эскертүү: Уруксаттын колдонулуу мөөнөтү - бир ай.