Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-октябры № 614
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б. Орозова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2014-жылдын “24” октябры
№ 614 токтому менен жактырылган
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б. Орозова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” жана “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралууда.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин үчүнчү абзацын жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда, ага ылайык мамлекет мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарда балдарды багуу жана кароо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) кошо катышуусунда балдарды мектепке даярдоонун акысыздыгына кепилдик берет.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык мектепке чейинки билим берүү - бул баланы турмушка жана мектепке алгачкы даярдоо, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү негизги максаты болуп саналган таалим-тарбия берүү тутуму экенин белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык мектепке чейинки билим берүү программалары балдарды мектепке даярдоо менен гана чектелбестен баланы аңдап билүү жана интеллектуалдык жактан өстүрүүнү, баланын эмоциялык бакыбаттуулугун, баланын текши өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн үй-бүлө менен өз ара иштешүүнү, балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик адаттарга жана салттарга аралаштырууну, баланы социалдык жактан жатыктырууну, атайын муктаждыгы бар балдар менен педагогикалык-түзөтүү жана медицина-психологиялык иш жүргүзүүнү камсыз кылат.
Балдарды мектепке даярдоо мектепке чейинки билим берүү программасы менен камсыздалуучу багыттардын бири болуп саналат, ага атайын иштелип чыккан окутуунун түрү катары сабактардан тышкары тарбиялоо, балдарды өнүктүрүү жана багуу, ойнотуу, балдардын жеке жана биргелешип иштешин оптималдуу айкалыштыруу кирет.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 15 - 1 - беренесинин редакциясынын мазмунуна ылайык Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй мектепке чейинки даярдоо 5 - 7 жаштагы балдар үчүн арналган.
Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен сунушталган Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин үчүнчү абзацынын туюндурмасы түшүнүксүз бойдон калууда, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) кароо жана багуу боюнча кайсы кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого катышат, ал эми мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кайсы кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик бюджеттин эсебинен толук төлөнүп, акысыз берилет.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мектепке чейинки даярдоо боюнча милдеттүү программалар бир балага эсептелгендеги бюджеттик каржылоо стандарттарына ылайык каржыланат.
Аталган стандарттар ченемдик укуктук актынын мүнөзүнө ээ болоорун көңүлгө алуу менен бул актынын түрүн жана кабыл алуу укугуна ээ боло турган ченем жаратуучу органды аныктоону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгү боюнча дагы ушул сыяктуу сунуштар.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жаңы редакцияда берүү каралган. Тактап айтканда, 6 айлыктан 3 жашка чейинки жаштагы балдар үчүн ясли, 6 айлыктан 7 жашка чейинки балдар үчүн ясли-бакча жана 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар үчүн бала бакча сыяктуу мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын түрлөрү аныкталууда.
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунун жоболоруна ылайык 3 жаштан 7 жашка чейинки бала бакчасы, бала бакча, балдарды өнүктүрүү борбору, прогимназия, энелик мектеби түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
Ошондой эле, Мыйзамдын долбоору менен аталган уюмдар 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар үчүн бакча түрүндө эмес, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдун түрү катары аныкталууда.
Андан сырткары Мыйзамдын долбоорун “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы 3-бапта берилген ченем жаратуучу техникасынын талаптарына ылайык келтирүү зарылдыгын белгилейбиз.
Атап айтканда:
төмөнкү мазмундагы биринчи абзац менен толуктоо менен, 1-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүн бириктирип, бир бөлүк катары тариздөө:
“15-беренеде:”;
“15-берене” деген цифраларды жана сөздү тиешелүү түрдө алып салуу;
- 1-берененин 3-бөлүгүн төмөнкү мазмундагы абзац менен толуктоо:
“15-1-берене. Мектепке чейинки даярдоо программасы”;
- 2-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү бириктирилип, бир бөлүк катары тариздөө;
- 2-берененин 3-бөлүгүнүн биринчи абзацын төмөнкү редакцияда баяндоо:
“3. 9-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:”;
- 2-берененин 4-бөлүгүндөгү “пунктунда” деген сөздү “бөлүгүндө” деген сөз менен алмаштыруу.
5. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме - маалымкатына ылайык долбоорду кабыл алуу, мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жөндөм түзөт жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагын өнүктүрүү үчүн баланы мектепке даярдоону камсыз кылуучу шарттарды түзөт. Ушуну менен бирге сунушталган өзгөртүүлөр каржылоонун жаңы моделин киргизүүгө багытталган, башкача айтканда мамлекеттин бюджетинин каражаттарынын эсебинен билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр гана каржыланат.
Өз кезегинде, балдарды кароо жана багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр ата-энелердин акы төлөө эсебинен камсыздалат жана жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык ата-энелердин төлөмдөрү жыл ичинде ай сайын 307 сомдон 1127 сомго чейин өсөт.
Ушуну менен бирге азыркы учурда мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын чыгымдары практикада олуттуу даражада ата-энелердин эсебинен төлөнө тургандыгын эске алуу менен ушул сыяктуу акы төлөмдөрүнүн дагы көбөйүүсү социалдык терс көрүнүштөгү натыйжага алып келүүсү мүмкүн.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайык эмес деп эсептейт.