Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-марты № 618
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын чек араларындагы аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс.
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара саясатынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруунун, мамлекеттик чек ара саясаты жаатындагы мамлекеттик органдардын бирге иштешүүсүн уюштуруу жана укуктук негиздерин белгилейт жана бекемдейт, Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун камсыздоого байланыштуу мамилелерин жөнгө салат.
1-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча өтүүчү вертикаль бет, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү өкүм сүргөн мейкиндиктин чеги.
өткөрүү жайындагы мамлекеттик контроль – өзүнө Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдарга, унаа каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек арадан өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата чек ара, бажы санитардык-карантиндик, ветеринардык, фитосанитардык, баңги каражаттарынын жүгүртүлүшүн контролдоону жана контролдун башка түрлөрүн камтыйт;
анклав – Кыргыз Республикасынын аймагы менен толук курчалган чектеш мамлекеттин аймагынын бөлүгү;
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо – Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек аранын абалын картографиялык материалдар, жер-кадастр документтери жана башка маалымдама материалдар боюнча аныктап, аны топографиялык карталарга түшүрүү;
Мамлекеттик чек араны демаркациялоо – делимитациялоо келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек ара сызыгын жеринде так аныктоо жана белгилөө;
жарактуу документ – аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө бардык бөлүктөрү жана маалым даректери туура келген, укуктуу органдар тарабынан тийиштүү түрдө таризделген, мөөнөтү өтүп кетпеген, жасалмалары жок жана көрсөтүп жаткан адамга таандык болгон, адамдын ким экендигин ырастоочу документ;
ким экендигин ырастоочу документ – эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү эл аралык келишимдерде башкача караштырылбаса, үлгүсү дипломатиялык каналдар боюнча жиберилген жана Кыргыз Республикасында ушундай сапатта таанылуучу, Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдын статусун тастыктоочу документ;
Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмү – Мамлекеттик чек араны кайтаруу максатында курулуучу, жабдылуучу жана пайдаланылуучу чектердин, объекттердин, гидротехникалык, инженердик жана башка курулмалар менен тосмолордун топтому;
чек ара коопсуздугу – Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун курамдык бөлүгү, чек ара мейкиндигинин чектеринде адамдын, коомдун жана мамлекеттин Мамлекеттик чек арадагы турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылуу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат;
чек ара саясаты – мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун, эгемендүүлүгүн, аймагынын бүтүндүгүн жана кол тийгистигин жана анын Мамлекеттик чек арасын кайтарууну камсыз кылууга багытталган координацияланган, макулдашылган иштери;
чек ара жаңжалы – белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирүүчү, Кыргыз Республикасы мүчө болуп эсептелген эл аралык келишимдердин, Мамлекеттик чек ара шарттамынын бузулушу түрүндө көрүнгөн жана Кыргыз Республикасынын жана (же) коңшу мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан тигил же бул тараптын жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында келип чыккан Мамлекеттик чек арадагы окуя;
чек ара контролу – Кыргыз Республикасына кирүүчү адамдардын мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн мыйзамдык негиздерди таануу боюнча иштердин комплексин жүргүзүүдөн, же Кыргыз Республикасынан чыга турган адамдарга мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берүүдөн, ошондой эле Мамлекеттик чек ара бузуучуларды табуу жана кармоо аракеттерин ишке ашыруудан турган, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга мыйзам тарабынан тыюу салынган жүктөрдү, товарлар менен жаныбарларды табуу жана кармоо боюнча Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларындагы мамлекеттик контролдун түрү;
чек ара тилкеси – Мамлекеттик чек арага түздөн-түз жанашкан жана Мамлекеттик чек арадагы тийиштүү тартипти камсыздоого багытталган жер тилкеси;
Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндиги – чектеринде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чек ара коопсуздугун камсыздоого багытталган иштери жүргүзүлүүчү Мамлекеттик чек ара жана Кыргыз Республикасынын ага чектеш жайгашкан аймагы;
чек ара өкүлдөрү – Мамлекеттик чек аранын белгиленген шарттамын кармоого байланышкан маселелерди чечүү үчүн дайындалуучу ыйгарым укуктуу кызмат адамдары;
чек ара шарттамы – чек арага чектеш аймактарда, чек арадагы суулардын кыргыз бөлүгүндө мамлекеттик чек араны кайтарууга зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү ченемдердин жана эрежелердин тутуму;
Мамлекеттик чек араны кесип өтүү – Мамлекеттик чек арадан адамдардын, аба кемелеринин жана башка унаа каражаттарынын өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү;
чек арага чектеш аймак – Мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан, анын чектеринде чек аралык шарттам белгиленүүчү жана иштөөчү, административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын, айылдын) чектериндеги аймак;
өткөрмө пункт – эл аралык каттамдар (эл аралык учуулар) үчүн ачык темир жол бекетинин (чордонунун), аэропорттун, аэродромдун чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү жарандарга, унаа каражаттарына, ошондой эле алынып өтүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга мамлекеттик контроль жана өткөрүү жүргүзүлүүчү аймак;
өткөрмө пункттарындагы шарттам – өткөрмө пункттарына адамдардын жана унаа каражаттарынын киришинин, анда болушунун, жүрүшүнүн жана андан чыгышынын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүүнүн, ага жайгаштыруунун жана алып чыгуунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартиби;
мамлекеттик чек ара шарттамы – Мамлекеттик чек араны кармоонун, Мамлекеттик чек арадан өтүүнүн жана Мамлекеттик чек арадан адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн, аба кемелерин кондуруунун жана учуруунун, чек ара жаңжалдарын чечүүнүн жана Мамлекеттик чек арада чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүнүн тартиби;
чек араны кайра демаркациялоо – колдонуудагы келишимдик документтердин негизинде Мамлекеттик чек ара тилкесин жеринде калыбына келтирүү жана аны чек ара белгилери менен белгилөө;
чектеш мамлекет – Кыргыз Республикасы менен Мамлекеттик чек аранын жалпы участогуна ээ болгон коңшу мамлекет;
Мамлекеттик чек араны белгилөө – Мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн документтештирип баяндоо жана анын өтүшүн жеринде белгилөө;
кызматтык жаныбарлар – чек ара мейкиндигинде мыйзам бузуулардын алдын алуу, табуу, белгилөө жана бөгөт коюу максатында чек ара нөөмөттөрүн күчөтүү үчүн пайдаланылуучу, ошондой эле мыйзам бузуучуну күч жана психологиялык жактан тосмолоого же башка таасир этүүгө арналган иттер жана жылкылар;
чарбалык жана башка иштерди жүргүзүү (жерлерди, токойлорду пайдаланууга, кен иштетүүгө, геологиялык изилдөөлөргө, экономикалык, анын ичинде трансчегаралык объектилерди куруу жана ишке киргизүү боюнча иштерге, коомдук-саясий, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан иштер) – белгиленген тартипти сактоо менен Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу иш.
шарттамдык иш-чаралар – бул Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу жана Мамлекеттик чек ара шарттамынын, чек ара шарттамынын жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларындагы шарттамдын сакталышын күчөтүлгөн контролдоону камтыган уюштуруу формасы.
2-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара саясаты
Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү жана мамлекеттик чек аралардын бузулгустугун өз ара сыйлоонун эл аралык принциптерине таянуу менен, ушул Мыйзам күчүнө кирген күнгө карата Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы администрациялык-аймактык чектөө жөнүндө актыларда белгиленген, өзүнүн Мамлекеттик чек арасынын өтүшүн ырастайт
Чек арада, чек арага чектеш аймактарда (чек ара сууларынын же башка көлмөлөрдүн бөлүгүндө), эл аралык каттам жолдорунда Мамлекеттик чек ара тилкесин белгилеп же өзгөрткөндө, коңшу мамлекеттер менен укуктук алакаларды жөнгө салууда жана ишке ашырууда Кыргыз Республикасы чек ара коопсуздугун, коңшу мамлекеттер менен өз ара пайдалуу ар тараптуу кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн чек ара маселелерин тынчтык жол менен, зомбулуксуз чечүү максаттарын көздөйт.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана ушуларга ылайык чыгарылган мамлекеттик чек арадан өтүүнүн белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн, аны белгилеп көрсөтүүнүн, Мамлекеттик чек ара шарттамын, чек ара шарттамын жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларындагы шарттамды сактоонун тартибин аныктоочу башка ченемдик укуктук актыларга негизделет.
Мамлекеттик чек ара жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык түзүлөт.
4-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу
Мамлекеттик чек араны кайтаруу Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана саясий, укуктук, уюштуруу, экономикалык, экологиялык, техникалык, ыкчам, аскердик жана башка чаралардын тутумун төмөнкүлөр боюнча ишке ашыруудан турат:
Мамлекеттик чек аранын белгиленген өтүшүн укукка каршы, зомбулук менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы участокторду чектеш мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө боюнча;
мыйзам тартибинде күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктук мамилелердин юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышын, ошондой эле Мамлекеттик чек араны, Мамлекеттик чек аранын өткөрүү жайларындагы шарттамды бузуунун шарттарын, белгилерин жана фактыларын табууну жана бөгөт коюуну камсыз кылуу боюнча.
Мамлекеттик чек араны кургак жерде, чек ара боюндагы дарыяларда жана башка көлмө-сууларда кайтаруу Мамлекеттик чек ара кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; аба мейкиндигин кайтаруу - коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга, ал эми зарыл болгон учурда ушул Мыйзамга же башка укуктук ченемдик актыларга ылайык башка аскердик түзүмдөргө жүктөлөт.
5-берене. Мамлекеттик чек ара тилкесин белгилөө жана өтүүсүн өзгөртүү
Мамлекеттик чек ара Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялануучу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленет жана өзгөртүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача белгиленбесе, Мамлекеттик чек ара тилкесин орнотуу өз ичине Мамлекеттик чек араларды делимитациялоону, демаркациялоону, кайра демаркациялоону камтыйт.
Мамлекеттик чек ара, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкасы караштырылбаса, төмөнкүдөй белгиленет:
кургак жерде - мүнөздүү чектер жана рельефтин тилкелери же жакшы көрүнгөн ориентирлер боюнча;
дарыяларда (өзөндөрдө) - алардын ортосу боюнча же дарыянын негизги нугунун ортосу боюнча;
көлмөлөрдө - Мамлекеттик чек ара көлмөнүн жээктерине чыккан жерлерин бириктирген түз сызык боюнча;
суу сактагычтарда, гидротүйүндөрдө жана башка жасалма көлмөлөрдө - алар толтурулганга чейин Мамлекеттик чек ара өткөн жерлер боюнча;
чек ара дарыялары аркылуу өтүүчү темир жол жана автомобиль жолдорунун көпүрөлөрүндө, плотиналарда жана башка курулуштарда - Мамлекеттик чек ара суу боюнча өтүшүнө карабастан, ал курулуштардын ортосу же алардын технологиялык огу боюнча белгиленет.
Чек ара тилкесинде, анын ичинде чек ара сууларында мүмкүн болуучу ар кандай табигый өзгөрүүлөр Мамлекеттик чек ара тилкелеринин өтүшүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келбейт.
6-берене. Мамлекеттик чек араны белгилөө
Мамлекеттик чек ара жер бетинде жакшы көрүнүп туруучу чек ара белгилери менен белгиленет.
Чек ара белгилеринин формасы, өлчөмү, аларды сыпаттоо жана орнотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
7-берене. Мамлекеттик чек араны жабдуу
Мамлекеттик чек араны жабдуу Мамлекеттик чек араны коргоонун жана чек ара коопсуздугунун кызыкчылыктарына жараша жүзөгө ашырылат.
8-берене. Мамлекеттик чек ара шарттамы
Мамлекеттик чек ара шарттамы чек арада жана чек ара тилкесинде иштейт жана Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен болгон өз ара мамилелерине байланышкан бардык маселелерди укуктук жөнгө салуу максатында белгиленет.
Мамлекеттик чек ара шарттамы төмөнкүлөрдү камтыйт:
Мамлекеттик чек араны кармоонун тартиби;
Мамлекеттик чек арадан өтүү тартиби;
Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү;
чек ара жаңжалдарын жайгаруу тартиби;
чек ара тилкесине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана жүрүү;
Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү.
Мамлекеттик чек арадагы чек ара тилкелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Мамлекеттик чек ара шарттамы ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
9-берене. Мамлекеттик чек араны кармоо
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кармоо өз ичине чек ара белгилерин бузуксуз абалда орнотуунун, сактоонун жана кармоонун тартибин, аларды контролдук кароону, жабдууну жана Мамлекеттик чек араны коргоону ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инженердик курулмаларды жана тосмолорду, техникалык каражаттарды бузуксуз абалда кармоону, коңшу мамлекеттер менен бирдикте Мамлекеттик чек ара тилкесинин өтүүсүн биргелешип текшерүүнү камтыйт.
Мамлекеттик чек араны кармоо жана Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмүн түзүү кызыкчылыгында Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кургак жердеги Мамлекеттик чек араны түздөн-түз бойлоп өтүүчү 50 метр жазылыктагы жер тилкеси, ал эми зарыл учурларда – чек арадагы дарыялардын жана башка көлмө-суулардын кыргыз жагындагы жээгинен 50 метр жазылыктагы жер тилкеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте туруктуу пайдаланууга берилет.
10-берене. Мамлекеттик чек арадан өтүү
Адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны кургак жерде кесип өтүүсү эл аралык темир жол, унаа жол жана аба катнаштарындагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларында же Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган башка жайларда ишке ашырылат.
Аба кемелери Мамлекеттик чек араны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын бөлүнгөн учуп өтүүчү аба коридорлорунда кесип өтөт. Атайын бөлүнгөн учуп өтүү коридорлорунан тышкары мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин коргоо үчүн жоопкерчиликтүү органдардын уруксаты боюнча гана жол берилет.
Аба кемелерине Мамлекеттик чек арадан тартып Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү жайларына чейин жана кайра артка барууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аба мейкиндиги аркылуу транзиттик учуп өтүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эл аралык каттамдар үчүн ачылбаган Кыргыз Республикасынын аэропортторуна (аэродромдоруна) конууга (учуп чыгууга), адамдарды кабыл алууга (чыгарууга), жол жүктү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды жүктөөгө (түшүрүүгө) тыюу салынат.
Жаратылыш кырсыгы, кыйроого учуроо жана аба кемесиндеги адамдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн аргасыз конгон учурларда мындай тыюу салуулар колдонулбайт.
Мамлекеттик чек аранын өткөрүү жайларынан тышкары жерлерден кесип өтүү ошондой эле чектеш мамлекеттердин Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен алдын ала макулдашуу боюнча унаа, өндүрүш жана айыл чарба багытындагы трансчегаралык объекттерди, электр байланыш тармактарын жана электр өткөргүч чубалгыларды тейлөөдө, оңдоодо жана пайдаланууда, мал айдап өтүү жана биргелешип чарба жүргүзүүнүн башка учурларында болушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоо максатында, ошондой эле чектеш мамлекеттердин өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Мамлекеттик чек аранын айрым тилкелеринде аны кесип өтүү, кызыкдар болгон мамлекеттердин бийликтерине билдирүү менен убактылуу чектелиши же токтотулушу мүмкүн.
Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттенмелерди аткарууда Мамлекеттик чек араны коргоо жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга чектеш мамлекеттин чек ара органы менен макулдашылган башка тартип боюнча Мамлекеттик чек араны кесип өтүү укугу берилет.
Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жаралган учурда, авариялык-куткаруучу жана авариялык-калыбына келтирүүчү түзүмдөр (күчтөр) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөө жана жоюу үчүн Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Мамлекеттик чек араны кесип өтүшөт.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анклавга жанаша жаткан анын айрым жерлерине согуштук же өзгөчө кырдаал киргизүү учурунда адамдардын Мамлекеттик чек араны кесип, чектеш мамлекеттердин анклавдарынын аймагына өтүүлөрүнө тыюу салынат.
11-берене. Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү
Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү жана жаныбарларды өткөрүү Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнүн белгиленген жана ачык пункттарында жүргүзүлөт, ал Мамлекеттик чек арадан адамдардын, унаа каражаттарынын өтүүсүнүн жана Мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өтүүнүн мыйзамдык негиздерин таануудан турат.
Өткөрүү жайларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө негиз болуп, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна жарактуу документтердин, Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде караштырылган унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга документтердин болуусу эсептелет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына кирүүгө (андан чыгууга) тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө тийиш эмес.
Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, чектеш мамлекет менен Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин жарандарын Мамлекеттик чек араны кесип өтүүчү жерлерде, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерди аныктоо бөлүгүндө, түздөн-түз Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби орнотулушу мүмкүн.
Жөнөкөйлөтүлгөн тартипте өткөрүү жайларында унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды коммерциялык максаттарда Мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынат.
Чек ара контролунун жол-жоболору бүткөндөн кийин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайынын чегинен адам, унаа каражаты чыкканда же жүктөр, товарлар жана жаныбарлар алынып чыкканда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү аяктады деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен темир жол унаасы менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууларга мамлекеттик контроль Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайынан тышкары ишке ашырылышы мүмкүн.
12-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларындагы чек ара контролу
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларындагы чек ара контролу адамдарга, унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата мамлекеттик контролдун түрлөрүнүн бири болуп эсептелет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) документтерди текшерүү;
б) оозеки сурамжылоо;
в) түшүндүрмөлөрдү алуу;
г) байкоо жүргүзүү;
д) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташууну коштоп жүрүү;
е) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды көрүп чыгуу;
ж) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды дыкат текшерүү;
з) жеке дыкат текшерүү;
и) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларынын имараттарын жана аймагын карап чыгуу;
к) изилдөө үчүн сынам (үлгүлөрдү) тандап алуу.
13-берене. Мамлекеттик чек арадан жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү
Мамлекеттик чек арадан жүктөрдү, товарлар менен жаныбарларды өткөрүү Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде аныкталган жерлерде жана тартипте жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген экологиялык, радиациялык, эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык жана химиялык коопсуздуктардын талаптарына жооп бербеген товарлар менен унаа каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында эркин сатууга тыюу салынган азыктардын ар кандай түрлөрүн жана өндүрүш калдыктарын анклавдарга алып кирүүгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына же анклавдарга чектешкен айрым бир жерлерине согуштук же өзгөчө кырдаал киргизүү учурунда Мамлекеттик чек ара аркылуу чектеш мамлекеттердин товарларын жана унаа каражаттарын анклавдардын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.
14-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларын орнотуу жана ачуу
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайлары Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан орнотулат.
Өткөрүү жайларын орнотуунун, ачуунун (жабуунун), иштетүүнүн (пайдалануунун), классификациялоонун, долбоорлоонун, куруунун (кайра конструкциялоонун), жабдуунун, аларды жабдуунун тартиби, ошондой эле өткөрүү жайларындагы техникалык жабдуу жана мамлекеттик контролду уюштуруу боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Чектеш мамлекеттин анклавдарына Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирүү менен адамдарды өткөрүүгө анын мамлекеттик органдарына жана кызмат адамдарына эскертүүсүз төмөнкү учурларда 30 суткага чейин убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн:
- чектеш мамлекеттин аймагынын курчоосунда болгон Кыргыз Республикасынын аймагынын бөлүгүн тосмолоодо жана чектеш мамлекет тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын тоскоолдуксуз өтүүлөрү үчүн өткөрүү пункттары жабылганда;
- анклавдардын аймактарында массалык баш аламандыктар чыкканда;
- Мамлекеттик чек ара шарттамы анклавдарда жашаган адамдар тарабынан бузулганда;
- анклавдардын аймактарында Кыргыз Республикасынын экологиясына түздөн-түз коркунуч түзүүчү чарбачылык жана башка иштер жүргүзүлгөндө;
- анклавдардын аймактарында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган башка кырдаалдар чыкканда.
Убактылуу чектөөлөрдү киргизген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү киргизилген чектөөлөрдү жокко чыгарат же анын мөөнөтүн узартат (кыскартат).
15-берене. Чек ара тилкесинде жана Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, маданий жана башка жалпы иш-чараларды жүргүзүү
Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде юридикалык жана жеке жактар тарабынан чарбачылык аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү өткөрмө кагазы боюнча ишке ашырылат.
Өткөрмө кагазын алуу үчүн юридикалык жана жеке жактар жердин, катышуучулардын мүнөздөмөсү, иш-чаралар менен жумуштарды өткөрүүнүн убактысы, пайдаланылуучу унаа же башка техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтарды киргизишет.
Мамлекеттик чек арада жана ага чектеш аймактарда чарбалык, жана башка иштин бардык түрлөрүн ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик чек арада (юридикалык жана жеке жактар тарабынан) чарбалык жана өндүрүштүк, анын ичинде биргелешкен иштерди жүргүзүү Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Мамлекеттик чек арадан өтүүнүн орду, убактысы, аткарылуучу иштери, катышуучулардын саны, унаа каражаттары менен механизмдер жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлап, Мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн тартибин сактоо менен ишке ашырылат.
Жогоруда айтылган иштер:
Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин экологиялык жана башка коопсуздугуна зыян келтирбеши жана мындай зыян келтирүү коркунучун жаратпашы керек;
Мамлекеттик чек ара шарттамына тоскоолдук жаратпашы керек.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны кайтаруунун кызыкчылыктарын эске алуу менен чек ара тилкесине кирүүнү чектеп же убактылуу токтото алат.
16-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү
Мамлекеттик чек аранын белгиленген шарттамын кармоого байланышкан маселелерди чечүү, ошондой эле Мамлекеттик чек ара участокторундагы чек ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү дайындалат.
Чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү өз иштеринде Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат.
Чек ара өкүлдөрүнүн иши эл аралык кызматташтыктын бир түрү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттер менен достук карым-катнаштарын өрчүтүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү тарабынан чечилбеген маселелер дипломатиялык каналдар аркылуу жөнгө салынат.
17-берене. Чек ара жаңжалдарын жөнгө салуу
Чек ара жаңжалдарын чечүүнүн тартиби чек ара өкүлдөрүнүн, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер тарабынан аныкталат.
Чек ара жаңжалдарын чечүү бир тараптуу же чектеш мамлекеттер менен бирдикте изилдөө, Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин чек ара өкүлдөрүнүн жыйындарында чек ара жаңжалын карап чыгуу жолу менен жетишилет.
Чек ара жаңжалдары боюнча биргелешкен изилдөөлөр жана чек ара өкүлдөрүнүн башка жыйындары чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуу пункттарында өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда бул иш түздөн-түз чек ара жаңжалы болгон жерде уюштурулушу мүмкүн.
Чек ара жаңжалдарын чечүү боюнча иш Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
Чек ара жаңжалдарын чечүүдө Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүн тарта алат.
Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара жаңжалдары Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чечилет.
18-берене. Мамлекеттик чек ара шарттамын бузуу
Мамлекеттик чек ара шарттамын бузуу деп төмөндө белгиленгендерди:
Мамлекеттик чек араны кармоонун;
адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн;
Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өтүүнүн;
чек ара тилкесине кирүүнүн, убактылуу туруунун, жашоонун, жүрүүнүн жана чек ара тилкесинде учууларды жүргүзүүнүн;
Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн тартиптерин сактабагандык эсептелет.
19-берене. Мамлекеттик чек араны бузуучулар
Мамлекеттик чек араны бузуучулар деп төмөнкүлөр табылат:
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайынан башка жерлерде же өткөрүү жайында Мамлекеттик чек арадан өтүүнүн белгиленген тартибин бузуп, ар кандай ыкма менен өткөндөр же өтүүгө аракеттенгендер;
Кыргыз Республикасына мыйзамсыз кирүү, Кыргыз Республикасынан чыгуу максатында унаа каражаттарына кирип алган адамдар;
Мамлекеттик чек арадан тиешелүү уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен, аба коридорлорунан тышкары жерлерде өткөн аба кемелери жана башка учуучу аппараттар;
Мамлекеттик чек арадан тиешелүү уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен өткөн же өтүүгө аракет кылган башка адамдар, ар кандай техникалык же башка каражаттар.
20-берене. Чек ара шарттамын белгилөө
Чек ара шарттамы Мамлекеттик чек арада тийиштүү тартипти камсыздоо жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн керектүү шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Чек ара шарттамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген чек арага чектеш аймактардын чектерине жарандардын кирүү, чыгуу, убактылуу болуу, жүрүү, жашоо жана чарбалык жумуштарды жана башка иштерди жүргүзүүсүнүн тартибин жөнгө салат.
Айрым чек арага чектеш аймактарда ошол жердин мүнөзүнө, рельефине жана демографиясына, айлана-чөйрөнү коргоого жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен болгон мамилесине жараша чек ара шарттамы белгиленбеши мүмкүн, бирок мындай участоктордо Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыгынан улам, шарттамдык иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн.
21-берене. Чек арага чектеш аймактардын чегине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана анда жүрүү
Чек ара шарттамы белгиленбеген жерлерде белгилүү бир чек ара аймактарынын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана ары-бери жүрүүсү, алардын ким экенин тастыктоочу жарактуу документтердин негизинде, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен жүзөгө ашырылат.
Чек ара шарттамы белгиленген жерлерде белгилүү бир чек ара аймактарынын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана ары-бери жүрүшү, алардын ким экенин тастыктоочу жарактуу документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органын билдирүү менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз тараптын белгиленген чек аралык суулары менен башка көлмөлөрүнө кирүү да чек ара шарттамында ушундай эле тартипте аныкталат.
Транзит менен өтүп жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө (чыгууга), ошондой эле коңшу мамлекеттин аймагына кирүүгө укук берүүчү документтер боюнча чек арага чектеш аймактардын чектеринде жайгашкан автомобиль жолдору менен кирүүгө, убактылуу болууга жана ары-бери жүрүүгө уруксат берилет.
22-берене. Чек арага чектеш аймактардын чектеринде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды жүргүзүү тартиби
Чек ара шарттамы орнотулган чек арага чектеш аймактардын чектеринде чарбалык, аңчылык жана башка иштер, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды ким экенин тастыктаган жарактуу документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга маалымдоо менен жүргүзүлөт.
Жогоруда аталган иштер чек ара шарттамына кедергисин тийгизбөөсү керек.
Чек арага чектеш аймактарга кирүүнүн, убактылуу болуунун, чарбалык жана башка иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
23-берене. Чек ара шарттамын бузуу
Чек арага чектеш аймактардын чектерине кирүүнүн (өтүүнүн), убактылуу болуунун, жүрүүнүн, чарбалык, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн белгиленген тартибин сактабагандык чек ара шарттамын бузуу деп эсептелет.
24-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларындагы шарттам
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларындагы шарттам, мамлекеттик контролду ишке ашыруу үчүн гана орнотулуучу ушул пункттарга адамдардын, унаа каражаттарынын кирүү (чыгуу), аларда болуу жана чыгуу, жүктөрдү, товарларды, жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу эрежелерин камтыйт.
Өткөрүү жайынын аймагы шарттамдык болуп эсептелет.
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын шарттамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.
Өткөрүү жайларындагы шарттам төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү болтурбоосу керек:
адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүн;
жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алынып өтүүсүн;
бөтөн адамдардын өткөрүү жайларындагы жабык жерлерге, бөлмөлөргө (объекттерге), ошондой эле чет өлкөгө бара жаткан унаа каражаттарына кирүүсүнө.
25-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларында адамдардын жана унаа каражаттарынын болуусу жана жүрүшү, жүктөрдүн жана товарлардын туруусу жана өткөрүлүшү
Чет өлкөдө жүргөндө Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү укугуна документтерин жоготуп алган Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларына келген учурда, алардын ким экендигин жана Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендигин аныктоого зарыл болгон убакытка чейин өткөрүү жайларында болушат.
Кыргыз Республикасына келген жана кирүүгө уруксаты жок чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле жараксыз документтер менен Кыргыз Республикасына келишкендер жүргүнчү ташуучулар аркылуу кайра кайтуу каттамы боюнча жөнөтүлгөнчө өткөрүү жайларында болушат. Алардын Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларына болуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
Чет мамлекетке чыгуучу унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында болуучу оруну жана убактысы Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аэропорттордун (аэродромдордун), темир жол бекеттеринин (чордондорунун) администрациясы тарабынан аныкталат.
Контролдун чек аралык жана башка түрлөрү жүргүзүлүп жаткан мезгилде адамдардын унаа каражаттарга кирүүсү чектелет, ал эми зарыл болгон учурда - тыюу салынат.
Чет өлкөгө жөнөп жаткан унаа каражаттары өткөрүү жайынын аймагынан чыгуу же ордун которуу үчүн кыймылын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен гана башташат.
Өткөрүү жайларында контролдун чек аралык жана башка түрлөрүнөн өткөрүлүп жаткан унаа каражаттарын, анын ичинде чет өлкөгө кетүүчүлөргө, жүктөргө жана товарларга адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
Чыгуу же келүү учурунда жүргүнчүлөрдү чет өлкөгө жөнөп жаткан унаа каражаттарына салуу (түшүрүү) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен, ал эми Кыргыз Республикасына кирүү учурунда аларды түшүрүү, ошондой эле жол жүктү, почтаны, жүктөрдү, товарлар менен жаныбарларды салуу (түшүрүү) - бажы ишинин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органга макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Таңгактын, мөөрлөрдүн, пломбалардын бузулгандыгы жөнүндө, же бөтөн адамдар жашынганынын, алып чыгууга (алып кирүүгө) тыюу салынган буюмдар катылганынын шеги билинсе, дыкат текшерүү үчүн бажы иштери чөйрөсүндөгү орган менен бирдикте Мамлекеттик чек ара кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын талаптары боюнча унаа ишканалардын, уюмдардын өкүлдөрү, унаа каражаттарынын ээлери пломбаланган (мөөр коюп бекитилген) вагондорду, контейнерлерди, автомобилдерди, унаа каражаттарынын башка бөлүктөрүн жана аларда ташылып бара жаткан жүктөрдү ачууга милдеттүү.
26-берене. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында жүргүзүлүүчү чарбалык иштер
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында жүргүзүлүүчү чарбалык иштер адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн белгиленген тартибине, ошондой эле ал пункттарда мамлекеттик контролду жүргүзүүгө жолтоо болбошу керек.
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында жүргүзүлүүчү чарбалык иштин түрлөрүнүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
27-берене. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларындагы кошумча шарттамдык эрежелер
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында мамлекеттик контролдоо жүзөгө ашырылуучу аймак жана имарат-жайлар аныкталат.
Өткөрүү жайларында Мамлекеттик чек арадан контролсуз өтүп кетүүнү болтурбоо максатында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан атайын иштерди жана операцияларды өткөрүү учурунда кошумча шарттамдык чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
28-берене. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын шарттамын бузуу
Адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларына киришинин, убактылуу болушунун жана андан чыгуусунун, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып кирүүнүн, өткөрүүнүн белгиленген тартиби сакталбаса, өткөрүү жайларынын шарттамын бузуу деп таанылат.
29-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыздоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат;
чек ара тилкесинин чегин белгилейт;
чек арага чектеш аймактардын тизмегин жана чегин аныктайт;
Мамлекеттик чек аранын айрым участокторунда чек арадан өткөрүүгө убактылуу чектөө же толук тыюу салат;
облустардын жана райондордун аймактарында карантин шарттамын киргизүүгө байланыштуу карантиндик тилкени белгилөө же карантин шарттамын алып салуу жөнүндө чечим чыгарат;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларынын шарттамын орнотот;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүчү жайларды ачуунун (жабуунун), иштетүүнүн (эксплуатациялоонун), категориялаштыруунун, классификациялоонун, жайгаштыруунун эрежелерин, ошондой эле аларды техникалык жабдуу жана ишин уюштуруу боюнча талаптарды аныктайт;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларынын тизмегин бекитет;
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын иштеши жана пайдаланылышы үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктайт;
Мамлекеттик чек арадан тартып өткөрүү жайларына чейинки эл аралык темир жол жана автомобиль жолдорунун участокторунда белгилерди коюу жана жабдуу, аларда жүрүүнүн тартиби боюнча талаптарды аныктайт;
Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жайларында жүргүзүлүүчү чарбалык жана башка иштердин түрлөрүн аныктайт;
чек ара белгилеринин формасын, өлчөмүн, сүрөттөлүшүн, конструкциясын жана орнотуу тартибин белгилейт;
жарандарды, анын ичинде чек аралык ыйгарым укуктууларды Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартуунун тартибин аныктайт;
Мамлекеттик чек аранын кайтарылышын камсыздоо үчүн керектүү жер участокторун пайдалануунун тартибин аныктайт;
Мамлекеттик чек араны кайтаруудагы атайын каражаттардын тизмегин жана пайдалануу тартибин аныктайт;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызматын өтөөдө каражаттарды методдорду колдонуунун тартибин аныктайт.
30-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Мамлекеттик чек араны кайтаруунун тышкы саясий, эл аралык-укуктук камсыздоо иштерин жүргүзүү;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин негизинде, Мамлекеттик чек арадагы алакаларды жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу;
өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугун берген документтерди тариздөө;
мамлекеттик органдардын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо жана кайра демаркациялоо маселелерине байланыштуу иштерин координациялоо, Мамлекеттик чек ара шарттамы жөнүндө келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу;
Мамлекеттик чек ара шарттамын сактоонун маселелерин жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара жаңжалдарын дипломатиялык каражаттар жана ыкмалар менен жайгаруу;
коңшу мамлекеттер менен чек аралык өкүлдөрдүн тизмелерин алмашуу;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
31-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
юридикалык жана жеке жактардын Мамлекеттик чек араны кайтаруунун кызыкчылыгына тиешеси бар иштери боюнча ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик бийлик органдары менен бирдикте даярдоого катышуу;
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо жана кайра демаркациялоо иштерине катышуу;
Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте маалымдоо;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мыйзамдын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөктөшүү.
32-берене. Коргонуу маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Коргонуу маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек аранын кайтарылышын камсыз кылуу;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде Мамлекеттик чек араны кайтарууну ресурстук жана башка камсыз кылууда көмөк көрсөтүү;
аба мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибин контролдоо;
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузган аба кемелеринин учуусун токтотуу жана аны Кыргыз Республикасынын аймагына кондурууга чара көрүү;
кокустуктун же кеме экипажынын атайылабаган иш-аракеттеринин натыйжасында Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн аба кемелерине алардын учуу багыттарын тууралоо, Кыргыз Республикасынын аймагындагы конуучу аэродромдорго же Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинен чыгып кетүүcүнө жолдоо менен көмөк көрсөтүү;
Мамлекеттик чек арада кырдаал пайда болгон учурда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жардам берүү үчүн белгиленген тартипте авиация жана күчтөндүрүү бөлүктөрүн бөлүп берүү.
33-берене. Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде каралган формада жана тартипте жүктөрдүн, товарлардын, унаа каражаттары менен жаныбарлардын өткөрүлүшүнө контролдун бажылык жана башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу;
өз компетенциясынын чегинде контролдун бажылык жана башка түрлөрүнө жооп берет, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу жүктөргө, товарларга, унаа каражаттарына жана жаныбарларга уруксат берүүчү иш кагаздарын тариздөөнү жүзөгө ашырат;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыздоого көмөк көрсөтүү;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын шарттамын камсыздоо маселелери жана чек ара коопсуздугуна таасир этүүчү башка маалыматтарды берүү;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
34-берене. Ички иштер маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Ички иштер маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чек арага чектеш аймактарда административдик-шарттамдык иш-чараларын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнө Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарындагы укуктук тартиптин абалы, аныкталган укук бузуучулук аракеттер, Мамлекеттик чек арада укук бузуучулук аракети бар шекилдүү кылмышкерлик топтор же адамдар жөнүндө маалымдоо;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасында жана чек арага чектеш райондордо жалпы коомдук иш-чаралар өткөрүлүп жаткан учурларда коомдук тартипти сактоо;
өзгөчө кырдаалдар жаралган жана өзгөчө кырдаал шарттамы киргизилген учурларда чек арага чектеш аймактарда укуктук тартипти камсыз кылуу;
Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын калкына укуктук таалим-тарбия берүүгө катышуу;
ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик чек араны кайтаруу иштерине, ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күч жана каражаттарынын катышуусун камсыз кылуу;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу.
35-берене. Унаа жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Унаа жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Өзүнүн компетенциясынын чегинде аба жана темир жолдогу өткөрүү жайларынын инфратүзүмүн жакшыртуу;
чек арага чектеш аймактарынын кире бериштерине жол (маалымат) белгилерин орнотуу;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
36-берене. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында ветеринардык жана фитосанитардык контроль жүргүзүү;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
37-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленүүчү ыйгарым укуктарына ылайык өздөрүнүн аймактарында төмөнкүлөрдү аткарышат:
ушул Мыйзамга жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдык актыларга ылайык чек ара коопсуздугун камсыздоого керектүү шарттарды түзүшөт;
юридикалык жана жеке жактарга Мамлекеттик чек ара жөнүндө ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүү иштерин уюштурушат;
жарандарды ыктыярдуу негизде Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартуу үчүн шарттарды түзүшөт жана көмөк көрсөтүшөт;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштешине тийиштүү шарттарды түзүшөт, аскер кызматчылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктук жана социалдык коргоо кепилдиктерин ишке ашырууну камсыздашат;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине аскерге чакырылуучулар менен толуктоо ишине көмөктөшөт;
юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышын камсыздашат;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик чек араны кайтаруусуна көмөк көрсөтүшөт;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга жерлерди акысыз бөлүп беришет;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын объекттерине, аскер кызматчыларына, жумушчуларына жана кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жашаган жерине карата укук бузуучулук аракеттерди болтурбоо чараларын көрүшөт;
Мамлекеттик чек аранын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн инфратүзүмүн кармоо жана өнүктүрүү боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышат.
Чек ара боюндагы райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чакыруусу боюнча чек ара өкүлдөрүнүн Мамлекеттик чек арадагы чарбалык жана башка иштердин маселелерин чечүүдөгү ишине, анын ичинде Мамлекеттик чек арадагы коңшулаш тараптар менен бирдикте катышат.
38-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны кайтаруучу, мамлекеттик чек араны бузуулардын, өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө кол салуунун алдын алуучу жана болтурбоочу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара саясатын камсыздоочу аткаруу бийлигинин бирдиктүү мамлекеттик органы болуп эсептелет.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
39-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
Мамлекеттик чек араны кайтаруу;
Мамлекеттик чек ара шарттамын, Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын жана чек аралык шарттамды камсыздоо;
Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында чек ара контролун ишке ашыруу;
Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара жөнүндө эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо, ошондой эле кайра демаркациялоо иштерине катышуу;
Кыргыз Республикасынын коргонуу жана улуттук коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;
Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого катышуу;
чек ара мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоого, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын сактоого көмөк көрсөтүү.
40-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек арадагы өз ишин Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзөт.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу жетекчи жетектейт.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматтык милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчылары бийликтин өкүлү болуп эсептелип, мамлекеттин коргоосунда болушат жана мыйзамдуу укугу бар кызмат адамдарынан башка эч ким алардын кызматтык ишине кийлигише албайт.
41-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Мамлекеттик чек араны кайтарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
Мамлекеттик чек ара сызыгын өзгөртүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагын мыйзамсыз ээлеп алууга болгон бардык аракеттерди ошол жерде токтотууга;
Мамлекеттик чек ара бузуучуларды аныктоого жана аларды кармоого;
өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасын коргоо, ошондой эле өзгөчө же аскердик абал шарттамдарын камсыздоо боюнча маселелерди чечүүгө катышууга;
Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууга, Мамлекеттик чек арадагы куралдуу жана башка чыгымдарды токтотууга, калкты, мамлекеттик жана жеке менчикти жогорудагыдай кылмыштуу аракеттерден коргоого;
адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек арадан же Мамлекеттик чек арадан өткөрүүчү жайлардан башка жерлер аркылуу мыйзамсыз ыкмалар менен өтүү аракеттеринин алдын алууга жана болтурбоого;
тийиштүү түрдө таризделген документтери бар жана контролдун белгиленген түрлөрүнөн өткөн адамдарды, унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды белгиленген тартипте өткөрүүгө;
Мамлекеттик чек ара шарттамынын, чек аралык жана Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайларынын шарттамынын аткарылышын камсыздоого;
чек ара шарттамын жана ички суулар шарттамынын аткарылышын контролдоого жана өз компетенцияларынын чегинде укук бузуулардын алдын алууга;
Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугун берген документтерин текшерип, аларга тийиштүү белгилерди коюуга, ошондой эле жараксыз документтерди алып коюуга;
Мамлекеттик чек араны бузуучуларды, Мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу максатында унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү текшерүүгө (кароого);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууга уруксаты жок чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн (чыгуусун) чектөөгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленген мөөнөттө соттун чечимдерин жана токтомдорун аткарбаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынан чыгуусуна чек коюуга;
документтери жараксыз адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик чек арадан өтүүгө мыйзамдуу негиздери жок адамдарды Мамлекеттик чек арадан өткөрбөөгө;
өткөрүү жайында кармоо менен, ким экендигин ырастоочу документтерин чет мамлекетте, же Кыргыз Республикасында жүрүп жоготуп алган Кыргыз Республикасынын жарандары менен башка адамдарды ким экендиги, Кыргыз Республикасынын жараны экени такталганча Мамлекеттик чек арадан өткөрбөөгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик кармоого жана жеке текшерип кароого, ошондой эле буюмдарын кароого;
ушул Мыйзам менен белгиленген шарттамдарды бузган унаа каражаттарын токтотууга, кароого жана кармоого, укук бузуу жагдайларын териштирүү үчүн Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнө жеткирүүгө (коштоого);
өз алдынча же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте Мамлекеттик чек арадан өтүп бара жаткан жардыруучу, ууландыруучу, радиожигердүү заттарды, баңги каражаттарды, куралдарды, ок-дарыларды жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга тыюу салынган башка жүктөр менен товарларды, ошондой эле эрежени бузуу менен алып өтүп жаткан жүктөр менен товарларды белгиленген тартипте кармоого жана алып коюуга;
коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аба мейкиндигиндеги Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүгө;
Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык өзүнүн карамагына тийиштүү иштер боюнча баштапкы иликтөө жүргүзүүгө;
ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди аткарууга.
42-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары
Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
Мамлекеттик чек араны демаркациялоого, делимитациялоого жана кайра демаркациялоого, Мамлекеттик чек ара шарттамына жана чек ара маселелери боюнча кызматташууга байланыштуу эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга, бул жааттагы ведомстволор аралык мүнөздөгү келишимдерди түзүүгө;
Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында өз ара аракеттенүүнү уюштурууга;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана коомдук бирикмелерден Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууга керектүү маалыматты суроого жана акысыз жооп алууга;
аймактын бардык участокторунда болууга (чек ара кезметтерин жайгаштырууга), анын ичинде өзгөчө кайтаруудагы жана жаратылышты коргоо зоналарында, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ал жерлерде эркин жүрүүгө, жер участокторунун ээлеринен (ижарачыларынан) чек ара кезметтери жүргүдөй тилкелерди бөлүп берүүнү, тосмолорунан өтүүгө жол ачууну жана башка тоскоолдуктардан тийиштүү түрдө өткөндөй жолдорду жайгаштырып аны оң абалда кармоону талап кылууга;
Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарына кирүүчү жерлерге чек аралык контроль туругунун кызматтарын уюштурууга;
чалгындоо, каршы чалгындоо жана ыкчам издөө иштерин жүргүзүүгө;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызматтык ишинин башка формаларын жана методдорун колдонууга;
жарандарды Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатындагы милдеттерди чечүүгө ыктыярдуу негизде тартууга;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мөөнөттүү аскердик кызмат өтөө үчүн коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер комиссариаттарында аскерге чакырылуучуларды артыкчылык менен тандоого;
Кыргыз Республикасынын калкына укуктук таалим-тарбия берүүгө катышууга, Мамлекеттик чек арада укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө, Мамлекеттик чек арада жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорунда түзүлгөн кырдаал тууралуу маалыматты калкка жеткирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдаланууга;
ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык күч, атайын каражаттарды, кызматтык жаныбарларды, курал-жаракты жана күжүрмөн техниканы колдонууга;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздаган атайын эсепке алуу маалыматын жана маалымат тутумдарын түзүүгө жана пайдаланууга;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу жаатында фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан унаа каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды белгиленген тартипте дыкат текшерүүгө;
инженердик-техникалык курулмаларды, тосмолорду, байланыш чубалгыларын жана коммуникацияларды курууга жана орнотууга;
унаа каражаттарын коштоого жана аларга чек ара кезметтерин жайгаштырууга;
Мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөткөн учурларда, коргонуу жана ички иштер маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргелешип чыгарган чечимдерде аныкталуучу тартипте, аларга бөлүнүүчү күчтөрдү жана каражаттарды колдонууга;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткаруу учурунда, Мамлекеттик чек ара бузуучунун артынан түшүү жана кармоо максатында турак жана турак эмес жайларга, мекемелердин аймактарына жана имараттарына тоскоолсуз кирүүгө;
чек ара издөөлөрүн жана операцияларын, башка издөө аракеттерин жүргүзүү учурунда контролдоо туруктарын өз алдынча орнотууга, адамдар менен унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чек коюуга же тыюу салууга, аймактардын айрым участокторуна жарандарды киргизбөөгө, адам өмүрүн же ден-соолугун сактоо максатында аларды ордунда калууга же чыгып кетүүгө милдеттендирүүгө;
Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен чек ара тилкелеринде иштердин өндүрүшүн убактылуу чектөөгө, буга коргонуу жаатындагы иштер, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдан келип чыккан кесепеттерди жоюуга байланышкан иштер кирбейт;
Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууда, Мамлекеттик чек арада көпчүлүктүн мыйзамсыз чек ара кесип өтүүлөрүнө жана башка чыгымдарга бөгөт коюуда, издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, укук бузууга шектүүлөрдү жеткирүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте ээлеринин арызы боюнча келтирилген чыгымдарды же зыянды кийин төлөп берүү менен байланыш каражаттарын жана байланыш каналдарын, уюмдардын, ал эми зарыл учурларда жарандардын унаа каражаттарын пайдаланууга;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине жарандардын жолтоо болгон укук бузуучулук аракеттерди токтотууну, Мамлекеттик чек арада белгиленген тартипти сактоону талап кылууга; ал талаптар аткарылбаган учурда – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тийиштүү чараларды көрүүгө;
белгиленген шарттамдарды бузуу жагдайлары жөнүндө аларга белгилүү түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн адамдарды Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнө чакырууга.
Мамлекеттик чек арада жана чек ара мейкиндигинде адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана Мамлекеттик чек арадан адамдар менен унаа каражаттарын өткөрүү максатында төмөнкүлөрдү аткарат:
чек ара саясатын ишке ашырат жана чек ара коопсуздугун камсыздайт;
Мамлекеттик чек арада контролдун бардык түрлөрүн ишке ашыруучу мамлекеттик органдардын Мамлекеттик чек ара шарттамын, чек аралык шарттамды жана Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын шарттамын сактоо жана камсыздоо боюнча иштерин координациялайт;
Мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурат;
Мамлекеттик чек арадан адамдардын, унаа каражаттарынын, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын өтүүсүн жүзөгө ашырат;
Кыргыз Республикасынын аймагына кириш үчүн Кыргызстандын визасында көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте келген, документтери жарактуу же Кыргызстандан берилген визасында компетенттүү органдардын күнөөсү боюнча техникалык мүнөздөгү каталар кетирилген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды аймактык улуттук коопсуздук органдары жана виза берген органдар менен макулдашуу боюнча өткөрөт;
чек ара коопсуздугуна коркунуч жаратуучу укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептер менен шарттарды аныктайт, аларды жоюу боюнча чараларды көрөт;
өзүнүн компетенциясынын чегинде мыйзамсыз миграцияга, чек аралар аралык кылмыштуулукка, террорчулукка, контрабандага жана Мамлекеттик чек арада административдик укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзөт;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү административдик укук бузууларды карайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте административдик жазаларды көрөт;
кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу органдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөө коюлган адамдар боюнча тапшырмаларды аткарат;
Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек арага чектеш аймактарда Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруучу маалыматтарды чогултуп, жалпылап жана талдап туруп белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарына маалымдайт;
Мамлекеттик чек арадан өтүү укугун берген жарактуу документтери жок, документтеринин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же чет мамлекеттерден чыгарылган жана Кыргыз Республикасына келген Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын ким экендиги аныкталгандан, Кыргыз Республикасынын жараны экендиги такталгандан кийин, улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу боюнча, Мамлекеттик чек арадан өткөрөт;
Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларда, үчүнчү жактын жарандарын эки тараптуу катнаш үчүн ачык Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынан жана Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайынан башка жерлерден өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
эгер сыртка чыгуудагы кечигүү жүргүнчүлөрдүн күнөөсүнөн эмес, документ менен ырасталган себептер (унаа каражаттарынын жүрүшүн кечеңдеткен табигый кырсыктар; аба ырайы, оору ж.б.у.с.) боюнча болсо, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мөөнөтү өтүп кеткен паспорт (аларды алмаштыруучу документтер) жана Кыргызстандын жарактуу визасы менен Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрөт. Бул жобонун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга тиешеси жок;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чек арага чектеш аймактардын чегин өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
чек ара өкүлдөрүнүн ишин уюштурат;
Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык өзүнүн карамагындагы иштер боюнча баштапкы иликтөө жана өндүрүш ишин жүргүзүп, укук бузуу жагдайларын аныктоого жана кармалган адамдарды текшерүүгө катышат;
Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди аткарат.
43-берене. Кызмат өтөө жана келишим (контракт) боюнча иштөө
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бөлүктөрү менен бөлүнүштөрүндө аскердик кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн кадрларды жана атайын адистерди даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик-окуу, жогорку жана атайын орто окуу жайларында, окуу борборлорунда (мектептерде), ошондой эле макулдашуу (келишим) боюнча чет элдик аскердик окуу жайларында жүргүзүлөт.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анык аскердик кызмат өтөөгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары чакырылышат.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат өтөө мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү болуп саналат.
Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчылары бийлик өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин алардын ишине кийлигишүүгө укугу жок.
44-берене. Күч, атайын каражаттарды, кызматтык иттерди, курал жана күжүрмөн техниканы колдонуу шарттары менен чектери
Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу учурунда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары күчтү, атайын каражаттарды, табелдик куралды жана штаттагы күжүрмөн техниканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте гана колдонууга укуктуу.
45-берене. Күч колдонуу
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өзүн-өзү коргоо, мыйзам бузууларды токтотуу жана болтурбоо, мыйзам бузган адамдарды кармоо, мыйзамдуу талаптарга каршылыкты жана баш ийбөөчүлүктү жоюу, бөлмө-жайларга, аймактарга жана унаа каражаттарына мыйзамдуу кирүүгө тоскоолдукту жана тапшырылган маселелерди жана милдеттерди аткарууга тоскоолдук кылган башка аракеттерди басуу үчүн, эгер күч колдонбоочу ыкмалар ал милдеттерди аткарууну камсыз кыла албаса күч колдонууга, анын ичинде кармаштын ыкмаларын жана колдо болгон каражаттарды колдонууга укуктуу.
46-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткаруу учурунда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары кол кишен, резина чокмор, электр сестенткич приборлорун, жаш агызуучу жана башка колдонууга уруксат заттарды (газдарды), алагды кылуучу таасири бар жарык-чуу каражаттарын жана унаа каражатын токтотууга мажбурлоочу каражаттарды төмөнкү учурларда колдонуу укугуна ээ:
кармалгандарды коштоо жана кайтаруу учурунда, алар качып кетүүгө, жанындагылардын же өзүнүн ден-соолугуна зыян келтирүүгө аракеттениши мүмкүн деген жетиштүү негиз бар болсо;
укук бузууну токтотуу максатында объектилерди же унаа каражаттарын ачуу, ошондой эле аларды бузуп ажыратуу үчүн;
аскер кызматчыларына же башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
барымтадагыларды бошотуу үчүн;
Кыргыз Республикасынын чек арасына чектеш аймактарда жалпы башаламандыкты жоюу үчүн;
башка укук бузуулардын алдын алуу жана токтотуу, ошондой эле өтө зарыл учурда коргонуу максатында.
Атайын каражаттарды төмөнкүлөргө карата колдонууга тыюу салынат:
эгерде алар тобу менен же куралдуу кол салбаса кош бойлуулугу даана байкалган аялдарга, анык белгилүү майыптарга, жашы жете элек экени ачык билинген же белгилүү өспүрүмдөргө карата;
кокусунан, кырсыктын кесепетинен же адамдын алы жеткис жагдайга байланыштуу экендиги даана белгилүү болсо, Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн (өтүп бара жаткан) адамдарга карата.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн өздүк курамы колдонуучу атайын каражаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
47-берене. Кызматтык иттерди колдонуу
Мамлекеттик чек араны кайтарууда кызматтык иттер төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
чек ара кезметтерин жана өздүк коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн;
Мамлекеттик чек арадан алып өтүүгө тыюу салынган контрабандалык жана башка жүктөрдү издөө жана табуу үчүн;
Мамлекеттик чек араны жана анын шарттамын бузуучуну издөө, изине түшүү, кармоо, коштоо жана кайтаруу үчүн;
укук бузуучуларга күч, психологиялык, тосмолоо жана башка таасир этүү үчүн.
Кызматтык иттерди колдонуу алдында, ал жөнүндө даана айтылган эскертүү берилиши керек.
48-берене. Курал жана күжүрмөн техника колдонуу
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары, Мамлекеттик чек араны кайтаруу учурунда курал жана күжүрмөн техниканы төмөнкү тартипте колдонушат:
Эскертүүсүз:
аскер бөлүнүштөрүнүн же куралдуу топтун Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуусунун мизин кайтаруу үчүн;
Мамлекеттик чек арада башка укук бузуучулардын куралдуу каршылыгын токтотуу үчүн;
кармалган адамдардын курал алып качуусуна бөгөт коюу үчүн.
Так айтылган эскертүү берилип, асманга эскертүүчү ок чыгаргандан кийин:
ушул Мыйзам менен белгиленген тартипти бузуп Мамлекеттик чек арадан өткөн (өтүп жаткан) адамдарга, унаа каражаттарына карата, алардын күч колдонуусуна жооп ирээтинде же башка каражаттар менен укук бузууну токтотуу мүмкүн болбогон учурда;
жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине коркунуч келтирген кол салуудан коргоо үчүн;
Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча кызматтык же коомдук милдеттерин аткарып жаткандарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуудан өмүрлөрүнө түздөн-түз корунуч жаралганда, кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнө жана объектерине кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
курал-жаракты жана күжүрмөн техниканы күч менен тартып алуу аракетин токтотуу үчүн;
чек арага чектеш райондо топтошкон башаламандыкты жана Мамлекеттик чек арадан куралсыз көпчүлүктүн өтүүсүн, өтүп кетүү аракетин токтотуу, укук бузуучулардын топтошкон аракеттери жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна, же мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген учурда.
Куралды жана күжүрмөн техниканы колдонууга төмөнкү учурларда тыюу салынат:
эгерде алар тараптан куралдуу кол салуу, куралдуу каршылык же өлүмгө коркунуч келтирүү топтошуп кол салуу болгондон башка учурларда, аялдарга жана жашы жете электерге карата;
жүргүнчүлөрү бар унаа каражаттарына карата;
Мамлекеттик чек араны кокусунан, кырсыктын кесепетинен же адамдын алы жеткис жагдайга байланыштуу бузган адамдарга карата;
эгерде өмүргө жана ден соолукка коркунуч жаралбаса, жаныбарларга карата.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары куралды айгай белгисин берүү, же жардам чакыруу максатында колдонууга укуктуу.
49-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышуусу
Мамлекеттик чек аранын кургак жердеги айрым участокторунда, чек арадагы дарыяларда жана башка көлмө-сууларда аскердик объекттер жана гарнизондор жайгашып, бөтөн адамдардын, унаа каражаттарынын өтүүсүнө тыюу салынган жерлерде Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө бөгөт коюу менен кайтаруу милдети аскердик объекттердин, гарнизондордун жетекчилигине жүктөлөт. Андай участоктор аскердик объекттердин жана гарнизондордун командачылары менен бирдикте аныкталат жана керектүү актылар менен бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга чек аралык издөөлөргө жана операцияларга катышуу үчүн күч жана каражат бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн Мамлекеттик чек араны кайтаруунун башка түрлөрүнө катышуусу коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде гана жүзөгө ашырылат.
50-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруудагы өз ара аракет
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүүчү коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иштер, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, бажы иши, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү жана башка мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү аткарышат:
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү жүктөлгөн милдеттерин аткарууда бири-бирине маалымат беришет;
ушул Мыйзамдын чегинде белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Мамлекеттик чек арадан адамдардын, унаа каражаттарынын өтүүсү жана жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын алынып өтүшүн контролдоо боюнча иштерди координациялашат;
Мамлекеттик чек арада өз күчтөрү менен Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан же Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарына тийиштүү жүргүзгөн мамлекеттик органдардын, ишканалардын (менчиктин түрүнө карабастан), мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин өз ара аракетин уюштурушат;
Мамлекеттик чек араны кайтарууда коңшу мамлекеттердин тийиштүү органдары менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде аныкталуучу тартипте, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздө өз ара аракетте иштешет.
Унаанын бардык түрү боюнча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, коргонуу маселесин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер коменданттары, аскердик жана атайын ташуучу органдардын өкүлдөрү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматтык милдеттерин аткарып жаткан аскер кызматчыларын жана кызматчыларын ташуу, ал эми өзгөчө кырдаал шартында – кезексиз көмөк көрсөтүшөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана административдик ведомстволор, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткарып жаткан аскер бөлүктөрү менен бөлүнүштөрүн башкаруу үчүн байланыш тармактарын жана каналдарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте акысыз беришет.
Кыргыз Республикасынын чек ара тилкесинде, чек арага чектеш аймактарда жана чек ара мейкиндигинде Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүчү коргонуу, улуттук коопсуздук, ички иштер, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, бажы иши, баңгизаттарды контролдоо боюнча жана башка маселелерди тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын биргелешкен аракеттерин координациялоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
51-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү юридикалык жактардын милдеттери
Чек арага чектеш аймактарда өз иштерин жүргүзгөн юридикалык жактар уюштуруу укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан төмөнкүлөргө милдеттүү:
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башка Мамлекеттик чек ара кайтаруудагы башка компетенттүү органдарга Мамлекеттик чек араны кайтарууга жардамдашууга, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын ишине керектүү маалыматтарды берүүгө;
Мамлекеттик чек араны кайтарууга өз кызматкерлерин, коомдук бирикмелердин мүчөлөрүн ыктыярдуу түрдө тартуу боюнча шарт түзүүгө жана көмөк көрсөтүүгө. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышуусунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрү тарабынан юридикалык жак өз ишин жүргүзгөн жерде алардын компетенциясынын чегинде аныкталат.
52-берене. Жеке адамдардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттери жана укуктары
Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле анын аймагындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген Мамлекеттик чек ара шарттамын, чек аралык шарттамды жана Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын шарттамын сактоого, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Мамлекеттик чек ара шарттамы, чек аралык шарттам жана Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын шарттамынын сакталышын контролдоочу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга, аларга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ыктыярдуу элдик кошуундардын курамында, ошондой эле чек аралык өкүл катары Мамлекеттик чек араны кайтарууга катыша алышат. Мамлекеттик чек араны кайтарууга жарандарды тартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Белгиленген тартипте Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин социалдык жана укуктук коргоосуна ээ.
53-берене. Мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик чек ара шарттамын, чек аралык шарттамды же Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайынын шарттамын бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык же административдик жоопкерчиликке тартылышат.
54-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларын, Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан башка адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук коргоо
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары (кызматчылары) Мамлекеттик чек араны кайтарууга түздөн-түз катышкан башка адамдар, аткаруу бийлигинин өкүлү болуп эсептелишет жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын мыйзамдуу талаптары адамдар менен юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү. Мыйзам менен атайын ыйгарым укук берилген адамдардан башка эч ким алардын ишине кийлигишүүгө укугу жок.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын жана жарандардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу, алардын өмүрүнө, ден-соолугуна, ар-намысына, мүлкүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык бөлүнүштөрүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу боюнча кызмат өтөөсү күжүрмөн нөөмөт (күжүрмөн кызмат) болуп эсептелет.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына (кызматчыларына) жана Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан башка жарандарга, үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана мүлкүн, укуктук жана социалдык коргоо кепилденет.
55-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууну финансылык камсыздоо
Мамлекеттик чек араны кайтарууну финансылык камсыздоо мамлекеттик бюджеттин, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жер жана материалдык-техникалык фонддорунун, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
56-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууну материалдык-техникалык камсыздоо
Мамлекеттик чек араны кайтарууну материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик материалдык-техникалык жана башка фонддорунун эсебинен камсыздалат.
Материалдык-техникалык камсыздоонун ченемдерин жана тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
57-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин алты айлык мөөнөт ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 27 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 19-мартындагы № 28 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 16-октябрындагы № 140 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 3-январындагы № 2 Мыйзамынын 5-беренеси;
- “Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 20-мартындагы № 36 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 249 Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-декабрындагы № 250 Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын
Президенти