Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-октябры № 615
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О.Осмоналиев, Бакир уулу Т., Э.Б.Джумалиева, Э.С.Иманалиева, Б.С.Кадыров, К.Б.Орозова, Г.С.Садырбаева жана М.А.Султанов демилге кылган “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын “24” октябры № 615 токтому менен жактырылган |
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О.Осмоналиев, Бакир уулу Т., Э.Б.Джумалиева, Э.С.Иманалиева, Б.С.Кадыров, К.Б.Орозова, Г.С.Садырбаева жана М.А.Султанов демилге кылган “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - долбоор) карап чыгып төмөнкүдөй корутунду чыгарат.
Аталган долбоор менен “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда, аларга ылайык жалпы орто билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүргөн окуучулардын мамлекеттик (жыйынтык) аттестациясы бирдиктүү улуттук тест түрүндө өткөрүлүп, жогорку окуу жайларына кабыл алуу бирдиктүү улуттук тесттин жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Ушуну менен бирге азыркы учурда аталган Мыйзамдын 40-беренесинин 3-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясына ылайык жогорку окуу жайларына кабыл алуу жалпы республикалык тесттин жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт. Демек, колдонуудагы мыйзамдардын жоболорунда республиканын масштабында тест өткөрүү каралган.
Мында “жалпы республикалык тест” менен “бирдиктүү улуттук тесттин” ортосундагы принциптүү айырма жана тиешелүү түрдө жалпы республикалык тесттин аталышын өзгөртүүнүн максатка ылайыктуулугу түшүнүксүз.
Андан сырткары долбоор менен бирдиктүү улуттук тестти өткөрүүнү билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органга тапшыруу сунушталууда, анткени долбоорго карата негиздеме-маалымкатында баяндалган маалыматка ылайык жеке компания тарабынан бирдиктүү улуттук тесттин өткөрүлүшү көптөгөн маселелерди жаратат.
Ушуга байланыштуу, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына өтүүнү каалаган адамдарды жалпы республикалык тестирлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жөнгө салынгандыгын билдиребиз. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 “Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жөнүндө жобонун ченемдерине ылайык тест өткөрүү көз карандысыз тест кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Ошондой эле бирдиктүү улуттук тестти киргизүү кошумча акча каражаттарын талап кылаарын билдиребиз. Бирок каржылоо булагы жөнүндө маалымат берилген эмес жана тиешелүү финансылык-экономикалык эсептөөлөр жүргүзүлбөгөн. Ушуну менен бирге “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашууда мамлекеттик бюджетти чыгымдарга учуратуучу ченемдик укуктук актылар, каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбай тургандыгын белгилөө зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде сунушталган түзөтүүлөр ченемдик мааниге ээ эмес деп эсептейбиз, ушуга байланыштуу “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.