Редакцияот 31.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 31-октябры № 623

Оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө маалыматтарды бергендиги үчүн жарандарды өбөлгөлөө механизми жөнүндө

Мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу, ошондой эле жарандардын Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары менен кызматташуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө маалыматтарды бергендиги үчүн жарандарды өбөлгөлөө механизми жөнүндө убактылуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин түзүүдө жыл сайын ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл каражаттарды караштырышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип, 2017-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев