Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-ноябры № 625
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 418 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 349-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 25-июну № 418 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкаларын (өлчөмдөрүн) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү).";
- бул токтомдун тиркемесине ылайык автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын ставкалары (өлчөмдөрү) менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 токтомуна тиркеме |
Автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө милдеттүү патенттин негизиндеги салыктын
СТАВКАЛАРЫ (ӨЛЧӨМДӨРҮ)
Экономикалык иштин түрү | Салык базасы | Удаалаш 30 күнгө салыктын ставкасы (өлчөмү), (сом менен) | |
Башка региондор жана шаарлар үчүн | Бишкек жана Ош шаарлары үчүн | ||
Автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 жууп-тазалоочу орун үчүн) | Жабылган (жабдылган) жайларда | 4000 | 3000 |
Жабылбаган (жабдылбаган) жайларда | 3000 | 2000 | |
Эскертүү:
Салык салуу объектисинин жайгашкан ордуна жараша төлөнүүгө тийиш болгон, автоунаа каражаттарын жууп-тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө салыктын суммасын аныктоодо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 351-беренесине ылайык оңдоо киргизүүчү коэффициенттер колдонулат.